“Кыргылчалдын балдары”, оозуңду тарт!..же кыргызды бөлүп жаткандарга жооп

Макелек Өмүрбай уулу КАРМЫШТЕГИН, Кытай Шинжаңдан чыгуучу “Тил жана котормо” журналынын башкы редактору,
профессор, филология илимдеринин доктору

Редакциядан: Өткөн жылы кыргыз элинин рухунун туу чокусу – “Манас” эпосун Кытай өлкөсү аз улуттардын маданиятын коргоо максатын көздөө менен ЮНЕСКОнун каттоосунан өткөргөндүгүнө байланыштуу Кыргызстанда ар кандай каршы көз караштар пайда болуп, ЖМКларда жарыя болгону маалым. Бул тууралуу кытайлык кыргыздардын таланттуу окумуштуу уулу, белгилүү фольклор изилдөөчү Макелек Өмүрбайдын жана Кытайдагы улуу манасчы Жусуп Мамайдын даректерине дагы катуу кеп тийип калганы ар кандай пикирлерди жараткан эле. Буга кытайлык боордошубуз нааразылыгын билдирип, так аргументтер, фактылар менен жазылган көлөмдүү макаласын атайын кыргыздын тунгуч гезити “Кыргыз Туусуна” жарыялоону өтүнүп жиберген экен. Макаланы кытайлык кыргыздардын жазуу стилинен, орфо-графиялык айырмачылыгынан көп өзгөртпөстөн гезит бетине сандан-санга жарыялоону туура таптык. Бул макаланын тегерегинде окурмандар пикир кошсо дагы болот.

Кыргыздар эч качан жаздемдебей эле өздөрүн “Манастын урпактарыбыз” деп айтышат. Бирок чыныгы турмушта кыргыздардын канында “Манастын каны”, ошол эле Манастын атасы “Жакыптын каны”, кадиресе “Канчоронун каны” бар. Кыргыздарда мына ушул үч түрдүү кандын тиби, мүнөзү бар деп жүргөнбүз. Ушул кандык тукум кууш жагынан туруп караганда, кыргыз үчөө эле – Манас, Жакып, Канчоро. А тигил кишини карасаң Манастын мүнөзүн көрөсүң, бул кишиден Жакыптын мүнөзү көрүнөт, ал Канчоро кокустан бетин көрсөтөт (кудай андан сактасын). Манастын канында, мүнөзүндө элди биринчиге коюп, аны коргоо, ооба, коргоо дегенде оболу, турмушун “кемпирлер куйрук карабай турган, келиндер табак жалабай турган” байкерликке жеткирүү, тиричилигин коргоо болгон; арийне акылы, баатырлыгы менен жоосун жоюп, ички жети хан, сырткы жети хандын башын кошуп, элине жашоонун бейпил чөйрөсүн жаратуу болгон. Ал Жакыптын мүнөзү мал-дүнүйөгө карик, мансаптын багындысы, эл тиричилиги менен жумушу жок, кара жандын каркытын көздөп жашоо; ал Канчоро – чыккынчы, атасынын ордунда ымыркайында багып чоңойткон, жоодо теңдешери жок Семетейди мертинткен (ошого “Кыргыздын жоосу дале – кыргыз” деген ылакап калган). Бүгүнкү кыргыз дале ушул үч мүнөз менен жашап келет деп жүрсөк, дагы бир кан тиби, дагы бир кыргыз мүнөзү жашап жатканына элөөсүз карап жүрүппүз. Ал баягыл эле “кырктын башы Кыргылчалдын” каны кээ бир кыргыздын тамырында агып турган экен.

Кыргылчал “Манас” жомогунда сырткы жети хандын тукумунан болгон. Ал 40 чоронун ичинде жашы улуу болгондуктан “кырктын башы” аталган (бирок ал кийин кумалак таштап, шайлоодо 40 чорого бий болбой калат). “Манаста” Кыргылчал “коогалуу чал, калабалуу чал, чуут чал” деген ылакаптар менен да айтылып, чагымчыл образы таасын көрүнгөн. Ал эл бузат, арага ириткилик салат. Анын жүрүмүн эпосто “кайран Кыргыл каркылдап, карк мас өңдүү шалкылдап. Буурул мурут көк ала, жаш баладай алактап. Оодарылып сүйлөсө, токтобой мойну шалактап” (караңыз, Ж.Мамай айтымы 1-том 79-бетте). Кыргылчал “Манас” эпосунда Манас менен Алмамбет ортосуна, Чубак менен Алмамбет арасына чагым салып, жаңжал чыгарат. Эпосто айтылуу “Чубактын чыры” деген ылакаптын чыгуусуна Кыргылчалдын чагымы себепчи болгон. Кыргылчал кийин Манастын уулу Семетейди атасынан калган 40 чорого чагымчылдык кылып, аларды Семетейге каршылаштырып, 40 чорону Манастын жоосуна көздөй качырууга тукурат, кадиресе каршы найза сундурат. Соңунда алар ички бузуктар катары Семетейден мертинет. Кыргылчалды “Манас энциклопедиясинда” да бузукулук мүнөзүн таамай көрсөткөн. Анда Саякбай Карала уулунун айтымынан үзүп алып: “кырктын башы Кыргылчал, кыркында көпкөн жинди чал. Келген чоро улугу, кеби тентек чорт кыял, кырк чоронун бузугу…”, – деп көрсөткөн (караңыз, аталган китеп 1-том 376-бетинде). Ал карыганча акылына кирбеген Кыргылчал Семетейдин колу менен башын жейт. Айтмакчы, ушул күндө да акыл-эс кирбей шалактаган, “оозу” менен эл бузуп, кишилер ортосуна иритки салган “Кыргылчалдын кийинки урпактары” Кыргыздардын арасында жүргөнүн элес албай калат экенбиз. Көрсө, эмки Кыргыздар үчөө эле эмес, төртөө: бирөө – баатыр; бирөө – мансап – дүнүйөгө карик; дагы бирөө – чыккынчы; эмики бирөө – чагымчыл, эл бузар экен.

Бул макалада кеп азыркы “Кыргылчалдын балдары” жөнүндө болгондуктан, сөз башында Кыргылчалдын мүнөзүнө окурмандардын көөнүн атайын бура кеттик.

