“Окуучуларга англис тилин үйрөнүүгө шарт түзөбүз”

“Кыргыз жер” илимий агартуу коому тил үйрөнүүчүлөр үчүн англисче-кыргызча-орусча жана кыргызча-англисче сөздүгүн чыгарып, мектептерге жеткире баштады. Бул сөздүк мугалимдерге окуучуларга, студенттерге англис тилин үйрөтүүдө көмөктөш болмокчу. Аталган сөздүктүн өзгөчөлүктөрү жана артыкчылыктары тууралуу сөздүктү түзүүчүлөрдүн бири, “Кыргыз жер” коомунун төрагасы Эдилбек Сарыбаев “Кутбилимге” курган маегинде айтып берди.

– Мындай сөздүк мектеп окуучулары үчүн биринчи жолу чыгып жатат. Совет мезгилинде деле кыргыз мектептер бар болгону менен англис тили сабагында колдонуу үчүн англисче-кыргызча сөздүк чыккан эмес. Эгемендүүлүктүн жылдарында дагы мындай сөздүк түзүлбөптүр. К.Шаршекеева министр болуп турган кезде отуз миң сөздү камтыган англисче-кыргызча сөздүк чыккан, бирок ал болгону миң нуска менен бир гана жолу басылыптыр. Баасы болсо сегиз жүз сом. Ал сөздүк окуучуларга түгүл мугалимдерге жеткен эмес.

Бул сөздүктүн өзгөчөлүгү болсо үч тилди бирдей камтыганында. Мурда англисче-кыргызча же англисче-орусча сөздүктөр чыгып эле жүргөн, бирок үч тилди бирдей камтыган сөздүк жок болчу. Ал эми анын артыкчылыгы – англис сөздөрү фонетикалык транскрипциясы менен, ар бир сөздүн негизги маанилери жана көп колдонулуучу сөз айкаштары түшүндүрмө менен берилгенинде. Сөздөрдү орус жана кыргыз тилинде бергенибиздин дагы өзүнчө себеби бар. Анткени бала англис тилин окуп жатып, орусча да, кыргызча да үйрөнүп алат. Бул шаардык да, айылдык да балдарга абдан ыңгайлуу.

Сөздүктү ыңгайлаштыруу үчүн англисче-орусча-кыргызчадан сырткары кыргызча-англисчесин дагы коштук. Себеби бала бир сөздүн кыргызчасын билип англисчесин билбей жатса кыргызча-англисчеден карап таап алып, анан ал сөздү англисчесинен транскрипциясын таап, сөздүн туура окулушун карап алса болот.

Андан сырткары сөздүккө географиялык аталыштарды жана Кыргызстандагы жер-суулардын аталыштарын коштук. Он миң сөздөн турган сөздүктүн аягына англис тилинин грамматикасын киргиздик.

Бул окуу куралдары сапаттык жактан азыркы талапка жооп береби?
Биздин эң биринчи байлыгыбыз – мамлекетибиз, элибиз, жаштарыбыз болгондуктан, алардын билим сапатын жогорулатууну эң негизги максат кылып алганбыз. Окуучулардын билим деңгээли акыркы кездерде өтө төмөндөп баратканы мени дагы бушайман кылат. Өз келечегибизди ойлосок, анда билим деңгээлин жогорулатуу үчүн болгон күч-аракетибизди жумшашыбыз керек. Бул биздин жаштардын алдындагы эң биринчи милдетибиз болуп саналат. Жаштарга улуу муун, башкача айтканда, биз шарт түзүп беришибиз керек.

Анан өзүбүз билимдин сапатын жогорулаталы, билимдүү мамлекет бололу деп жаткандан кийин, албетте, сапатка биринчи ирет көңүл бөлөбүз.

