Бакыт Карагулов, кинорежиссер, “Кыргызфильм” фондусунун жетекчиси: “Кыргызфильмдин” биримдиги үчүн ордумду бошотуп бергем”

Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун бир нече чыгармаларына жан киргизип, тасмага айландырган Төлөмүш Океев атындагы “Кыргызфильмдин” мурдагы жетекчиси белгилүү режиссёр Бакыт Карагулов кызматынан кеткенден кийин ошол эле “Кыргызфильмде” иштеген режиссёр Темир Бирназаров биздин гезитке маек берген эле. Ал маекте Бакыт Карагуловдун дарегине бир нече сындар айтылып, “Кыргызфильм” коррупцияланышып кетти деген сөздөр да болгон. Аталган маек жарыкка чыккандан кийин Бакыт Карагулов биздин редакцияга кат менен кайрылган. Ошол кайрылуунун негизинде экинчи тараптын пикирин чагылдырууну туура көрүп, Бакыт Карагуловду кепке тарттык.

– 20-жылдардан 80-жылдарга чейинки аралыкта бизде не деген залкар, кайталангыс таланттар жашап өттү. Ошол учурда жараткан берешендик кылып, таланттарды чогуусу менен берип койгон экен. Кыргыз киносун дүйнөгө дүңгүрөткөн актёр-актрисалар, режиссёр, драматургдар, операторлор бир мезгилде жашап, кыргыз киносуна жол салып, дүйнөлүк өчпөс брендин түзүп, өз сапарларына кете беришкен экен. Болгондо да чогуу кандай келишсе, ошондой кетишиптир. Бул нерсени биз учурунда капарыбызга албай, барктай албаппыз. Мына азыр бизде актерлор менен режиссёрлордун чоң мектеби жок. Күн санап майдаланып бара жатабыз. Каалаган адам актер-актриса, колунда камерасы, чөнтөгүндө бир аз тыйыны бардын баары режиссёр болду. Өздөрү каалаган кайдагы бир атты коюп эле кино тартып жатышат. Советтер учурунан кийинки мезгилдерде тартылган жогорку деңгээлдеги элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан кинону бүгүнкү күндө мен көрө алган жокмун. Биз “демократия” дегенди “эркиндик” эмес, “ээнбаштык” деп түшүнүп алдык окшойт. Дегеним, киного болгон цензуранын жоктугунан улам, азыркы тартылып жаткан кинолордун баардыгы шуркуячылык, алдамчылык, киши өлтүргүч, тоноо, мушташ, кыскасын айтканда күнүмдүк көр тиричиликтин деңгээлинен эле чыкпай калды. Жазылып жаткан сценарийлердин 90 пайызы да ушул темада.

– Режиссёрлордун күнүмдүк майда темадан көтөрүлө албай жатышына эмне себеп болууда?
– Эми бул элди тартуунун, тасмага кетирген акчаны кайтаруунун эң негизги жолу. Адамдын аң-сезимине терс таасир этүүчү көйгөйлөрдөн башка деле тартылчу маселелерибиз көп, бирок биз ага кайрылбай жатабыз. Тарыхыбыз деле бар. Дүйнөгө атагы чыккан “Манасыбыз” турат. Биз азыр өткөнүбүзгө, улуттук баалуулуктарыбызды, нарктуу-салттуу нускаларыбызды көрсөтүүгө кайрылуубуз шарт болуп турат. Ал эми мен жогоруда айткан көчө тасмаларын мындан 30-40 жыл мурда эле Европа бизге көрсөтүп, көрсөтүп гана койбостон майдалап түшүндүрүп берген. Азыр ал темага кайрылуучу учур эмес. Улуттук аң-сезимди көтөрүүчү, жаштарга үлгү боло турган тасмаларды тартуунун учуру болуп турат.

– Бир кемеде сүзгөн кызматкерлердин ортосундагы пикир келишпестиктер эмнеден улам чыгууда?
– Учурдагы өзүн режиссёрмун дегендер эптеп-септеп бир неме тартып алып, “мен укмуш кино тарттым”- деп өздөрү комментарий беришип, мактанып отурушат. А чындыгында тартылып, коомчулукка сунушталган тасмага сын айтуу кеч. Колдон келсе, сынды тартылып жаткан убагында айтып, ал тасманын катачылыктарын оңдоого салым кошуу туура го деп эсептейм. Анан бүткөн ишке сынчы көп болуштун эмне зарылчылыгы бар. Ал эми сиздин суроо боюнча айтсам, учурда өзүн-өзү мактамай, мыкты кылып көрсөтмөйлөр көбөйүп бара жатат. Бизге чейинки Океев, Шамшиевдердин убагында деле пикир келишпестиктер болуп келген. Бирок алар иштин, улуттук маданияттын жалпы кызыкчылыгы үчүн жеке таарыныч, кызганыч, кызыкчылыктарынан баш тартышкан. Мына ушундай биримдиктин арты менен алар кыргыз киносунун брендин түзүшкөн. А биз, азыркы режиссёрлор, ошолордукундай деңгээлге жете албай койдук. Ушуга аябай өкүнөм.