Биринчиден, “Кыргылчалдын балдары” кыргыздын баалуулуктарын көрө албайт
Кыргыз ичиндеги “Кыргылчалдын балдары” кыргыздын баалуулуктарын көргүсү келбейт, жакшыларын жамандап, жаман иштерге шыкакчы болуусу менен айырмаланып келет. Биз эрен-төрөн албаганыбыз менен, “Кыргылчалдын балдары” элибизге орду толгус зыянкечтик жасаганы тарыхтан көрүнүп калды. Ал үчүн башкасын коюп “Манасты айт” дегендей, “Манас” менен кыргыз тилине “Кыргылчалдын балдары” жасаган көрө албастыктарын мисалдар катары айтсак: Сагымбай Орозбак уулунан “Манасты” жазып алууда “Кыргылчалдын балдары” көрө албастык мамиледе болгон экен. Анда кадиресе манасчыны сыйлабай, анын турмуш-тиричилигине карабай, өзүнүн ден соолугу жана бала-бакырасынын турмушу абдан оор болуп, “Манасты” толук айтып бүтүү шарты жаралбай, зорго “Манас” бөлүгүн гана кагаз бетине түшүрүп калуу жалгыз Ибирай Абдыракмановдун колунан келгени болуптур. Айтмакчы, өзүнүн “Манасты” жаздырып жатканда кыйналганын: “…Катын менен баламды, Карайлатып таштадым…Ачкалыктын азабын, Абдан тарттым быйыл жыл…” деген саптар менен айткан “Манасынын” текстине киргизип айтып жиберген (караңыз, С.Орозбаков “Манас” 2006-жылы “Шам” басмасы 5-томунун 560-бетинде), Сагымбай манасчыдан билгендерин толук жазып кала албастык Кыргыздын дагы бир чоң баалуулугун “Кыргылчалдын балдарына” жем кылып берип, кыргызга орду толгус зыян болгон; андан кийинкилерин билгенибиз боюнча тизмектей божурасак: Токтогул Сатылган уулунун күүлөрүн, чыгармаларын аздектегенге “Кыргылчалдын балдарынын” табыты тартпаган, өзү жаздырып коёюн деп ат арытып кезиндеги Пишпекке келсе, как “Кыргылчалдын балдарына” жолугуп калат да, “керегиң жок” деп кууп чыгат. Таалайга жараша Токтогулдун күүлөрүн Затийевич деген орус адиси нотага түшүрүү менен куткарып калган болот; андан соң кыргыздын эң биринчи баалуулугу болгон кыргыз тилине “Кыргылчалдын балдары” ошол кездин саясатын “чыр укурук” кылып көтөрүп чыгууга жетишкен. Биздин колдо бар материалга таянып сүйлөсөк, ошол эле “Кыргылчалдын тукумдары” 1938-жылы кыргыз тилин бузууга нээттенип, кыргыз алфавитиндеги тамгаларды “улутчул тамгалар” деп өгөйлөп, кыргыз тилине доо кетирме эрежелерди түзүп, кыргыз тилине кесирин тийгизгенин көрүп таң калдык. Чын эле сөзүбүз курулай бараткандай болбосун үчүн, 1938-жылы басмадан чыккан латын тамгасындагы “Кыргыз тилинин жаңы орфогра-фиясы” аттуу китепте айтылгандарды окурманыбызга окута кетели: “улутчулдар бир канча үнсүз табыштардын бир муун ичинде келишин танышкан, алар үндөштүк закону темирдей закон деп гана бул законго таянган”, “жаңы эреже боюнча интернатсиёналдык сөздөр орус адабий тилиндегидей жазылат”, “алфавыт составынан улутчулдардын күүсү менен сакталып келген “х” тамгасы чыгарылды” (караңыз, аталган китептин 3-4-беттеринде) деген сыяктуу сүйлөмдөрдү окуган киши “Кыргылчалдын балдары” анык эле тилден, жазуу тамгаларынан саясы өөн таап, чуу салышканын билет. Ошону менен кыргыз тилинин ички мийзамы – үндөштүк мийзамы бузулган зыянга жыгылып, кыргыз тилин ичинен идирмектетип бузуу максатына “Кыргылчалдын балдары” оңой эле жетишип алышкан. Мына ошондон баштап кыргыз тили өзүнүн нугунан бурулганын анын азыркы лексикасынан, тыбыш жүйөсүнөн, кадиресе жазылуу орфографиясынан көрүнгөнүнө карабай, аны “Кыргылчалдын балдары” “сөз, тил байыйт” деген чыр сөздөрү менен элдин башын айлантып келет. Эгерим тилди байыткысы келсе, аны ички мыйзам-ченеми боюнча, кылымдардан келе жаткан ыкым боюнча байы-тууну айткылары келбейт, себеби, алардын мүдөөсү – кыргыздын баалуулугун, тилин бузуу; Анда ал болду, андан кийин жогорку ийгиликтерге жөн эле жетип алган “Кыргылчалдын балдары” батылдуу эле кыргыздын рухуна канжарын кезеп, “Манаска” арам оюн кезгерип келди: 1950-жылдарда “Манас” эпосун “баскынчы, эл идиасына жат чыгарма” деп түбүнөн кууратмак болгондо, казак окумуштуусу Муктар Ауэзов “канатына басып” калкалап калганы маалым. Ошону менен “бирлешме варыянт” аталган мөртөй-шөртөйлүү үчилтик менен “Манас” создугуп, ушул заманга, 1990-жылга, зорго жетти. Бирок жеткени менен, тээ 1922-жылдарда кагаз бетине түшүрүлгөн “Манас” эпосу Кыргыз мамлекетинде бүгүнгө чейин толук басмадан жарык көрбөй “Кыргылчалдын балдарын” сүйүнтүп жүргөн күндөрдө, кытайлык кыргыздар “Манас” эпосунун толук 8 урпактуу айтымын басмадан чыгарып, “Кыргылчалдын балдарынын” үрөйүн учурду.

Ал эми, Чыңгыз Айтматов дүйнөгө тааныла баштаганда “Кыргылчалдын балдарынын” кыжыры абдан кайнаган кез болуптур. Ал киши а дегенде чыгармаларын кыргызча жазып, кыргыз тилинин көркөм
баяндоо күчүн көргөзөйүн деп шымалана киргенде, “Кыргылчалдын балдары” анын кыргызча жазылган чыгармаларын төө бастыга алып кетишет. Аны өз оозунан уксак: “чыгармалардын алгачкы нускасы кыргызча чыкканда, “…өздөн чыккан жаттар болгонуна таң калдым…”, “орус тилинде жазышым а дегенде өзүмдү өзүм этияттоонун тубаса түрткүсү болучу. Жергиликтүү адабий сындан андагы баалап-ченөөчүлөрдүн деңгээли төмөн, кара өзгөй болгондуктан, андай чөйрөдөгү авторго абдан эле кыйын. Дароо эле чекеңе тамга басып, адилетсиз сын айтылып, жаскап-тескемейлер башталат…өзүмдү өзүм борбордон бутума тургузуп алыш болду” (караңыз, “Чыңгыз Айтматов” 8-том 453-бетте. “Бийиктик” басмасы). Чыңгыз Айтматов “Кыргылчалдын балдарын” “өздөн чыккан жаттар”, “деңгээли төмөн”, “кара өзгөйлөр” деген сыяктуу чыныгы мүнөздөрү менен тааныган. Кечөө кийин Чыңгыз агабыздын өмүрүнүн соңунда да “Кыргылчалдын балдары” ал кишиге “пилге үргөн күчүктөй болуп” асылып жүргөнүн кулак чалганда төбө чачыбыз тик туруп жүрдүк. Чынында, “Кыргылчалдын балдары” кыргыздын баалуулуктарын көрө албайт, аны ичтен туруп жоготуу, көзгө илимсиз кылып көрсөтүүдө абдан чебер ыкмаларды колдонушуп, кандайдыр бир саясаттын сол жак бутагына коно коюп, кыргыз баалуулуктарынын “көзүн будамайлоого” аракет жасашканын жогоруда мен мисалга илип гана айттым. Бир сөзгө жыйнактаганда, “Кыргылчалдын балдары” кыргыздын ичинде туруп, анын баалуулуктарын, жакшыларын жоготууну ойлошкон “арам ойлуулар”. Жакынкы кездердеги кыргыз тарыхынын, кыргыз тилинин, “Манас” – кыргыз рухунун, баалуулуктарын “будамайлоодо” “Кыргылчалдын балдарынын” жасаган иштери ашынып бара жатканын эрен – төрөн албай кетүүгө таптакыр болбойт.

Экинчиден, “Кыргылчалдын балдары” кыргыздын баалуулуктарын кастайт
Кыргылчалдын балдарынын” анык жоруктары – ичтен бирине бирин тукуруп “эл бузуу”, элдин тынчын кетирүү касында жүрөт. Бул “Манас” эпосундагы Манас кезинде Алмамбетти жерип, кошуунду ошол аркылуу бузуу кастыгын жасаганы, Чубакты тукуруп Манаска чейин чуу чыгартканы, ал Семетей кезинде 40 чорону бузуп, качырган кастык Кыргылчалдын мүнөзү ушул кезде урпак улап бизге кеңири жеткен түрүнө күбө болуп олтурабыз. Кыргыз мамлекетинин ичинде “Кыргылчалдын балдары” канчалык чууттугун, бузукулугун иштетип жатканын биз мисалга тартып олтуруунун орду жок. Башка мамлекеттерде жашап жаткан, өзүнүн улуттук баалуулуктарын аздектеп, тил-жазуусу, өз салты менен келе жаткан кыргыздарга да “Кыргылчалдын балдары” “чунаңдамасын” баштап, алардын баалуулуктарын кастап жатканы, алардын жинденген баскычына барып жеткенин көргөзүп турат. Ал үчүн сөз учугун далил менен айтууга туура келди. Ушул күндө “Кыргылчалдын балдары” кытайлык кыргыздарга койнундагы котур таштарын ыргытууну алыс көргөн жок. Баалуулукту көрө албас көздөрү Кытайга да жетип, “жаш баладай алактап, сүйлөсө мойну шалактап” (Кыргылчал, “Манастан”) чуут сөздөрдү таратып, эки элдеги Кыргыздарга араз салуу кастыгында боло баштады.

