Турса эгер эстелик,/турат элек эскерип…

Сүрөтчү, чебер актер, кыргыз элинин сыймыгы Сүймөнкул Чокморовдун жаркын элесине арналып “Сүймөнкул Чокморов” атындагы коомдук фонд өз ишин баштады. Бул тууралуу актердун жакындары, бир туугандары, замандаштары, үзөңгүлөш достору маалымат жыйынында билдиришти. Маалымат жыйынына элге төбөсү көрүнгөн адамдар коомдук ишмер Садык Шер-Нияз, КР Эл артисти Жамал Сейдакматова, Кыргыз эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиев өңдүү бир катар аттуу-баштуулар чогулушту. Коомдук фонддун эң негизги максаттарынын бири Сүймөнкул Чокморовдун эстелик мемориалдык комплексин куруу экенин коомдук фонддун төрагасы, айылдашы Сагынбек Абдрахманов айтып өттү:
– Сүймөнкулдун көзү өткөнүнө 18 жылдын жүзү болду. Ошондон бери эстелиги коюла элек. Сүймөнкул кыргыз кино дүйнөсүнө зор салым кошту эле. Эмнегедир анын жасаган эмгегин эч ким эстегиси келбейт. Биз өлгөндөрдү даңазалабасак, тирүүлөрдү урматтап, барктай албайбыз – деп баса белгилеп, – Коомдук фонддун дагы бир максаты – өсүп келаткан таланттуу жаштарга колдоо көрсөтүү – деп кошумчалады.

Андан ары сөз улаган актриса эжекебиз Жамал Сейдакматова С. Чокморов менен бир тасмага тартылып чогуу иштеген жылдарын, анын адамгерчилигин, бейнесин, сүрөткердигин эскерди:
– Биз баарыбыз аны Сүймөшка деп эркелетип чакырчубуз. “Караш-караш” тасмасында Сүймөнкул күйөөсү мен аялы болуп ролго тартылып калдым. Ошондо ал кишинин ички дүйнөсүнүн назиктигин, сезимталдыгын байкадым. Сүймөнкул кыргыз киносунун жаркын жылдызы болчу. Кыздардын баары сүйүп турушчу. Сүймөнкул накта кыргыз өңүн чагылдырган улуу инсан. Анткени анын кийингени, өзүн алып жүрүүсү башкача эле – деди Ж. Сейдакматова.

Мындан сырткары Сүймөнкул Чокморовдун “Улан” тасмасында декабрь айы болсо да дарыянын суусуна түшүп, режиссер айткан ар бир кыймылды кыйшаюусуз аткарганын, бөйрөгүнөн, вена кан тамырынан 56 жолу оор операция болгонун, чыдамкайлыгы, асыл сапаттары тууралуу көп айтылды.

Садык Шер-Нияз, коомдук ишмер:
– Кыргызда макал, накыл кепке айланып калган “Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй” деген сөздө эч калет жок. Бул инсан ушул сөзгө татыктуу болгон. Кыргыз искусствосуна жанын курман кылган инсанга ушул кезге чейин эстелик орнотулбаганы өкүндүрөт. С. Чокморов СССР тушунда “Мыкты актер” наамы менен төрт жолу сыйланган. СССРдик деңгээлде мындай наамды эч ким 4 жолу алган эмес. Азыркы уюшулуп жаткан “Сүймөнкул Чокморов” атындагы коомдук фонд өсүп келе жаткан жаштарга зор дем берерине ишенем. Мындан сырткары Чокморовдун атайын стипендиясын уюштуруу маселеси да каралат.

Алишер Сакебаев, Байкоочу кеңештин төрагасы:
– Сүймөнкул Чокморовдун небереси Кожояр Чокморов Казакстанда футбол ойноп жүрүп, футболкасынын артына чоң атасынын ысымын жазып алган болот. Көрүп олтурган аксакал Чокморовго кандай байланышы бар экендигин сураганда, Чокморов чоң атасы экенин айтат. Анан Кыргызстанда эстелиги бар же жок экенин сураганда, Кожоярдын башы жерге салаңдап, ыңгайсыз болуп, “ооба, бар” деп калп айтат. Кыргыз элинин намысын ойлоп калп айтканга туура келгенин небереси өкүнүү менен айткан.

Эгер кыргыздын руханий мурастарын, касиеттерин улуу инсандарыбызды өз учурунда сыйлап алганыбызда, азыр Чокморовдун эстелиги бакыйып бир жерде турмак. Кыргыз керемети болгон көркөм тасмаларга тоодой салым кошкон Чокморовду көп жылдан бери унутта калтырып келген кыргыз бийлиги десем туура болор. Борбордук аянтты кызыл-тазыл гүлдөр менен кооздогонго, заманбап фонтан орнотконго каражат табылат да, кыргыз өңүн дүйнө элине тааныткан Сүймөнкул Чокморовдун айкелин тургузууга келгенде кол куушуруп олтуруп калабыз. Аттиң, түркөйлүк!

Даярдаган Сахиба Кадырова, сүрөт Т. Досалиевдики,
“Форум” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 21.01.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.