Орхон-Енисей жазуулары кимдики?

Бүткүл түрк элдеринин, алардын ичинде кыргыздардын байыркылыгын, уңгусун, түптүү маданиятын, цивилизациясын далилдеген Орхон-Енисей жазуулары деп аталган, 13-15 кылымдык тарыхтын күбөсү болгон жазма адабий тилибиздин барлыгын азыркы дүйнө тааныган. Ал жазууларда тарыхыбыз таш бетине жазылып, доорлордун түпкүрүнөн бери өчпөй келет. Кыргыз улутунун руху, тарыхый-маданий дөөлөтү болгон ушул улуу мурасыбызды да кээде танганга чейин барып, кадыр-баркына жетпей, ар кандай куру сөздөрдү айтып келебиз. Бул эстеликтердин маани-маңызын билбеген, үстүртөн угуп алган сөздөрдү далил кармап, жалпы калктын башын айландыргандар, бул жазуулар тигиники, мунуку деп менчиктештирүүгө чейин жеткен түрк элдеринде ондогон маданият , илим, билим өкүлдөрү көбөйгөндөн көбөйүүдө. Бул жагынан кыргыздар деле кур эмеспиз. Ал турсун, саясатчыларыбыз да “кол сала” баштады.

Ушуга байланыштуу Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору Кадыралы Конкобаевге кайрылып, Орхон-Енисей жазууларынын кыргыз үчүн канчалык маани-маңызынын бар экендигин ачып берүүнү сурандык.

Кадыралы ага, сиз көптөн бери Орхон-Енисей жазуулары боюнча эмгектенип жүрөсүз. Анын үстүнө бул тарыхый жазмаларга байланыштуу эл аралык талаш-тартыштардын алкагы кеңейип баратат. Ушуга байланыштуу тымпыйып эле иштей бербей, үн катпасаңыз болбой калды…
Дүйнө элдеринин тарыхында жазма адабий тили бир жарым миң жылды камтыган элдер беш манжа менен саналат. Түрк элдеринин байыркылыгын, терең маданиятын далилдеген Орхон-Енисей жазуулары ааламга жакшы тааныш. Таштарда, адам урунган буюмдарда, а тургай кагазга жазылып, сакталып калган мындай жазууларды окумуштуулар тактап, паспорттоштуруп чыккан жалпы саны беш жүз жетимиштен ашты. Бул санды Орхон-Енисей жазуулары боюнча дүйнөгө таанымал адистердин бири, Стамбул университетинин профессору Осман Фикри Серткайа паспорттоштуруп чыккан. Андан берки 4-5 жылдын ичинде эле Орхон-Енисей жазууларынын саны бир кыйла көбөйүп кетти. Кыргызстандын аймагынан эле мурда илимге белгисиз бир тобу табылды. Тоолуу Алтайдан, Хакасиядан, Тувадан,Түркиядан, Казакстандан, Өзбекстандан жана Кавказда жашаган түрк элдеринин жерлеринен табылган, дагы эле табылып жатат. Мисалы, Якутиядагы Лена дарыясынын ар жак, бер жагынан 24 Орхон-Енисей жазуулары табылган. 20 күн мурда Хакасиядан профессор Виктор Бутанаев күмүш табактын түбүнө жазылган жаңы табылган жазманын үлгүсүн интернеттен мага салып жибериптир.

Ушулардын баары окулганбы? Ошондой эле окурмандарга Орхон-Енисей жазуулары деп аталып калыш себептерин айта кетсеңиз…
Орхон-Енисей жазууларынын окулганына 121 жыл болду. Биринчи жолу Вильгелм Томсен деген даниялык окумуштуу, аны менен бир эле учурда орус окумуштуусу В. Радлов дешифровка менен кандай жазуу экендигин чечмелеп окушкан. Ал эми совет доорунда профессор Сергей Ефимович Малов өзгөчө кызмат өтөгөн. Енисей жазуу эстеликтери азыркы кыргыздардын бабалары болгон Енисей кыргыздарына таандык деп, 1952-жылы жазган дал ушул киши болгон. Профессор С.Е. Малов менен катарлаш 1930-1950-жылдар арасында түркиялык аалым Хусейин Намук Орхун, түбү Казань татарларынан чыгып, большевиктерден качып, Түркияга Ататүрктүн чакыруусу менен келген Рахмети Арат да бул жазууларды окушуп, которушуп, китеп кылып жарыялашкан.