«Киши жадаса күлөт, ит жадаса үрөт» болуп, кытайлык кыргыздардын залкар манасчысы Жүсүп Мамайдын айткан «Манасын» төгүндөп, бүт Кытай мамлекети ынанган профессор, филология илимдеринин доктуру, «Тил жана котормо» журналынын 25 жылдык башкы редактору мен – Макелек Өмүрбай уулун, «Кыргылчалдын балдары» «тыңчы» деп гезиттерге жазып, («Макелек Өмүрбаев Кытай бийлигинен 55 миллион юан алды» деп, жанын жеген калпты айтып, элди тукуруп чыкты. Кыргызда «кырк жолу калп айтса, кырт этип жаны чыгат», – дейт. Бирок Кыргызстанда журналисттердин кадырын ушундай карандай калптар кетирерин, моралдык тарбиясына доо кетип, чет элдеки образы кетип жатканына карабаганы адамды чочутат. Караңыз, «Эл сөзү» гезитинин 2009-жылы 22-декабрдагы санына, автору Айбек Шимшикеев), теледен «шалактап» сүйлөй баштады. Алардын «үргөнүн» көрүп Кытайдагы кыргыздар «күлдү». Жөн эле шылтоо таап, азыркы заманыбызда 92 жашты жашап, «Манасты» 8 муунга чейин айткан Жүсүп Мамайды «Манасты бурмалады, жергиликтүү саясатка карай айтты» деген күнөөлөрдү тагып, (эпостун өзүн окубай туруп) баягыл эле Сагымбай манасчыны жекиргендей жекирүүдө. Алардын шылтоосуна шыкак болгону, Кытай өкмөтү сунган (башка максатта эмес, Кытайдагы кыргыздардын баалуулуктарын аздектеп, коргоо үчүн) Кыргыздардын «Манасы» «дүйнө адамзаттын заттык эмес маданият мурасы» болуп, Бирлешкен улуттар уюмунан тастыкталганы болду. Ушундай жакшы жетишкендикти «Кыргылчалдын балдары» элге тукурма сөз айтып, «Манасты Кытай алып кетти» деген бурмалоо менен чыгып, дагы бир жолу чууттугун көргөздү. Болбосо, «Манасты Кытай алып кетти» эмес, Кытай мамлекети кыргыздын «Манасын» таанып, аны кыргыздардын атынан ЮНЕСКОго жолдоп, мурда «Манас эпосу кыргыздардын байыркы рухунун туу чокусу» гана болуп келсе, эми «дүйнө адамзаттын заттык эмес маданият мурасы» делип, мартабасын көтөрүп «алып келип берди» деген мааниде түшүнгүсү жок, «Кыргылчалдын балдарынын».

Ал эми мында оң түшүнүгүн кайрадан айтпасак болбойт окшойт, «Манас» кыргыздын мурасы болгон соң, түбү Кыргызстанда уюп жаткан соң, Кыргызстан ЮНЕСКОго жолдош жолу бар. Бирок Кыргызстандын жолдогонунан түрдүү себептер менен майнап чыкпай, «Манас айтуучулук жана элдик төкмөчүлүктү» заттык эмес маданият мурасы катары Кыргызстанда коргоо, өнүктүрүү керек дегенди ЮНЕСКО тастыктап бергенинен кабарыбыз бар.

Ушундай жагдайда турган «Манас» эпосун Кытай мамлекети аз улуттардын маданиятын коргоо жоопкерчилигинде туруп, Кызылсуу кыргыз автоном облустук эл өкмөтүнүн сунушун илик алып (ал кандайдыр бир жекенин аракети эмес), атайын күч уюштуруп, ЮНЕСКОнун талабы боюнча, Кытайдагы кыргыздардын манасчылык өнөрүн абдан изилдеп, бардык материал менен таанышып отуруп анан кыргыздардын «Манасы» деген мурасты ЮНЕСКОго жолдогон. Чын эле жолдоодо, албетте, Кыргызстанды эстен чыгарбай, Кытай мамлекеттик маданият министрлиги Кыргызстанга атайын киши жиберип, «бирге жолдойлу» дегенди айттырган.

Анын жообу Кыргызстандын ошол кездеги жарак – жайына жараша болсо керек. Ошону менен Кытай мамлекети сунган «Манас» ЮНЕСКОнун тастыгынан өтүп, жанагындай мартабага жетишти. Ал эми ал тастыкты уккандан кийин, эл мурасына, чыныгы күйгөн азаматтардын «Манаска» Кыргызстандын мураскерлиги барлыгын, мураска атадарлык кылуу акы бар экени жөнүндө койгон талабы ар кандай эле адамдын кулагына жагат. Мен да ал талапты жылуу сөз катары кабыл алгамын. Эгерим Кытай өкмөтүнүн байланыштуу тармактары «Манасты» сунуштап жаткан жыйынга мен илимпоз катары катышып калган болсом, сөзсүз Кыргызстан менен пикир алышуу, алар менен чогуу жолдоо талабын коюуга жарамакмын (Кытай өкмөтү деле Кыргызстанга атайын адам жиберип, чогуу жолдойлу дегенди айттырганын кийин сурап билдик). Андан мурда деле «Манас» эпосу боюнча Кыргызстан менен бирге иштешип келдик.

Алып айтсак, 2004- жылы Кытайдан бир кампания каржылап, «Манасты» кино кылып тартабыз деп калды, ал жыйынга мен да катышкамын, ошондо дароо эле бул ишке Кыргызстан да катышуу керек, кадыресе Чыңгыз Айтматовду баш-кашына алып фильм тартпаса болбойт деген сунушумду илимпоз катары коюп, алардын ынанышы менен булл жумушка Кыргызстан жак да тартылып, атактуу драматург Бексултан Жакиев сыяктуу адамдар сценарийин жазган (кийин ал кампания баш тартып токтоп калды). Андан бөлөк, 1994-жылы Үрүмчүдө «Манас эпосу боюнча эл аралык илимий талкуу жыйынын» ачып, дүйнөдөгү «Манас» таануучуларды чакырдык.

Ошондо Кыргызстандан Кеңеш Жусупов, Жалил Садыков, Самар Мусаев сыяктуу 10 илимпозду бүт жыйын каржылап катыштырып, эпос боюнча чогуу сүйлөштүк. Ал 2005-жылы Артыш шаарында дагы бир жолу «Манас эпосу боюнча эл аралык илимий талкуу жыйынын» ачып, ага Кыргызстандан Дастан Сарыгулов (ошол кезде мамлекет катчысы эле), Бексултан Жакиев, Кеңеш Жусупов, Аскарбек Бекбоев, Ташбоо Жумагулов, Абдылдажан Акматалиев, Кадыралы Коңкобаев, Раиса Кыдырбаева, Үмүт Култаева сыяктуу 20 илимпозду бүт жыйын каржылап чакырып келип чогуу талкуу жүргүзгөнбүз. Мындай көлөмдүү чогулуштарда кыргызстандык окумуштуулардын катышуусу ошол жыйындын беделин көтөрүп, талкуунун шаңын чыгарарына биз качан да болсо ишенип келебиз.

ЮНЕСКОнун кызматын «Кыргылчалдын балдары» өз жоругуна теңебесин «Манас» ЮНЕСКОнун тастыгын алгандан кийин аны «Кыргылчалдын балдары» бурмалап айтып: «Манасты Кытай алып кетти, ал эми Кытайдын мурасы болот» деген сыяктуу сандырак сөздөрдү айтып чыгышты, ага көөпөй адамдар гана ишенбесе, акылы өз ордунда адамдар ишенбейт. Дүйнө элинин маданият мурастарын иргеп, тандап жаткан ЮНЕСКО «Манас» эпосун Кытайларга (Ханзуларга) жазып берип салат деген ашынган нарысталык сөз, ЮНЕСКОдо олтурган адамдардын мээси атала эмес, алар ал тастыкты чыгарардан мурда «Манас» кайсыл улуттуку, анын материалы кимде, айтуучусу кимдер, качан, кандай жагдайда айтканы боюнча көзмө-көз текшерип-изилдеген соң анан «дүйнөлүк адамзаттын заттык эмес маданият мурасы» деген тизимге аларын «Кыргылчалдын балдары» билип турса да билмексенге салып, элди бурмаланган сөздөргө ээрчиткиси келет. «Кыргылчалдын балдары» тээ ЮНЕСКОну да өздөрүнүн жоругуна окшотуп, бирөөлөр акча берип, же кандайдыр бир жолдорду басса эле, бирөөнүн нерсесин бирөөгө жазып бере салат деп жоромолдойт. Андай жорукту Кыргызстанда «Кыргылчалдын балдарынан» болгон, «илимдин кандидаты» аталган мөртөй-шөртөй окумуштуулардан көргөнбүз. Жогорку окуу жайынын окуу бүтүрүүчүлөрүнүн дипломдук иштерин, кандидаттардын жактоо макалаларын акча алып китептен көчүрүп берип илимпоз кылып коюшкандарын. Мына ошондой, ЮНЕСКОнун кызматын өзүнүн жоругуна теңеп түшүнгөн «Кыргылчалдын балдары» ЮНЕСКО «Манасты Кытайга жазып берип койду» деп чуу чыгарып жатат. Алардын антип чуу чыгаруусу жөн жерден эмес, «Манас» эпосун кыргыздын баалуулугу деп таанып, аны басмадан чыгарып, манасчыларын атайын аздектеп, манасчылыкты мындан ары улап өнүктүрүү улуу планы боюнча иштеп жаткан Кытай мамлекетин «булл иштин чыры көп экен» деген кыжаалаттыкка салып, эпостун ал демөөрчүсүн суутуп, «Манас» эпосун дүйнөнүн дагы бир бурчунан өчүргүсү келгени негизги максаты эле, алардын.

