“Аккуланын мамысын уурдап кетишти”

Тарыхый эстеликтер аты эле айтып тургандай, элибиздин байыркы маданияты, сыймыгы. Бирок канга сиңген кайдыгерлигибиздин айынан, улуттук уңгубуз, эзелки изибиз болгон тарыхый эстеликтер четинен жок болууда. Аны менен кошо мамлекетибизге таандык бүтүндөй доорлор, кылымдар күбүлүп түшүүдө. Баса, Манас дейбиз. Дал ушул Манасыбызга таандык делген эстеликтердин алды уурдалып, арты кыйроо алдында турат. Бул тууралуу Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору, археолог Кубатбек ТАБАЛДИЕВ күйүп-бышып төмөнкүлөргө токтолду.

Кубатбек мырза, Кыргызстандагы тарыхый эстеликтер каралбай калды деп “ыйлап” эле келатасыз. Жыйынтык барбы?
Тарыхый эстеликтерибизди көздүн карегиндей сактоонун зарылдыгын айта берип тилим тешилди. Уккан деле жан жок. Коомчулуктун көңүлүн буруу максатында ушул тема боюнча эл аралык семинарларды, конференцияларды өткөрдүк. Бул иште эл аралык окумуштуулар, айрыкча түрк окумуштуусу, профессор Ремзи Атаоглу жакшы жардам берип жатат. Бирок, тарыхый эстелик деген эмне экендигин билбеген туташ сабатсыздык күн өткөн сайын орду толгус жоготууларга алып келүүдө. Атургай мамлекеттик вандализмдин келип чыгышына жол берилип кетип жатат.

Мамлекеттик вандализм дегениңиз кандай?
Мындан биртоп жыл илгери Балыкчы – Кара-Кече темир жолун салабыз деп күпүлдөшпөдү беле. Адатта мындай курулушту баштаардын алдында мыйзам боюнча мамлекет алгач археологдорго кайрылат. Балыкчы – Кара-Кече темир жолун курууну баштагандар мыйзамды уруп да койгон жок. Натыйжада, сак-усун дооруна таандык мүрзөлөр жолдун таманында калды. Алматы – Өрнөк жолун салууда да Өрнөктөгү байыркы сүрөттөрү бар далай таштарды, аскаларды жардырып салышты. Тоңдогу Кан-Дөбө аталган байыркы шаардын үстүнө суу топтоочу дамба куруп жиберишти. Мындай фактылар ондоп, жүздөп саналат. Бул мамлекеттик вандализм эмей эмне?

Дүйнөлүк практикада тарыхый эстеликтерди сактоодо кандай чаралар колдонулат? Ушу жагына кызыгып көрдүңүзбү?
Дүйнөдө ар бир эл тарыхый эстеликтерден тамырын издешип, өтмүшүн ошого байланыштырып аалам маданиятынан өзүнүн ордун тапкысы келет. А биз болсо ташка тамгадай басылган байыркы тарыхыбызды, жазууларыбызды жайлап жатпайбызбы. Дүйнөлүк тажрыйбага кайрылсак, мисалы, Америкада индеецтердин турмушуна байланышкан ар бир тарыхый эстеликтерди тимеле алпештеп турушат. Алар баарыдан мурда жергиликтүү элдин арасында түшүндүрүү иштерин мыкты жүргүзүшөт. Биз бул жагынан аксап жатабыз.

Тарыхый эстеликтердин сакталышына бийлик тарабынан колдоо барбы?
Балээнинби! Тескерисинче ыйлай турган абалга жетип калдык. Балыкчыдагы Сары-Булуң деген жерде турган мындан миң жыл мурунку металл иштеткен байыркы завод бар эле. Ал жерге тарыхый эстелик деген атайын көрнөк илинип коюлган болчу. Биздин маңкурттар адегенде ошол көрнөгүн кесип кетишти. Андан кийин топурак таппай калгансып бульдозер менен 30 метрдей дубалдарын сүздүрүп, топурагын ташып үй салышкан. Кочкор районундагы Кум-Дөбө айлындагы байыркы Кочкор-Башы шаарынын урандыларынан кирпич куймай оорусу күчөп кетти. Мындагы кадимки Кырк-Чоронун күмбөзү аталган комплекс турган жерди да жергиликтүү бийлик элге бөлүп берүү маселесин коюп жатат. Андай болгон күндө Манаска байланышкан дагы бир тарыхый эстеликтен, ошондой эле Кочкор-Башы шаарынын акыркы калдыктарынан кол жууп калышыбыз ыктымал. Дагы бир кошумчалай кете турган нерсе, Ат-Башы өрөөнүндөгү Ат-Башы айылына кире бериш жердин секисиндеги байыркы хунндарга байланышкан узундугу беш чакырым келген тарыхый эстеликтердин көз алдыда талкаланып баратканы зээниң кейитет. Мурун бул жерге подстанция коюлуп бир талкаланды эле. Эми Ат-Башыдагы кирпич заводу үчүн жер түгөнүп калгансып, топуракты ушул жерден ташып жатышат. Жергиликтүү бийликке бул тууралуу канча айттык. Эч кандай чара көрүлбөйт.

Соң-Көлдөгү Аккуланын мамысын алып кетти деп чыркырап жүрдүңүз эле.
Соң-Көлдөгү Манастын таш тулгасы аталган тарыхый эстеликтердин арасында Аккуланын мамысы делген эки таш бар эле. Былтыр барсак бирөөсүн түбү менен омкоруп же сындырып алып кетиптир. Ушул эле Соң-Көлдө Гүлгаакынын ташы делчү дагы бир мамы ташты атайын издеп барсам бир жума мурун кимдир бирөөлөр жип машинесине жүктөп алып кеткен экен.

Ал таштарды эмне кылышат. Сатышабы?
Азыр мындай таштарды алып келип үйүнө же кафе, ресторандардын алдына коюп алган мода болуп баратат. Көрүп жүрөсүңөр, Бишкекте балбал таштар толуп кетти. Бул мыйзамсыз. Улуттун энчиси болгон тарыхый эстеликтерди минтип менчиктеп алууга эч кимдин акысы жок. Анүстүнө пайда үчүн энесин сатканга даярлар да арабызда толтура. Мүмкүн ошолор колдуу болуп кеттиби, ким билет?

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, «Жаңы Агым», («Кыргыз гезиттер айылы»), 14.01.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.