Манас менен Чыңгыз хандын ортосундагы байланыш

Кыргыз элинин тарыхындагы эң залкар инсаны – Манас менен монгол элинин башчысы Чыңгыз хандын ортосунда байланыш бар экени мен үчүн таң калаарлык болду. Ошондуктан, мен төмөнкүдө ошол окуяны айтып берейин деп ойлодум.

Манастын кырк чоросунун бири, замандашы, биринчи манасчы Жайсаңдын айтымы боюнча, Манас бабабыздын 19 гана мууну болгон. Эпостон бир аз маалымат. Ала-Тоодогу кыргыздардын эр жүрөк, акылман Ногой ханы каза болгондон кийин кытай эли кысым көрсөтүп баштайт. Ногойдун тукумдары ар кайсы тарапка бөлүнүп кетишет. Ал эми эң кичүү уулу Жакып Алтайга сүрүлүп, көп жыл калмактар менен жашаганга мажбур болот. Ал жерде жер айдап, алтын издеп дүнүйө кылып, бай болот.

Жакыптын улуу агасы үйлөнгөндөн кийин бир ай өтпөй эле каза болгондуктан, Шакан (Батмазуура) аттуу жеңесин алат. Өлгөн тууганынын аялына үйлөнүү илгерки кыргыздар үчүн жайылган көрүнүш болгон. Себеби, биринчиден кыз үй-бүлөнүн мүчөсү болуп калган, экинчиден, кызга берилген калың, түз айтканда, кызды сатып алууну билдирген. (Эгерде, кыздын ата-энеси алып кетүүнү каалашса, калыңды эки-уч эсе төлөп гана алып кетүүгө укуктуу болгон). Жакып Чыйыр агасынын урматына аялын Чыйырды деп атайт. Ошентип, жашы улгайып калганда, болжолдуу 670-жылы баатыр балалуу болот. Манас, Жаңсай манасчы айтымы боюнча, элүү төрт жыл жашаган. Муундан муун болуп, он алтынчы тукуму Бука эмир деген зор комузчу болот.

Чыңгыз хан өмүрүндө эч кимден жана эч нерседен корккон эмес. Өзүнүн койгон максаттарын колунан келе турган бүт нерселерди кылган, боорукерчиликти билбеген, бийлик үчүн бүт нерсеге даяр адам болгон. Албетте, эң башкы максаты жер жүзүн багындыруу менен, өзүн түбөлүккө калтыруу болгон. Жашоосунда бир гана адамды келечектеги теңдешүүчүсү жана өзүнө коркунуч деп, чоң уулу Жучини эсептеген. Тарыхый маалыматтар боюнча, Жучи Чыңгыз хандын Бортэ аялы меркит уруусунда туткунга түшкөндөн кийин бир аз өтпөй эле туулгандыктан, экинчи аялы Эсуй жана Чагатай аттуу экинчи уулу : “Меркит уруусунун шүмшүгү”, – деп, Чыңгыз хандын чыныгы тукуму болгонуна ишенишкен эмес. Бирок, эч кандай так маалымат жок болсо да, Чыңгыз хан дайыма уулу болгонуна ишенген.

