“Кыргызча сүйлөгүм келет”

“Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы өзгөчө болду. Жаңы жылга карата атайын программа Кыргызстандагы улутчулдук жана кыргыз тилин үйрөнүү темасына арналды.

“Азаттык”: Өзүңүздөрдү тааныштырып өтсөңүздөр.
Менин атым Атуши Квояма, кыргызча Адилет. Бул атты чогуу жашаган үй-бүлөм берди. Мен “Жайка” деген уюмдун волонтеру болуп, Нарында тил үйрөтүп, балдар менен кружокко катышып иштеп атам.

Менин атым Маргарита Грот, мен бишкектикмин. Мен кыргыз-түрк “Манас” университетинде окуйм.

Менин атым Багданова Кристина. Мен Таластан келдим. Бул жакта БГУда биринчи курста окуйм.

Менин атым Дима Григоров. Кара-Жыгач орто мектебин бүттүм. Кыргыз тилин досторумдан үйрөндүм. Менин досторум көп.

“Азаттык”: Кристина, сиз Таластан келиптирсиз. Бизде кыргыздарда биринчи эле сен кайдансың, кайсы уруудансың деп сурайт го. Сиз кайсы уруудансыз?
Кристина Богданова: Сиз көрүп аткандай эле орусмун. Бирок айылымда көп улуттар жашайт.

“Азаттык”: Азыр Дима тилди досторунан, көчөдөн үйрөнгөнүн айтты. Адилет, сиздин Кыргызстанга келгениңизге төрт ай болуптур. Тилди кыска убакытта эле үйрөнүп алдыңызбы?
Адилет: Кыргызстанга келгенден мурун Жапониядан да кичине окугам. Интернеттен “Азаттыктын” жаңылыктарын жүктөп укчумун.

“Азаттык”: Анан түшүнөсүзбү?
Адилет: Анча-мынча.

“Азаттык”: Сиз күнүгө жаңы сөз үйрөнөм деп айттыңыз. Бүгүн кандай сөз үйрөңдүңүз?
Адилет: Баш жазуу.

“Азаттык”: Эмне себептен?
Адилет: Көп арак ичип, эртеси ооруп атканда дагы кайра дары катары ичесиң.

“Азаттык”: Сизге баш жазуу салты жактыбы?
Адилет: Ооба.

“Колдо бар алтындын баркы жок”
“Азаттык”: Маргарита, сиз эмне себептен кыргызча үйрөндүңүз?
Маргарита Грот: Себеби мен Кыргызстанда жашайм. Ошол себептен кыргыз тили мага абдан кызыктуу. Бир гана тил эмес, маданият да. “Манас” университетинен үйрөндүм, ал жерде кыргыз тилин үйрөнүү боюнча жакшы система бар. Маршруткада кыргызча бир сөз айтсам, кыргыздар баары күлүп жиберишет.

“Азаттык”: Сиз эмне үчүн жана кантип үйрөнүп калдыңыз?
Кристина Богданова: Мен кичинекейимен эле билем. Себеби бүт досторум кыргыз, жашаган жеримде орустар жокко эсе.

“Азаттык”: Кыргыз тилин билүүнүн сиз үчүн кандай жакшы жактары бар?
Кристина Богданова: Жумушка иштегенде, жогорку окуу жайында да өзүң орус болуп кыргызча сүйлөсөң аябай жакшы экен. КВН жана башка ар жерге катышканга болот экен.

“Азаттык”: Ата-энеңиз да кыргызча билеби?
Кристина Богданова: Жок, ата-энем кыргызча түшүнөт, бирок сүйлөй албайт. Сиңдилерим жана эжем менден да жакшы билет.

“Азаттык”: Дима, сиз Кыргызстанда каласызбы?
Дима Григоров: Ооба, мен калам. Менин көз карашым мындай, акылдуу болсоң, талантың болсо, кайсы жерде жүрсөң да айырмасы жок. Досторуң бар, өнүгүүң жакшы болсо Орусиядабы, Кыргызстандабы айырмасы жок. Бул менин өлкөм. Мен бул жерде калам.

