Ж.Касаболотов: Маалыматтык коопсуздук тилден башталат

Конфликтолог, Коомдук телеканалдын Байкоочу кеңешинин мүчөсү Жыргалбек Касаболотов “Азаттыкка” курган маегинде маалыматтык коопсуздук жаатында айтып берди.

“Азаттык”: Жогорку Кеңеште июнь коогасын иликтеген Улуттук комиссиянын төрагасы Абдыганы Эркебаев депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, Кыргыз мамлекети июнь коогасында маалыматтык кармашта жеңилгенин кайра-кайра белгиледи. Дегеле медиа эксперттер өлкөдө бирдиктүү медиа талаа болбогонун, өзгөчө кыргыз тилдүү маалымат каражаттары аксап жатканын деп айтып келатышат. Эмне себептен Кыргыз Республикасында маалымат каражаттары атаандаштыкка туруктуу болбой жатышат? Эмне себептен Талас, Чүй облусунда Казакстан, Орусиянын, Ош, Жалал-Абадда Өзбекстандын маалымат каражаттары басымдуулук кылып келет? Жалпылап айтканда өлкө Орусиянын медиа айдыңына көз каранды делет. Эмнеге 20 жыл эгемендиктен бери мындай абалдан чыга албай келатабыз?
Жыргалбек Касаболотов: Мунун көптөгөн себептери бар. Ички себептери жана тышкы себептери бар. Тышкы себептери ошол биздин мамлекеттин башындагылар өздөрү тышкы саясий таасирге туруштук бере албай, биздин өзүбүзгө пайдалуу кээ бир демилгелерди аягына чейин алып кете албай калган жактары болгон. Ички себептери болсо ички мүмкүнчүлүктөрү.

Дегеле буга чейин маалымат коопсуздугуна көңүл бурулган эмес. Бирок бул тууралуу айтыла баштагандан бери эле дегенде 5-6 жыл болду.

Эми негизги маселелер эмнелер болуп жатат? Биринчиден, өлкөдө бирдиктүү маалымат мейкиндигинин жоктугу. Бул сыналгыга байланыштуу. Түштүктө ошол Өзбекстандын өзбек тилдүү электрондук маалымат каражаттары басымдуулук кылат, түндүктө болсо Орусиянын орус тилдүү маалымат каражаттары басымдуулук кылат. Алар көп каражат жумшагандыктан алардын чыгарган программалары, продукциялары алда канча сапаттуу, көрүмдүү болгондуктан элдин баары ошону көрүп жатат.

Кыргыз мамлекетинде болсо бүт өлкөгө тарай турган маалымат каражаты катары эки эле электрондук маалымат каражаты болгон. Бул КТРК жана “Азаттык”. Кийин ЭлТР кошулду. Бирок “Азаттык” эл аралык экенин эске алганда, КТРК, ЭлТР жана дагы 2-3 канал калат экен. Ошол эле убакта тышкы каналдар абдан көп. Ошол эле Өзбекстанды ала турган болсок, алардын берген продукциясы да алда канча профессионалдуу болуп атат. Өзбек тилине которгондо, оригиналдуу продукция ошол өзбек тилинде жаралгандай кылып которуп коюп атышат. Биздикилер андай деңгээлге жете элек.

Экинчиден, биздеги маалымат каражаттардын чет өлкөлөрдө өздөрүнүн кабарчылык пункттары, өз кабарчылары да жок. Демек биз тышкы дүйнөнү караганда, бизге маалымат берип аткан тыштагы өлкөлөрдүн маалымат каражаттарынын көзү менен карайбыз. Андан тышкары ошол эле тыштагы маалымат каражаттарынын да Кыргыз мамлекетинде кыргыз тилин да, өзү иштеген маалымат каражатынын да тилин билген журналисттердин катмары өсүп чыга элек. Болгону “Азаттык” менен Би-Би-Сиде гана бар. Калган чет элдик маалымат каражаттардын өкүлчүлүктөрүндө башка жактын журналисттери, ошол мамлекеттин өкүлдөрү иштешет.

Эгерде Ош окуясында Кыргызстандагы ошол чет элдик өкүлчүлүктөрдө кыргыздар иштеген болсо, ошолордун өз кабарчылары бул жактан кабарларды берип турган болсо, анда бир топ кабарлар башкача өңүттө да кетмек.

Ош окуясында маалыматтык согушта утулганыбыздын бери дегенде эки-үч себеби бар. Биринчиси, маалымат булактары кимдер болду? Ким көбүрөөк кыйкырса, журналисттер ошолорго көңүл бурат. Анын үстүнө, дегеле дүйнөлүк практикада улуттук азчылыктардын үнүнө көбүрөөк көңүл бурулат. Экинчиден, чыр-чатактын зомбулук стадиясын чагылдыруу, жааташкандардын бир тарабы үстөмдүк кылып аткан убакка келип калды да. Ошол боюнча көргөн-билгендерин жазып алып, экинчи тараптыкын албаган бойдон кетип калышты.

