Өткөндөгү бир элес

Адатта курбу, досторду эстегенде сөзсүз жүз көрүшкөн учур, жаштыгың эске түшөт экен.

Биз анда, элүүнчү-алтымышынчы жылдары студент, жаш элек. Жаштар арасында университеттин студентинин кызык пьесасы Кыргыз драма театрында коюлуп жатыптыр деген уу-дууну угуп калдык. А кезде борборубузда жалгыз гана маданият очогу – театр боло турган. Жаштардын эс алар жери, рухий маданиятты өстүрөр бирден бир жай эле. Биз сүйлөшкөн кыздарыбызды же элеттен келген ата-эне, ага-тууган, досторду ошо береги театрга ээрчитип барар элек. Театрдын билети алдын ала сатылып кетип, ага жетиш түйшүк болчу.

“Атанын тагдыры” деген пьесага колдон араң билет алып, театрга кирдик. Ошол учурда кыргыз драма театрында идеясы жагынан социалисттик турмушту чагылдырган же атактуу адамдардын өмүрүн баяндаган пьесалар жүрө турган. Ал эми студенттин пьесасы жазылышы, аткарылышы жана коюлушу да башкача таасир калтырды. Пьесадагы окуя Ата Мекендик согуш учурундагы айылдагы абышканын тагдыры жөнүндө эле. Театрда отурган айылдыктар бышактап ыйлап жатышты. Согуштун азабын тарткан театр көрөрмандары өздөрүнүн жашоо-тиричилигин, кубаныч-кайгысын кайрадан көрүштү окшойт. Улуу муун эмес, согуштун зилдерин биз да көрүп, туюп, башыбыздан өткөрүп калдык. Биз да көзүбүзгө жаш алдык.

Ошол пьеса бүткөндө улуу актёр Муратбек Рыскулов жана башка актёрлор менен сөлдөйгөн биздин курактагы жаш, тармал чач жигит уялыңкы, тартынып сахнага чыкты. Билбейм, анын кандай абалда турганын, биз ага, замандаш курбуга ичибизден ыраазы боло, суктанып да, таңыркап да карадык. Ал бизге чыгармачылыктын түйшүктүү, узак жолуна чакырган демөөр болду.

Биз ошентип, күлгүн куракта жаш драматург Бексултан Жакиев менен сырттан, сахнадан таанышканбыз.

Чыгармачыл тагдыр
Алтымышынчы жылдары адабиятка аралашкан муундун жашоосу да, чыгармачылык түйшүгү да жеңил болгон жок, алар пендечиликте жана чыгармачылыкта ар кандай бушаймандыкты, коомдогу түркүн окуяларды, түйшүктөрдү көрдү: отуз жетинчи жыл, Ата Мекендик согуш, совет доорундагы ар кыл идеологиялык кысымдарды, чыгармачылык чектөөлөрдү, улутчулдуктун ызасын башынан кечирди. Ошого карабай эл ичинен акыл-эстүү таланттар суурулуп чыкты. Адабияттын кара сөзүндө Ч.Айтматов “Жамийласы” менен, поэзияда С.Эралиев “Акмөөрү” менен, Р.Рыскулов “Космостук поэмасы” менен, кинодо Т.Океев “Бакайдын жайыты” менен, Б.Жакиев “Атанын тагдыры” менен кыргыз рухий дүйнөсүнө коңгуроо кагышып, жаңы багыт, жол ачкан алгачкы өнөрдүн карлыгачтары эле.

Б.Жакиев адабиятта, өнөр чөйрөсүндө атак-даңкка, баркка өтө эрте чулганды. Ошончо даңазага, мактоого магдырап калбай, алданбай, кайрадан өзүн жаштайынан тарбиялап, мээнет менен эмгектенип, бир калыпта кенен адамгерчилик менен чыгармачылыгы эгей-шыгай келген өмүр өтөп келет. Ал элүү жылдык чыгармачылыгында бир-бирине идеялык көркөмдүк жагынан кем болбогон кыргыз драматургиясын байыткан мыкты пьесаларды жазып келди: “Миң кыял”, “Алтын аяк”, “Өкүм”, “Эртең жаңы жыл”, “Жолугушуу”, “Күттүргөн жаз да келер”, “Саадак какты”, “Жүрөлүчү жүрөк оорутпай” ж.б. Бул пьесалардын көбү Кыргызстандын, Орусиянын, Казакстандын ж.б. чет өлкөлөрдүн театр сахналарында коюлуп, конкурстарда далай сыйлыктарды алган.

Айрыкча эркиндикке жетишкенге чейин да, андан бери да республикабызда нечен ирет тойлор, мааракелер өткөрүлдү. Көпчүлүгүбүз ошол майрамды, шаңды кимдер жазып, уюштурганын таназар албайбыз. Андай жооптуу, татаал чыгармачылык түйшүктү адистик, интеллектуалдык деңгээли Б.Жакиевдей таланттар гана театрлаштырылган адабий сценарийди жазуу колунан келмек.

