“Манас дегенде жанын берүүгө даяр акын”

Кыргыз эл акыны Анатай Өмүрканов “Азаттыкка” курган маегинде акын Байдылда Сарногоев тууралуу эскерүүлөрү менен бөлүштү.

12-декабрда парламент депутаты Болот Шер жетектеген “Жетимен” коомдук кору Байдылда Сарногоев атындагы эл аралык сыйлыкты, таза алтындан жасалган төш белгини жана 100 миң сом сыйлыкты Кыргыз эл акыны Анатай Өмүркановго жана кыргыз көркөм маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын Кыялбек Урманбетовго ыйгарды.

“Азаттык”: Сиз Байдылда Сарногоевдин айылдаш иниси, замандаш, калемдеши катары “Байдылданын коргону же Байдыкем жөнүндө дил баян” деген эскермелерден турган чакан китеп жазыптырсыз. Байдыке сатира, азил-тамашанын устасы катары эл оозуна алынды эле, ошол улуу акындын азилдеринен азыноолак айтып берсеңиз?
Анатай Өмүрканов: Байдылда кыргыз элинин улуттук акыны. Аны улуттук улуу акын деп айталам. Өзгөчө өткөн доордун 60-жылы Бишкекте 12 пайыз эле кыргыздар бар болчу. Калганы ар улуттун өкүлдөрү, славян тилиндегилер басымдуу болчу. Бардыгы эле орус тилинде сүйлөп калган.

Мына ошондо Байдыкем “Кыргызыма” деген ырын жазган.

– Байыртан болгон билими,
Байыртан болгон илими.
Элдерди мактап, өзүңдү,
Алардын кылба кийини.
Кармабай калем, кагазды,
Кылымдар жойбой сабатты.
Караңгыда жүрсө да,
Мекендеп түрдүү тарапты,
Мен туулган доорго жеткиздиң,
Мээңе сактап Манасты.
Эч билбей калем кагазды,
Эчен жыл билбей сабатты,
Кой артынан жүрсөң да,
Конуштап түрдүү тарапты.
Түптүгөл мага жеткиздиң,
Тилиңе басып Манасты.

Ошондо эле Манасты көтөрүп, ошондо эле элдин аң сезимине “эмне үчүн кыргыздан жумушчулар аз, эмне үчүн сары чачтуулар көп, кара чачтуулар көп”,-деген маселени кабыргасынан койгон.

1961-жылы чыккан “Ак калпак” деген жыйнагы өтө күчтүү. Кыргыз поэзиясында мындай улутчул, улуттун ар-намысына, коомдогу болуп аткан теңсиздикти таасын көрсөткөн акынды мен кезиктире албайм. Азыркы күнү жалгыз эле Байдыкемдики эмес, жалпы кыргызчыл, улутман инсандардын жалпы урааны болуп калды, “кыргыз деп келип дүйнөгө, кыргыз деп өтөм дүйнөдөн”,-деген.

“Азаттык”: Байдыкемдин турмушта биз билбеген кызыктуу окуяларынан да айтып берсеңиз?
Анатай Өмүрканов: Кыргыз акындарынын ичинде Мидин менен Райкан накта сатирик. Алардан кийинки эле жылма юмор, какшык, пахта менен сойгон жылдырма какшыктардан ушул Байдыкемде бар. Мисалы, Байдыкемдин Москвада бирге окуган курдашы Сооронбай Жусуевге арнаган көптөгөн ырлары бар. Экөөнүн ортосунда абдан жылуу мамиле да бар болчу. Биринин сырын бири жакшы билет.

“Азаттык”: Байдыкем адамдардын кулк-мүнөзүн байкап туруп эле “чымчып” алчу дейт?
Анатай Өмүрканов: Ооба, абдан кырааккы киши болчу. Жанагы Советбек деген курдашы чылымды аябай көп чекчү. Анан ошого минтип жазып атпайбы:
– Чылым менен арактан,
Чычала болуп бараткан.
Өзү Бокотой менен Барактан,
Болбогон ишти болду деп,
Болбогон жерден талашкан.
Соктум деп барын сүйлөгөн,
Совет да өтөөр дүйнөдөн, -деп.

