Бөлмөсү тар, руханий жактан бай актер

Догдурбек Кыдыралиев “Ак илбирстин тукуму” тасмасында Кожожаштын ролун ийгиликтүү аткарып элге таанылды. Бирок кыргыздарда ага ылайыктуу эпикалык жанрдагы кино тартылбай, анын актерлук шыгы толук ачылбай калды.

Ошол эле маалда ал Казакстанда он бешке чукул киного түшүп, беш көркөм тасмада башкы каармандардын образын түзө алды. Догдурбек Кыдыралиев сүрөтчүлүк, актерлук кесибинен бөлөк ырчылык, устачылык, мергенчилик өнөрдү аркалап келет.

Бишкектин Токтогул көчөсү менен Тыныстанов көчөсүнүн кесилишиндеги тогуз кабат үйдүн чатырында жайгашкан сүрөтчүлөр үчүн өнөрканага берилген бир бөлмөдө айтылуу киноактер Догдурбек Кыдыралиев үй-бүлөсү менен жашайт.

Анын өнөрканасына баш багып саламдашып, ал-жайды сурашып, кепке тарттым:
-Доке, сиз кармап аткан чабылган ээр экен. Муну эмне жонуп отурасыз?
-Кыргыз ээр. Атка абдан ылайыктуу. Үстүн тери менен каптап чыгайын дедим.

“Капалыкты жакшы ыр жазат”
“Эр жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” дегендей белгилүү сүрөтчү, киноактер Догдурбек Кыдыралиевдин өнөрканасында кенен отуруп баарлашып, анын көп кырдуу талант экенине ынандым.

Дубалда илинип турган комузду көрүп, Догдурбек мырзаны ойноп берүүсүн өтүндүм. Ал комуздун коштоосунда элдик ырларды, улуу муундагы обончулар Атай, Жумамүдүн Шералиев жана Жапар Чабалдаевдин ырларын ырдаганды жакшы көрөт. “Капалыкты жакшы ыр тазартат, жарпыңды жазат”,-дейт сүрөтчү.

Догдурбек Кыдыралиев Жети Өгүз районундагы Боз-Бешик айылындагы орто мектепте окуп жүргөндө өздүк көркөм чыгармачылык ийримине катышып классташы Какен аттуу кыз менен кошулуп ырдап райондук кароо-сынактарга катышат.
– Биздин мектепте Мукен агай деген өздүк көркөм чыгармачылыгын жетектечү. Мени кружокко катыштырып, Какен деген классташым экөөбүз дуэт ырдачубуз. Какендин үнү сонун. Жакшы ырдайт. Анын бою орто. Менин боюм өтө узун болчу. Экөөбүз Дон Кихот менен Панчодой эле болуп калчубуз. Мына ошондон баштап ырга шыгым артып, кийин интернатта окуп жүргөндө гитара черткенди үйрөнүп, гитара менен ырдап жүрдүм. Сүрөт окуу жайына келгенден кийин комузга кызыгуум артып, комузду үйрөнүп, гитараны көп кармабай калдым.

“Тоо адамды тазартат”
Эл арасында «Кожожаш» деп аталып кеткен Догдурбек сүрөтчүлүк, кол өнөрчүлүк менен катар мергенчиликти да кошо ала жүрөт. Ал жылына аңчылык мезгили башталганда он-он беш күндөп ууга кетет.

Бейиши болгур атасы Искак өз учурунда Жети-Өгүз өрөөнүндөгү көзгө атар мергенчи болуптур. Ал көп жылдар бою жылкы багып, кийин чабандыкка өтүп кой багат. Күндөрдүн биринде түн ичинде короодогу койго бир үйүр карышкыр кол салат. Мылтыгын ала чыгып караңгыда 3 карышкырды атып өлтүрүп, атагы алыска угулат.

Искак аксакал уулу Догдурбекти 12 жашынан баштап ууга кошо алып чыгып, аңчылыктын сырын үйрөтүп, жаратылыштын кооздугу, касиеттүү тоолордун сүрү менен тааныштырып, “сүрөтчү болсом ушунун баарын тартаар элем” деп арман кылчу экен. Анын сүрөтчү болгонуна атасынын ушул “арманы” таасир берсе керек.