“Азаттык”: Сиз бизге курган маегиңизде “кудай буйруса” деген сөз жагат деп айтыптырсыз. Сизге Кыргызстанда салттардан эмне жаккан жок?
Адилет: Кыргыздар бар нерсеге мактанышат, анан жок нерсени эңсешет. Бирок бар нерсеге көңүл бурушпайт. Мисалы, бизде тоо сонун, кооз. Бирок тоого чыкканда кишилер таштандыларды ташташат. Келечекте кир болуп калат да. Бар нерсени баалашпайт.

Каалоо бар, система жок
“Азаттык”: Маргарита, сиз азыр Кыргызстанда улутчулдукту байкап жатасызбы?
Маргарита Грот: Айрым убакта бар. Бирок мен байкаган жокмун. Улутчулдукка мен карабайм. Себеби кыргыздар, Кыргызстанда жашаган бардык элдер жакшы. Эгер бар болсо, ал анын маселеси.

“Азаттык”: Сиз байкайсызбы, улутчулдук азыр аша чаап кетти, эл сабырдуу эмес деген пикирге кандай көз караштасыз?
Кристина Богданова: Ошол бар. Бирок андай учурга өзүм кабылган жокмун. Досторум “ушундай, мындай болгон” деп айтышат, айрыкча бул Кыргызстанда башаламандык болгондо көрүнгөн дейт. Башка улуттарга да аябай тийди, кыргыздар орустарга “Орусияга кетпейсиңерби, бул жакта эмне жүрөсүңөр” дегендей болгон.

“Азаттык”: Кристина, эмне себептен ушундай маселе чыгат? Мисалы кечээ эле Москвада, “Орусия орустар үчүн”, бизде “Кыргызстан кыргыздар үчүн” деген лозунгдар, чакырыктар чыгып кетти. Анын себеби эмнеде?
Кристина Богданова: Аны мен билбейт экем.

Дима Григоров: Биз баарыбыз адамбыз, орус, же кыргыз айырмасы жок. Мага достор эч качан айткан эмес “жүн баш” деп. Бирок уккам. Ким мага айтса, мен дароо эле мен кыргызмын, сен кара жүнсүң, анын баары адамдан болот. Элдин баары жакшы, бирок жаман адамдар бар. Досторум көп, баары кыргыздар. Маршруткага түшсөм да “сен оруссуң” деп эч ким сүйлөбөйт. Ошол үчүн мага кыргыз тили керек.

Өзүмдүн көз карашым мындай, силерде улуттук тамак-аш, же салт-санаалар бар да, орустар бул жакка келип эч качан кийлигишпейт ага. Майрам силерде көп, мусулман майрамдары – Курман айт, Орозо айт, Нооруз. Мен досторум менен майрамдап, айттап көп барам. Орус адамдарга бир кеңешим бар: кыргыз тилди окугула, силерге бул жакта керек болот. Эч ким орусча сүйлөбөйт, ар мекенде мамлекеттик тил бар, ошон үчүн окуш керек.

“Азаттык”: Сиз кыргыз тилин сөзсүз үйрөнүш керек деп эсептейт экенсиз да. Кыргызстанда көп кыргыздар бар, саясатчылар да бар, көп жылдардан бери кыргыз тилин үйрөнө алышпайт. Силердин оюңар боюнча анын себеби эмнеде?
Маргарита Грот: Каалоосу жок. Мисалы, мектептерде мугалимдер жакшы, бирок системасы такыр жок. Мисалы менин досторум кыргыздар, бирок алар кыргыз тилин жакшы билишпейт. Себеби системасы ошондой жана Советтер Союзунда баары орус тилинде сүйлөшчү деп айтышкан. Менимче бул жаман нерсе эмес. Канча тил билсең, ошончо дил билесиң. Кыргыздар эки тилди тең билсе жакшы. Бирок системасы жок. Мугалимдер система уюштурам, кадамдарды жасайм десе акча жок. Алар бийликтен акча алалбагандан кийин башка өлкөлөргө качып кетип атышат.