Жогоруда аталган окумуштуулар байыркы түрк элдери жараткан адабий тилди окуп, түшүндүрүп, үйрөнүүдө эбегейсиз эмгек этишкен. Булардын жаратман эмгектери түрк элдеринде дайыма эскерилип, мектептерде, университеттерде окутулушу керек. Бул иштерди Түркиядан башка бир дагы түрк мамлекети аткарган жок. Орхон-Енисей жазуу эстеликтеринин бардыгы окулган. Бирок бул жазуулардын окулушунда так эместиктер ар бир окуган аалымда болот. Буларды кайра-кайра окуп, тактабаса болбойт. Орхон-Енисей жазуусу деп аталып калгандыгынын себеби, бул жазуулар алгач азыркы Монголиянын Орхон дарыясынын алаптарынан табылгандыктан ошол дарыянын аты менен, ал эми Енисей жазуулары болсо, Енисей дарыясынын аркы-берки жээктериндеги аймактардан табылгандыктан Енисей жазуулары деп аталып калган. Кийинчерээк мындай жазуулар Кыргызстандан, Казакстандан, Өзбекстандан (көбүнче Фергана өрөөнүнөн), Кавказдан жана Түркиядан табылган. Жогоруда аталган мамлекеттердин ичинен Енисей жазуулары эң көп табылган аймак – Кыргызстан.

Бул тамгалар бир-бирине окшошпу? Биздеги табылган жазууларга үндөшөбү? Кыргызстанда бул багытта изилдөөлөр болгонбу?
Негизинен окшош. Болгону тамгалардын жазылышында ар түрдүү варианттар учурайт. Орхон тексттери менен Енисей текстеринде айырмачылыктар бар. Орхон тексттери турукташып, ыңгайлашып, туташ маанини туюндурса, Енисей тексттери кыска-кыска жазуулар. Колдонулган тамгаларда варианттык түрдүүлүктөр учурайт. Кыргызстандын Кочкор жана Талас өрөөнүнөн, башка жерлеринен табылган бирин-экин эстеликтер Енисей жазууларынан дээрлик айырмаланбайт. Кыргызстанда Енисей жазууларын изилдөөнү академик И.А. Батманов 1960-жылдары баштаган. Эки мыкты китепти бир канча автор болуп жарыялашкан. Батмановдун көзү тирүүсүндө Сагалы Сыдыков менен Четин Жумагуловду бул иштерге аралаштырып, тарбиясын берген. Кийин экөө тең татыктуу шакирттерден болушту. Профессор Сагалы Сыдыков Енисей эстеликтери боюнча докторлук диссертация коргоду. Бирок өкүнүчтүүсү, бүгүнкүгө чейин ал кишинин жогорку эмгеги жарык көргөн жок. Ал эми Четин Жумагулов Кыргызстандагы деги эле эстелик жазууларды жыйноодо, изилдөөдө жана жарыялоодо ат көтөргүс эмгектерди жасады, дагы эле активдүү улантууда. Окумуштуу, маркум Касымбек Сейдакматов да 1970-жылдары бир нече макала жарыялаган. Булардын эмгектерин Енисей жазууларын Кыргызстанда изилдөөнүн алгачкы этабы десек болот.

1990-жылдары, андан кийинки учурларда окумуштуу-археолог Кубат Табалдиев Кочкордон жыйырмадан ашык Енисей жазуусундагы тарыхый эстеликтерди тапты. Жаңы жазуу тапкандардын арасында археолог Бакыт Аманбаева да бар. Жаңы табылган эстеликтер да окулган. Буларды дагы тактап окуу иштери алдыда. Кыргызстандын тарыхында Орхон-Енисей жазуу эстеликтери Кыргыз-Түрк “Манас” университети ачылгандан кийин, анын түркология бөлүмүндө өз алдынча сабак катары окутула баштады. Буга чейин Кыргызстандын университеттеринде анча-мынча сөз болуп, учкай окутулганы менен натыйжасыз болчу.