ЮНЕСКОнун тизмесине кирген мурас кайсыл мамлекетте болсо, кор салып коргоо, өнүктүрүү талабын коёт. ЮНЕСКО мурасты жолдо-гон мамлекет менен келишим түзүп, ушул чыгарманы коргоп, өнүктүрүү ыйык милдетин артат (ЮНЕСКО атайын акча бөлбөйт).

«Манастын» жүгүн Кытай мамлекети мойнуна алганына ыраазычылык гана айтуу керек. Кытайлар (ханзулар) «Манасты» биз эпос кылып алалы деген максат менен жолдогон эмес экенине «Кыргылчалдын балдары» айтсак да такыр ишенбейт.

Мындан «Кыргылчалдын балдары» бул дүйнөдө эки нерсеге гана ишене турганы: бирөө – өзүнө гана, дагы бирөө – шайтанга гана ишенише турганын көргөзүп алышты. «Кыргылчалдын балдары» «Манаска» кастык санаганын Жүсүп Мамайдын айтымын төгүндөп жаткандарынан да билгизип алышты.

Жүсүп Мамай айткан «Манастын» ичин окубай, ал «Манасты» качан айткан, ким кагазга түшүргөн, анны билбей «үрүп» чыгышты. Кытай өкмөтү жана эл арадан Жүсүп Мамайдын «Манас» айтуучулугун текшерип-изилдеп отуруп анан ага мүнөздөмө бергенине «Кыргылчалдын балдары» мээси жетпегенге салып турушат. Болбосо, «Манаска» күйгөн киши болсо, Кытайга ат бастырып келип, Жүсүп Мамайдын манасчылыгы боюнча таанышып, же Кыргызстанга жүктөп барып берген анын айтымындагы китепти окуп, дүйнөнүн дагы бир бурчунда айтылып жаткан «Манас» эпосуна көңүл буруп коймок. Чын эле ушул жерде атайлап накыл келтирүүгө тийиштүү болуп калды, дүйнөлүк жазуучу Ч.Айтматов 2007-жылы «Шинжаң экономика гезитинин» кабарчысын кабылдаганда, Ж.Мамай айтымындагы «Манастын» томун кармап туруп: «көрүңүз, бул китептин оорлугу 10 килограмм келчүдөй, муну Шинжаңдагы кыргыздар мага белекке беришкен. Ар жолу чет элдик меймандар менен көрүшкөндө, оорактанып муну аларга көрсөтөм», – дегенин (караңыз, аталган гезиттин ошол жылдык 13-октябрдагы санында) эске алганда, кыргыз кыргыздын көзгө көрүнгөн жакшылыктуу иштерине сүйүнбөй койбойт. А бирок, анын ордуна «Кыргылчалдын балдарынын» кызганчаактык жин оорусу кармап: «Кытайдагы бир ууч кыргыздан чоң манасчы чыгып калса кантип болот?!» – деп чаңырууга түшүп кетти. Жүсүп Мамай кандайдыр бирөөлөр жасап чыккан манасчы эмес, же «Кыргылчалдын балдары» айткандай «жергиликтүү өкмөт жагынан тапшырма берип» «Манас» жаздырган киши эмес. Кытай өкмөтүнүн коомдук илимдер академиясы 1950-жылдардын соңунда, бүт эле мамлекеттеги аз улуттардын тилин, элдик чыгармаларын текшерип-жазып алуу топторун уюштуруп, эл ичин кыдырткан (ал мындай кызмат Кыргызстанда 30-, 40-жылдарда башталган). Ошондо кыргыз тилин, элдик чыгармаларын чогултуу тобу (кыргыздар жана кытайлар сыяктуу башка улуттардан куралган) Кытайда жашаган кыргыздардын арасынан 70ке жакын манасчыга жолугуп, алардын айткан «Манасын» кагаз бетине түшүргөн. Бирок ошонун ичинде Жүсүп Мамай айткан «Манас» бардыгынан көлөмдүү болгондуктан, анын «Манасын» жазып алууга арналуу бир топ уюштуруп, Кызылсуу кыргыз автоном облусунун башкы калаасы Артыш шаарына Жүсүп Мамайды алып барып, беш жыл убакыт менен ал айткан эпосту кагаз бетине түшүргөн. Арийне бир жагынан кытай тилине утуру котортуп жетишишкен. Анда Ж. Мамайдын «Манасын» Пазыл жана Сакен Өмүр деген кишилер кагаз бетине түшүргөн (бул нуска колубузда бар). Ал кездеги кол жазма жоголуп кетти деген сөз менен (ал 1960-жылдардагы кол жазма 2002- жылы кайра Бейжинден табылды) 1980-жылдардан баштап Ж.Мамайдын айтымын кайра баштан кагазга түшүрүү иши кармалып, бир бөлүгүн айттырып, башкалар кагазга түшүрүшсө, дагы көп бөлүгүн Жүсүп Мамайдын кат тааныган оңутунан пайдаланып өзүнө кагаз бетине түшүрткөн (мурда малчы кишини атайын айлык алма кадрлык орунга коюп, арналуу отургузуп). Азыркы Ж.Мамайдын айтымындагы «Манастын» түбү-жайы кыскача ушундай. Эгерим шектенгендер болсо, Кытайга келип бул айтымдын жагдайы менен таанышып кетүүгө мүмкүнчүлүктөр бар.

Кыдырбаеванын куш тилиндей каты Чын эле, Ж.Мамайдын айтымындагы «Манаска» оң көз менен карагандарга айтып коё турган бир жагдай, Жүсүп Мамай «Манасты» жамап айтып чыкпаганына өзү да макул. Ал манасчылык салт боюнча алдыңкылардан үйрөнгөн. Үйрөнгөндө кандайдыр бир манасчыны ээрчип үйрөнгөн эмес, агасы Балбай кагаз бетине түшүрүп койгон «кол жазма мектептен» үйрөнгөн.

Ал кол жазмалар атайын жазып чыккан «жазма манасчылардан» эмес, кадимки эле чоң манасчылардан, атап айтканда, Жүсүп Мамайдын айылдашы Жусубакун Апай уулу (Сагымбай манасчы менен 1916- жылдары атайын «Манас» айтышкан), Ибираим Боромбай уулу («Манастын» кийинки 5 муунун айткан) сыяктуулардан жазылып алынгандарын (кээ бирөө кара сөз түрүндө) Жүсүп Мамай үйрөнүп («бир кыйласын ыр түрүнө айландырдым» деген сөздү айтат, манасчы), ушул өзүндүк айтымды калпташтырган. Ал Жүсүп Мамайдын «Семетейи» Тыныбек манасчынын айтымынан түз үйрөнгөнүн танбайт. Атап айтканда, Жүсүп Мамайдын айтымынын алдыңкы үч бөлүгү (Манас, Семетей, Сейтек) баягыл эле жөрөлгөлүү окуялардан. Ошентсе да, айтылуу манаскөй, Ж. Мамайдын айтымын атайын изилдеген Кеңеш Кырбашевдин баамында, «өзүндүк айырмалыктарды сактаган айтым» деп тааныган. Ал эми мындай үйрөнүп калыпташкан айтымды «Жүсүп Мамай «Манасты» окуяларга негиз жазып чыкты» деген жаңылыш түшүнүккө алып келбеши керек. Ушул маселе жөнүндө таанылуу «Манас» изилдөөчү, профессор Раиса Кыдырбаева 2005-жылы Кытайга барганда, Жүсүп Мамайдын манасчылык жолу менен таанышып чыккандан кийин, өзүнүн «Жүсүп Мамай жазгыч манасчы» деген түшүнүгүн өзгөрткөнүн, ал жазган макаласында ошондой айтылган сөздөрдү түзөтүп коюуну өтүнгөн куш тилиндей катын мага берген эле. Ал ката мындай сөздөр жазылган: «ооз эки жана жазмага түшүрүп «Манасты» андан ары арбыткан. «Жазгыч акын» деген жерди оңдоп койгула. Жогоркудай түзөтүп койгонду суранам» Р.Кыдырбаева. 2005-жыл, 30-октябрь.