“Азаттык”: Кристина, сиз Таластан Бишкекке келгенде таң калдыңызбы, бул жерде баары орусча сүйлөшөт да, кыргыз жаштары да орусча сүйлөшөт. Эмне себептен көп жаштар Бишкекте кыргызча үйрөнө алышпайт деп ойлойсуз. Биз аларды күнөөлөгөн жокпуз, бирок чын эле билишпейт.
Кристина Богданова: Менин оюмча, кыргызча билбегендер өзүнүн улутун сыйлашпайт. Ошон үчүн кыргыз тилди билбейт. Эгерде өздөрү кыргыз тилин билем десе үйрөнөт болчу. Бул жерде көп досторум бар, алар кыргызча так билишпейт.

“Азаттык”: Тескерисинче, айылдан жаңы келген орусча билбеген жаштар көп, бул жакта чала орусча сүйлөй башташат.
Кристина Богданова: Андайлар да көп. Мисалы менин группамда аябай көп кыздар орусча жакшы сүйлөй алышпайт. Башка группаларда кыргыз кыздар кыргызча жакшы билбейт да, орусча жакшы сүйлөшөт.

“Азаттык”: Кыргыз тилин билбей туруп Кыргызстанга көп салым кошкон жаштар да бар да. Кыргыз тилин билбей калганга алар күнөөлүү эмес да. Кыргызстанда кыргыз тилин билбеген, орусча сүйлөгөн жаштар сиздерге кандай сезилет?
Адилет: Элде да күнөө бар, өлкөдө эки тил колдонулган үчүн экөөнү тең үйрөнүшөт. Кыргыз тилинин ичинде да орусча сөздөр чогуу келгендер да бар. Андай болсо кыргызча так сүйлөгөндөй кылалбайбыз да.

“Азаттык”: Кыргызча сүйлөшүң керек деп басым жасабашыбыз керекпи, же сен кыргызча билишиң керек деп күнөөлөш керекпи?
Маргарита Грот: Азыр эжем Германияда магистратурада окуйт. Ал жерде тажиктер, азербайжандар кыргызча сүйлөгөндө күлүшөт. Алар себеби кыргыз тилин билишпейт. Мисалы, Тажикстандан келген орустар баары тажик тилин билишет. Эжем азыр мен абдан жалгыз сезем өзүмдү кыргыз тилин үйрөнгүм келип атат деп айтат. Кыргызстан абдан демократиялуу өлкө болгондуктан да балким ушундай. Кыргыз тилин эмнеге үйрөнөм, бул жерде келечек жок деп ойлогондор да бар. Бул туура эмес. Себеби кыргыз тили абдан кызыктуу, абдан терең, абдан күчтүү тил.

Уруу көп, Мекен бир
“Азаттык”: Кристина, айтсаныз, сизди Таластан деп калдык. Сиз таластык, оштук деп жердешчилик дегенди Кыргызстанда сезесизби?
Кристина Богданова: Ооба, көптөрү эле ошондой дешет. Мисалы бул жерде бирөө менен таанышсак, дароо эле “сен кайдансың” деп сурашат. Таластык десең, айтышат, оо силер мындайсыңар, тигиндейсиңер деп. Мисалы Талас күрөш жактан күчтүү. Дароо эле таластанмын десең, анда сен күрөшкө катышкан турбайсыңбы деп башташат.

“Азаттык”: Силерге жердешчилик, уруучулук жагабы?
Маргарита Грот: Жаман жактары да, жакшы жактары да бар. Мисалы менин досторум тамашалашат, мен энесай уруусунанмын. Эмнеге урууларга бөлүшкөн? Ар бир уруунун кичинекей кызыктуу салттары бар. Жердешчилик менимче жакшы эмес. Себеби ар бир адамдын укуктары бар, аларды сыйлаш керек.