“Манас” университетинде алгачкы жылдары мен окутуп жүрдүм. Бул жазуулар боюнча түркиялык таанымал окумуштуу Женгиз Алйылмаз келип 3 жыл иштеп, түркология бөлүмүндө окуган жаштарды эң жакшы окутту. Натыйжада ал экөөбүздүн жетекчилигибизде бир нече магистрдик диссертация корголду. Булардын ичинен Енисей жазуу эстеликтеринин тилинин синтаксисине арналган мыкты диссертацияны Женгиз мырза экөөбүздүн шакиртибиз Нурдин Усеев коргоду. Бул илим багыты боюнча Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Phd түркология доктору деген илимий даража ага ыйгарылды. Н. Усеевден бир топ жыл мурда профессор Осман Фикри Серткайанын шакирти Рысбек Алимов деген азаматыбыз түркологиянын доктору даражасына Стамбул университетинде татыктуу болгон. Ал азыр Кипрде, Түркияда иштеп жүрөт. Булардан башка бир нече жаштарыбыз да бул багыт боюнча изилдөө иштеринде аракет кылып жатышат.

Демек, байыркы жазууларыбызды изилдөөдө жаңы бир доор, этап Кыргызстанда башталды десек болот. Анын натыйжалары менен кыргыз журту тааныша баштаар күндөр да алыс эмес.

Биздеги Орхон-Енисей жазууларын иликтөөнүн дээрлик токтоп калышына эмне себеп болгон?
Менимче, коммунисттик идеологиянын таасирлери. Совет эли деген түшүнүктү калыптандырабыз деп, СССРдеги ар түрдүү элдердин тарыхтарын бурмалоо 1950-жылда катуу башталып, кийин такыр эле тануу жолуна түшүп кеткен элек. Мисалы, 1980-жылдардын ортосунда “Советтик Кыргызстан”, “Советская Киргизия” гезиттерине редакциялык баш макалалар жарыяланып, анда Енисей кыргыздарынын, алар курган каганаттын, ошол мамлекетте колдонулган жазма тилдин, демек, мамлекеттин азыркы кыргыздарга тиешеси, катышы жок делген. Натыйжасы белгилүү болбодубу.

“Манас” университети ачылгандан кийин, 2000-жылдардан баштап, Орхон-Енисей жазуу тилин окутуу, изилдөө иштери колго алына баштады. 2001-жылы “Манас” университети “кыргыз” этнониминин тарыхта жазылышынын 2200-жылдыгына арналган эл аралык илимий конгресс өткөрдү. Бул идеяны мен жазып алып, ошол кездеги “Манас” университетинин ректорунун өкүлү профессор Решат Генчге алып барсам, ал киши дароо эле колдоп, ректор К. Молдобаев менен кеңешейин деп калды. Ал киши да колдоп, мамлекеттик катчы О.Ибраимов кат жолдоп, ал идеяга президент А. Акаев өзгөчө мамиле жасаганы белгилүү. Ошондо башталган идея Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы деген түшүнүктү жаратты.

Эгемендүүлүк, эркиндик кыргыздын чыныгы тарыхына кыргызды бурду. Элдин көкүрөгүндө каны-жаны менен сакталып келе жаткан тарыхый эс тутуму ойгонду. Менимче, мындан ары элдин көйгөйүндөгү иштер аткарылаарына мен мисалы, бөркүмдөй эле ишенемин. Эртеби-кечпи, элдин үмүтү акталат. Себеби тарыхты эч ким өзгөртө алган эмес.