– Ызы-чуунун баары эле каражат маселесине келип токтолот эмеспи. Негизи эле “Кыргызфильмге” жылына канча каражат бөлүнөт?
– Жылына 16 миллион сом бөлүнөт. Анын ичинде айлык акылар, имаратты оңдоо иштерине кеткен акчалар, мындан башка да көп чыгымдар бар. Акыры фильм тартууга үч жарым миллион сом калат. Бул европалык бай кишинин төрт топтом тамекиси. Үч жарым миллион сомго тарыхый, улуттук баалуулуктарды көрсөткөн тасма тартууга мүмкүн эмес. Муну режиссёрлук менен алектенип жүргөн баардык адамдар жакшы билишет. Мына, казактар “Кочевники” деген фильмди кырк миллион сомго тартышты. Эмне дебеген фильм болду.

– “Кыргызфильмге” бөлүнгөн каражатка майда-чүйдө тасмаларды тарта бербей, бир мыкты тасманы тартса болмок деген сөздөргө кандай жооп айтар элеңиз?
– Бул тасма тартууну жакшы түшүнбөгөн адамдын айткан сөзү болсо керек. Үч жарым миллион сомго жакшы кыска метраждуу тасма тартса болот. Мына ошол эле Темир Бирназаровдун “Белгисиз маршрут” тасмасы үч миллион сомго тартылган. Бир автобустун ичинде тартылган тасмага үч миллион сом кетип жатса, тарыхый тасмаларга канча каражат жумшалышы мүмкүн? Өзүңүз таразалап көрсөңүз…

Биздин мамлекеттин экономикалык абалы союз учурундагыдай тасмаларды тартууга алсыз экендигин байкаган Садык Шер-Нияз кыргыз тасмасын өнүктүрүүнүн жаңы жолун таап, “Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” деп жарыялады. Каражаттын жетишсиздигинен улам ушундай ишке барууга аргасыз болуп жатат. Болбосо, союз учурундагыдай тасмаларды тартууга эмнеге болбосун. Бизде мыкты, чыгаан режиссёрлор көп. Тилекке каршы, каражат маселеси биздин кендирди кесип жатат.

– Кызматтан кетишиңизге “Кыргызфильмдеги” интрига түрткү болдубу? Сиздердеги биримдиктин жоктугу “Кыргызфильмдеги” чууну жаратып жатат деп түшүнсөк болобу?
– Биз бир нерсени салмактап, таразалабаганыбыз үчүн массалык маалымат каражаттарына бир жактуу макалалар чыгып жатат. Себеби азыркы муун көп нерсени талдоодо алсыздык кылып жатат. Ким көп сүйлөсө, ким биринчи маек берсе, ошонун сөзүн угуп, ошону чындык катары таанып, өздөрүнчө анализ жүргүзбөй жатышат. Ал эми менин кызматымдан кетишиме кимдир бирөө түрткү болгон жок. Мен жаштарга орун бошотуп берейин дедим. Жаштар келсин, жаңы идея, ойлор менен жакшы иштерди аткарсын деп өз арызым менен кызматтан кеттим. Башка жумушка которулгандыгыма байланыштуу, жетекчилик кызматтан алды. Жетекчилик орунга, “Кыргызфильмге” кызматка келебиз деп чуу чыгарып чуркагандар конкурстан өтпөй калышты. Демек, алардын ким экендигин билебиз. Ошол эле Темир дагы аягында “ээ, бул шоу экен” деп качып кетти. Бул чууну бир ууч адамдар гана чыгарып жатат. Биздин биримдигибиз, ынтымагыбыз жакшы эле. Мен эч качан кызмат деп жулунган адам эмесмин. Кызмат атамдан калган мурас эмес. Баарыбыз учуру келгенде ордубузду бошотуп беребиз. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Өмүр бою креслодо отуруп, эл башкарган адам жок. Мына ушуну эсибизден чыгарбашыбыз зарыл.

– Сиздин пикириңизче кино тармагын көтөрүү үчүн кандай иш-аракеттер жасалышы керек?
– Адегенде сөз менен эмес, иш менен алектенишибиз зарыл. Азыр биз эч нерсе жасабай туруп эле, интервьюларды берип, ооз көптүрө күпүлдөп сүйлөп жатабыз. А иш жүзүнө келгенде бир дагы кылган ишибиз жок. Бири-бирибизди жамандап, ушак менен алектенип калдык. Руханий баалуулуктарды унутуп, күнүмдүк көр тиричилик деп калдык. Акча, кресло, байлык, мүлк десе эт-бетибизден кетип, жулунуп, мыкты жетекчини жамандап, профессионал кызматкерди буттан тартып, ач көз, карамүртөз болуп бара жатабыз. Биздин өспөй, артка кетип жатканыбыздын эң негизги себеби мына ушунда. Ал эми кино тармагын өнүктүрүү үчүн тартылган тасмаларды коомчулукка сунуштоону жолго салышыбыз зарыл. Тактап айтканда, прокат жагын өнүктүрүү керек.

Маектешкен Жаркынай КАДЫРКУЛОВА, “Форум” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 21.01.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.