Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Алтынай НАРБАЕВА: «Алыкулдун досу Ысык-Көл болсо, меники аккордеонум!»

– Алтынай, Жаңы жылың менен!
– Рахмат эже, өзүңүздөрдү дагы жаңы жыл менен куттуктайм!

– Жаңы жылды кандай тостуң?
– Кудай буюрса, жакшы тостум эже. Себеби, мурун эл Жаңы жыл тоссо, мен ооруп жатчумун. Жүрөгүм ооруп калчу эле.

Ушу күздө жүрөгүм ооруган жок, төртүнчү жыл болду. Балким бул  ырдын касиетидир. Ыр менен жашап калгансыймын. Ырдын жүгү бар. Ар бир автордун руху бар, көзү өтүп кеткендердин арбагы колдойбу. Турмуш ар кандай экен. Кээде капа болгондо, ооруганда аккордеон менен сырдашып айыгып кетем, жакшы ырларды ойнойм. Аккордеонум “Мени ойно” деп тургандай сезилет.

– Жаңы жылда чыгармачылык жаңы пландар барбы?
– Албетте, бар. Мартта жаңы концерт койсомбу деп тилек кылып жатам. Кичинеден даярдана баштадым дегендей, бирок менин ойлогонум эң ириде тынчтык, баарынан дагы эл, мамлекетибиз тынч болсо экен деп  тилейт элем.

– Тилегиңе жет, баарыбыздын тилегибиз эле ошол. Эми жаңы концертиңде репертуарың дагы жаңыдыр?
– Жаңы ырлардан  даярдап жатам. Мисалы, “Махабатты урматтап” деген ырды айтсам болот, сөзү Ильгиз Гилязетдиновдуку, обону Рыспай Абдыкадыровдуку.

– Чыгармачылыкта өсүүнүн жолуна түшкөндөр мурдагыдай  жакшы көргөн ырын эле алып чыга бербей утуру изденүү менен иштеп калышат эмеспи. Бул жагынан кандай?
– Туура айтасыз, эже, чыгармачылыкта  чын эле ойлонуп, улам изденүү менен иштеп жатам. Алишер Тоотаевдин “Күтүшкөн күндөр” деген ырын аранжировкадан чыгарып жаздырдым. Түгөлбай Казаковдун өзүнүн жардамы менен Сагын Ниязалиева деген таланттуу режиссер клипке тартты,“Күтүү” деген ырын иштеп чыктым, ал Нурпаис Жаркынбаевдин сөзүнө жазылган. Учурда эфирден кетип жатат. Концертимде Рыспай Абдыкадыровдун ырларына көбүрөөк басым жасалат. Биринчи ошол агайдын ыры менен элге чыккам. Ошон үчүн мен ар дайым ал агайды урматтап, пир тутам.

Бул концертимди мурдагыдан кичине болсо да башкачараак алып чыгайын деп жатканым чындык. Мен көбүнчө аккордеон менен таанылбадымбы. Жаңы концертимде аккордеонго дагы басым жасаганы жатам. Мисалы, төрт аккордеон төрт үн менен ойноп турат, бул өзүнчө бир жаңыча ыкма деп айтсам да болот.

– Ага кесипкөй аккордеончулар ойносо керек, антпесе кемелине келтириш кыйын го?
– Ооба, Ошто “Атако” деген кесипкөй аккордеончулардын квартети бар, виртоуз Жаныбек Отобеков жетектейт. Концерттин  бир бөлүмүн ушулар  алып чыгышат. Анан “Арашан” фольклордук ансамбли, жетекчиси Болот Эдигеев, Абдрахман Усупбаев менен дагы иштешип жатам.

– Башка ырчы кыздардан айырмаланып элге аккордеон менен ырдап, таанылып чыгышыңда эмне сыр бар?
– Эмне үчүн экенин билбейм, бирок, балачактан жүрөгүмө аккордеон жакын, ошондон го. Бул дагы Кудайдын мага берген шыбагасы окшойт. Куршабда  музыкалык мектептен окугам, 4-класстан аккордеон тарттым. Ошондон бери аккордеон кучактап уктайм. Мени сатпаган досум ушул болду. Алыкулдун сатпаган, бир сырдуу досу Ысык-Көл болсо, меники ушул аккордеон сырдашым, досум.  Бири-бирибизди колдоп-жөлөп жүрөбүз. Музыкалык аспаптардын кайсынысын болсо мен сыйлайм. Бирөө өткөндө аккордеонду алдына коюп олтуруп алыптыр, көзүмө жаман көрүндү. Айттым “Ушуну менен нан таап жеп жатпайсыңбы, сыйла да” дедим. Ал кенебей “Дежурный аккордеонум, жаңысы үйдө” деп коёт, өзүмчө эле аккордеон таарынып жаткансып, жаман абалда калдым… Жаңысыбы, эскисиби, аны сыйлаш керек, ал касиеттүү буюм, илгеркилер айтмакчы ”дөөтү” десе да жарашат, ал ыйык нерсе.

Канча аккордеонуң бар, эскиси же жаңысы дегендей?
– Менин үйдө 9 аккордеонум бар, эже,  ар бири менен сырдашып, төргө гана коём. Бардыгы белекке берилген. Сат дегендер бар, кантип сатам, жакшы адамдар жүрөгү менен сыйлап белекке берсе, анын үстүнө аларсыз жашай албоочудай сезилем, алар менин досум дебедимби. Ар бири менин үй-бүлөмдүн мүчөсүндөй көрүнөт.

– Жашыруун болбосо программада дагы кандай ырларың бар?
– Бишкек шаардык мэриянын алдында эл аспаптар оркестри ачылды. Жетекчиси КРнын эл артисти Бакыт Тилегенов. Макул болушса ушул оркестр менен концертимди берейин деп жатам. Өткөндө ал оркестрдин ачылышы болду. Ушул оркестрде штаттан сырткары ырчы катары иштешип жатам. Ошол ачылышта Дооронбек Садырбаевдин сөзүнө жазылган, обончу Жаныш Кочкоровдун “Кимибизден” аттуу ырын ырдап чыктым. Ошонун баары концертимдин программасында бар. Эми башка дагы жаңы чыгармалар бар, калганы табышмак сыр бойдон калсын.

– Макул, Жаңы жылдын босогосун аттап, жакшы тилектер менен келген күндөр өтүп жатат, таланттуу ырчы кызы катары кыргыз элиңе кандай тилегиңди айтасың?
– Жаңы жылга тилегим, элибизге коёндой болуп жашоонун жакшылыктары төлдөсүн, токчулук болсун, ынтымактуу биримдик болсун. Ар бир эне сүйүнүчтүү болсун, эне сүйүнүп турса балдар жакшы болот, үйгө да кут төгүлөт. Аталарга, агаларга Манастай айкөлдүктү каалайм. Эр жигиттерибиз намыстуу, кең далылуу, март жүрөк болуп, биз аларга аскар тоого таянгандай таянып турууга  жарашсын! Эл, жер аман болсун, эл ичинде биз аман бололу!

Бактыгүл ЧОТУРОВА, “Кыргыз Туусу”, 11.01.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.