Манас” эпосунун баркы-баасы аны ким айтканында, канчалык көлөмдүү айтканында эмес, анын мазмунунда кыргыздын эмне баалуулуктары, маданият жетишкендиктери, кадиресе, кыргыздын руху байлыгы камтылганы менен мартабалуу болууга тийиш. Ошого кыргыздын ушул мурасын ким көкүрөгүнө түйүп, дилине уютуп жеткирсе, ошол манасчы, ошол киши “Манастын” улуулоосуна өз салымын кошкон ардактуу адам болууга татыйт. Жүсүп Мамай “Манасты” көкүрөгүнө түйүп эле калбай, кыргыздын кенже эпосторунан: “Эр Төштүк”, “Курманбек”, “Жаңылмырза”, “Багыш”, “Толтой”, “Кызсайкал”, “Көбөөн”, “Мамеке – Шопок”, “Ажибек” баатыр жана казактардын “Жети хан” эпосторун айтып басмадан чыгарган. Анын эпос айтуучулук жөндөмүн чыныгы билем деген киши 1960- жылы айткан үн табагынан, айтып жаздырган жүрүшүнөн кыйналбай эле билүүгө жетишет. Дегинкиси, “Кыргылчалдын балдарынын” улам кийинки урпактары (кээ бирөө “манас” изилдөөнүн ичине кыпчылып кирип алышып) манасчылардан кыйкым таап, атап айтканда, залкар манасчы Сагымбайды “исламчыл манасчы”, Жүсүп Мамайды “жазгыч манасчы” деген шылтоолор менен “Манас” эпосунун пурдун кетирип (эң көлөмдүү айткан ал экөөн), соңунда аны төгүндөө кастыгында болот. Бирок, Манас атанын арбагы колдоп, “Манастын” оорагы бүт дүйнөгө чыгып кетип, “Кыргылчалдын балдарын” туз жалатып, чаңыртып салгансыды.

“Кыргылчалдын балдары” чыңырып айткан “Манасты кытай алып кетти” деген сөзү “Манаска” күйгөн, кыргызга боор тарткан сөз эмес, ал “Кыргылчалдын балдарынын” сабатсыздыгын дүйнө алдында көргөзүп алганы гана болду. Эгемендүү Кыргыз мамлекети качан да болбосун “Манас” эпосу баштаган өз мурастарын ЮНЕСКОго жолдоп, тизимге өткөрүп коргоо укугу бар. Кытайда жашаган кыргыздарда 70тен ашуун манасчы, анын ичинде, 8 муунга чейин көлөмдүү айткан Ж.Мамайдын айтымы бар. Кытайдагы кыргыздардын “Манасына” Кытай мамлекетинин демөөрчүлүгү, кыргыз жана башка улут илимпоздору жарым кылымдан ашуун убакыт ичинде элден чогултуп алуу, басмадан чыгаруу, которуу жана изилдөө иштерин иштеп, дүйнө тааныгандай мартабага жеткизди. Бул чындыкка карандай көз жуумп алып кыйкыргандык дүйнө алдында кара өзгөйлүк кылгандык, сабатсыздыгын билгизип алгандык болот. Ал кара сабаттык – Кытай мамлекети ошончо каржы салып (ал каржыны жекеге бербейт, Кызылсуу кыргыз автоном облустук эл өкүмөтүнө берип), ошончо иштерди жасаганы “аны мен Ханзунуку кылып алайын” деген нээтте эмес экенине ишенбөөчүлүктөн, ал ЮНЕСКОнун да кимдин чыгармасын кандай мамлекеттин коргоосуна ылайык экенин баамдап табыштап жатканын айкын билбегендиктен көрүнүп калды. “Кыргылчалдын балдарынын” көөдөк баамында, 50 канча жыл өткөндө Кытай кыргыздары жоюлуп кетет, “Манас Кытайдыкы болуп кала берет” экен (анда ЮНЕСКОго тизимдетип койбодукпу, алар да танып, “Манас” кыргыздыкы эмес, кытайдыкы деп айтарбы?!). “Манасы” бар кыргыз эч качан жер бетинен жоюлуп кетпейт (аны кылымдар ырастаган), Кытай кыргыздарынын жоюлуп кетпестиги, анын мурастарын коргоо боюнча мамлекет, ЮНЕСКО кам көргөндүк үчүн “Манасты” атайлап мурас кылып жатканына мээси жетпейт, алардын. Ушул жерде кеп келгенде айта кетели, “Кыргылчалдын балдары” качан да болсо Кыргыздардын үрөйүн учуруп, “Кыргыздын тили жоюлат имиш”, “Кыргызды палан улут басып алат”, “Манасты Кытай алып кетти” деп, бабасы Кыргылчалдан мурас калган чуут сөздөрдү чыгарганы чыгарган. Бул элдин үшүн алып, жарты токочко ээ болгон жетим баладай “колумдагыны ким ала качат экен” деп, эки жагына элеңдеме кылып салгысы бар, баатыр элди. Бирок Манас атанын өз тукумунан болгон балдары өзүнө бек ишенет, тилди сен колдонсоң, мен колдонсом, ким жоюп салмак эле, Кыргыз бар жерде “Манасты” эч ким ала албайт деген күч бар, акыл толук, аны кылымдар ырастап келди. Ал эми “Кыргылчалдын балдары” элдин оюн удургутуп, “Кытай алып кетти” деген ЮНЕСКОнун “Манас” эпосу боюнча чыгарган кагазында мындай жазылуу турат: “Манас дүйнө адамзаттын заттык эмес маданият мурасы, аны ар кандай инсан коргоо ыйык милдети” деп жазылган. Бу ЮНЕСКОнун келишим күбөлүгүндө жазылган сөз болуп, бүгүн аталган күбөлүк Кызылсуу кыргыз автоном облусунун башчысынын колунда турат. Ал бир даражалуу өкүмөт катарында, “Манасты” кандай коргоо, манасчыларды кантип жетиштирүү, кандай мурастуулук кылуу чоң жоспору менен ишке өттү. ЮНЕСКОнун ал келишим күбөлүгүнүн күчү – бул мурасты жалаң кыргыз эле эмес, ар кандай инсан коргоого милдеттүү.

