“Айкөл Манас” дастаны үч тилде сүйлөйт

Жумгалдык Бүбүмариям Муса кызы коомчулукка тартуулаган “Айкөл Манас” дастанынын 10 томдугу эл оозуна алынып калды. Дастандын 1-тому орус тилинде чыкты. Казак, англис тилдерине да которулууда.

Кыргыз элинде ар бир доорго, мезгилге ылайык өзүнүн дастанчы, манасчылары болгон. Кеңеш доорунда да залкар манасчылар Сагымбай Орозбаков менен Саякбай Каралаевдин айтуусундагы “Манас” дастаны коомчулукка жеткен.

Учурда да арабызда ондогон манасчы бар. Бардык манасчылардын айтуусундагы дастанда негизги тема – элдин эркиндиги, эгемендүүлүк, мекенди коргоо, намысты туу тутуу болгон. Бул тема “Манас” эпосунун белгилүү болгон бардык варинттарынын өзөгүн түзөт.

Улуу манасчылардын дээрлик көпчүлүгү дастанды айтып калуусунун себебин эпостогу айрым бир каармандардарга, баатырларга, Манас, Алмамбет, Бакай, Кошой же Каныкейге сырдуу жолугуусунда алардын “Манас” айтасың” деген аманатын коомчулуктан жашырбай келишкен.

Бирок советтик идеология бул жагдайды манасчылар зоболосун көтөрүү максатында атайын ойлоп табылган окуя катары кабыл алган.

Аян түшүп, дастан жазып
Жумгалдык Бүбүмариям Муса кызы Манастын 40 чоросунун бири Жайсаң үмөт уулуна жолугуп калганын минтип айтып берди.
Негизи мен бул дастандын алгачкы саптарын кайыптан кабыл алганга чейин элдик дарыгер катары элди дарылап, кудайдын амири менен сакайып кетүүсүнө салым кошуп жүргөм. Жазуучу Шакен Эсенгулов мага көрүнүп жүрчү. 1995-жылы “Манас” эпосунун мааракеси белгиленгени камылга көрүлүп жаткан. Шакен агай бир күнү мага “медитацияга чыккан учурда “Манас” эпосунун алгачкы авторун сурап бересизби?” деп кайрылып калды. Медитация учурунда кайыптан сурасам орусча “Лето цифра” деген белги түштү. Ошентип “Жайсаң дастанына” элдин оорусуна данакер болуп жүрүп жолуктум. Ден соолугунун айынан мага келип жүргөн Шакен агайдын суроосу ушул улуу кереметке кезиктирди. Анан мен 1995-жылдан бери кайыптан же тактап айтканда Жайсаң ата аркылуу маалымат алып, аалам тамгасы аркылуу мага сырдуу белгилер берилип, мен аны кагазга түшүрүп, Жайсаң үмөт уулунун автордугун менен “Айкөл Манас” дастанынын он китебин жазып, жарыкка чыгардык. Эми орус, казак тилдеринде биринчи тому чыкты. Кудайдын кудурети менен аян катары түшүрүлгөн Жайсаң атанын айтуусундагы дастанында жер, суу аттары так, андагы тарыхый окуялар таамай берилген. Мындан улуттук идеологияны, медицинаны, тарыхый чындыкты, педогогиканы, кыргыз рухуна, каада-салтына байланыштуу баарын тапса болот. Ошол эле Манас эпосундагы каармандарды тарыхый инсандар катары кайсы  доор, кылымдарда жашап өткөнү далилденип так берилген. Бул кыргызга келген кут.

Учурда дастан кыргыз тилинде 10 томдугу жарык көрсө, орус тилине которулган биринчи тому чыкты. Казак тилине да маркум төкмө акын Майра Керим кызы которуп, жарык көрүүнүн алдында турат. Ошондой эле биринчи тому англис тилине да которулуп жатканын “Бийиктик” басмасынын жетекчиси Жумадин Кадыров “Азаттыкка” билдирди.