– Учурда казактар Орхон-Енисей жазуулары биздики деп “оптом” эле менчиктеп албадыбы? Эми кантип биздин байыркы жазмабыз экендигин далилдей алабыз?
Бул жазуулардын тарыхы кандай болгон дегенде элге ачык айтып кое турган бир катар тарыхый чындыктар бар. Бүгүнкү күндө биртоп түрк элдеринин өкүлдөрү Орхон-Енисей жазууларын өздөрүнө тартып, бул биздики дегендер чыгып жатат. Мындай ойлор чындыгында эле өтө көбөйүп кетти. Менимче, мен мындаймын деп эле өзүн көкөлөтүү жакшы эмес. Тарых чындыгын бурмалаш кыйын. Мисалы, Казакстанда өтө көлөмдүү, көркөмдүү эки чоң альбом чыкты. Ошол альбомдо булардын баары кыпчактардыкы деп менчиктеп, казактын байыркы жазуусу деген ойлор айтылган. Мындай ойлор Анадолу түрктөрүнүн, уйгурлардын, өзбектердин, татарлардын ж.б. түрк элдеринин айрым өкүлдөрү тарабынан байма-бай айтылып келе жатат. Мындай ойлорду, пикирлерди тике адис эмес адамдар жазып жатышат. Окумуштуулар арасында да азгырылгандар жок эмес. Айрым адамдар айтып, жазып койсо эле, ошондой боло бербейт да. Аныгында казактардын бул жазууга кыйыр гана тиешеси бар. Тикелей тиешеси жок. Тарыхый чындык ушундай. Орхон-Енисей жазуулары жаралган доор христиан жыл санагы боюнча 500-жылдардан башталат. Ошол жылдарда Түрк (Көк) каганаты түптөлгөн. Бул каганат өз доорунун эң күчтүү мамлекети болгон. Борбордук Азияда жашаган көптөгөн түрк элдерин жана урууларын бириктирип турган. Бул каганатты огуздар негиздеген. Алардын азыркы тукумдары азербайжандар, гагауздар, Анадолу түрктөрү, халаждар, түркмөндөр, анан Кытайда жашаган салар деген эл. Бул мамлекет ич ара келише албай Батыш жана Чыгыш түрк каганаты болуп экиге бөлүнүп кеткен. Чыгыш түрк каганатын 745-жылы уйгурлар кыйратып, өздөрүнүн Уйгур каганатын курган. Бул каганат 840-жылга чейин 95-жылдык мезгилди камтыган. Ал жылы аларды кыргыздар талкалап, өздөрүнүн Кыргыз каганатын түптөшкөн. Ошол кыргыз, уйгур, түрк (көк) каганаттарынын тушунда дал ушул Орхон-Енисей жазуулары мамлекетти башкарууда адабий тил катары колдонулган.

Учурда кыргыз тили иштебейт, мамлекеттин тилдик кызматын, милдетин аткарбайт деп эл какшап эле келе жатат. Биздин тарыхыбызда ошондой мамлекеттик тилибиз Кыргыз каганаты деген мамлекетибизде болгон. Адабий тилдик, ошондой эле мамлекеттик башкаруу функциясын аткарган тилибиз болгон. Ошол Енисейдеги Кыргыз каганаты доорунда жазылган жазма тилибиздин үлгүлөрүнүн 400дөн ашууну азыр табылып, изилденип келе жатат. Булардын ичинде Кыргызстандан табылган 50дөй жазуу эстеликтерибиз да бар. Демек, кыргыздар мамлекет куруунун, мамлекеттик тилди колдонуунун салтына ээ эл болгонбуз. Биз кечээ эле 1924-жылы 7-ноябрда “Эркин-Тоо” гезити чыкканда жазуу-сызууга ээ болдук деген түшүнүк, бул тарыхты бурмалагандык болгон. 400дөн ашык жазуулар Кыргыз каганаты учурунда жазылган, кыргызга жана ошол доордо кыргыз мамлекетине кирген башка түрк элдерине орток таандык Енисей жазма тарыхый эстеликтери жогоруда айтылгандардын далили.

Ошондо бул жазмалардын чыныгы мураскерлери кайсы эл болуп калат?
Орхон-Енисей жазуулары, жазуу тили дегенде жогоруда айтылган байыркы үч мамлекетти эске алышыбыз керек. Булар Түрктөр каганаты, Уйгур каганаты, Кыргыз каганаты. Бул үч мамлекеттин курамында башка түрк элдери да болгон. Ошондуктан алардын, алардын ичинде казактардын да кыйыр гана тиешеси бар. Орток мурас дегенибиз ошол. Ал эми чыныгы жаратуучусу жанагы үч каганатты курган огуздар, уйгурлар, кыргыздар. Бул чындыкты тарыхтан эч ким тана албайт. Жашыра албайт. Кептин бардыгы бүгүнкү кыргыздар өзүнүн байыркы тарыхын, маданиятын начар билип калгандыгында. Жакында эле Стамбулда техникалык университетте “Өтүкенден Стамбулга чейинки Түркчөнүн 1290 жылдыгы” аттуу эл аралык илимий симпозиумга катышып келдик. Ошол жерде 3 күн бою Орхон-Енисей жазуулары тууралуу чоң сөз болду. Дүйнөнүн ар тарабынан келген окумуштуулар 42 илимий билдирүүлөрдү ортого салышты. Катуу талкуулар болду.