Үчүнчүдөн, “Кыргылчалдын балдары” бооруңу берсең, боорго тебет
Кыргыздар адамдык сапаттын, адамдыктын бир өлчөмүн боорукерлик деп билип, өздөрүн боорукер кармап келген. “Боор” дегени негизинен кандаштыкты, тукумду көрсөтөт. Боордоштук качан болбосун тартып тургандыктан кыргыздар ыдырабай кылымды басып жетти. Тээ илгери Энесайдан кодуланганда (“Коңшуну кодуласа көчөт, отту көсөсө өчөт” – эл макалы) Тианшанга боор тартып ооп келди; Кыргызстандан үрксө (1916-жылы) Кытайга качты. Бул жөн эле көрүнүштөр эмес, ошол жакта боордоштору бар үчүн ыктай тартып келгендигин түшүндүрүп турат (болбосо, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстанга бел ашпай эле “үркүп” бармак). Айтайын дегеним, боордоштук кыргыздардын тутумдашып туруусунун кандык негизи болуп келген. Ошого дүйнөнүн кайсы тушунда болсо да кыргыздар бирин-бири самап, издешип-сурашып, айылчылап ат бастырып барышып, карым-каттоосун үзбөй ушул кылымга жетип келген (“Атадан алтоо болсо да, катышпаса жат болот” – эл сөзү). Бирок “Кыргылчалдын балдары” ушундай боор беришүүнү коошабайт, андай болууну кыртышы сүйбөйт экен. Ал үчүн башканы айтпай эле, мен өзүм күбө болгондон кеп салып көрөйүн. Кыргызстандагы кыргыздар менен Кытайдагы кыргыздардын маданий байланышын 1958-жылы Асанбек Табал-диев кезиндеги “Ленинчил жаш” гезитинин 16-ноябрындагы санына кытайлык кыргыздардын зыялылары менен болгон байланышты жарыялоо менен башталган экен (туугандык карым-каттоону айтпайбыз). Ошондон көп өтпөй ал байланыш да үзүлүп калып, чама менен жарым кылымга жуук байланышсыз жүргөн эки элдеги кыргыздардын маданият карым-каттоосун 1983-жылы профессор Качкынбай Артыкбаев кайра улаган эле. Ошондон өз ара китеп алышып, көркөм өнөр жагынан тыкыс карым-каттоо жасай баштады. Ушундай жарашыктуу маанайда мен биринчилерден болуп 1987-жылы Кыргызстандан өз кезинде чыгуучу “Ала-Тоо” журналы, “Кыргыз маданияты”, “Советтик Кыргызстан” сыяктуу басма сөздөргө Кытайдан окурман болуп жазылып, ушул басма сөздөр аркылуу Кыргызстан менен маданий барды-келдинин жолун ачуунун далалатында болдум. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына кытай адабиятчыларынын берген баа-сын макалаларын чогултуп, кыргыз тилине которуп “Алп изинен” деген ат менен “Кызылсуу кыргыз басмасынан” жыйнак кылып чыгардым. Ал Кытайдагы кыргыздардын Айтматовду таануусуна чыйыр катары көрүнгөн эле. Ошондой оң максаттан майнап чыгып 1989-жылы Ч.Айтматовдун чакыртуусу менен Токтогул Сатылгановдун 125 жылдык мааракесине катышып, Кыргызстандагы боордоштор менен кенен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө жетише алдым. Бирок такай кызматташтыкты жасоо 2003-жылдан башталып, Кыргызстанга көп жолу бардым. Ал эми мындай барышымды Кыргызстандагы “Кыргылчалдын эмики урпактары” “ат тезегин кургатпай келип жатат”,- деп (караңыз, “Эл сөзү” гезитинин 2009-жылы 22-декабрь санындагы Айбек Шимшикеевдин макаласында) коошабай, “тыңчылык кылып жүрөт” деген чуут сөздөрү менен гезиттерге жазып, теледен “үрүп” чыга келишти. Мен алардын чуут сөздөрүнө каяша сөз катары эмес, ою оң боордошторума Кыргызстанга “ат тезегин кургатпай” барганымдын ийгиликтерин сыймыктануу менен айтып берүүнүн зарылчылдыгы бар деп ойлодум.

Мен Кыргызстанга баалуулуктарды издеп, “ат тезегин кургатпай” эмнеге бардым?
Кыргызстан деген сөзгө кыргыздардын баалуулуктары уюган деген түшүнүк менен жүргөн мен үчүн, “аттын тезегин кургатпай” эмес, “ат тезеги жерге түшкөнчө” барып туруу ажат деп билем. Кыргызстанда Манас атанын баскан изи, анын арбагы байырлаган “күмбөзү”, Ысык-Көлү кыргыздардын тооп кылып, тазара турган ыйык жери эсептелет. Ошол ыйык жергедеги кыргыздын тили, тарыхы, каада-наркы, адамдык сапаты мага баалуу.

Чын эле, мен Кыргызстанга издеп барганга жараша, кыргыздын көптөгөн баалуулуктарына күбөдөр болдум. Анын биринчиси катары, “Манас” жана анын жомокчуларын – Тыныбекти, Сагымбайды, Саякбайды, мына эмики эле Уркаш Мамбеталиевди, “Манасты” кагаз бетине түшүрүүчү Ыбырайым Абдыракмановду, “Жайсаң-Манасты” айтып жатам. Анан кийин, Кыргызстанда пайгамбардай болгон, жергенин “кызырлары” катары жетилген адамдарга жолукканымды айта алам. Алардан мен аалымдык жолдон мурда адамдык жолду, кыргыздын акыл-эсинин үлгүлөрүн көрдүм. Анда ошол кыргыздын “кызырларына” жолуккан табылгаларымды тыкан айтканга аракет жасайын.

“Ат тезегин кургатпай” барып Чыңгыз Айтматов ага менен 9 жолу көрүштүм (ал жөнүндө “Чыңгыз Айтматовду тогуз жолу зыярат” аттуу эстеме жазып жарыялагамын, ал көп тилдерге которулуп басылды). Чынын айтсам, ар жолу Кыргызстанга сапар тартарда биринчи оюм Чыңгыз Айтматовдун колун дагы бир жолу кармап, эки ооз сөзүн угуп калсам дегенде болот (арийне, бир жумуш бүтүртүп алайын деген ой дегеле келбейт.) Ал кишинин чыгармалары бүт дүйнөлүк сөз эмеспи, аны коё туруп айтсам, бул киши менен бетме-бет отурганда, мага берген түз таасири кыргыздын кылдай жетишкендиктерине сүйүнүп, өксүктөрүнө өкүнүп турганы эч кимдин колунан келбес даражага жетип алганын туйдум. Чыңгыз бар жерде кыргыздын жетишкендиктери, жетишпей жаткан жерлери жөнүндө сөз болот экен, көрүлөт экен. Ал киши да өзүнүн бүт ыкыласы ошондо болгону айкын билинип жүрдү. Кадиресе, кыргыздын тил колдонуусу (кээ бир терминдерге түз эле кыргызча ат коюп бергенин көп эле уктум), тарыхы, ал эми маданиятинин кайсы бир бурчтарына чейин эрикпей сүйлөшүп, анын көйгөйүн бирге тартышып турганына күбө болдум. Ал кишидеги бир бекем ишеним – кыргыздын тарыхта жараткандары баалуу, ал мындан аркысы андан да баалуу дегенде бекем турганы, кыргыздын тилине, адабиятина (“Манаска), тарыхына үмүтсүз кароодо эмес, жетик үмүттө. Кадиресе кыргыз тили менен дүйнөнү таамай түшүндүрүүгө, адабияти менен адамдардын акылын ачууга болот деген бек ишенимди ар жолу Чыңгыз Айтматовдун дилинен туюп алдым. Атаганат! Кыргыздын ар кандай бир кулуну өз улутуна ушунчалык ишеним байлап, аны баалап турса гана! Чыңгыз Айтматовдогу ушул “кызырлык” ишеним мага даарыгансыды. Бул менин Кыргызстанга “ат тезегин кургатпай барган” өмүрлүк дил бекемдөө олжом болду.

Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары Кытай мамлекетинде кытай тилине толук которулган, андан уйгур тилине, казак тилине, моңгул тилине которулду. Ал Кытайдагы кыргыздардын жазуусу менен да көптөгөн чыгармалары басмадан чыкты. Мен Айтматовду изилдөөгө аракет жасап жүрөм, өкүлдүк макалаларымдан: “Манас жана Чыңгыз”, “Чыңгыздын балалык доору – чыгармачылыгынын көрөңгөсү” дегендер бар. Менин баамымда, кыргыз адабияти “Манастан” – “Чыңгызга” чейин эки өркөчтүү адабият болуп көрүндү. Кытайдагы кыргыздар мына ушул түшүнүк менен билет, кыргыз адабиятин. Ал мен “ат тезегин кургатпай” барып, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын жүктөнүп келип, бул жактагы окурмандар менин колум аркылуу окуп турушту. Ал бул кишинин чыгармаларын Кытайдагы кыргыздардын жана башка улуттардын окуулуктарына киргизип окутулуп жатат. Ал мен чыгарып жаткан “Тил жана Котормо” журналында Ч.Айтматовдун тил жөнүндө айткан бардык макалаларын жарыялап турдук. Ошентип, Кытайдагы кыргыздар Айтматовду дүйнөлүк жазуучу катары таануу менен бирге, кыргыз тилинин биринчи күярманы катары эсептейт.

