Жайсаң

(IX-кылым)

Тентиген элди жыйнадың,
Темирден найза ыргадың.
Телбирген жетим-жесирди
Тегизге бөлөп сыйладың.
Теңирим Манас сени мен,
Термелеп жүрүп ырдадым.

Кул болгон элди жыйнадың,
Куш канат найза ыргадың.
Куураган жетим-жесирди,
Кутуртуп далай сыйладың.
Куну жок Манас мен сени,
Кубалап жүрүп ырдадым.

Кыргызды белге туу кылдың.
Кымызды чылап, уу кылдың.
Кысталак Манас кай бирде,
Кытайга чейин чуу кылдың.
Кыйшайтпай кылдай сөзүңдү
Кылымга жетер дуу кылдым.

Санатты кылсаң – сен кылдың,
Сайышкан жооңо тең кылдың.
Сай-сайлап жүргөн кыргыздын
Санаасын басып эл кылдың.
Сан болсоң, сансыз болгон деп,
Сабактын баарын мен кылдым.

Урушту кылсаң – сен кылдың,
Ушташкан жооңо тең кылдың.
Уруудан жыйып уютуп,
Улуган журтту эл кылдың.
Уук болсоң, устун болгон деп,
Укмуштун баарын мен кылдым.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.