Чет тилдерди, биринчи кезекте англис тилин үйрөнүү зарылдыгы абдан күчөп жаткан кезде тилекке каршы, айыл жеринде англис тил мугалимдери жана сапаттуу окуу куралдары, окуу китептери жетишпейт. Бул маселени чечүүдө мамлекеттин чамасы жетпей жатканда мамлекетке көмөкчү болуп, өз демилгеңер менен китеп чыгарып жатканыңар жакшы саамалык экен.
– Биздин коомдун негизги максаты – жасалбай жаткан, коомго кереги тийген иштерди жасоо болуп саналат. Англис тили боюнча окуу китеби, усулдук дагы, кошумча дагы окуу куралдары жок. Ошондон улам көмүскөдө калып бирок коом зарыл болуп жаткан ишти жасайлы деп чечтик. Анын үстүнө 2005-жылы айылдык мектептерди кыдырып билим берүүнүн сапаты, мугалимдердин шарты менен таанышып жүрүп, мугалимдерден таң калыштуу маалымат уктум. Ошол кезде айылдык мектептерде англис тили боюнча окуу китептери жокко эсе экен. 1-2-класска чыгарылган англис тили боюнча китептер татаал болгондуктан, айылдык окуучуларга ал китеп менен окуу кыйын болуп калган.

Мектептердеги кыйын абалды өз көзүм менен көргөндөн кийин башталгыч класстарга англис тили боюнча жазуу дептерин чыгарайын деп чечтим. Ал оюмду ишке ашырып алып, чыгарган дептерлерди мектептерге таркатып жүрүп дагы бир таң калыштуу окуяга туш болдум. Көрсө кыргыз мектептери үчүн 8-11-класстарда окуу китептери такыр жок экен. Муну мен мугалимдерден угуп алып аябай таң калдым. Ага чейин окуп келген совет мезгилинде чыккан китептер эскирип, тытылып, жок болуп бүтүптүр. Орус мектептер болсо Россиядан чыккан китептерди алып, абалдан чыгып жатышса, кыргыз мектептер эчтеке жок отуруп калышыптыр. Андан тышкары, мугалимдер менен жолугушканда алар биз үчүн сөздүк жок, анча-мынча сөздүктөр чыгып жүрөт англисче-кыргызча, бирок анын ичинде фонетикалык транскрипциясы жок, фонетикалык транскрипциясы жок болгондон кийин балдарды туура сүйлөөгө, сөздөрдү туура айтууга үйрөтүү абдан кыйын болуп калат экен деп айтып калышты. Ошондо бул ишти колго алдым дагы, иштеп баштадым.

Сиз өзүңүз англис тилчисизби?
Жок. Мен англис тилчи эмесмин, китеп чыгаруучумун. Негизи өзүм кесибим боюнча киночумун. Москвадан Бүткүл союздук кино институтунун эки: экономикалык, кинотаануу факультетин бүтүргөм. Кино редактор болуп иштеп жүрүп китеп чыгаруу жагына өтүп кеттим. 2005-жылдан бери дептерлерди, окуу куралдарды жана китептерди чыгарып жатабыз.

Силер чыгарып жаткан окуу куралдардын наркы кандай? Себеби өз каражатыңарды салып жаткандан кийин ал китептер акысыз таркатылбайт да.
Мен жогоруда сөз кылып кетпедимби, мурунку чыгып келген сөздүктөр өтө кымбат болгондуктан окуучулардын колуна жетпей келген деп. Ошону эске алып биз окуучуларга жеткиликтүү болсун деп сөздүктүн эки түрүн чыгардык. Бирөө беш миң сөздү, экинчиси, он миң сөздү камтыйт. Он миң сөздү камтыганы кымбатыраак болуп калат. Анткени чыгым ошончолук көп кетет, экинчисине болсо окуучуларга жеткиликтүү болсун деп беш миң сөздү киргиздик. Ал болгону 100 сом турат.

