Бирөөгө зар, бирөөгө кор таланттар

Өткөн жыл Кыргызстан үчүн кубанычтуу жылдардан болду. Гуанчжоу шаарында өткөн 16-Азиялык чемпионаттан спортсмендерибиз алтын, күмүш, коло медалдарын алып келип, кубанычыбыз коюнга батпай, чечекейибиз чеч болуп, абдан сүйүндүк. Мамлекет башчысы убада кылгандай эле, алтын медаль алган Данияр Көбөновго 15 миң АКШ долларын, күмүш байге ээлерине 10 миң АКШ долларын, коло байге алгандарга 5 миң АКШ долларын салтанаттуу түрдө тапшырды. Баарынан Бишкектин мэри Иса Өмүркулов берешен экен, Азия оюндарынан алтын медаль апкелген Данияр Көбөновго үч комнат үй, күмүш, коло медаль алгандарга бир комнаттан үй берди. Бизнесмен Аскар Салымбеков да куру калбай, спортсмендерге чоң белек бергенге ниет кылганын билебиз. Болсун. Кыргызстандын, анын ичинде кыргыздардын атын дүйнөгө таанытып, туусун бийик көтөргөндөр бардык урмат-сыйга татыктуу.

Жаманбы-жакшыбы, акыркы жылдарда өлкөдөгү бардык финансылык кыйынчылыктарга карабастан, мамлекет тарабынан спортсмендерибизге жогорку деңгээлде көңүл бөлүнүп, алардын алдыңкы саптагыларына, дүйнөлүк, олимпиадалык, азиялык оюндарда байгелүү орундарды камсыз кылгандарына акчалай сыйлыктардан тышкары, ай сайын да аз эмес көлөмдөгү стипендиялар берилип келатат. Өлкөнүн спорт тармагын тейлеген, анын улуттук концепциясын, стратегиясын иштеп чыгып, анын чегинде иш алпарган мамлекет тарабынан каржыланган мамлекеттик уюм, бирде спорт комитети, бирде спорт агентствосу аталышын алса да, бирде жаштарга, бирде туризмге кошулса да толук кандуу иштеп атат. Туура, мамлекет тарабынан спорт тармагы башка өлкөлөрдүн деңгээлинде каржыланган жок. Бирок, ошондой болсо да, спорт тармагы мамлекет көз жаздымынан сыртта калып жатпаганы талашсыз факт. Анан калса, спорт тармагына президенттердин балдары баш болуп, премьер-министр, министр, бизнесмендери төш болуп, Федерация президенти делип, патрондук кылып келе жатканы эч кимге жашырын эмес. Аны да айтпаганда, бир эле бизнесмен Аскар Салымбеков “Дордой-Динамо” футболдук командасын кармап турганга жылына 1 млн. АКШ долларына жакын каражат жумшайт деген маалыматтар бар.

Эмне үчүн?..
Эмне үчүн сөздү минтип спорттон баштап олтурабыз? Спортсмендер сыяктуу эле Кыргызстанды атын дүйнөгө таанытып, туусун бийик көтөрө тургандар – булар өнөр ээлери: окумуштуулар, акын-жазуучулар, сүрөтчүлөр, ырчылар, комузчулар, бийчилер. Бир сөз менен айтканда – таланттуулар. Андай болгондо мамлекет улуттун таланттуу уул-кыздарына талантына тете мамиле жасап, камкордук көрүп жатышабы деген суроо туулат? Сиз буга эмне деп жооп берер элеңиз? Биз болсо, мамлекет таланттуулар тууралуу ойлонуп да койгон жок деп эле айтабыз. Тескерисинче, коом тарабынан, өзгөчө бийлик тарабынан кодуланып, тагдырдын өгөй балдарындай абалда келатат. Ушуну ойлогондо жүрөк тызылдайт. Акыркы эле жыйырма жылды алалы. Ошол эле, кылымдын залкар жазуучусу болгон Чыңгыз Айтматов өмүрү өткөнчө “сүргүндө” жүргөнү жалганбы. Ооба, элчилик деген жакшы кызмат. Бирок, андан да жакшысы мамлекет башчылары Чыңгыз Айтматовго Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчылык кызматын берип, зоболосун көтөрүп, анын дүйнөлүк аброюн мамлекет кызыкчылыгы үчүн пайдаланса болор беле? Албетте, болмок. Тилекке каршы, бийлик башындагылар антүүгө акыл кудурети жеткен жок. Көкүрөгү сокур болуп туруп алды. Аттигиниң айтпайлы эле дедик эле, Бакиев элчилик кызматтан албаса, кыргыздын залкар жазуучусун элчилик кызматтан алууга айрым саясатчылар кол кабыш кылбаса, Айтматов али да Люксембургда жүрө бермек беле деген ой кээде келбей койбойт.

