Муратбек Бегалиев: “Маданияты бар адам гана, баардык жактан жетише алат”

Муратбек Бегалиев… Бул ысым атпай журтубуздун баарына кыргыз музыкасына опол тоодой эмгек сиңирген композитор, жакшы адам катары аттын кашкасындай таанымал. Кыргыз маданиятына кошкон зор салымы, келечек муундарга калтырган чыгармалары өзүнчө сөз кылууга арзый турган нерсе. Биз бүгүн кайталангыс талант менен кыргыз маданиятынын бүгүнкү акыбалы, өзү түзүп жетектеген улуттук консерваториянын акыбалы, келечектеги музыка дүйнөсүнө түзүлүп жаткан шарттар тууралуу маектештик. Ой- толгоосун айтып жаткан агайдын көздөрүнөн кандайдыр тынчсыздануучулук, мекенинин эртеңки келечеги үчүн күйүп-бышкан чыныгы патриоттуулуктун нуру чачырап турду. Ооба, агай чыныгы мекенин сүйгөн инсан, кыргыз элинин чыгаан кулуну…

– Муратбек агай кирип келген жаңы жылыңыз менен куттуктайбыз. Жаңы жыл демекчи, жылды кандай жыйынтык менен жыйынтыктадыңыздар?
– Сиздердин гезиттен пайдаланып, баардык Кыргызстан жарандарын чын жүрөктөн куттуктап, бакубат жашоо, токчулук, тынчтык каалайм. Ар бир жылдын башында жана аягында артымды бир кылчайып, бул жылы эмнелерди бүтүрдүм, кандай иштерге жетишпей калдым-деп ойлонуп калчу адатым бар. Быйылкы жылы да артыбызды карасак, далай иштерди жасоого жетишиптирбиз. Жыл бекеринен Жолборс жылы эмес экен да. Ары-бери калчанып, ар кандай окуяларга кабылдык. Мына өзүбүздүн эле консерваториябыз жөнүндө айтсам, мисалы акыркы беш жылдын ичинде үч чоң оркестрлерди: симфониялык, эл аспаптар, үйлөмө аспаптар коллективдерин ачтык. Бул өтө оор, өтө кыйын нерсе экендиги айдан ачык эмеспи. Анткени баардык эле мамлекеттерде мындай чоң оркестрлерди ачып, каржылоо кыйын. Бизде, масштабдуу түрдө караганда саясат мына ушундай татаал кырдаалда турганда, аларды карап олтура бербей келечек муундарды ойлоп, жакшы иштерди жасаганга аракет кылып жатабыз. Бишкек шаарынын мэрлиги жана шаардык депутаттар кеңеши абдан жакшы жардамдарды беришип, оркестрлерди ачып алганыбыз мыкты жетишкендик деп эсептейм. Өлкөбүздүн ар кайсы жерлеринде классикалык музыканы жалпы элге таратуу максатында Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Ош аймактарында көптөгөн концерттерди берип келдик. Кыргыз композиторлору М.Абдраев, А.Тулеев, К.Молдобасанов, дирижер А.Жумахматовдордун жана дүйнөлүк классиктер Шопен, Шумандардын юбилейлик концерттерин да өткөрдүк. Жыйырмага жакын биздин студенттерибиз ар түрдүү конкурс, фестивалдарга катышып, лауреат деген наамга татыктуу болушту. Биздин бүтүрүүчүбүз Жеңиш Ысманов Италияга өз кесибин өөрчүтүү үчүн жөнөп кетти.

А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрына караштуу эки жылдык опералык хор студиясын министрлик аркылуу бизге беришти. Бул дагы чоң жаңылык. Анткени окуу процесси дагы туура жолго коюлбадыбы? Айта келсек, жаңылыктарыбыз абдан эле көп, баарын санап олтурбайын. Президент Р.И.Отунбаева маданият жана искусствого чоң көңүл буруп, көптөн берки көйгөйлүү маселебиз имаратыбыздын капиталдык ремонтун чечип берди. Дагы беш таланттуу балдарды Москвадан окутууга демилгечи болуп жатат. Кыскасы жылдын жыйынтыгы үзүрлүү болду.

