Шаңы өчпөгөн Шамшы Калдаяков

Гимн – бул өзгөчө жанр. Анын тарыхы Байыркы Грециядан башталган. ХIV кылымдан тарта гимн официалдуу мамлекеттик иш-чараларда, маанилүү жарандык актыларда көп колдонула баштаса, учурда гимн мамлекеттик атрибуттун бир бөлүгү экени талашсыз. Андыктан гимндин музыкасы салтанаттуу, улуу, угумдуу, жүрөккө жакын, жугумдуу болушу кажет. Гимн музыкасынан улуттук рух байкалып, ал жаранга мекенчилдик дем берип турушу керек. Азыр жакшылап баамдасак көп өлкөлөрдө гениалдуу композиторлордун жазган музыкасы түбөлүктүү музыкалык өлкө символикасына – гимнине айланган. Ошондой таланттардын арасында “Менин Казакстаным” ыры Казакстандын гимнине айланган, кезинде Орто Азия мамлекеттеринин обончуларын, угармандарын таңдандырган, акын, композитор, аткаруучу, казак эстрадасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Шамшы КАЛДАЯКОВ да бар.

Композитор 1930-жылы Түштүк Казакстандын Шаульдер айылында таланттуу үй-бүлөдө туулуп, Ташкенттеги Хамза атындагы музыкалык окуу жайда, кийин Алматыдагы Курмангазы атындагы консерваторияда билим алат. Анын устаты агезде белгилүү композитор Василий Великанов эле. Башкалардан өзгөчөлөнгөн талант студенттик жылдарынан тарта элдин жүрөгүнөн орун алган биртоп чыгармаларды жаратып, казак элинин сүймөнчүктүү уулуна айланган. “Кайыкта”, “Бакыт кучагында”, “Сыр сулуум”, “Эне тууралуу ыр”, “Ак бантик”, “Кара көз”, “Ак бүркүтүм менин”, “Кайдасың” сыяктуу керемет обондуу ырларды элге тартуулап, бирок мамлекет тарабынан убагында сый-ургалга татыктуу болбогон инсандын өмүрдө өзгөчө, жөнөкөй адам болгонун айтышат аны жакшы тааныгандар.

Капыс кесилген тушоо
Композитордун эң алгачкы “Кара көз” ыры анын студент кезинде жаралат. Жаш, мүнөзү мокок, белгисиз композитор үчүн агезде обондоруна акындарга текст жаздыруу мүмкүн эмес эле. Бир чети антүүдөн тартынса, экинчиси акынга төлөгүдөй акчасы жок болчу. Бир күнү ал окуган консерваториянын вокалдык бөлүмүнүн мугалими Мадеш Ниязбеков аттуу жигит Шамшынын “Кара көзүн” угуп, “обон жакшы, текст жарабайт, кел, сөзүн башка акынга жаздырабыз” дейт. Мындайды күтпөгөн жаш обончу делдейе түшөт. Мадеш Шамшынын ой-боюна койбой чыгармачыл дөө-шаалар жыйналчу шаардагы эң ири “Алма-Ата” ресторанына жетелеп барып, Сакен Сейфуллин, Куандык Шангытбаев, Изтай Мамбетов деген акындар менен тааныштырат. Адамдын ичи-койнуна кирген Мадеш токтолбостон алагүү болуп калган калемгерлерге маселени кабыргасынан коет. “Кана, ырдап көрчү” дейт Куандык Шангытбаев кубарган жаш обончуга. “Ушул жерденби” дейт ишенбеген Шамшы. “Анан кайсы жерден? Бул жерде ыр эмес гимндер ырдалат” дейт Куандык. “Буга бензин керек. Ме, муну тартып жибер” деп Изтай Мамбетов кырдуу стаканга толтура арак сунат. Шамшы токтолбостон аны шыр тартып жиберет. Эки мүнөттөн кийин мукам, жүрөктү дирилдеткен “Кара көз” сызылып чыга баштайт. Ошентип обончунун ырчылыкка да, ичкиликке да болгон тушоосу кесилет. Кийин композитор бул күндү “менин ичкилик стажымдын башталышы” болчу деп эскерип калчу экен.

