“Кыргызда этнография, фольклор деген жок”

Кыргыздын нукура элдик күүлөрүнө жан киргизген, белгилүү комузчу Кенжебек АЛДАЯР комузду аалам кереметтеринин бири дейт. Комуздун эл билбеген касиеттерин, сырларын, өзүнүн жараткан чыгармаларын айтып берди. Эскерте кетсек, Кенжебек мырза чыгарган жүзгө жакын обон-күүлөр бар. Жакында саясый партиялар уюштурган сынакта ал жараткан чыгарма башбайгеге ээ болду.

Кенжебек мырза, эл сизди комузчу катары таанышат. Балким талантты башка жагынан да ачып көрүү ойдо жокпу?
Кичинемде М.Абдраев атындагы музыкалык мектепти аяктаганым менен, искусство институтунун аягына чыкпай калгам. Бирок мектепте окуп атканда эле институттун бүтүрүүчүлөрүнүн программасына кызыгып, өздөштүрүп алгам. Себеби беш жашыман манас, дастан айтып музыкага өзгөчө кызыгуум бар эле. Кийинчерээк мугалимдерим Кенжебек чоң композитор болуп, кыргыздын жаңы симфонияларын, операларын жазат деп үмүттөнчү элек, комузга өтүп кетти деп нааразы болушту. Себеби, мен мектепте окуп жүргөндө эле музыка жаза баштагам. Кийин институтта окубай калганда филармонияга жумушка орношоюн деп барсам штатка албай коюшту. Филармонияга барып-келип концерттерде комуз чертип, эки жыл жүрдүм. Комузду өзгөчөлөнтүп черткенимди филармонияда иштегендер жактырбай жүрүшчү. Мени биротоло кетирип жиберели деп жолун табалбай, кыргыздын залкар күүчү-комузчусу А.Кыдырназаровго “бизде Кенжебек деген жаш комузчу жүрөт, ага комуз үйрөтүп, такалап, жерге түшүрүп койчу” деп филармониянын ошол кездеги чоңдору айтышыптыр. Бир күнү Кыдырназаров сени чакырып атат деп телефон номурун беришти. Кыдырназаровдун үйүнө барып, ага кыргыздын күүлөрүн чертип бергенде эле ал тура калып үйүндөгү конокторун, үй-бүлөсүн чакырып, “мына, чоң комузчу ушундай чертет, көрдүңөрбү” деп мага ыраазы болду. Менин чыгармачылык алгачкы жолумда ушул киши батасын берди. Анан Асанбек агай мага карап, филармониянын чоңдоруна бул жигитке комуз черткенди үйрөтө албайм, тескерисинче, андан үйрөнөт экенмин деди деп айтып бар деди. Мен анын айтканын айтып келдим. Филармонияга кызматка алгандан кийин эки-үч жыл өтпөй кайрадан кетиребиз деп аракет кылышты. Себеби мен комузду абдан баалаганым аларга жакчу эмес. Мени кетириш үчүн комузду түшүнбөгөн башка улуттун өкүлдөрүн, өзүнүн кишилерин кошуп көркөм кеңеш түзүп, сенин тагдырыңды чечебиз деп чакырышты. Көркөм кеңешке барып комиссия мүчөлөрүнүн алдына комуз чертип кетип калдым. Мен комуз чертип бүткөндөн кийин эле кыргыздар бул жигиттин черткени бизге жакпайт, кереги жок деп чыгыптыр. Ошондо башка улуттун өкүлдөрү биз кыргыздын музыкасын түшүнбөйбүз, бирок чынында эле мындай обонду уккан эмеспиз, ушуну менен иштеш керек деп айтып, филармонияга калтырып коюшуптур.

Ошол комиссияга мүчө болгон кыргыздар аттуу-баштуу кишилери азыр деле иштеп атышабы?
Ооба, ушуну уюштурган адамдын ким экенин билем. Көрсө, ошол кезде кыргыздын интеллигенциясы атайын Москванын буйругу менен иштешчү тура. Алардын кыргыздын улуттук баалуулугун жок кылыш үчүн жасаган аракети экен. Мисалы, “Камбаркан” ансамблин кыргыздын Карамолдодой комуз черткен, Саякбайдан манас айткан, Осмонкулдай төккөн акындар жоголуп баратат деп түзүп, ага атайын акча бөлүнгөн. Бирок “Камбарканды” түзгөндө кыргыздын маданиятына түшүнбөй, талаага агызып салышты. Бул да атайын жасалган иш.

