ЮНЕСКО «Манас» эпосу боюнча маселени кароо үчүн эки тараптуу комиссия түзүүгө даяр

10-февралда Жогорку Кеңештин жыйынындагы «Ар түрдүү маселелер» бөлүгүндө депутат Карганбек Самаков жакында жумушчу иш сапары менен АКШга барган учурда «Манас» эпосунун Кытайдагы кыргыздардын атынан ЮНЕСКОнун тизмесине катталгандыгынын тегерегинде айтып берди. Ал ЮНЕСКОнун жетекчилиги менен жолугушуп, «Манас» эпосу боюнча кабыл алган чечимин кайра кароосу боюнча Жогорку Кеңештин токтомун кабыл алуу, тагыраак айтканда ЮНЕСКОнун дүйнөлүк рухий мурастар тизмесине «Манас» эпосун Кыргызстандын атынан киргизүүгө жетишүү зарылдыгын билдирди. Анын маалыматы боюнча, ЮНЕСКО «Манас» эпосу боюнча маселени кароо үчүн эки тараптуу комиссия түзүүгө даяр.

Депутат К. Самаков канткен менен кыргыз элинин улуу эпосунун дүйнөлүк абройлуу уюмдун рухий мурастар тизмесине кирип калгандыгынын эч кандай терс жагы жоктугун белгиледи. Анткени Кытайдан болсо деле кыргыздардын атынан катталып жатпайбы.

Э. Момунов, “Кабар” МА, 10.02.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.