Мамлекет өз таланттарына кесир мамиле жасап келатат. Дүйнөлүк деңгээлдеги опера ырчысы Болот Миңжылкыев өмүрүнүн акыркы жылдарын Санкт-Петербургдагы Мааринск театрында өткөрдү. Кыргызстан өз жеринин турпагынан чыккан уулунун кадырына жете алган жок.

Акыркы жылдарда кыргыздын кыл калем чеберлерин Кыргызстанга караганда, чет өлкөлөрдө көбүрөөк баалап келишет. Дүйнөлүк деңгээлдеги не бир, сүрөтчүлөрүбүздүн кыл калеминен жаралган картиналар чет өлкөлөрдүн музейлерине, жеке коллекцияларга кетип жатканын ойлогондо кабырга кайышпай койбойт. Бир чети, антип кыргыз сүрөтчүлөрүнүн сүрөттөрүн чет элдик сүрөт музейлери сатып алганы жакшы, бул да болсо кыргыз сүрөт өнөрүнүн бийиктигин көрсөтүп турат, анүчүн сыймыктанбай да коюуга болбойт деңизчи. Аттигиниң, бирок ошол сүрөттөр өз өлкөбүздө, улуттук мамлекеттик сүрөт музейинде калса эмине. Анысы ал, андан да өкүнүчтүүсү көптөгөн таланттуу кыл калем чеберлери Кыргызстанда татыктуу жашоого жетпегендиктен Европанын шаарларынын, анын ичинде Италиянын шаарларынын көчөлөрүндө сүрөт тартып олтурууга аргасыз экенин айтып коюуга тийишпиз деп ойлойм. Мен муну улуттук трагедия катары баалайм.

Таланттар күн сайын эле төрөлө бербейт
Турсуналы Бостонкулов деген таланттуу акын бар эле. Тагдырдын тайгүлүк ташына туш болуп, көчөдө жүрүп өлдү. Обондорунун ар бири Муса менен Атайды эске салган Калыгул деген жигит турмуштун запкысынан улам, үйүндө дүйнөдөн өттү. Эгемендиктин алгачкы жылдарындагы жаркын талант Бакен Кыдыкееванын кайгылуу тагдырын кимдер билбейт. Кыргыздын бир таланттуу котормочусу бар эле, атын атабай эле коелу, кайран кишинин сөөгүн Германиядан келген кара шляпачан Хагенске сатып ийишкен деп жүрүшөт биздин эргулдар. Мына кыргыздын, Кыргызстандын талантка, өнөр ээсине болгон мамилеси.

Ушу бүгүн да, Кыргызстанда талант ээлери бааланбай, баркталбай, мамлекет тарабынан камкордук көрүлбөй келатат. 5 млн.го жетпеген Кыргызстанга 500 жазуучунун эмне кереги бар дейт кесир сүйлөгөндөр. 5 млн.го жетпеген Кыргызстанга 500 сүрөтчүнүн эмне кереги бар дейт оозуна алы жетпегендер. 5 млн.го жетпеген Кыргызстанга 500 ырчынын эмне кереги бар дейт акмактар. Манасчылардын, дастанчылардын, комузчулардын кереги кимге дейт маңкурттар.

Бийлик менен байлык топтогондордун таланттууларды көрөйүн деген көзү жок. Акча сурап, эшикти жыртышат, булар кайыр сурагандан тажабайбы дешет колунда бар жаңы кыргыздар. Мындай кем акылдыкты түшүнүү кыйын эмес. Таланттууларга жасалган ушул мамилени көрүп, акыркы жыйырма жылда Кыргызстанды руханий жактан мукулжуратып жоготуунун, руханий мунжу кылуу – маңкуртка айлантуу процесси жүрүп жатабы деп ойлойсуң аргасыз.