Азыр “Камбаркан” тобу элге улуттук чыгармаларды тартуулап, иштеп атпайбы?
Алар туура эмес багытта иштеп атышат. “Камбаркан” фольклордук- этнографиялык ансамбль деп жүрүшөт. Бул кыргыздын маданияты жөнүндө түшүнүгү жок кишилердин жасаганы. Себеби кыргызда фольклор, этнография деген жок. Этнография – бул жок болуп, керектен чыккан нерсе. Ал эми бир убакта адамдарга кызмат кылып, кийинчерээк кереги жок болуп ыргытылган нерсени фольклор деп аташат. Биздин маданиятта, филармонияда иштеген жетекчилердин түшүнүгү, ушуга акыл-эс деңгээли жетпегени көрүнүп турат. Комуз, кылкыяк, ооз комуз күүлөрү кыргыз элинин нарктуу, салттуу маданияты. Кыргыздыкындай маданият дүйнөдө жок. Чындыгында муну бааласа биздики дүйнөлүк музыканын башатында турат. Ушуну билбегендерге кыжырым кайнайт. Биздин этнографиялык ансамблдеринин түбүндө мутация болгон Европанын музыкалык аспаптары турат. Ага кыргыздын аспаптарын мутация кылып алпарып койгон. “Ордо сахна”, “Камбаркан” ансамблдери менен кыргыздын музыкасын түшүнүүгө болбойт. Ал жерде европалашкан жасалма музыка турат. Мен деле чет өлкөлүк көрүнүктүү музыкант, ойчул, жазуучу, акындар менен көп байланышам. Алар биздин ансамблдердин музыкаларын музыка деп эсептешпейт. Себеби жасалма экенин билишет, баалашпайт дагы. А биздин манасыбызды, комузубузду, кылкыягыбызды, элдик ырларыбызды жандилдери менен угушат. Бизде мындай нерсе жок болуп кеткен деп мойнуна алышат. Европалык музыкалардын пайда болгонуна беш жүз жыл болсо, кыргыздын күүлөрүнө жүз миң деген жылдар толгон. Мисалы, азыркыга чейин көпчүлүк күүлөрдүн аттары сакталып, алар эмне болгон күү экени такталбай калган. Ошол күүлөрдө кыргыздын маданияты, жашоосу ошол замандагы элдин башына түшкөн оор мезгили, же белгилүү окуялар камтылгандыр. Мисалы, “Камбаркан” сыяктуу залкар күүлөрдө эң бийик, космостук улуу маданият бар экенин даңазалап турат. Ушундай ааламдык оюн-күлкүсү бар маданиятты фольклордук дегени кем акыл, эч нерсени билбеген адамдардын пикири.

Кыргыздын улуттук күүлөрүндө өзгөчө сыр, касиет бар деп айтышат?
Мындан 10-20 жыл мурун кыргыздын комузун өзүбүз жакшы түшүнчү эмеспиз. Азыр тескерисинче, биздин күүлөрдү чет өлкөлүктөр баалап, башкача музыка экен деп атышат. Кыргыздын күүсү менен орустар, япондор акыл-эсинен айныган адамдарды дарылап айыктырышууда. Себеби, ушундай тереңден чыккан үндөр адамдын ден соолугуна таасир берет окшойт. Кыргыздын белгилүү инсаны Баатырбек Исмаиловго жолуксам, комуздун үнүндө тазалоочу күч бар экен деп айткан эле. Космостогу сандардын энергиясы менен алдын ала дарылаган Абдрахман деген киши да комуздун күүсү адамдын ичиндеги көзгө көрүнбөгөн керектүү клеткаларды жандандырып, пайдалуу гормондорду иштеп чыгат деди. Бул жерде чоң касиет, күч бар деп айткан. Бир каскадер жигиттин энеси рак менен ооруп, жума бою күн-түн дебей онтоп калган дейт. Бир жолу телевизордон сиздин күүлөрдүн концерти болгондо энем бир саат бою үн чыгарбай укту деди. Кийин энем кайтыш болуп кетти, бирок ошол окуя эсимде сакталып калды, комуз күүсүнүн касиети башкача экен дейт. Эл арасында манас айтылган жерде малдар айыгып, ооруган адамдар сакайып кеткен дешет. Курсакта жаткан балдар кандай музыканы кабыл алат деп япондор тажрыйбадан өткөрүшүптүр. Карындагы балага эстрада, симфония, опера менен катар комуздун күүлөрүн да угузушуптур. Комуздун күүсүн курсактагы бала мемиреп уккан экен.

Комуздун, күүнүн жаралышы боюнча ар кандай уламыштар айтылып келет…
Биринчи комузду Камбаркан жасаган деген уламыштар айтылып жүрөт. Бирок, кыргыздын комузун Камбаркан эмес биздин түпкү тегибиз Кыргыз ата жасаптыр. Кыргыз ата комузду чапкан убакта адамдардын денеси жерге жашаганга көналбай, жаны чыгып кете бериптир. Ошондо Кыргыз ата ыйлап, Кудайдан жардам сурап, буларды жерге жашата албай атам дептир. Кудай жардам берип кереметтүү аспап комузду берген. Комуздун күүсүнө адамдын жашоосун, өткөн өмүрүн, бардык таржымалын киргизген. Мен ошондон улам Кыргыз ата дооруна байланыштуу он чакты күү чыгардым. Андан кийин Манас, Алмамбет, хан Кошой, Чубак, Сыргак, кырк чоро, Каныкей ж.б. белгилүү баатырларга күү жараттым. Кийинки жаңы күүлөрүм кыргыздын тарыхына байланыштуу.

Илгери комузчулар тойлордо ырдап жан багышчу. Азыр жалаң комуз чертип жан багууга мүмкүнбү?
Мындан 20 жыл мурун комуз менен жан багуу мүмкүн эмес болчу. Бүт жолдор жабылып, комуздун эч кимге кереги жок эле. Акыркы он беш жылдан бери кыргыздын аң-сезими өзгөрүп, дүйнө элдери комуздун күүсүнө кызыгып, бүгүнкү күндө чоң талап пайда болду. Биздин бийликтин комузду билбегени, укпаганы – чоң кемчилигибиз. Себеби кыргыз эл болуп турганда анын негизги мурасы, жандүйнөсү элдик музыкалык аспаптарынан турат. Бирок аларга тиешелүү жардам берилбей келет.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, Темирбек АЛЫМБЕКОВ,
«
Жаңы Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 17.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.