Мына ушундай кыска саптары менен ар бир кишинин образын түзүп койгон.

“Азаттык”: Байдыкемдин эл жер, Ата мекен, жаратылыш, махабат тууралуу жазгандарын кумарланып окуп келебиз. Сиз айткандай ушундай улуттук улуу акындын биз билбеген дагы кандай касиеттери бар эле?
Анатай Өмүрканов: Мен аны менен айылдаш иниси болгондон кийин жанында көп жүрдүм. Анан айтып калаар эле Таласта мектепте окуп жүргөндө майрамдык салтанаттарда комузду кылдыратып, жамактатып, төгүп ырдап жиберчү экен. Кийин Фрунзеге келип окуп, жазма адабиятка сүңгүп кирип төкмөлүгү жазма акындыкка оогон. Эгерде төкмөлүк өнөрүн уланта берсе мыкты төкмө акын болмок беле деп калам. Себеби ал турган жерден жамактатып, жорго тилге салып жиберер эле. Башкалардан айырмаланып анын ырларында нукура кыргыздын “жыты” жыттанып турганы бекеринен болбосо керек.

Кыргыз дегенде, Манас дегенде жанын берүүгө даяр акын болчу. Байлык, атак-даңктын артынан кууган жок. Тескерисинче атак-даңк менен байлык аны кууду. Анан дагы хандан, бектен кайра тартпаган, адамдын кемчилигин бетке айткан көйкашка, кошомат кылганды эле эмес, кошоматчыларды жаман көргөн көктүгү бар эле, кайран Байдыкемдин.

“Азаттык”: Маегиңизге ырахмат.

Кыргыз эл акыны, Токтогул сыйлыгынын ээси Байдылда Сарногоевдин көптөгөн ырларына обондор чыккан. Анын “Жай түнү” деген ырына Нарын музыкалык драма театрынын белгилүү артисти, маркум Асанбек Абдылсаов обон жазып, аны Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген артисти Сагийпа Чечейбаева аткарып чыккан.

Жаамы журтка белгилүү кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоев 1932-жылы 14-январда Талас районундагы Шумкар-Уя айылында туулган. 1951-жылы Фрунзедеги Пушкин атындагы №5 мектепти бүтүрүп, 1951-56-жылдары Москвадагы Горький атындагы адабий институттан окуйт.

1959-жылдан 1973-жылга чейин Кыргызстан жазуучулар союзунда адабий кеңешчи. Анын «Шумкар», «Баяс», «Ак калпак», «Тоолор жана тоолуктар», «Менин батпас күнүм», «Үзүлбөгөн үмүттөр», «Ашуудан берген отчетум» аттуу ыр китептери басылып чыккан.

Акындын «Ашуудан берген отчетум» ыр жыйнагына Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылган. Байдылда Сарногоев кыргыз адабиятына көрсөткөн эмгеги үчүн 3-даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган. Ал 72 жаш курагында, 2004-жылы 19-ноябрда дүйнө салып, сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлуп, бейит башына анын эстелиги тургузулган.

2006-жылдын башында «Жетимен» кайрымдуулук фонду Байдылда атындагы эл аралык сыйлык уюштуруп, анын жеңүүчүлөрү 100 миң сом жана накта алтындан жасалган медаль менен сыйланып келет.

2006-жылы август айында Таласта Байдылда Сарногоевди эскерүү кечеси өтүп, “Арабадагы ыр” китеби үчүн эл акыны Шайлообек Дүйшеев, “Муздак тамчылар” китеби үчүн акын Тургунбек Бекболотовго сыйлыктар тапшырылган.

Аманбек Жапаров, «Азаттык», 14.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.