Бул китептер мектепте кошумча курал катары керектелет. Андыктан аны окуучулар, ата-энелер өз акчасына сатып алышы керек. Мектептин болсо окуу куралдарын сатып алганга чамасы жетпейт. Анткени мурункудай китепке деп акча чогултулбайт. Чынын айтканда, мамлекеттин күчү мектептерди китеп менен толук камсыз кылууга жетпейт экен. Бул максатта жыл сайын алты жүз миллион сом керек болсо, мамлекет болгону 100, 150 миллон сом бере алат. Мындай кырдаалдан чыгуунун жолун издеген мектептер акча чогултса эле ата-энелер арызданып жатып калышат экен. Ошондуктан китептерге эң төмөнкү баа койдук.

Биздин демилгени Президентибиз Роза Отунбаева да колдоого алып жатат. Ал бизге китептерди жер-жерлерге жеткирүүдө жеңилдиктерди түзүп берди. Роза Исаковнанын жардамы астында Кыргыз почтасы аркылуу айылдарга жеткирмей болдук. Анткени ар бир айылда почта бөлүмдөрү иштейт. Буюрса, жакын арада китептер барып калат. Сөздүктөрдү сатып алууну каалагандар өз айылындагы почта түйүндөрүнө барып 110 сомго сатып алса болот. Бишкектин базарларында болсо бир аз кымбатыраак, 150 сом. Айылдыктарга шарт түзүү үчүн атайын арзан баада сатып жатабыз. Он миң сөзү бар сөздүк саналуу гана нускада чыккан. Эми буюрса, сатыктан түшкөн акчага аны дагы чыгарабыз. Ал биздин баа менен 150 сом, почтада сатылган баасы 170 сом болот. Бишкекте болсо 250 сом.

Эскерте кетүүчү жагдай, ал сөздүктөр менен кошо “Кыргыз жер” коому жана башка авторлор тарабынан “Зээн” басмаканасында басылган балдарга, мугалимдерге керектүү окуу куралдары жана адабий китептер дагы жөнөтүлөт. Анын арасында алгебра боюнча 7-8-класстарга тесттик тапшырмалар, 1-4-класстарга математика сабагына усулдук колдонмо, англис тилин үйрөнүү боюнча топиктердин жыйнагы жана бөбөктөр үчүн түстүү жомок китептер жөнөтүлөт.

“Кыргыз жер” илимий агартуу коомунун ишмердүүлүгүнө токтоло кетсеңиз. Анткени анын аты айтып тургандай, силер жасап жаткан агартуу иштердин бардыгы ушул коомдун күчү аркылуу ишке ашырылып жатса керек.
“Кыргыз жер” коому 1997-жылы өкмөттүк эмес уюм катары уюшулган. Негизи ишибиз эгемендүүлүктү жаңы алган жылдары эле башталган. 1991-жылы биринчилерден болуп “Кыргыз жер” корпорациясын, андан кийин “Кыргыз жер” жогорку колледжин ачканбыз. Бирок тилекке каршы, ар кандай себептерден улам алар жабылып калган. Ошентсе да илимий агартуучу иштер башталып калгандан кийин, таштап салууга жол бербестен “Кыргыз жер” илимий-агартуу коомун түзгөнбүз.

Негизги максатыбыз – мамлекеттин колу жетпеген жана башка уюмдар жасабаган ишти жасоо. Анткени мамлекет жасап жаткан ишти кайра кайталап жасоонун кажети жок.

Биз муну менен эле токтоп калбайбыз. Келечекте ушундай сөздүктөрдүн бир нече түрүн чыгарабыз. Мисалы, мукабасы калың, кичинекей, чөнтөк сөздүктөрдү жана окутуучулар, окуучулардын каалоосу боюнча ар кандай формада чыгарабыз. Эгерде 25 миң сөздү камтыган сөздүк керек дешсе, аны дагы атайын заказ менен басып бере алабыз. Биз бардык окуучуларга өз айылында англис тилин үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүүгө аракет жасайбыз. Анткени глобалдаштыруу күч алып жатканда анлис тилин билбесе балдардын келечеги жаркын болбойт.

Маектешкен Чолпон Кийизбаева, «Кутбилим» («Кыргыз гезиттер айылы»), 17.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.