Сыдыкбеков, Жусуев, Эралиев үчүн…
Түгөлбай Сыдыкбеков аксакал-дын кыргыз адабиятындагы ордун, жетишкендигин кыргыз баласы катары чоң баалуулук катары санаймын. «Ат тезегин кургатпай» Кыргызстанга биринчи эле барганда, ал кишинин колун кармаганга насип болгон. Ал киши саламымды алик алгандан кийин эле айткан эки ооз сөзү эмдиге чейин эсимден кетпейт: «Казыбектин чыгармалары силерде көп дейт, басмадан чыгарбайсыңарбы? Кыргыз тили нукура силерде сакталып калды деп угам, ошондон тайыбагыла, ал мен «Көк асаба» аттуу романымды чыгардым, мында жалаң кыргыз тили менен жаздым, окугун» деген сөздөрдү айтып (бул сөз 1989-жылы айтылгандыгы менен маанилүү болуп турат. Ал кезде «Казыбектин чыгармалары», кыргыз тили боюнча Кыргызстанда сөз айтуу опурталдуу эле), сыясы кургай элек ал романына кол тамгасын түшүрүп берген эле. Бул кишинин кыргыз тилине ошончо күйүп, кыргыз тилинин баяндоо күчүн ашырууну максат кылып, атайлап чыгарма жазган оң оюна таазим этип, кыргыз тилинин анык демөөрчүсүнө кол бергениме сыймыктанып келем. Ал кишинин «Өмүр аке жана анын уулу»  чыгармасы биздин окуулукта эртеде эле окутулуп калган. Түгөлбай аксакалдын «Көк асаба» романынан «Теке мерген» бөлүмүн биздеги кыргыздардын окуулугуна кыргыз тилинин байыркы сөздүк корун, сүйлөө таризин көрсөтүү максатында киргиздик. Андан бөлөк, ал кишинин кыргыз тили боюнча атайлап жазган макалаларын «Тил жана котормо» журналында толук жарыяладык. Ал тургай, кээ бир терминдерди ал кишинин айткан сунушу боюнча атай турган болдук. Мисалга, мурда «масса» деген сөздү «калк – калайык» деп эле айтыш керек дегени боюнча атап алдык. Ал кишиде кыргыз сөздөрүн тактоого болгон мындай сунуштары көп болгон. «Ат тезегин кургатпай» барганга жараша, биз Түгөлбай Сыдыкбеков аксакалдын дил дүйнөсүнүн пайдасын абдан көрдүк.

«Ат тезегин кургатпай» Сооронбай Жусуев үчүн барып жүрдүм. Көзгө жылдыздуу, олуянын кебетесин карманган бул киши менен, бир кырдын күңгөй бет жагындагы мөңгүнү мен ичип, тескей жак бетиндеги мөңгүнү Сокем ичип табиятыбыз туташканынан эмес, кыргыз поэзиясынын пирлеринин бирөө катары көргөндүктөн, ар жолу аганын оозунан алтын шилекей чачыратып алууга барам. Чыгармаларын улам жаңыдан чыкканын өзү эле кол коюп белек кылат. Ушунусу менен, китепканамда кадырлуу орунда туруп эле калбай, ал кишинин чыгармалары кытайлык кыргыздардын окуулуктарына кирип, кадиресе балдарыбыз Сооронбай аганын «Кызылсууга, Жүсүп Мамайга арнаган» ырларын жатка айтып жүрүүгө жетишти. Ал мен ал кишинин өз оозу менен айтып берген: «Жазуучу экөө эле болот – торгой, үкү» деген акылыясын биздеги кыргыздарга накыл кылып айтып, калемгерлерди да экиге бөлүп таанып жүрөбүз.

Сүйүнбай Эралиевгө «ат тезегин кургатпай» барып, бүткүл чыгармаларын жүктөп келдим. «Тил жана котормо» журналынын бетин канча жылдап «Сага айткан сыры» кызытып берди. «Акмөөр» кытайлык кыргыздардын жазуусунда чыгуудан мурда эле, окурмандардын оозундагы жомок болуп айтылып жүрчү. Сүйүнбай Эралиевдин лирикасына дилин чайыбаган акын жок. Ал киши: «Философияны кол жетпеген сулуу кыздай көрүп калдым» дегени менен, чыгармаларына кыргыздын эс тутумун жүктөп салганын биздеги кыргыздар баамдашып калды. Чын эле, Сүйүнбай аганын касиеттүү үйүндө отурганда, жеңемдин кыргыздын бул улуу акынын сыйлап отурганын көрүп, ичим жылып, ал кишинин: «Балким, төрөлбөстөн мурда эле, махабатың жалаң мага арналып?

Ал оболу алсыз, назик нур беле,
Кала берген ара жолдо  кармалып… ал
Аңгыча сенин сүйүүң кечиккен,
Тапты акыры … мына бирге  келебиз,
Жаркын үмүт, ыйык сүйүү  ээрчиткен,
Алпаратат биздин турмуш –  кемебиз…»,
деген саптары өз үнү менен окуп жаткандай кулагыма жаңырып турду.

Касымбековдун китептерин артынып, Кеңештин «Кыргыздарын» ташып…
Төлөгөн Касымбековдун чы-гармаларын артынып келип, жакынкы заман кыргыз тарыхын көркөм сөз аркылуу түшүнүп, Курманжан датка, Токтогул сыяктуу адамдарды тарыхый таржымалынан көрөк, көркөм сөздөн көбүрөөк билүүгө жетиштик. Төлөгөн Касымбековдун чыгармаларынан кыргыз каада-салты, тегеле, кыргыздардын сүйлөө таризин көрүп турабыз. Бул кишинин «Сынган кылыч» романы Шинжаңда уйгур тилинде чыкканда автордун жергесин туура эмес жазып койгонун Кытайдагы кыргыздар көтөрүп чыгып, түзөт­түр­гөнгө, кадиресе кечирим суратууга алып бардык. Улуу жазуучудан кечирим сураган катты өз колум менен алып барып тапшырдым. Т. Касымбековдун чыгармалары («Сынган кылыч») кытайлык кыргыздардын адабият окуулугунда, анын сүрөтү толук орто мектеп 9-жылдыктар адабиятынын тышына (мукабасына) басылган. Төлөгөн Касымбековду кытайлык кыргыздарга окутуу түйшүгү менен «ат тезегин кургатпай» барууга туура келген.

Кеңеш Жусупов үчүн «ат тезегин кургатпай» барам. Кыргыздын кылымдардан бери бууп-түйгөн «Кыргыздар» аттуу кенчин «ала капка» салып койгон жеринен алып келдим. Ал кишиден кыргызга кантип эмгек кылуунун өрнөгүн көрдүм. Эмгекке жапалдаш бою жарашкан бул кишинин кыргыз мурастарын чогултуудагы жүрүмүн мен тартсам экен деп аңдыдым. Бизге ат арытып келип, «Кыргыздардын» 4 томун тошкоруп кеткени; «Ала-Тоо» журналын кытайлык кыргыздарга боор тарттырып, сорпо бетине чыккандарын үзбөй тааныштырып турганы; тегеле кыргыздын үзүлгөнүн улап, чачылганын терип жүргөнүнөн үлгү алуу үчүн Кеңеш Жусупов агага «ат тезегин кургатпай» эмес, ат тезеги жерге түшкөнчө жетип барууну убарачылык көрбөй калгамын. Чын эле, бир ооз мисал айта кетейин, бир жылы кышындасы Бишкекте, Кеңеш агага жолугуп калдым, шашылыш ыңгайда көрүнгөнүн, жайын сурасам, «бир чет элдик таанышым чалып жатат, ал чет элдеги бир китепканадан кыргыздын эртедеги кошокторунан таап алдым дейт, ошону алганы баратам» дегени таң калтырып, «Кыргыздарды» кантип жыйнаган машакатын туйгамын. Кеңеш аганын «Кыргыздары» (мурдагысы 5 том, кийинкиси 11 том), «Кыргыздын тулпарлары», «Байыркынын издери», «Кыргыздардын байыркы маданияты», «Жаншерик» сыяктуу китептери кыргыз таануу боюнча илимий макала жазуунун негиздери болуп калды. Ушул баалуулуктар үчүн, «Кыргылчалдын балдарына» жаман көрүнүп «ат тезегин кургатпай» барып жүрбөйүмбү!