– Бүгүнкү кыргыз маданиятынын кемчилиги жана артыкчылыгы?
– Биз өзүнөн өзү агылган агымга кетип бара жатабыз. Улуу адамдар агымды өз колу менен жасайт, ал эми орточо таланттар аны менен кошо агат. Мына ушул өз колу менен агымды жасап алган адамдардын арасынан айта турган болсок, улуу агабыз Чыңгыз Айтматов. Тирүүсүндө улууларды жакшы-жаман сөздөр менен ары-бери сүйрөшөт, бул тирүүлүктүн жазылбаган мыйзамы болсо керек. Бирок ал адамдар эч качан жаман агымга кошулбайт. Өз баасын, адамдык парасатын сактап калышат. Чыкем мына ушундай улуу инсан. Ата-бабаларыбыздан калган улуу мурастарды сактап, маданиятыбызды өнүктүрүш ар бир муундун парызы. Бүгүнкү маданиятыбыздын кемчилиги профессионалдуулуктун жетишпегендиги десек аша чапкандык болбос. Артыкчылыгы: эч бир чуу чыгарбай, акырын жүрүп эле дүйнө дүңгүрөткөн таланттардын чыгып жатканы. Маданият тармагына кээде көп көңүл бурулбай көмүскөдө калып калгандыгы өкүндүрөт. Негизинен бири-бирибизди сыйлай албай жатпайбызбы? Тирүүлүктүн зор байлыгы сыйлашуу дегендей сыйыбыз болсо гана баарына жетишебиз деп ойлойм.

– Кандай жол менен аксап турган маданиятыбызды көтөрүп кетсек болот?
– Мамлекетте стабилдүүлүк орноп, башчыларыбыз оң көз менен караса эле, аксап турган маданиятты көтөрүп алса болот. Маданиятты түшүнгөндөр гана мамлекетти гүлдөтөт, өстүрөт, өнүктүрөт. Эгерде маданиятка көңүл бурулбаса ушул бойдон жок болуп кетиши мүмкүн. Мени абдан түйшөлткөн маселе да ушул.

– “Маданияттын мыкты кызматкери” деген төш белги сыйлыктарды ыйгарып жүрөсүздөр, алгандардын баары татыктуубу?
– Мен министрлик орунда олтурган учурда кыргыз маданиятына эмгек сиңирген, бирок бааланбай калган китепкана кызматкерлерине, айылдык театрлардын жамааттарына жана жалпы эле маданиятка кызмат кылып жаткан инсандарга стимул болсун үчүн, руханий жактан колдоо максатында дал ушундай төш белги жана дипломду берүү демилгесин көтөрүп, президент менен талашып-тартышып жатып атайын буйрук чыгартып алгам. Азыр болсо татыктуу-татыксызына деле берилип жатпайбы? Ушуну менен кошо эле 6,3 га жерге Кыргыз Улуттук маданий борборун түзгөн элек. Бир нече пайызы жоголуп, менчикке бөлүнүп, сатылып да кетиптир. Адамдын курсагын тамакка тойгузса болот, бирок руханий жактан тойгузуш кыйын. Министрликке сегиз ай олтуруп, ушундай жакшы саамалыкты баштаганбыз. Бирок ал жердеги пландарыбыз ишке ашпаптыр. Маданият деген улуттун күзгүсү, аксатпагыла, чөктүрбөгүлө деп жакшы эле айткам. Бирок, тилекке каршы, андай болбой жатпайбы. Айтайын дегеним, акыл калчап иш кылганда гана баарына жетишебиз.