Анын үстүнө, өзүбүздүн дагы күч органдардын жетекчилеринин, тиешелүү органдардын башчыларынын кемчилиги болду.

Эгерде чет өлкөлүк журналисттер ачык, бейтарап маалымат бергиси келсе, кандай болгон күндө да экинчи тараптыкын да берип, объективдүүлүк кылмак. Демек азыркы учурда элдин чет элдик маалымат каражаттарына, ал тургай ошол эле эл аралык стандартты карманабыз дегендерге да ишенбей, жактырбай карап калганы ошондон болду. Ал тургай мунун саясий резонансы, ЕККУнун полициялык миссиясынын келишине ишенбөө, нааразы болууга чейин алып келди.

“Азаттык”: Июнь айында ушундай жаман окуя болуп кетти. Ошол окуя учурунда маалыматтык саясатта көптөгөн кемчиликтер болгонун, өлкө бул жагынан жеңилгенин адистер, Улуттук комиссиянын мүчөлөрү, бийликтегилер өздөрү деле айтып атышат. Маалыматтык саясатты бекемдөө, жакшыртуу үчүн эмнелер керек?
Ж.Касаболотов: Маалымат каражаттарынын ичинен эң таасирдүүлөрү биздин шартта бул – электрондук маалымат каражаттары. Демек бул теле жана радио деген сөз. Биздин өкмөт тээ Акаев, Бакиев заманынан бери эле көптөгөн жыштыктарды башкага да бергиси келбей, өзү да тыңыраак колдоно албай, чечкинсиздик кылып басып жатат ошол жыштыктарды.

Ошол жыштыктарды биздин жарандарга, биздин юридикалык тараптарга бериш керек, конкурс менен. Ошол конкурстун шарттары мындай болсо: биринчиден, жок дегенде жалпы өндүрүмдүн 70 пайыздан кем эмеси кыргыз тилинде болушу керек. Экинчиден, журналистиканын жалпы стандарттарын сөзсүз түрдө сакташ керек, эч кандай кара пиарга жол бербеш керек. Үчүнчүдөн, өкмөттүн ырасмий маалыматтарына кайсы бир деңгээлде убакыт берилиши керек. Өлкөнүн бардык аймактарына тараш керек деген үч-төрт шартты коюп, жыштыктарды аянбай эле бериш керек эле. Ошондо алар бири-бири менен атаандашмак, бирок биздин өлкөгө керектүү, жалпы платформанын негизинде атаандашмак. Атаандашса атаандаша берсин, кайра жакшы.

Ошондой шартта талаптарды аткарыш үчүн жок эле дегенде кыргыз тилинде маалыматтар көбөйүп, жалпы эле мамлекеттик тилдеги маалыматтын көптүгү маалыматтык коопсуздук жагынан пайдалуу болмок.

Анан дагы бир нерсени туура түшүнүш керек: Ош окуясы, мурдагысы да, кийинкиси да башка этникалык топторду кыргыз улутунун тегерегинде интеграциялоо болбогону үчүн орун алды. Унитардык мамлекетте, дегеле кандай шартта болбосун сөзсүз түрдө негизги улуттун тегерегинде ошол мамлекеттеги башка этникалык азчылыктар интеграциялашкан убакта гана кандайдыр бир жарандык коомду түзүү тууралуу сөз кылса болот. Бизде болсо аң-сезими ар кандай багытта калыптанган жарандардын муундары өсүп чыкты. Азчылыктардын кээ бирлери Өзбекстанды карайт, кээ бирлери Орусияны карайт, кээ бири Батыш жакка үңүлөт, ошентип теги башка болсо да Кыргыз мамлекетин мекеним деген бирдиктүү көз караштагы, бирдиктүү менталитетте болгон адамдарды өстүрө алган жокпуз. Эми бизде ошону өстүрүү милдети турат.

Ал үчүн биз – мамлекеттик тилди өнүктүрүш керек. Өлкөдө иш кагаздардын баары, көрнөк-жарнактардын баары мамлекеттик тилде болгондо гана мамлекеттик тил мыйзамы күчүнө кирген болот. Калган убакта башка этникалык топтор өздөрүнүн тилин өнүктүрө берсин, ага шарттарды түзөлү, өз тилдеринде гезит-журнал ача берсин, маданияттарын өнүктүрсүн. Бирок Кыргыз мамлекетинде кыргыз тили үстөмдүк кылганда гана тил жагынан бирдиктүү, коммуникативдик платформа пайда болот деп айта алабыз.