Маселен, мен Кыргызстан – бандиттерине, киши өлтүргүчтөрүнө, криминалдарына караганда, таланттуулары көп мамлекет болушун каалар элем. Мен кыргыздын ар бир баласы ден соолугу таза, акыл-эси бүтүн, таланттуу, акылдуу, илимпоз болушун каалар элем. 5 млн. кыргыздын ар бири таланттуу болушун каалар элем. 5 млн.го жетпеген Кыргызстанга 500 жазуучунун эмне кереги бар дегендер булар кыргыздын душмандары. 5 млн.го жетпеген Кыргызстанга 500 таланттуу ырчынын, сүрөтчүнүн, манасчынын, дастанчынын эмне кереги бар дегендер булар к…р.

Ушинтип кесир сүйлөгөндөрдүн кесепетинен Дубаш Калназаровго окшогон таланттуу жазуучулар карылар үйүндө кароосуз жаткан жок бекен? Спортсмендерге жыл сайын үй белек кылган мэрияда Дубаш Калназаровдой таланттуу жазуучуга белек кылганга бир комнат үй табылбаганын эмне менен түшүндүрө алабыз. Дубаш Калназаровду айтам, канчалаган акын-жазуучулар көчөдө жүрөт. Канчалаган таланттар көртирликке басынып, кор болуп тур.

Мамлекеттин жалгыз Салымбековчолук кудурети жокпу?
Канчалаган таланттар талантын багалбай, ишсиз жүрүшөт. Футболчуларга жылына 1 млн. АКШ доллары тегерегинде каражат сарптаган Аскар Салымбеков “Салымбеков” деген даңазага жеткени, элибиздин таланттуу адамдары үчүн кыргыздын улуттук валютасы менен жок дегенде 1 млн. сом жумшады болду бекен? Аргасыздан ойлойсуң. Ай ким билет, жумшай электир. Башкасын айтпайын, Аскар мырзанын айылдашы таланттуу акын Дүйшөн Жапаров жашы элүүдөн ашып калса да, жупкадай болгон ыр жыйнагын чыгара албай келатканын эле айтайынчы. Салымбеков аны билсе, таланттуу акындын китебин чыгарып берер беле деген суроо пайда болот кээде менде. Марттык кылып, ай сайын болбосо да, жыл сайын спортсмендерге машина белек кылган Салымбеков, кыргыз эмес, алыскы Африка континентинен келгендерге бардык ыңгайлуу шарттарды түзүп берип жаткан Салымбеков Дүйшөн Жапаровго деле үй алып берип койсо, андан анын байлыгы кемип калбас эле. Же тубаса таланттуу акын Дүйшөн Жапаров топту жакшы тепкен бир африкалыкча кыргыз үчүн кызмат кылган жокпу деп ойлойсузбу? Чындыгында, Дүйшөндүн ар бир жазганы алтындан баалуу экенин кайсыл акын, кайсыл жазуучу жок дей алат.

Аскар ага таарынбастыр, спортко меценаттык кылып келаткан агабызды өзү менен айылдаш таланттуу акын бар экенин биле жүрсүн деген ниетте айттык. Акын Барчынбек Бугубаев ушу кезге чейин Салымбеков ага үй алпергенине ыраазы болуп келатканын да билебиз. Ырасында, кеп Салымбековдо эмес. Кеп мамлекетте. Мамлекеттин таланттууларга, окумуштууларга, өнөр ээлерине болгон кесир мамилесинде. Улуттун руханий дөөлөтүн алып жүрүүчүлөргө, улуттун интеллектуалдык байлыгын алып жүрүүчүлөрүнө жасаган кайдыгер мамилесинде. Адабиятка, тарыхка, маданиятка, окумуштууларга мамлекет тарабынан кайдыгер мамиле жасалганынан улам, кыргыз мамлекетинин, кыргыз элинин тарыхын изилдеген Тынчтыкбек Чоротегин, Кыяс Молдокасымов баш болгон таланттуу тарыхчылар улуттук илимдин түндүгүн көтөрүп, улуттук тарыхты изилдегендин ордуна АКШ Конгресси тарабынан каржыланган “Азаттык” радиосунда иштөөгө аргасыз болуп жатышпайбы. Натыйжада, кыргыз тарыхы, тарых илими жоготууга учурап жатканы жалган бекен?.. Эсенбай Нурушевге окшогон таланттар Кыргызстан үчүн өз интеллектин арнаса жаман болор беле. Шайлообек Дүйшеев, Кожогелди Култегин, Бурул Сарыгулова, Фатима Абдаловага окшогон акындар журналист болуп, “Азаттыктан” айлык акы албай, мамлекеттен айлык жесе, эмгегин Кыргызстанга арнаса, айталы Улуттук жазуучулар союзунда иштесе, андан Кыргызстандын бюджети кемип, же бөксөрүп калмак беле?