– Ректор-профессор катары айтыңызчы, сизди бүгүнкү студенттердин билим деңгээли канааттандырабы?
– Адамдын дээринде болсо баарын жеңе алат. Үйдөн жакшы тарбия алган, өзүнүн келечегин ойлонгон адам эч качан элдин артында калбайт. Мен баардык студенттериме китеп окугула, патриоттуулуктун, эмгектин, руханий жактан өжөрлүктүн пайдасы чоң деп айтып жүрөм. Талбай эмгектенип, тырышып окуса эле анын үзүрүн көрөөрү бышык.

– Сиз жетектеген консерваторияда коррупция жок деп жүз пайыз ишеним коюп айта аласызбы?
– Жүз пайыз ишеним коюп айта алам. Коррупция деген дегеле жок. Анткени бизде жети нота, билимиң барбы жокпу көрүнүп турат. Бул нерсе өнөр адамдарына – интеллигенцияга жарашпайт. Чоң-чоң жыйындарда биримдикке, ынтымакка чакырып, адам болгула, аракет кылып окугула, таза болгула-деп дайыма айтабыз.

– Эгерде сиз маданият министри болуп калсаңыз, ишти эмнеден баштайт элеңиз?
– Мен убагында министр болуп, көп иштерди баштагам. Азыр суранса да барбайм. Бирок кеңешимди берип турам.

– Майыптар менен жетим-жесирлерге кандай жардамдарды берип жүрөсүз, деги эле кайрымдуулук колуңуздан келеби?
– Ар дайым жардам берем, эгер мүмкүнчүлүгүң болсо кайрымдуулук кылып турганга эмне жетсин. Ар дайым жетим-жесирлерге колдон келген жардамымды аябайм. Көп эле адамдарга жардам бергенимди өздөрү деле эстеп ыраазы болуп жүрүшсө керек. Жардам бергеним кудайга деле жагат деп ишенем.

– Коомчулукта азыр ар кандай терс көрүнүштөр көбөйүп, жаштарыбыз баңгилик жана аракечтикке берилип, көчөдө мусаапыр болуп калышууда. Кандай ойлойсуз, адам өз турмушун өзү бузабы же муну тагдыр деп бааласак болобу?
– Адам өз турмушун өзү курат да, өзү бузат. Акыл менен жети өлчөп бир кесиш керек го дейм. Жараткан адамга бир гана өмүр берет. Ошол жашоосунда кайгынын калагын жоготпой же болбосо бакыт кушун кармап кала албаса, албетте баары тескери кетери бышык. Демек, өз жашооңдун тизгини өз колуңда эмеспи. Азыркы мезгилде техниканын өөрчүшү менен катар ар түрдүү негативдик нерселер да көп болуп жатпайбы. Айыл-кыштактарда жумушсуздуктун айынан көптөгөн жаштарыбыз ичимдик ичкенден башка кылаар кызматы жок. Спорт комплекстери иштебейт, маданият үйлөрү жабылган, илгеркидей көркөм ийримдери да жок. Ал эми шаардык жаштар жөнүндө кеп кылсак биринчи ирет батыш кинолору, модалуу эстраданын таасирлери жана дискотекалар өз ишин жасап жатышат. Бул терс көрүнүштөрдү оңдош үчүн мамлекеттик масштабда экономиканы көтөрүп, айыл менен шаарды тегиздеп, коррупцияны жоюп, элибиздин табитин тазалап, жаштарга көбүрөөк көңүл бурушубуз керек. Бул маселелер боюнча үй-бүлөлүк тарбия жана ата-энелердин салымы да чоң болушу керек го деп ойлойм Баңгиликти жоюш үчүн катуу чаралар көрүлүшү керек. Тартип, тазалыкты ар кимибиз өзүбүздөн башташыбыз керек. Ошондо гана улуу тоонун келечектүү, улуу мамлекети боло алабыз.

Маектешкен Баян Кулова, «Заман-Кыргызстан» («Кыргыз гезиттер айылы»), 14.01.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.