Кыргызстанда “Элдик манасчы” наамын киргизүү сунушу көтөрүлүүдө

“Кыргыз элинин энциклопедиясы болуп саналган “Манас” эпосун жайылтууга, маданиятыбыздын өнүгүшүнө чоң салым кошуп келаткан манасчыларга “Элдик манасчы” деген наам берүү керек. Бүгүнкү күндө улуу манасчыларыбыз Балык, Келдибек, Сагымбай, Саякбайлардын улуу көчүн улантып келаткан 50дөй манасчыларыбыз бар. Алар табиятынан манасчы болуп жаралган таланттуу адамдар. Алды Сапарбек Касмамбетов, Уркаш Мамбеталиевдердин жашы жетимиштен ашып калса, эң жашы 9-10 жаштарда. Мындай сунуш манасчыларды мамлекет да колдоого алып, өз өнөрүн өркүндөтүүсүнө шарт түзүп, моралдык жактан колдоого алышы зарылдыгынан улам көтөрүлүүдө”,- деди “Манаскиноэпопея” бирикмесинин жетекчилеринин бири Т. Тургуналиев.

Кошумчалай кетүүчү маалымат, Кытайда манасчыларга мамлекет ай сайын маяна төлөп, үй менен камсыз кылат жана башка материалдык муктаждыктарын чечип берет.

Э. Момунов, “Кабар” МА, 10.01.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.