Ал чыгармачылыгында айрым кысым, жалган жалаага кабылса да анын баарына жедеп чыдаган, акылмандыгы, маданияттуулугу менен жеңген, каржалбаган эрен болду.

Атуулдук парз
Биз, жазуучулар, кылым башында эркиндиктин шарапатына кумарланып, жазганга тема табалбай, кайсалаңдап жүргөнүбүзгө, ал адегенде “Манас” эпосун ЮНЕСКОго каттоого элден мурда долбоор жазган. ЮНЕСКО “Манас” эпосунун 1000 жылдыгы өткөндөн кийин дүйнө калктары тааныды деп жооп берген соң, Б.Жакиев эки жыл бою даректүү фильм тарттырып, 60 беттей долбоор жазып, өз акчасына англис тилине котортуп жүрүп, эки институттун кызматкерлеринин күчүн өзү аткарып, “кыргыздын манасчылык, дастанчылык, төкмө акындардын өнөрү – “бүткүл адамзаттын ооз эки жана руханий мурасынын шедеври” деген наамды алууга жетишкен. Кыргыздын нечендеген жаш манасчыларынын, дастанчы, ырчы, комузчулардын, элдик ырларды аткаруучулардын таланттарын өнүктүрүүгө жардам берген. Далай устат, насаатчылар балдар менен кошо, айлык да алышкан. Эң кызыгы ЮНЕСКОнун баш директору Коициро Мацуура 2004-жылы Кыргыз мамлекеттик филармониясында сөз сүйлөп, сертификатты өкмөткө тапшырганда мындай рухий жакшылыкты ким жасагандыгынан коомчулук гана эмес, Президент да кабарсыз болуп чыккан. Ошондо Президентке, андагы мамлекеттик катчы “мен жасагам” деп мактанган экен. Ошондой окуяны укса да, долбоорду жасаган жазуучу Б.Жакиев төшүн кагып, өпкөлөп, калайыкка жар салган эмес. Патриоттук – төш кагуу эмес, эмгектенүү. Улуттун оор жүгүн көтөргөн эр адамдардын Сизифтей чыдамкай болушу парз.

2007-жылы Б.Жакиев “Манас Кыргыздардын баатырдык эпосу” деген китепти түзүп, чет жерден жардам берген каражаттын эсебинен басмадан чыгарганын окурмандардын баары эле биле койбос. А биз алигиче “Манас, Манас!” деп куру кыйкырганыбыз менен дүйнө окурмандарына эпосту окуп, таң калгыдай ыр менен жазылган көркөм тексти бере элегибизди эстегенде Б.Жакиевге ыраазы болосуң.

Чынчыл ДОС
Б.Жакиев адабиятта, өнөрдө чыныгы устаттарды жана досторду күттү: Т.Сыдыкбеков, С.Каралаев, М.Рыскулов, Ч.Айтматов, К.Молдобасанов, Т.Абдумомунов, А.Жакыпбеков, С.Жумадылов, Б.Миңжылкиев, Т.Океев­, С.Чокморов, С.Жигитов, Ж.Садыков жана башкалардын жашоодогу, чыгармачылыктагы тажрыйбасынан таалим алды. Ал ошол көзү өткөн агаларынын, жоро-жолдошторунун жамандык-жакшылыгынан, эскерүү күндөрүнөн, мааракелеринен жана үй-бүлө мушакаттарынан түк калбай, бейпайланып, жардамын аябай адамгерчилигин, досчулугун сактап келет.

Бүгүн да анын ар күнү бош эмес, коомдогу ишке, комиссияга, көргөзмөгө, жолугушууга, жюриге, мааракеге, дачага… деле жаны тынбаган түйшүктө жүрөт. Убада берген жактан калбай, жүрөктүн, буттун ооруганына, жашка карабай, башкалардын көңүлүн калтырбай баарына үлгүрүш керек дейт. Мындай дос жосуну, нарктуулугу, бизге сыймык, кийинкилерге тарбия-таалим.

Б.Жакиевдин коомдук жыйындабы, же достор менен жолуккандабы, дайыма өзүн таза тутуп, акыйкат, калыс, чындык сөздү түз, жалтанбай тике айткан эрдиги, жашоо-тиричиликке, адамга болгон мамилеси кимге болсун сабак болор дээр элем. Анын көңүлчөөктүгү, ак пейили, дээринен адамгерчиликти аруу, этият, бекем сактагандыгы – улуулардын жана элдин тарбиясынын жугуму, таасири болсо керек.

Калемдешибиз, замандашыбыз, досубуз Бексултан, сенин 75 жашың кутмаарек болсун! Узак жашап, элиңе далай атуулдук кызмат жасарыңа, окурмандарыңды, көрөрмандарыңды сүйүнткөн шедеврлерди жаратарыңа биз ишенебиз. Жараткан Теңир колдосун!

Кеңеш ЖУСУПОВ, “Кыргыз туусу”, 13.01.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.