“Азаттык”: Жердешчилик ошол укуктарды бузабы?
Маргарита Грот: Ооба.

“Азаттык”: Сизге кандай сезилет?
Адилет: Мага жакты. Бирок айрыкча тамаша болгондо, чын эле түз ойлосок, башка жерлерден келгендерге жаман мамиле кылгандай сезилип калат.

“Азаттык”: Сиз башка уруудан болуп калсаңыз, же тууган эмес болсоңуз жумушка албай калса эмне кыласыз?
Кристина Богданова: Ошондой деле бар. Саясаттын ичинде ар бир саясатчы өзүнүн тууганын тартканга аракет кылат, ал адам саясатты такыр түшүнбөйт. Депутаттардын арасында да саясатты билбегендер бар экенин көргөнбүз. Орусча да билбесе, эптеп сүйлөйт, кыргызча да так сүйлөй албагандар бар.

“Азаттык”: Жумушка орношууга, же мамлекеттик кызматкер болуш үчүн кыргыз тили сөзсүз керек деп ойлойсузбу?
Кристина Богданова: Ооба.

“Азаттык”: Кыргыз кызына үйлөнө алат белеңиз?
Дима Григоров: Ооба, менин Айнура аттуу кыргыз кызым бар.

“Азаттык”: Анын үй-бүлөсүнө кирүү сиз үчүн кыйын болбойбу?
Дима Григоров: Кичине уялып атам. Анын үй-бүлөсүнө мен орус болуп алып салт-санаасы менен кирем. Баарын билбейм. Бирок аракет кылым атам.

“Азаттык”: Көнүп кете аласызбы?
Дима Григоров: Ооба.

“Азаттык”: Сизчи?
Кристина Богданова: Менин да жигитим азырынча кыргыз. Анан көрөбүз кандай болот, келечек кандай болорун билбейбиз да. Бирок менин ата-энем кыргызга тийгенге уруксат бербейт.

“Азаттык”: Эмне себептен?
Кристина Богданова: Аны өзүм да билбейм. Менин апам эч нерсе деле дебейт. Бирок атам ушул жагынан күчтүү, же оруска тиесиң, же тийбейсиң дегендей.

“Азаттык”: Кыргыз жигитиңиз ушуну уккандан кийин эмне дейт?
Кристина Богданова: Кыргыз жигитим “бул мага проблема болбойт, атаң уруксат бербесе баары бир алып кетем” дейт.

“Азаттык”: Ала качып кетет бекен?
Кристина Богданова: Ооба. Бирок ушул салт жакпайт мага. Мисалы кыздар балдарды ала качалбайт да, анда эмнеге балдар кыздарды ала качышы керек? Ушундай мисалдар көп болот, балдар кызды ала качат, бир жыл жашайт, балалуу болгондон кийин ажырашат, анан кыз баласы менен өзү жашайт, бул туура эмес.

“Азаттык”: Бизде июнь окуяларынан кийин “мен кыргызстандыкмын” деген пайда болду. Баарыбыз биригишибиз керек деп. Сиз өзүңүздү кыргызстандыкмын деп эсептейсизби?
Маргарита Грот: Ооба.

“Азаттык”: Ал эмнеден билинет? Сиз өзүңүздү орусиялыкмын деп эсептебейсизби?
Маргарита Грот: Жок. Анткени мен паспортум боюнча Кыргыз Республикасынын жаранымын. Менимче жаран улут катары эмес, туулган жери кайсы болсо ата мекениң ошол жер болуп эсептелет. Ооба, мен кыргызстандыкмын. Мен Кыргызстанда жашагым келет, мен бул жерде калам.

“Азаттык”: Көптөр кетип атабы, ошол байкалабы?
Маргарита Грот: Ооба, өзгөчө апрель, июнь окуяларынан кийин ойлор пайда болгон. Бирок биз бул жерде жашайбыз.

“Азаттык”: Эмне себептен?
Маргарита Грот: Себеби бул менин ата мекеним. Орустарда жакшы сөз бар, кайсы жерде туулсаң ошол жерге керексиң деген.