Бул жазуулардын бүгүнкү күндө Кыргызстанда изилдениш абалына, келечегине токтоло кетсеңиз?
Кыргызстандагы Енисей жазуу эстеликтерин 5-6 жылдан бери кайрадан изилдөөгө, тактоого аракеттер жасалып жатат. Кыргызстандагы жазуулар боюнча Ч.Жумагулов, С.Сыдыков, К. Табалдиев ж.б.лардын эмгектерин кайрадан көздөн кечирилип, изилдөө иштери улантылууда. С.Е.Малов, И.А.Батмановдун эмгектери да четте калбайт. Кудай буюрса, 2012-жылы “Кыргызстандагы байыркы түрк жазуу эстеликтери” аттуу коллектив (К.Конкобаев, С.Алйылмаз, Р.Алимов, Н.Усеев) даярдаган чоң көлөмдөгү китепти чыгаруу аракетиндебиз.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, «Жаңы Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 17.12.2010-ж.

Соц тармактар:

10 thoughts on “Орхон-Енисей жазуулары кимдики?

  • 07.03.2013 at 14:51
    Permalink

    Күлтегін ескерткішін айта отырып, тарихшыларымыз неге Білге қаған ескерткішін жұртқа көрсетпей жасыру себебі неде? Неге атышулы Кляшторный, Малов сынды тарихшылар неге Білге қаған ескерткішін “зерттемеді”? Өйткені Білге қаған ескерткішін талдайтын болса өз жазғандарының өтірігі шығып қалатын еді. Білге қаған ескерткішінде Таңұт(Таңғұт) мемлекетін жаулау суреттілген. Таңғұт мемлекеті 10ғасырдың басында құрылып, Шыңғысхан жауынгерлері “құрдымға” кетірген 1,5 млн.халқы бар мемлекет еді. Ол тарихи шындық. Таңғұттардың жартысын монғолияға айдап алып кеткен.
    Монғол жеріндегі түркілер+таңғұттар(400 мың адам) х 800 жылдық көбею =қазігі монғол халықтарының саны. Монғолдардың салттары ол таңғұт халқының салттары бір екенін бәрің білесіңдер. Таңғұт тибет тектес халық болған. Ол да тарихи ақиқат.

    Reply
  • 07.03.2013 at 14:59
    Permalink

    Орхон-Енесай жазуы 1218-1227 жылдар аралығында жазылған.Оған дәлелдер жеткілікті.Шыңғысхан әскерінің Орта Азияны, Ин-Инді, Құлджаны, Тоқарстанды , Түрік-сыр(селджуктерді) , Отрарады,Самарқанды(Соғды), Бұқар-Хорезм(Қылыш) жаулап алуы көрсетілген. Ал С.Маловтың аудармалары шындыққа мүлдем келмейді. Әдейі бұрмаланған. “Сир” деген қай аталарыңды көріп едіңдер?. “Татабы”-деген халақты естіп пе едіңдер? татабы емес, ол “ататыб(ы)”- орысша “ПРОСЛАВЛЯТЬ” деген сөз. “Атақ”-орысша “Слава” емес пе?

    Reply
  • 07.03.2013 at 15:02
    Permalink

    Шыңғысхан- қазақ,қырғыз, халқының түп атасы!!!! Орхон-Енесей жазын қазақша,қырғызша оқысаңдар бәрін түсінесіңдер!!!!

