Жаратылыш менен айкалышкан ырлар

Баш багып кирип келген койон жылы дүйнө элдеринин фольклордук чыгармалары “Азаттыктын” обосунан жаңырды.

Жакында Алтай элинин көрүнүктүү акыны Бронтой Бедюров Бишкекке келгенде “Алтай-Кай” аттуу белгилүү фольклордук тобунун ырлары жазылган диск берип жатып, Ала-Тоодогу кыргыздар көмөкөй менен ырдаганды унутуп калышканын белгиледи.

Бронтой мырза берген дискти угуп, алтайлыктардын “Эл ыры” деген чыгармасы апамдын бешик ырына окшоштугу бар экенин баамдадым.

Ал ырында апам, “Каак-каак, каргалар, камыш түбүн жорголор, жорголойт деп ким айтар, байдын уулу бака айтар, бака айтат деп ким айтат, бакырып жаткан теке айтар, теке айтар деп ким айтар, энеси өлгөн эчки айтар”,- деп уйкаш сөздөрдүн тизмегин айтып, неберелерин уктатар эле.

Толугу менен

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.