Опера ырчысы Роза Багланова дүйнө салды

Казакстандын маданияты оор жоготууга учурады. СССРдин, Казакстан жана Кыргызстандын эл артисти, белгилүү ырчы Роза Багланова узакка созулган оорудан кийин 89 жаш курагында 7-февралда көз жумду.

Казакстандын эл баатыры, сопрано үндүү опера ырчысы Роза Багланова кыргыз-казак маданий мамилелерине, достук байланыштарына, ырчылык өнөрүнө кошкон зор салымы болгонун СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартпаева айтат.

Сартпаева Роза Багланова менен Түркия, мурдагы Совет Союзундагы он беш республиканын борбор шаарларында биргелешип концерттерди берип, эже-сиңдидей ээрчишип жүрүшчү экен.
– Театралдык коомдун чоң залында, көп форум, концерттерге чогуу катышып, ал кишини жакындан билип калдым эле. Ушунчалык мээримин төгүп, “айланайын сиңлим боласыз” деп, Кайыргүл дебей Каке деп эркелетип турчу. Конок үйлөрүндө бирге болуп калганда бири-бирибизге кирип чай ичишип калганда абдан берекелүү адам эле. Өткөн-кеткенден кеп салып берип, “эки эл бир тууган, биздин айырмабыз жок” деп турар эле. Биздин мамлекет эгемендүүлүк алганда Бишкекке келип кеткен. Мен аларды Ысык-Көлгө алып барып, бир жума чогуу жүргөм. Кыргыздын элдик ырларын да казакча кошуп укмуштуудай сонун ырдачу.

Кайыргүл Сартпаева казактын атактуу ырчысы Роза Багланова Бишкекке келип филармониянын эски имаратында концерт бергенде кыргыздын элдик ыры “Ой тобону” созгондо залдагылар аны сахнадан кетирбей турганын, Багланованын замандаштары Кыдырбек Чодронов, Сайра Кийизбаева, Бүбүсайра Бейшеналиева, Майрам Махмудова аны кетер-кеткенче сый-урматка бөлөшкөнүн эскерди.
– Кыргыз чыгармачыл интелигенциясынын, кыргыз элинин атынан ушул чоң жоготууга боордош казак калкына кайрат айтабыз. Ал кишинин казак элине, Борбор Азия калкына сиңирген эмгеги, ыр маданиятын, өнөрүн көтөрүүдөгү салымы зор эле. Эми аны эскерип далай китептер жазылар, тарых болуп. Далай кептер айтылар, эскерилип. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун демекчибиз.

Белгилүү композитор Мурат Бегалиев Казакстанга барганда Роза Багланова менен дайыма жолугушуп турганын белгилеп, Багланова кыргыз-казак көркөм өнөр адамдарынын ысык мамилеси, чыгармачылык байланыштары тууралуу узун кеп салып берип, өзүнчө эле тирүү энциклопедия болчу дейт.
– Роза эже Иосиф Сталинди, Никита Хрушевди, андан кийинки далай чоңдорду жакшы билген, алар менен чай ичишкен. Ошолор отурган жерде концерттерде ырдаган укмуштуудай чоң инсан болгон. Ырдаган ырлары тээ илгерки элдик ырлардын, кийинки жаңы композиторлордун чыгармаларына чейин аткарган мыкты ырчы болгон. Ата мекендик согушта фронтко барып аскерлерге концерт берип, от менен окту көргөнүн жомоктогудай кылып айтып берсе оозубузду ачып отуруп укчу элек. Кайран киши кыргыз-казак элинин маданий байланышына көпүрө болуп жүрчү эле.

“Көздүү мончок жерде калбайт”
Роза Багланова Москвадагы Кремлде орус элинин “Самара-городок” деген ырын ырдаганда СССРдин ошол кездеги жетекчилери Иосиф Сталин, андан кийинки башкы катчы Никита Хрушев отурган ордуларынан тура калып кол чаап, ырахаттанып угушчу экен.

СССРдин, Казакстан менен Кыргызстандын эл артисти, бир катар мамлекеттик сыйлыктардын ээси Роза Багланова 1922-жылы 1-январда Кызыл-Ордо облусунда туулган. Ташкентте текстил институтунда окуп жүргөндө анын ырдаганын Ташкенттин опера жана балет театрынын жана филармониянын директору Кари Якупов угуп калып, табийгат берген сейрек кездешүүчү ырчылык талантына баа берип, Москвадагы консерваторияга окууга жиберет.

1941-жылы Ата мекендик согуш башталып калып Багланова Өзбекстандын мамлекеттик ыр-бий ансамбли менен фронтко кетет. Кийин Казастандын Абай атындагы опера жана балет театрында, Жамбул атындагы филармонияда чыгармачылыгын улап, атактуу ырчылык даражага жетип, жалпы элдин сүймөнчүлүгүнө айланат. Анын жеке репертуары дүйнөлүк опера өнөрүнүн мыкты композиторлорунун жана казактын композиторлорунун чыгармаларынан, казактын элдик ырларынан турган.

Роза Багланованын аза күтүү зыйнаты 10-февралда Алматыда Абай атындагы опера жана балет театрында өтүп, сөөгү жерге берилет.

Аманбек Жапаров, “Азаттык”, 08.02.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.