    Reply
  • 07.03.2013 at 15:11
    Permalink

    Ертең 8 наурыз әйелдер мерекесі. Орхон-Енесай жазуының авторы Шыңғысханның шешесі(анасы) екенін жазып отырмын. Шыңғысханның шешщесінің аты-Марал.
    Қырғыз халқын Маралдың алып келгенін естеріңе түсіріңдер. Шыңғыс Айтматов жазғанын бәрің білесіңдер. Қырғызда Жапалақ руы бар. Ал Жапалақ деп Шыңғысханның шешесі асырып алған, Шыңғысханның алтыншы інісін (Шигу-Хутуху) атаған.

    Reply
  • 28.10.2013 at 21:04
    Permalink

    Шыңғысханның туған жері “Тюмучин-Тюмучин” аталатын өзен, ал төрт баласы туған жер-Ащы Шөл Апан” аталған жер- “Горькое озеро” Алтайда.
    Шфыңғысханды Хан көтерген жер де сол жерде “Шыңғыс” атаулы жер.(Шыңғыс өзені).Сол жерде “Барын” ауылы бар(Барнауыл қаласы).

    Reply
  • 09.04.2015 at 22:03
    Permalink

    Профессор- руководитель отдела истории востока Института Востоковедения Академии Наук РФ Дмитрий Васильев высказал об Орхоно-Енесейской письменности, в передаче «Часть истины», следующее:
    « ….В целях, явно государственных, этот письменный язык,он был –наддиалектным!
    Он был выработан искуственно, какой-то ФИЛОЛОГИЧЕСКОЙ комиссией…..
    Но конечно есть мнения, что принимали участие ИНОСТРАНЦЫ в составлении этого алфавита…..»
    Остается впечатление, что Тюрки при составлении этого алфавита, приглашали иностранцев(скандинавов, немцев и других, ведь алфавиты схожие не только внешне) и создали наддиалектный Тюркско-Казахский язык!!!
    «Гениальная теория»!
    Все намного проще, никакую филологическую комиссию они не создавали.
    А Торхан-Чингисхан объединил все тюркские народы в том числе и согдицев и естественно были разные наречии и писарями были: Илинкунь-из рода Найман-Киргиз, СараКоктан-бике из рода Кереи и с других родов, в том числе согдицев с отличающимися алфавитами!!!

    Reply
  • 09.04.2015 at 22:05
    Permalink

    В 1922 году вышла постановление образвания Ойратской автономной области, где написано:
    «Ojrot albatьnь aldьnan Avtonom Oblas edip tozөөrgө cьgargan DEKRET»
    « ……..Bu dekretti Bastra Sovetterdin Tөs Baskaru Komitedinin 1922cьlda ijun ajdьn 1-kь kyninde turguskan postanovleniezinen algan»
    что легко читается по казахский;
    «Ойрат алыб атыны алдынан Автоном Облас етіп түзерге шығарған ДЕКРЕТ»
    «………..Бу Декретті Бастыра Советтердің Түз Басқару Комитетінін 1922 жылда июнь айдың 1-кі күнінде тұрғызқан постановлениесінен алған»
    Полный текст этого декрета-первоисточника можете прочитать в приложении и убедитесь что его написали Ойраты-Казахи.

    Reply
  • 09.04.2015 at 22:06
    Permalink

    Сокровенное сказание:
    «§ 239. В год Зайца (1207) ……Милостиво обратясь к Чжочи, Чингис-хан соизволил сказать: «Ты старший из моих сыновей. Не успел выйти из дому, как в добром здравии благополучно воротился, покорив без потерь людьми и лошадьми Лесные народы(орман қазағы ОЕ письменность). Жалую их тебе в подданство». И повелел так…..»
    «Лесные народы»-«Орман қазағы»- и есть найманы-казахи(настоящие казахи), вы знаете в подчинении Жошыхана 80% из численности подчиненных,cоставляли найманы-казахи. И это тоже, исторический факт.
    А то, что написано в «Сокровенном сказании»; По моему,завоевание найманов-это завоевание 8 родов киргизов, так как 8 по современному монгольскому «найм» или «найман» и прочитав 8 как «найман» все перепутали, по этому Кушликхана мать Чингисхана называет киргизом-тюрком. Если сравнивая, монгольские числа с названиями родов можно найти «безполезные» схожести, как например: Род «Табын» со числом «пять»- таван, Род «Албан» с числом «тринадцать»-арван и т.д.

