Асылбек Өзүбеков, КРнын Эл артисти: “Отуз жылдан бери боздоп эле келатам…”

Асылбек Өзүбеков актерлук кесиптен сырткары, ыр дүйнөсүнө аралашып, өзү айткандай, “боздогон, сыздаган, арман” ырларды аткарып жүргөндө, досу Замир Сооронбаев ага “кайгы-муңдун рыцары” деген наам берген эле. 30 жылдан ашык убакытта кыргыз элинин сүймөнчүлүгүнө айланган КРнын Эл артисти Асылбек Өзүбековду кепке тартып, жан дүйнөсүндө оргуштап жаткан сырлары менен тең бөлүштүк.

– Асылбек байке, жаңы жылыңыз менен! Коен жылы кандай башталды?
– Убакыт деген ушундай тез өтөт экен. Минтип, көзүн алаңдатып коен жылы кирип келди. Буюрса, жылдын башталышы жакшы. Жаңы жылдын алгачкы жумасында “Тунгуч” музыкалык драма театрынын ыр-күлкү аралашкан концертин бергени турабыз. Азыр уюштуруучулук маселеси менен чуркап жүрөм. Гезит аркылуу жалпы кыргыз элимди жаңы жылы менен куттуктайм.

– Чыгармачыл чөйрөгө аралашканыңызга быйыл канча жыл болду?
– Чыгармачылыкка аралашканыма быйыл 31 жыл болду. 1979-жылы августта Ташкенттеги театралдык окуу жайын бүтүрүп, Кыргыз драма театрына актер болуп киргем. Залкар, таланттуу адамдар менен бирге иштеп калганыма сүйүнөм. Былтыр “ыр, обон, аткаруучулук жана актерлук кесибимди чагылдырган 30 жылдык отчеттук концертимди белгилейин” деп атсам, өлкөдө жанагыдай окуя болуп кетти. Жакшылыктын кечи жок эмеспи. Кудай буюрса, быйыл отчеттук кечемди өткөрөйүн деген жакшы оюм бар.

– Акыркы убакта сахнадан алыстап кеткендейсиз?
– Ооба. Менин да өкүнгөнүм чыгармачылыктагы эки-үч жылга созулган антракт болду. Чындыгында ар кандай факторлордун негизинде чыгармачылыктан алыстап калдым. Буюрса, “ушул жылы чыгармачылыктагы изденүүнү жандандырайын” деп, жаңы идеялардын үстүндө иштеп баштадым.

– Сизди чыгармачыл адам, актер катары жакшы билебиз. Ал эми үйдө кандай кожоюнсуз?
– Өзүмдү “мыкты кожоюнмун” деп айталбайм. Себеби, үйдө жалкоомун. Үй иштерине аралашпайм, тап-такыр тамак жасаганды билбейм. Балка кармап, мык кагып, кыймылдагым келбейт. Бүгүнкү иштеримди эртеңкиге калтырып кое берем. Ызы-чуунун арасында көп жүрөм. Ошондуктан, үйгө келгенде тынч эс алгым келет. Көбүнчө жаңылыктарды көрүп, гезит окуйм. Кээде бош боло калсам, досторум эки жакка ээрчитип кетет.

– Анда үйдөгү бийликти биротоло “классташыңызга” өткөрүп бергенсиз го?
– Үйдөгү бийликтин көбү ошол кишиде. Кимге бармай, кимге кошумча бермей, аласа-бересенин баарын жеңеңер билет. Чарчап келсем “тур эле тур, баланчаныкына барып келели, бол эле бол түкүнчө келет” деп сүрмөлөп турат. Акчаны дагы кармаганды билбейм. Өзгөчө ичке 100 грамм киргенде оңун-оңго, солун-солго карабай, заңылдатып чачып салам. Ошон үчүн акчанын баарын келинчегиме берем.

