Асылбек НАСИРДИНОВ, “Саамал” фольклордук-этнографиялык ансамблинин жетекчиси: “Кыргыздын нукура музыкасы жанданууда”

Асылбек Насирдинов комуз, ооз комуз, чоор, сыбызгы жана башка он беш аспапта эркин ойнойт. Күүлөрдү чыгарып, аларды заманбап стиль менен, эстрадага айкалыштырып эл алдына тартуулап келет. Ал аспаптардан күү чыгаруу менен чектелбестен, чеберчилик менен ошол аспаптарды өз колу менен жасайт. Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыктын ээси.

– Асылбек, заманбап шөкөттөлгөн күүлөрүңүздү угуп жүрөбүз. Атайын музыкалык билим алгансызбы?
– Кыргыз улуттук консерваториясын бүтүргөм. Ага чейин Балдар музыкалык мектебин, Мураталы Күреңкеев атындагы музыкалык окуу жайында окугам.

– Күүнү кайсы бир аспапта ойноп эле койбой, эстрада менен айкалыштырганыңыздын жөнү болсо керек…
– Азыркы жаштарга кичине аш болумдуу болсун деп, ушундай сапат-үлгүдө аранжировкалап жатам. Уккулуктуу болсун дедим. Ошол эле учурда фольклордук музыка бир орунда турбай, поп музыка менен чогуу алдыга жылсын деген тилегим бар.

– Бир эле аспап менен чектелбей, он беш аспапта ойной алат экенсиз. Буга кантип жетиштиңиз?
– Алгач комузда ойноп үйрөнгөм. Комуз – бул кыргыз музыкасынын өзөк аспабы десем болот. Анда ойноп үйрөнгөндөн кийин, башка аспаптарды да ойногонго оңой болуп калат. Анткени, кыргыздын күүлөрү татаал, кайрыктары кенен. Бул аспаптардын баарын үйрөнүү үчүн он алты жыл убакыт кетти.

– Кайсы аспаптарды жасайсыз?
– Кыргыздын үйлөмө аспаптарынын баарын жасайм. Чопо, жыгач менен иштейм.

– Ата-тегиңизде таланттуулар бар беле?
– Атам да, апам да журналист. Атам “Кыргыз жери” журналында редактор болуп иштеди, андан соң “Кыргыз туусу”, “Советтик Кыргызстанда” иштеди. Апам дагы “Кыргыз туусу” гезитинде иштеп келди. Чоң атам комузчу болгон экен. Мен ал кишини көрбөй калдым, бирок, мага айтып беришчү. Чоң энем темир ооз комуз какчу. Чоң энемдин эжеси темир ооз комуз жасачу экен. Болгондо дагы темирди ээритип, куюп жасачу дешет. Мага ошолордон талант берилсе керек.

– Музыка дүйнөсүнө баш багууңузга эмне түрткү берди?
– Залкар кишилер жол көргөздү десем болот. Эстебес Турсуналиев, Асанкан Жумакматовдордун таасири менен музыкага аралашып калдым. Кичинекей кезимден Асанкан Жумакматов оркестрге солист кылып алып чыкты. Балдар музыкалык мектебинде окуп жүргөндө республикалык сынакка катышып аткан жерден Асанкан Жумакматов көрүп калган экен. Анан сынактан кийин, азыркы учурда өзүнүн атын алып жүргөн Кыргыз радиосунун астындагы симфониялык оркестрине ойноого чакырган. Мен ал кезде 6-класста окучумун. Ошол учурда Самара Токтакунова, Анара Эсенгулова эжелер оркестрдин солисттери болчу. Ал кишилер менен аралашып, гастролдоп жүрүп калдым.

– Аспаптарды кандайча жасап калдыңыз?
– Жогоруда айтып кеткендей тукумубузда аспап жасагандар болгон, ошолордон өтсө керек. Анан чопо – бул керамика да. Керамика менен иштеген усталар менен кеңештим. Анан, жыгач менен иштөө боюнча китептерди окудум. Биздин аспаптарга окшогон башка дүйнөлүк аспаптардын жасалышы менен тааныштым. Алардын ыкмаларын өздөштүргөн соң өзүм жасап көрдүм.

– Аларды сатасызбы?
– Ооба, жасап сатып жүрөм. Музыкалык мектептер, филармониядагы ансамблдер заказ беришет. Баалары миң сомдон жогору, көлөмдөрүнө жараша. Аспаптарды кыргыздар гана эмес, казак туугандар дагы заказ берип жатышат. Алардын дагы музыкалык аспаптары биздикине окшошураак келет, бирок айырмачылыктары болот. Ошолорго ылайыктап жасап берген учурлар болот. Бүгүнкү күндө интернет аркылуу чет өлкөдөн дагы заказдар түшүүдө.

– Күү эле ойнойсузбу же ырга да шыгыңыз барбы?
– Назара деген жаш эстрада ырчысы чыгып келатат. Акыркы кезде ошол кызга обон чыгарып берип атам. Күүчүлүк менен эле кете бербей, обондуу ырларды дагы чыгарайын деген тилегим бар. Балдар музыкалык мектепте окуп жүргөндө өзүм да ырдачумун. Ашыралы Айталиевден окугам. Ашыкем санат-насыят ырларын, термелерди үйрөттү. Кийин негедир таштап койдум.

– Азыркы учурда эстрадалык ырлар басымдуу болуп кетти. Кыргыздын нукура, салттык музыкалары унутта калып атат деп ойлобойсузбу?
– Убагында мындай стереотипти Ырыспай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбав, Түгөлбай Казаковдор сындырган. Кайра куруу мезгилинде Чубак Сатаев, Бек Борбиев чыкты, бирок, ошону менен катар эле кыргыздын салттык нукура музыкасы дагы унутулуп калган жок. Адам бирде таттуу жегиси келсе, бирде ачуу жегиси келет. Ошондой эле, бирде эстрадалык музыка уккусу келип, андан тажагандан кийин нукура кыргыздын музыкасын, күүлөрүн уккусу келип калат. Азыр эстрада ырчыларынын көпчүлүгү ырларынын аранжировкаларына элдик аспаптарды коштоттуруп атканы сүйүндүрөт.

Кызжибек ЖУМАБАЕВА, «Учур» («Кыргыз гезиттер айылы»), 16.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.