Идеологиянын багыты
“Азаттык”: Сиз Кыргызстанда дагы канча убакыт каласыз?
Адилет: Дагы эки жыл.

“Азаттык”: Кыргыз кызына үйлөнөсүзбү?
Адилет: Кудай буйруса. Азыр аракет кылып атам. Биздин контракт эки жыл, ошол бүткөндөн кийин башка жумуш болсо калат элем.

“Азаттык”: Анан биздин кыргыз кызды Жапонияга алып кетип каласызбы?
Адилет: Кудай буйруса.

“Азаттык”: Кыздын үй-бүлөсү каршы чыксачы?
Адилет: Ага да аракет кылам.

“Азаттык”: “Мен кыргызстандыкмын” деген идеяны жаштардын арасында дагы кантип таратса болот?
Адилет: Улут, же маданият менен айтканда тыкан эмес болуп калат. Маданияты, тили улуттардыкы аралашма да. Ошону дайыма ойлонуш керек.

“Азаттык”: Ошол биздин байлык, канчалык ар түрдүү болсо ошончолук жакшы түшүнүш керекпи?
Адилет: Туура.

“Азаттык”: Жолдо келатып сүйлөшкөндө айттыңыз эле, азыр биздин коомдо сабырдуулук азайып баратат, кичине эле башкача болсоң чабуул жасалат, “сен бизге туш келбейсиң, сен биздин коомдон эмессиң, биздин топтон эмессиң” деп. Бир гана улутуна каршы эмес, тилине, келбетине каршы, башкача эле болуп калсаң чабуул жасалат. Мен ошону байкап жүрөм. Бул кайдан башталат, айыл жергесиндеби, шаардабы, саясаттабы, же массалык медиадабы?
Маргарита Грот: Менимче улутчулдук жана ушул сыяктуу маселелер коомдон чыгып жатат. Себеби коом жандуу нерсе. Кайсы жерден экенин эч ким айта албайт. Себеби коом бул тирүү адам. Бир гана маселе болсо, саясаттан да болушу мүмкүн. Улутчулдук, мисалы “мен өзбектерди, же кыргыздарды жакшы көрбөйм” деген эмес. Башка психологиялык проблемалар болсо, алардын таасири тиет. Ошол себептен болушу мүмкүн. Мисалы орус кыргыздарга жаман сөз айтса, бардык орустар ошондой деп ойлобош керек. Ар бир адам өзүнөн башташ керек, башкаларды сыйлаш керек, башкаларга жаман сөз такыр айтпаш керек. Улут маанилүү эмес, бир гана адам катары мамиле куруш керек.

“Азаттык”: Бул кайдан чыгып атат, бул кедейчиликтенби, же эмне себептен чыгып атат?
Дима Григоров: Бул адамдан чыгып атат. Бул жерде дооматтар көп болуп атат. Баарыбыз кыргызстандыкбыз деген идея туура. Ушул мага жагат. Кыргыздын салттары, элдери жакпайт деген бир адам турса, ошондон башаталат, ага бир адам, анан экинчи адам кошулат. Бир жаман идеяны көтөрөт коомго.

“Азаттык”: Биз кантип баарыбыз кыргызстандык боло алабыз? Мисалы сыналгыдан чыгып, биз баарыбыз кыргызстандыктарбыз, биз баарыбыз чогуу жашашыбыз керек деген нерсе иштебей атат. Себеби бул сөз түрүндө болуп атат. Ал эми жашоодо кандай болуш керек? Мисалы кыргыз башка улуттар менен чогуу жашап, үйлөнүп, же аралашып кетсе ошол жардам береби?
Кристина Богданова: Жардам берер чыгар. Бирок көрүп жүрөм, бул жерде жолддошу орус, жубайы кыргыз болгонун. Бир пакистандык досум бул жерде Медакадемияда окуйт. Ар бир улут өз улутуна үйлөнүш керек дегендей айткан. Мен эмне себептен деп сурасам, ал айтат, бир улуттан чыккандардын балдары жакшы, ден соолугу чың болот деп. Мисалы аялы пакистандык, жолдошу кыргыз болуп калса балдары башкача болот дейт. Мен айттым, эмнеге андай, мен көрүп жүрөм, мисалы кыргыз менен орустун балдары жакшынакай эле супсулуу, акылдуу деп. Ал болбой эле мени жеңет, андай эмес деп.