Кыргызстанга мени тартып турган дагы бир баалуулук – Бексултан Жакиев менен баарлашуу. Манастын каны түз ушул кишиге куюлуп калгандай сезем. Ачык сөзү, адамдык касиетке тартып турган сапаты менен, кыргыз мүнөзү кандай болот дегенди ушул кишиден көрдүм. «Жан сактоого жеткидей байлыгым, катыныма жеткидей бийлигим болсо, болду» деген накыл сөзүн өзүнүн жашоосунан байката алат. Адамчылык жүрүмдү, кыргызга жанын аябаган күйүмдүүлүктү Бексултан агадан ыроолотуп алса болот. Ал кишинин Алтай Аманжолуну издеп Америкага барып атайын жазган китебин окуп, чындыкты жазмада кандай баяндоонун үлгүсүн таптык. «Атанын тагдыры» Кыргызстанга даңазалуу болуп эле калбай, кытайлык кыргыздардын окуулугунда кыргыз драмачылыгынын өрнөгү катары окутулуп жатат.

Жалил, Казат, Байдылдага барам
Чоң акын Жалил Садыковдун кыргыз элине жасаган чыгармачылык жумуштары менен таа­нышууга Кыргызстанга канча жолу барсаң да өкүнбөйсүң. «Манастын уулу Семетей» баш болгон чыгармаларын бүт жеткизип алдык. Ал киши «Кыргыз маданияты» жумалыгын жетектеп турганда, Кыргыздын «асыл кенчтерин» ачып көргөзө баштаган эле. Ал тургай, Кытайдагы кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармаларын такай тааныштырып турган. 1987-жылы тунгуч жолу аталган гезитте Жүсүп Мамайды тааныштырганы, Кытайдан чыгуучу «Тил жана котормо», «Шинжаң кыргыз адабияты» журналдарын атайлап тааныштырып, кытайлык кыргыздарга боорукерликтин иш-аракетин байкаткан болчу. Ж.Садыковдун сөзүнө кулак төшөгөн кездеримде, ал киши кыргыздардын тарыхында жаралган улуу иштерин азыркынын чыгармачылык ыңгайы менен «кайра төрөлтүп» берүүгө толгонуп турганын туйгамын.

Байдылда Сарногоев үчүн «ат тезегин кургатпай» баруу зарыл болгон. Ал кишинин басмадан чыккан чыгармалары бүт биздин колдо бар, кадиресе адабият окуулуктарында окутулуп жатат. Улуу акындын колун биринчи жолу кармаганда (1989-жылы 2-октябрь): «Эстесем жаным, арак ай, Элжирейт бугум тарабай. Эки күн сени ичпесем, этимден азып кетемин, Эмчектен чыккан баладай» деген сиздин ырыңыз менен эле бакубат жүрөбүз, – деп өзүнүн ыры менен салам айтсам, «ары жагын дагы окубайсыңарбы, «ичпе» деген жерлери да бар», – деп алик алган эле. Кытайлык кыргыздар өз соорундарын кызытууда Байдылда Сарногоевдин ырларын көркөм жатка айтышып отурушат. Бул берекетти Кыргызстанга «ат тезегин кургатпай» баргандын олжосу дээр элем.

Казат Акматовдун кулак молдосу болуу үчүн «ат тезегин кургатпай» барып жүрдүм. Бул адамдагы кишинин табиятын сактоо боюнча айтылган ойлору адамдын өзүн таануусуна өбөлгө болуп берет экен. Ал кишинин чыгармалары боюнча айтпаганда да, Кыргызстандын эгемендүүлүгү боюнча жасаган иштерине көп жолу кулак төшөп, Кыргызстанда «демократиянын жумурткасын» чайкап чыгаргандардын мерчеми көз алдыга келет. Казат Акматовдун кийинки «Архат» романы бизде көп жакшы сөз болуп туру.

Омор Султанов улуу акындын лирикасын алуу үчүн «ат тезегин кургатпай» бардым. Бул кишинин чыгармаларындагы лириканын алоосуна кактануу менен, ал кишидеги кыргыздардын боорукерлигинин жылуу эпкинине боор тосуп алган көп күндөр тояна катары эсте жүрөт.

Асан Жакшылыков ат арытып барууга татыктуу. Ал кишинин акындыктан «оолугуп барып» жазган «Кыргыздын эс  тутуму», «Кыргыз жолу» биздеги кыргыздар «кызылдай союп» сызмалап окуй турган баалуу китеби болуп калды. Аны окуган да арманда, окубаган да арманда болуп турган кезде, «ат тезегин кургатпай» барып жүктөнүп келгемин. Кадиресе жаңы жазган ырын өзү көркөм окуп жаткан турумун – ички сезиминин өңүнө тепкен кездеги, кол сермеп, каалгып бараткан көз ирмемдик элесин, фотого түшүрүп алган сонун көрүнүштөн акындын лириканын «тутанган өртүн» көккө оболотуп жаткан кебетесин көрүп жүрөм. Эгерим, барбаганда, А.Жакшылыковдон алган мындай олжолорду ким бермек?!

Кубатбек Жусубалиевдин чыгармаларындагы кыргыздын сөз алым адаты, ал кишидеги адамды таануудагы ойлорун чыгармаларынан таап алып жүрөбүз. Кыргыз адабиятчыларынын макалаларынан «Азыркы кыргыз адабияты элдик адабияттан чыга албай жатат» деген сындарына кулак көнүкү болуп турган кезде, тээ 1980-жылдарда, ал кишинин бир макаласында: «Кыргыз адабияты элдик адабиятына кире албай жатат» деген көз карашын ортого салган экен, мага ал майдай жаккан эле. Ошондон тартып К.Жусубалиевдин чыгармаларына чычкылуу болуп калгамын. Ал кишиге кол берүү мүмкүнчүлүгүн таба албай жүргөнүм менен, чыгармаларынан баягыл эле Куңзы (Конфуций), Сократтардын ушул доордогу доошу угулуп берет. Ошого Кыргызстанга «ат тезегин кургатпай» барып, Кубатбек Жусубалиевди дагы эле издеп, кадиресе чыккан китептерин жүктөнүп келип жүрөм.

Айтматовчу Абдылдажан жана башкалар
Абдылдажан Акматалиев ме-нен киндигибиз туташып калган. Ага «ат тезегин кургатпай» барбасам болбойт. Ал киндигибизди мындай нерсе байлаптыр: Акматалиев  Айтматовду изилдейт, Айтматовдун кыбыр эткенин Акматалиевден билип кынык тапканбыз. Ал мен да Айтматов десе ичкен ашымды таштап жүгүрөм; Ал «Манасты», элдик чыгармаларды изилдейт, китеп кылып басмадан чыгарат; мага ошолор керек, «Манастын» нечен томдорун, элдик адабияттын желелеш китебинен 40 ты, «Кыргыз адабият тарыхы» 7 том, Чыңгыз Айтматовду изилдеген эмгектерди Абдылдажандан жүктөп келгемин. Менде байлык барбы десе, ушуларды айтар элем. А. Акматалиев ушул эмгектерди кантип иштеп бүтүргөнүн билип, аны туурагым келип, «Кыргылчалдын балдарына» кеп болуп, Кыргызстанга көп барып жатпайымбы.

Камбаралы Бобулов, Эрнис Турсунов, Салижан Жигитов, Абдыганы Эркебаев, Жолон Мамытов, Каныбек Иманалиев, Турар Кожомбердиев, Шайлообек Дүйшеев, Акбар Рыскулов, Кожогелди Култегин, Майрамкан Абылкасымова, Кален Сыдыкова, Бактыгүл Чотурова, Кал­бүбү Сариева сыяктуу акын – жазуу­чулардын чыгармаларын кыргыздын кенчин алган сыңары ар жолу барып ташынып турдум. Бул адамдардын чыгармаларын бир эле жолу барып чогултуп келүүгө эч кимдин дарамети жетпейт. Ал үчүн дагы «Кыргылчалдын балдарына» жаман көрүнүп, «ат тезегин кургатпай» барууга туура келген. Булардан алган ийгиликтерди айтуу бул макалага батпай калды.

Кыргызстанга «ат тезегин кургатпай» барып, чоң илимпоздордон таалим алууга, бир канча эл аралык илимий чогулуштарга катышууга жетиштим. Болуп дагы тил, адабият, тарых, этнография боюнча эмгектенип жаткан илимпоздордон көп пайда көрдүм. Касым Тыныстановдун кыргыз грамматика илимин калыпташтыруусу, Эшеналы Ара-баевдин кыргыз жазуусун «чагатай жазуусунан» бөлүп чыгышы (1911- жылы) кыргыз маданиятынын жаңы түрүнө салган эмгектери болуп, аларды азыркы үчүн колдонууга «ат тезегин кургатпай» Кыргызстанга барууга туура келген.

(Уландысы бар)

“Кыргыз туусу”, 01-11.02.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.