Маани бергенге магнит эле
Замандаштарынын айтымында, Калдаяковдун өзгөчөлүгү анын казак эстрада ырларынын музыкасы менен улуттук колоритти байланыштыра билип, жеке эле казак композиторлору эмес башка улуттардын композиторлорунун өзгөчөлүгүн тез өздөштүрө алгандыгында болгон. Так ошол өткөн салттык музыка менен заманбап музыканы айкалыштыра билүү анын популярдуулугун арттырат. Анын ырлары ушунчалык угумдуу келип, башты айланткан лирикалуулугу менен айырмаланган. Бул инсандын ырлары, обондору жаш-карыны, ар түрдүү адистиктеги адамдарды, атургай ар башка улуттагыларды да азыркыга чейин өзүнө тартып турат дешет мекендештери. Ошол себептенби, айтор анын айрым ырларын коңшу мамлекеттин өкүлдөрү жан дили менен жаттап, ырдап чыгышкан. Өз мекенинде көп ырларынын ичинен “Менин Казакстаным” патриоттуулук ыры өтө кеңири таралып кеткен. Казак элинин эсинен кеткис 1986-жылдагы декабрь окуясында (Желтоксан) Шамшы борбордук аянттагы “декабрист жаштар” менен бирге өз ырын ырдап чыккан дешет ага күбө болгондор.

Кезинде тепсеп, эми көксөп отурган бийлик
Турмушта Калдаяков партия идеологдору кооптуу атаган ырларынын айынан бийликтин кысымына көп дуушар болуптур. Ар кандай көралбастыктан, бут тосуулардан, кээде көкөлөткөн мактоолордон улам ал ичкиликке да жакын болуп кетет. Эстрадалык жанрда бийик деңгээлге көтөрүлүп, ыр-обондору менен эл сүймөнчүлүгүнө айланса да ал кезинде Композиторлор союзуна алынбай, музыкалык окуу жайдан, консерваториядан чыгарылып салынат. Ар кандай кысымдардан, ага жабылган жасалма жалаалардан улам обончу 1974-жылы Алматыны таштап, туура 18 жылдан соң гана кайтып келген. Баарынан өкүнүчтүүсү, илгери эле татыктуу болгонуна карабай, өлөрүнө бир жыл калганда, тактап айтканда, 1991-жылы гана ага Казакстан эл артисти наамы ыйгарылган. А 2006-жылы жалпы казак элинин каалоосу менен Шамшы Калдаяков менен Жумекен Нажимеденовдун “Менин Казакстаным” ыры өлкөнүн мамлекеттик гимни болуп кабыл алынат. Ушул жылы 11-январда Нурсултан Назарбаевдин президенттик ишке кирүү аземинде Акордо резиденциясында бул ыр биринчи жолу гимн катары жаңырган.

“Ар бир үйдө ырдоо салт болсо кана”
“Мүмкүн болсо ырдоо же биргелешип музыка дүйнөсүнө чөмүлүү ар бир үйдө салт болуп калышын каалар элем”, “Менин ырларымда дайыма кыздын образы жүрөт, эгер ал болбосо аларды эч ким ырдабай коет”, “Менин жандүйнөмдүн, кыялымдын кармалгыс кыймылынан жаралган ырлар бакчадагы жаңы ачылган бүрдөй, таңкы күн нурундай болуп менин жандүйнөмдүн абалын элге берип турат” деп көп айткан Шамшы Калдаяков жашоодо оор соккуларды дайыма юмор, тамаша менен жеңип кетчү дешет. Композитордун жубайынын айтымында, өмүрүнүн акыркы жылдарында эл артисти, белгилүү ырчы делген досторунун бири да анын акыбалын сураган эмес. Бирок композитордун тамыры үзүлбөй, анын улуу баласынын опера-балет театрынын дирижеру, кичүү уулунун пианист болуп чыгышы, эл оозунда обондуу ырларынын калышы, эң негизгиси, анын ырынын гимн болуп калышы композитордун ким экендигин далилдеп берди. Учурда маркумдун Айсулуу аттуу небереси да Куляш Байсейитова атындагы окуу жайда жана консерваторияда билим алып, чоң атасындай атактуу адам болууга тырышып келет.

Мелис СОВЕТ уулу, «Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 24.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.