– Бала-чака, неберелерге кандай убакыт бөлөсүз?
– Балдарымдын алды үйлөнүп, кичүү кызым төртүнчү класс болду. Төрт неберем бар. Экөө биздин колдо турат. Аларды машинеме салып, сейилдетип ойнотконго убактым болбойт. Бирок, “небере таттуу болот” деген чын экен. Жумуштан чарчап келгенде неберелеримдин кылык-жоругун көрүп, таттуу тилин угуп, алаксып, жыргап калам. Ал эми өзүмдүн балдарымдын кандай чоңойгонун сезбей деле калдым. Себеби, 20 жашымда балалуу болуп, “иштейин, ушуларга нан табайын” деп жүрүп, аларды эркелетип, жыттаган деле жокмун. Балдарымдын балалык кезин азыр неберелеримден көрүп жатам.

– Ал эми келиниңизге кандай кайнатасыз?
– Досторум “мына, Фарида, Фарида” деп боздоп жүрүп, Фарида аттуу келиндүү болдуң” деп тамашалап калат. Кудайга ыраазымын, абдан жакшы келинге туш кылды. Жароокер, тамашакөй, колунан даамдуу тамактар чыккан ийкемдүү келиним бар. “Пап, чай ичиңиз, пап, көйнөгүңүздү үтүктөй коеюн” деп турат. Керек болсо бут кийимимди бутума кое калат. Албетте, бул дагы болсо, бизге көрсөткөн сый-урмат. “Уулумду сыйлап жатканы” деп билем.

– Үйдө дагы сыртта жүргөндөй, шайыр, тамашакөй атасызбы?
– Жо-ок. Үйдө күлүп жүрбөйм. Келинчегим мага “элдин арасында жүрсөң бажылдап сүйлөп, күлүп жайнап, тим эле каткырып-жыргап, аркы-беркини айтып, кыздарды көрсөң, кымыңдап тийише калып, чукулап жүрөсүң. Үйгө келсең эле мостоюп, бозоруп отуруп каласың. Ошол көчөдөгү кылыктарыңды үйгө деле көрсөтүп койсоң болбойбу?” деп эле нааразы болуп, капачылыгын айтып калат. Анда да жөн турбай, “эми сага эмне кылыгымды көрсөтөйүн? 35 жылдан бери жаныңда жүрүп, кылыгымды жакшы эле билесиң го. Жок дегенде үйдөн олуттуу болоюн” деп тамашалайм.

– Келинчегиңиз айтмакчы, азыр деле кыздарга тийишип калмайыңыз барбы?
– Болбой койчу беле, Кудай урбадыбы (күлүп). Кылыктанган кыздарды көргөндө, өлүмүш болуп туруп калбайсың да. Жок дегенде көзүң менен атып-атып аласың. Жеңең да көнүп бүттү. Көнбөгөндө каякка бармак эле.

– Сизди бильярд ойной албайт деп уктук эле…
– Туура. Улуттук каналда “Сегизинчи шар” деген долбоорум бар эле. Ошондон улам “Асылбек бильярдды жакшы ойнойт” деп ойлошсо керек. Бирок, мен бильярд ойногонду билбейм, кызыкпайм дагы. Долбоорду алып барып жатып, кыйын ойногон оюнчулардан кайсы шар кандай экенин акырын сурап алып, билген кишидей айта берчүмүн. Бир топ жылдан бери “Көкбөрү” федерациясында мүчө болуп жүрөм. Өзүм ат мингенди деле унутуп калдым. Бирок, көрүүчүлөргө ат оюндарын кызыктуу кылып баяндап бергенге аракет кылам.

– Көпчүлүк ырчылар “балама, кызыма, жубайыма” деген сыяктуу ырларды аткарып жүрүшөт. Сизде мындай тема кездешпейт го?..
– Сен каяктагы балакетти баштап, жеңеңдин чырагына май тамган суроону берип жатасың (күлүп)?.. Эми жеңең муну гезиттен окуп алып, “көрдүңбү, журналисттер сага ушундай суроо бериптир. Жок дегенде үйбүлөңө арнап, ыр чыгарып койсоң болбойбу?” деп мага тийишет. Албетте, бул тамаша… Меники эми көбүнчө лирикалык жанрдагы ырлар. Адашып кеткен, табышпай калган, ажырашып кеткендердин армандарын боздоп, ырдап келатам. Ушундан улам, курсташым КРнын Эл артисти Замир Сооронбаев мага “кайгы-муңдун рыцары” деген наамды чаптап койбодубу. Турмушта тамашакөй, шайыр жүргөнүм менен ырга келсем эле сыздап-боздоп жатып калам.