Боконосу ката электе аңчылыкка чыгып жүргөн Догдурбек ушул жашка келип, болгону бир карышкыр атыптыр. Майда илбээсиндерге аңчылык кылганы менен жөн жерден жаныбарларга мылтык суна бербестигин, негизинен жаратылышка чыгып эс алып келерин айтты.
– Мен барып эле илбесиндерди ата албайм. Чын-чынына келгенде мылтыкты жакшы ата албайм. Көзгө атар мерген эмесмин. Бирок ууга чыкканда тоолорду аралап күнүгө 30-40 чакырым жол басасың. 3 килограмм салмак ыргытасың. Сергип каласың. Тоодон келгенде көзүң ачылат. Жашоого башкача карап, чыгармачылык сезимиң ойгонот. “Жаңы сүрөттү мындай тартам, бул ролду мындай ойнойм”,-деп эргүү пайда болот. Анан тоого мен көбүнчө кышында барам. Үшүйсүң, тоңосуң, асканын астында карда жатасың. Негизинен жашоого ыңгайлашасың. Тоонун бир жакшы жери – адамды тазартат.

Өтүгү жок өтүкчү
Жаштайынан жылкыга, табийгатка жакын Догдурбек Кыдыралиевдин устачылыгы да бар. Ал айылдагы атасынын үйүн өзү курган. Бирок алигүнчө Бишкектеги тогуз кабат үйдүн чатырындагы бир бөлмөлүү өнөрканасында үй-бүлөсү менен жашайт.
“Өзүң колуңан көөрүң төгүлгөн уста болсоң, эмне үчүн жер участогун алып алигүнчө үй салып алган жоксуң?”,-деп суроо узаттым.

Анда Кожожаш:Чын-чынына келгенде “өтүгү жок өтүкчүдөймүн”. Убагында акча болсо убакыт болгон жок. Үч айлап, төрт айлап кээде жарым жыл киносьемкаларда жүрдүм. Кийинчерек акча болгондо жашоодон артпай калды. Анын үстүнө киного тартылганың үчүн бизде казак, орустун актерлоруна төлөгөндөй гонорар төлөбөйт. Балдар чоңойгон сайын акча кандай сарпталарын өзүң деле жакшы билесиң да. Көптөн бери мамлекет үй берет деп үмүт кылып жүрөм. “Квартира мына аласың” дегенде эле бийлик алмашып кетет,-деп комузун кылдыратты.

Ал өлкөдөгү окуяларга, коомдогу өзгөрүүлөргө кайдыгер карабастыгын белгилеп, ар бир нерсени жан дүйнөсү менен кабыл алып, кээде капа болуп туталанып турганда комузга үн кошуп ырдап алса көкүрөктөгү бугу чыгып жеңилдеп каларын кошумчалады.

Казак кинолорун дүйнөгө тааныткан кыргыз актеру
Догдурбек Кыдыралиев Кожожаштын ролун ийгиликтүү ойноп, элге таанылгандан кийин, анын келбетине, мүнөзүнө ылайыктуу Кыргызстанда эпикалык жанрдагы кино тартылбай калды. Аны “Казакфильм” киностудиясы чакырып, ал жерде он бешке жакын тасмага тартылды.

Учурунда Догдурбек “үй-бүлөң менен Алматыга келип жаша, квартира беребиз, иш беребиз” деген казактардын сунушун четке кагып, барып-келип турганды оң көргөн.

Ал “Казакфильм” киностудиясында тартылган «Отрардын кыйрашы», «Аңчы», «Кош бол, Гүлсары» жана башка ондон ашуун тасмада кайталангыс көркөм образдарды жаратып, казак элинде жылдызы жанды. Догдурбек түшкөн казак кинолору эл аралык кинофестивалдарда бир катар жогорку сыйлыктарга татыктуу болду.

Жакында казактардын жаңы тартыла турган “Миң бала” тасмасына чакыруу алып, жаңы жылдан кийин киного тартылганы кетерин билдирди.

Көп кырдуу талант Догдурбек Кыдыралиев ушул тапта кыл калемин колдон түшүрбөй, сүрөтчүлүк өнөрүн аркалап келет. Келечекте Бишкекте, Алматыда жана Европада өзүнүн жеке сүрөт көргөзмөсүн уюштурууну пландаштырууда.

Аманбек Жапаров, “Азаттык”, 21.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.