    Reply
  • 09.04.2015 at 22:09
    Permalink

    Памятник «Культегина»:
    «..Ерін алып Түрүг етеміс» т.е.захватив мужчин сделаем Войнами. «Түрік Ұлтысы»-тюркская нация. В этих строках, передано почти все о слове «Түрік»:
    1) Вообще о понятии «түрік» т.е. войн.
    2) Мужчин посвещают насильно в касту «түрік» т.е. войнов.
    3) Сложение понятия «түрік ұлтысы» как национальной принадлежности.

    Перейдем именно к прочтению первоисточника, книги «ЫрқБітіғ» и сравним с текстами по книге Ғ.Айдарова:
    1 строка книги Ғ.Айдарова:
    Прочитание по Ғ.Айдарову:
    1) Тенсимен Иарын кіче алтун ергін олурыпан меңілейүрмен анча біліңлер.едгұ ол.
    Перевод на казахский по Ғ.Айдарову;
    -Тенсимен күні-түні алтын тақ үстінде отырып қуанамын. Сонша біліңлер:игі ол.
    9
    Прочитан мной по казахский:
    -қансымен жиарын кеше «алтұн өр ағын» ұзай олырыпын(отырып) «Мың Алажұ Ермен», Әне біліңлер -Атағұ Ол!
    Как вы видите, прочтение по казахский мало в чем отличается от транскрипции, может быть только неправильно прочитанными в транскрипции словами, но они тоже близкий транскрипции, но поняты неправильно.
    Переводен мной на русский:
    -Насытившись, с «Сборными Тысячниками», со вчерашнего дня долго, гордо собирали «потоки золота», Знайте это- Слава наша!
    Почему то, Ғ.Айдаров первое слово прочитал, как «Тенсимен», когда первая буква не «Т», а буква «Қ», а с чего это, начинать с ошибки? Может, я не знаю всех тонкостей прочтения древнетюркской письменности, законов «лексемасының сематикалық деривациясы», может пишут одну букву, а «оно» уже читается по другому?
    Да !!! Так мы никогда не прочитаем эти письмена.

    Reply
  • 21.05.2015 at 00:33
    Permalink

    Chindikti tabuu kiyin emez dep oyloym. Men atalarim jazgan bul jazuulardi kop jolu okuuganga ubakit tabtim. Parmaklarim menen oz kolum menen bul tawtardi okudum. Birinchiden bul 3 tawta kimder jondo malimat berilet degen suroonun ordunda bul 3 taw kimder uchun kim jazdi dep surasak tura jooptu tababiz. Tonyukuk Kultigin Bilge Kaan… bul uch mirza turkbuz dep turk elin tuwunduruu uchun tarihin soguwtarin kelechek kilimdarga aytiliwi uchun jazgan. Bul tawtarda konechno kirgiz kazak jana uygurlar jondo malimat bar. Birok owo malimattardi okubaysinarbi? Bizdin uygurdan azerbayjanga cheyin topragi bolgon chon olkobuzdo bul uluttarda jawagan. Kirgizdar menin oyumcha turk ulutunun kirgiz familyasi. Misali biwkek waarinin ahunbaev familyaluu jarandari siyaktuu. Jok bul sen aytkanday degender bar bolso owondo kirgizdar nege turk tilinde suylowup atat. Oz tilderi jokpu dep suraym konechno. Russkiy jana turkchodon bawka til suyloboyt ech kim… negizi bul jazuular turk ulutunun jazuulari. Seniki meniki degen suroo bolgondo logika barbi dep suragim kelet owo kiwilerge. Turk emez bolsonor turktun jazgan turk alfabeti menen turkcho jazilgan jazuulardi nege urdaginar kelet. Sen men degendin ordunda uyalbay namistanbay bul jazuular baaribizdin debeysinerbi chindikti aytip biz da turkbuz debeysinerbi? 🙂 Turkiye-Izmir’ den chon salamdar aytabiz jakwi jana birge kelechek uchun umuttarim bar bir gana munu tileym biz uchun tuugandarim

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.