– Балким, жетпей калган сүйүү, куса, арман башыңыздан көп өткөндүр…
– Ким билет?.. Эми буга чейин өйдө-төмөндүн баары болду. Оңго-солго кеттим, жаңылдым-жаздым, мүдүрүлдүм, тайгаландым, кайра турдум, тизем ооруду, түз бастым, кыйшык бастым, айтор, ачуу-таттуунун баары башымдан өттү. Аны моюнга алам.

– Чыгармачыл адамдардын көбү сахнадан өз ордун тапкандан кийин кызын, уулун өзү жакка сүйрөй баштайт…
– Мен уул-кызымды чыгармачылыкка аралаштырган жокмун. Себеби, актерлук кесиптин түйшүгү оор. Кичүү кызымды тил жагына ыктадым. Америкалык мектепке курска барат. Студент уулум болсо финансист. Башкача айтканда, чыгармачыл чөйрөнүн азап-тозогун балдарыма каалаган жокмун.

– Актер болгон соң, сырткы келбетти, сулуулукту сакташ керек. Буга кандай кам көрөсүз?
– Бетиме бет май сүйкөп, “кой жасанайын” деп атайын адистерге кайрылып, салон кыдырган жан эмесмин. Болгон кебетем ушул. Каалагандай жүрөм, каалаган убакта ичем, кааласам иштейм, кыскасы эркин адаммын. Болгону “Белгисиз маршрут” киносуна тартылып атканда чачымды кырдырып, сакал койгом. Кырк күн съемка болгон. “Чачым ар бир кадрда окшош болсун” деп, үчүнчү күн сайын улам чачымды кырып жаттым. Өзүмө көңүл буруп, күзгүгө көп каранган кезим ошол тасмада болду окшойт.

– “Ар кимде бар ар кыял, ал кыялды ким тыяр” дейт го?..
– Менин кыялым оор деле эмес. Кээде жалкоолук кылып коем. Көп нерсеге убагында чыгынбайм. Алдап-салдап, улунуп-жулуна албайм. Ортодо туура эмес сөз айтылып жатса, “эми айтпай эле коеюнчу, уят го” деп, унчукпай коем. Кээде “башкалардай өткүр, шылуун болсом, кандай болмок?” деп ойлонуп калам. Анан ушул мүнөзүмө шүгүр кылып, шайыр-шатман болуп кетем.

– Өткөн жылы “досторум белек кылды” деп “Ауди” айдап жүрдүңүз эле…
– Ооба, мен муну жашырбайм. Досторум мага бир эмес, үч машине белек кылды. Ушул күнгө чейин оорумду колдон, жеңилимди жерден алып, сүрөп келишет. Мага аба менен суудай керек болгон буюмдардан өйдө белек кылышты. “Жакшылык жерде калбайт” дегендей, анын баары жүрөгүмдө, көңүлүмдө. Буюрса, досторум жөнүндө тарыхка кала турган мыкты китеп жазсамбы деген оюм бар.

– Маегибиздин аягында окурмандарга тамаша айтып койбойсузбу?
– Бир бала койдун кесүүсүн кайтарып, талаага чыгыптыр. Түшкү тамактан кийин кашайып уктап калса, койдун жарымы айылды көздөй жөнөйт. Аны көргөн абышка, “ата-бабаңды урайын, бул эмне болгон кесүү? Ушинтип да кой кайтарабы?” деп ачууланган бойдон талаага келет. Баланы үнү бүткөнчө тилдеп, болгон сөзүн айтат. Анан бала: “эй ата, сиз мени эмнеге тилдеп жатасыз? Мен курсагы тойгон койлорду улам-улам айылга жиберип жатпаймынбы?” деген тура камырабай (күлүп).

Айнура Касымова , “Учур” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 06.11.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.