Идеологиянын өзөгү
Президенттин кеңешчиси Топчубек Тургуналиевдин айтымында, кыргызга кыйын кезеңде түркүк болгон “Манас” дастаны улуттук идеология болушу керек.
– “Манас” дастанында айтылган улуу мурастар, ой-максаттар учурда, мындан кийин кыргыз мамлекетинин улуттук идеологиясына айланышы керек. Мамлекеттик идеология бар болгону менен улуттук идеология жок болуп турат. Улуттук идеологиябыз бар туруп жок деп жатабыз. Идеологиянын өзөгүн улуу дастаныбыз “Айкөл Манас” дастаны түзүүсү зарыл. Ал эпостун ичинде камтылган.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин пикиринде, уламадан уланып келген “Манас” эпосунун 80 вариантына салыштырмалуу Бүбүмариям Муса кызы кайыптан алган ууз дастан жана тарыхый чындык.
Буга чейин бизге жеткен “Манас” дастанынын 80 варианты уламадан уланып, жомоктон жортуп келген эпос. Бүбүмариям Муса кызы кайыптан алып кагазга түшүргөн «Айкөл Манас» дастаны улуу эпостун ашкере терең жана түбөлүктүү ууз үлгүсү. Ал теңирий мазмунга толгон үлгүсү катары адабий казынабызга кошулду. Манас бабабыз 670-жылы туулуп, 723-жылы курман болгон экен. Манас реалдуу бул турмушта жашап өткөн тарыхый инсан экен. Буйруса, бул баян жалпы кыргыз окурмандарынын жүрөгүнөн өз ордун таап, кыргыз руханий адабиятынын жазма үлгүсү катары Улуу Сөз казынабызга кошулду.

10 томдон турган “Айкөл Манас” дастаныны жаралышына мындан 15 жыл мурда калктын дартына дабаа издеген элдик дарыгер Бүбүмариям Муса кызына көрүнүп жүргөн Жумгалдык жазуучу, драматург Шакен Эсенгуловдун медитацияга чыкканда “Манас” эпосунун алгачкы автору ким болгонун сурап берсеңиз деген өтүнүчү себепкер болгон экен.

Дүйнөгө таанылган “Манас” эпосу
Эпосту терең изилдеп окуган, иликтегендер “Манас” дастанын алгачкы автору Жайсаң десе, айрымдары Ырамандын ырчы уулу деп келишкен. Дастандын алгачкы караты Жайсаңды эң биринчилерден болуп тааныган казактын залкар жазуучусу Мухтар Ауэзов болгон. Дастандын автору катары айкөл Манас баатыр менен жанаша жүрүп, бардык окуяларына күбө болгон 40 чоронун бири Жайсаң үмөт уулу экенин ар бир жолугушууда, маектешүүдө, маалымат жыйындарында Бүбүмариям Муса кызы да айтып, баса белгилеп келет.

“Айкөл Манас” дастанынын биринчи томун орус тилине эркин которгон, кесиби боюнча аба ырайын иликтөөчү Татьяна Аладина бул эпосту жан дили менен кабыл алып, жүрөгүнүн тереңинен өткөнүн, рухий күч-кубат алганын айтты.
– Бул дастандын кыргызча вариантын негедир жан дүйнөмө, жүрөгүмө терең сиңирип кабыл алдым. Анан орусча тизмеги керемет күчтүн касиети менен өзүнөн өзү эле келе берди. Мурда өзүм үчүн бир аз ыр жазып жүрчүмүн. Дастандагы каармандар менен бирге күлүп, бирде кайгырып, алар менен бирге жашап калгандай таасирде калдым.

Учурда “Манас” дастанын баяндамасы жети тилге котортулуп, АКШнын Эл аралык китепканасына тапшырылып келгенин Улуттук китепкананын жетекчиси Жылдыз Бакашева маалымдады.

Бүбүмариям Муса кызы кайыптан алып кагазга түшүргөн Жайсаң үмөт уулунун “Айкөл Манас” дастанынын 10 томдугунун жарык көрүшүнө “Кылым көчү” коомдук уюмунун мүчөлөрү демөөрчү катары салым кошуп келатышат.

Кабыл Макеш, “Азаттык”, 20.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.