Жучи мүнөзү менен атасына караганда жумшагыраак, гумандуураак болгон, атасы жүргүзгөн “ баарын жоюу” саясатын айыптаган. Чоң уулу өзүнө караганда белгилүү, күчтүү болуп кеткенин каалабаган Чыңгыз хан Жучини өлтүрүүгө буйрук берет. Ошону менен бирге, Жучинин өлгөнү тууралуу маалыматты айтып келген чабармандын оозуна ээриген сымап куюп, ал эми ал тийиштүү болгон урууну кырып жок кылам деп айткан. Ошентип, Жучини өлтүрүшөт да, ал эми денесин Чыңгыз хандын экинчи уулу Чагатайдын жерине ( азыркы Орто Азия) таштап коюшат. Ушундай кыйтыр жол менен Чыңгыз хан экинчи уулун дагы жок кылайын деп ойлойт. Бул нерсени түшүнгөн Чагатай эмне кыларын билбей, курултай чакырат. Акылман уруулардын башчыларын чогултуп, атасынан кандай жол менен өзүн дагы, элин дагы куткараарын ойлонушат. Ошондо бир кеңешчиси айтат, бул жагдайда бизге бир гана кыргыздан чыккан абдан шыктуу Бука эмир аттуу комузчу жардам бере алат. Чагатай Бука эмирди элден чакырат да, Жучинин каза болгонун комуз күүсү менен баяндоосуна буйрук берет. Жашоодо эң кымбат нерсеси комуз болгон, Бука эмир ушунчалык муңдуу күүнү чертет. Күүнүн ортосунда, Бука эмир бирөөнүн үңүлө карашын сезип артын караса, Чыңгыз хан болот. Эмне үчүн мынча көп элди чогултканы жөнүндө сураганда, Чагатай бул элдин эмне үчүн чогулгандыгынын максатын билбээрин айтат. Ошондо, Чыңгыз хан Бука эмирди ачууланып карап, менин буйругумду билесиңер: “Жучинин өлгөнү тууралуу маалыматты айтканды, мен өлтүрүшүм керек”, -деп айтат. “ Урматтуу таксыр, мен сиздин буйругуңузду бузган жокмун, Жучинин өлгөнү туураалуу өзүңүз айттыңыз”, -деп жооп берет. Ачууланган хан атын сурап, кетип калат. Чагатай, анын эли ошентип, Бука эмирге милдеттүү болуп калышат. Кантип жакшылыкка алкыш айтуусун сураганда, Бука элине кол салбашын суранат. Чагатай ага макул болуп, анын суранычын аткарган соң, Үлхэрим аттуу кызын артынан жөнөтөт. Бирок, Үлхэрим, Чагатайдын кызы болуп туруп, атасы бир улустун башчысына берип койгонуна таарынып, көп түн ыйлап, Эсегу аттуу түпкү-бабасына кайрыла берет. Бир күнү Эсегу Үлхэримдин чакырганынан чарчап, түшүнө кирип айтат: “Сен күйөөң менен баш ийип жаша”, – дейт. Бука эмир менен Үлхэримдин ортосунда Есей деген уул төрөлөт. Бул мезгилде Чыңгыз хандын империясында тууган тууганды кырып, чыр-чатак болуп жаткандыгын көрүп, Үлхэрим уурунун бетин көрөт. Бирок, монголдор Буканын жардамынан соң кыргыздардан салык алышкан эмес. Көз жумаардын астында, өзүнүн күнөөсүн түшүнүп, Есейге бир гана сураныч калтырат. Уулу аны аткарып, баласына атасынын наамына Ак-Бука деп ат коёт. Ак-Бука абдан күчтүү, акылман башчы болот. Монголдор болсо, салыкты сурап, бирок Чагатайдын сөзүн эстешип, талап кыла алышпайт. Ак-Бука Иркетаң аттуу персидкага үйлөнөт. Иркетаңдын Абуходжа молла Рахман деген белгилүү молдо, исламды таратуучу атасы жана атасы багып алган Баратхан деген агасы болгон. Ак-Буканы жок кылууну көздөгөн моңголдор, Баратханды өз тарабына тартып алышат. Аң уулоодон кийин Баратхан акырын Ак-Буканын үзөңгүсүнө уу шыбап коёт. Жолдо жамгыр жаап, кайыш өтүгүнөн уу денесине тарап, Ак-Бука каза болот. Бирок, өзүнөн кийин Каныкей деп атаган кызын калтырат. Энеси Иркетаң персидка болгондуктан, кызын Кянизяк деп эркелетип атаган. Моңголдор эми Кянизякты алып, кыргыз элин жок кылып алабыз деп ойлошуп, келип салык сурашат. Кянизяк Манастын аялы Каныкейдей назик эмес, күчтүү, элин коргой билген кыз болгондуктан: “Мен силерге салык төлөбөйм, Чагатайдын сөзүн эстегиле”, -деп айтат. Иркетаң кызына күнүгө эртең менен сут жылытып берчү экен. Аны Баратхан билип калып, бир күнү сүткө уу кошуп коёт. Манастын түз он тогузунчу тукуму, ошентип, өзүнөн кийин эч кимди калтырбай көз жумат.

Ал эми азыркы Таластагы Абдуходжа молла Рахман тургузган Манас күмбөзөндө Ак-Бука менен Кянизяк орун алган. Бирок Совет маалында бул күмбөз казылып, денелер чыгарылып кеткен. Чыныгы Манастын сөөгү кайсы жерде экендиги белгисиз.

Бул окуя мен үчүн көптөгөн суроолорго жооп берип, өтө кызыктуу ачылыш болду. Менин оюмча, кыргыздардын тарыхында бир нече ачылбаган табышмактар бар. Балким бул макала сиздерге да пайдалуу болот.

“Кылым көчү” коомдук кыймылынын башчысы,
кытай тилинин окутуучусу Тюменбаев Шаазааданын маалыматы боюнча,
«
Neweurasia-Kyrgyzstan», 11.01.2011-ж.

Соц тармактар:

2 thoughts on “Манас менен Чыңгыз хандын ортосундагы байланыш

  • 22.03.2012 at 06:12
    Permalink

    Mınday oylop korson Sovetter soyuzu ech nerse dele alip kelbeptir,kayra bizden kanday gana (aytımdarga karagnda) ken baylıktardı tarıhıbızdı alip,aıp emes,uurdap ketishiptir,kanday gana okunuchtuu.

    Reply
  • 22.03.2012 at 06:15
    Permalink

    oshol uchun mongoldorgo okshosh ekenbız da.

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.