“Азаттык”: Тил маселеси демекчи, Кыргыз тилдүү журналисттер биримдиги президентке, Жогорку Кеңештин төрагасына, анан премьер-министрге кайрылуу жолдошту. Ошол кайрылууда “мамлекеттик мекемелер маалыматтарын мамлекеттик тилде таратсын, иш кагаздары кыргызча болсун анан телерадио боюнча мыйзамдын сегизинчи беренеси аткарылсын” деп айтышты. Ушундай талаптар ошол жалпы платформанын түзүлүшүнө өбөлгө боло алабы?
Ж.Касаболотов: Кыргыз мамлекетинде туруп кыргыз тилдүү журналисттердин укугу бузулуп атат. Биринчи иретте өз тилинде маалымат алуу укугу. Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам бузулуп атат. Кыргыз өлкөсүндө мамлекеттик тил кыргыз тили болгондон кийин, демек бардык тараптарга таратылып аткан ырасмий маалыматтар биринчи кезекте мамлекеттик тилде болууга тийиш. Өлкөдө калктын басымдуу бөлүгүн кыргыз тилдүүлөр түзөт. Демек көпчүлүктүн укугу да бузулуп атат.

Андан тышкары, бул маалыматтын оперативдүүлүгүнө жана сапатына да таасирин тийгизип аткан нерсе бул. Эгерде мамлекеттик органдар жок дегенде биринчи кезекте журналисттер үчүн кыргызча маалыматтарды даярдап бергенди үйрөнүшсө, анда жок дегенде ошонун өзү да мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын аткарыла баштоосуна өбөлгө түзөт болчу. Анткени алар иш-кагаздарын да ошого жараша оңдой башташат. Адегенде биз прецедент түзүш керек. Ошондой абалды түзүп, аны утуп алгандан кийин калган жактарын да ишке ашырганга өбөлгө түзүлөт.

“Азаттык”: Ошол эле маалда биз айтып аткан кыргыз тилдүү маалымат каражаттары өз продукцияларын сатууга, болгондо да мыкты сатууга, башкаруунун алдыңкы түрлөрүн колдонууга муктаждай. Медиа менеджерлер керектей. Себеби кыргыз тилдүү басылмалар 1000-2000 тираж менен чыгат, аны аз эле адам окуйт. Ошону менен эле кандай жакшы маалымат болсо да көмүлүп калып атат. Ошол маалыматтарды которуу, жайылтуу, заманга жараша интеграция болуу аракети жок. Бул жаата эмне айта аласыз?
Ж.Касаболотов: Кыргыз тилдүү басылмалардын өзүнүн профессионалдык проблемалары бар. Бул объективдүү жана субъективдүү проблемалар. Мисалы, объективдүү проблемалар катары алардын каражаты аз болгондуктан, күндө чыкканга, профессионалдык жагын көтөргөнгө мүмкүнчүлүктөрү жок. Субъективдүү жагын айтсак, көбү 90-жылдардагы журналистиканын деңгээлинде калып калышкан дагы, такталбаган маалыматтарды кетирүү, өзүнүн жеке пикирин таңуулоо сыяктуу нерселерге көп көңүл бурушат. Ушул жагынан кыргыз тилдүү басылмалар, гезиттер уттуруп атышат. Ишенимден да ажырап атышат. Эгерде булар фактыны так берип, өзүнө көбүрөөк ишеним туудура турган болсо, эл ошону көбүрөөк окумак.

Экинчиден, кыргыз тилдүү басылмалар азырынча улуттун эмес, кайсы бир саясий топтордун, күчтөрдүн куралы болуп атат. Бизде жалпы улуттук, жалпы жарандык маселелерди көтөрүп чыга турган, ошого багытталган басылмалар дээрлик жокко эсе. Бизде басылмалар көбүнчө көз карашы жагынан эмес, өзүлөрүнүн аркасында турган саясатчылардын же саясий күчтөрдүн ким экенине жараша бөлүнүп атышат. Чындап келгенде, кайсы басылма болбосун, кайсы маалымат каражаттары болбосун ал жарандык коомдун кызыкчылыгын коргой турган каражатка айланышы керек болчу. Жарандык коом дегенде биз кеңири түшүнүшүбүз керек, жалпы кыргыз элинин деп. Эми ал бара-бара түзүлүп кете турган нерсе деп ойлойм. Бара-бара өздөрү деле буга көңүл бөлүп, чечет деген ишеним бар.

“Азаттык”: Рахмат.

Илим Жанузаков, “Азаттык”, 21.01.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.