Үмүттү үздүрбөгөн келечек
“Азаттык”: Сиздерге Кыргызстанда коомдо эмне жакпайт жана аны кантип өзгөртсө болот?
Адилет: Мен жогоруда айткандай, жок нерсени эңсеп, бар нерсени баалабаганын анча жакшы көрбөйм.

“Азаттык”: Эмнеси жакты?
Адилет: Келечектеги кокустуктарга баш ийгени жакты, кудай буйруса деп.

Маргарита Грот: Мен саясат, экономикалык абал боюнча айтайын. Себеби Кыргызстандагы реакционалдык ресурстар абдан көп. Аларды өстүрсөк бизде эч кандай экономикалык маселелер чыкпайт. Бул жерде бардык саясатчылар, ишкерлер бир гана акча, бир күн үчүн жашайт. Мен азыр акча алам, салыкты бербей койсом дегени жакпайт. Бир гана өзү үчүн эмес, өлкө, коом үчүн да жашашы керек. Баары отурушат, мен эмнеге жалгызмын, акчам бар, бирок досторум жок деп. Менимче, башка адамдардын маанилүүлүгүн түшүнгөндө ошол маселелерди чече алышат.

Кристина Богданова: Мага Кыргызстанда жакпаганы – бул жерде көп пара алышат, окууда болсун, саясатта болсун, ушундай нерселер көп.

“Азаттык”: Сиз ушуну кантип өзгөртө аласыз? Мисалы Маргарита айтты, “мен саясатка барбайм, себеби мен системаны өзгөртө албайм, система мени өзгөртүп жаман адам кылып салат” деп. Кандай кылыш керек, сиз өзүңүздөн башташыңыз керекпи?
Кристина Богданова: Мен өзүм жалгыз муну жасай албайм. Көп адамдар айтат ушул жакпайт деп. Бирок өздөрү эле берет параны. Эгерде адам пара бербесе, бул болбойт эле. Мисалы окууда жакшы окусаң, пара бербейсиң, окубасаң бересиң.

Дима Григоров: Мага Кыргызстанда баары эле жагат. Биздин жер эң сулуу жер. Азыр бизде жайыттар көп, азыр айыл чарба продукцияны көтөрсө баары болот.

“Азаттык”: Жаккан ырды ырдап берсеңиздер?
Адилет: Мен “Нарындан жазган салам каты” ырдап берейин.

Маргарита Грот: Мен ыр ырдабайм. Себеби кыргыз ырын ырдаган боюнча тажрыйбам жок. Мен Нышан молдонун “Элге насыят” деген ырынан бир сап айтайын.

Ынтымагың бар болсо ар бир жерде намыс аласың.
Башкадан келген душманга батырып найза саласың…

Кристина Богданова: Мен өзүмө жаккан ырды ырдасам болобу.
Алтыным сага арналат ырым,
Айтылып калсын жүрөктө сырым,
Жалбырак үндөй саргарбай сүйүү,
Жапдашыл болуп жашасын кылым…

Дима Григоров: Менин туулган жериме арналган бир ырым бар. Менин айылым Ала-Тоо да.
Ала-Тоо ак калпагын кийген кезде,
Аскасы көк асманга тийген кезде
Мен дагы жолго чыгам таңды тосо,
Кучактайм ой кырларын нурдан кошо…

“Азаттык”: Рахмат.

Видеосун бул жерден көрсөңөр болот:

1-бөлүк

2-бөлүк

3-бөлүк

Аида Касымалиева, “Азаттык”, 15.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.