Улуттук жазуучулар союзун унуттукпу?
Анча болду, Кыргыз Улуттук жазуучулар союзу тууралуу айталы. Эмнегедир, мамлекет акын-жазуучуларга эл душманындай мамиле жасап келатат. Союз мезгилинде отурган имаратын алгач Сорос фондуна, андан кийин Азиядагы Америка университетине тартып берип койду. Ар кайсы жерде баш калкалап, көрүнгөндүн көзүн карап келаткан акын-жазуучулар өзүнчө үйлүү болгонго бир-эки жыл болду. Бирок, кино тармагын өнүктүрүүнү колго алган мамлекет, киночулар үчүн атайын мамлекеттик агентство ачып берип, жаманбы-жакшыбы каржылап жаткан мамлекет акын-жазуучулар жалаң “чымыны” менен жан багат деп ойлойбу, Улуттук жазуучулар союзун каржылоого баш оорутуп да койгон жок. Акыркы жыйырма жылда мамлекет тарабынан бир да акын-жазуучунун китеби жарык көрбөгөнү мамлекет тарабынан, эл тарабынан улуттук трагедия катары кабыл алынбаганы өтө кейиштүү экенин ачык айтып коюубуз абзел. Шаарлардагы, айылдардагы китепканаларды карап көргүлөчү, баары аңгырап, ээн турат. Акыркы жыйырма жылда Кыргызстанды руханий жактан мукулжуратып жоготуунун, руханий мунжу кылуу – маңкуртка айлантуу процесси жүрүп жатат деп айтканыбыздын маңызы ушунда. Маданият министрлиги өз жөнү менен, ал эмне иш аткарат, анын функциясы кандай, аны көрдүк, билдик. Аны жоюу керек деп эч ким айтпайт. Иштей берсин. Эмнеге Кыргыз Улуттук жазуучулар комитетин түзүп, аны мамлекеттик каржылоого алууга болбосун. Буга, анда иштегендерге жана акын-жазуучулардын китептерин, гезит-журналын чыгарганга болуп, ашып кетсе жылына 10-20 млн. сом тегерегинде каражат кетер эле. Мамлекет үчүн ушул да чоң акчабы? Муну сырттан издеп, кайдан табам деп баш оорутуп деле кереги жок. Маданият министрлигине бөлүнгөн каражат эсебинен эле бөлүп койсо болот. Орой айтканда, 10-20 млн. сом деген каражат бир депутатты бир жыл каржылаганга кеткен сумма. Бизнесмен Салымбеков “Дордой-Динамо” футболдук командасын бир жыл каржылаганга кеткен акча. Мына ушунча каражатка 5 млн.го жетпеген Кыргызстандагы 500 жазуучуну каржылап, китептерин чыгарып, аңгырап бош турган китепканаларды да толтуруп, улуттук адабиятты өнүктүрсө да болот! Мамлекет эмне жалгыз Аскар Салымбековчолук финансылык кудурети жокпу?

Мамлекет үчүн арданасың! Мамлекет үчүн күйүнөсүң! Кыргыздын таланттуу жигиттери Европа шаарларынын көчөлөрүндө сүрөт тартып олтурушат. Кыргыз жазуучуларынын алды карылар үйүнө түшүп, дөөлөттүү карылыкты көрбөй, кор болуп олтурат. Руханий мунжулук, мамлекеттик деңгээлдеги маңкурттук деген ушу эмей эмне!

Болотбек Таштаналиев, “Алиби” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 21.01.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.