“Көктөм” сынагы: Зайырбек Ажыматов

Отуз бешинчи жаз

Жанды эзет шок сезимдин кыйылганы,
Жүрөктүн акыл бирок сыйынганы.
Укмуштай барктуу анан аянычтуу,
Ушул жаз отуз бештин кырындагы.

Жаштыктын турат окшойт баары нурдан,
Жаздарга жарашыктуу шаарын курган.
Эх аттиң, кездер эми кайрылбайт ээ,
Эрдимде помадаңдын даамы турган…

Бир кезде баары бизге жарашчу эле,
Билектер чырмалышып баратты эле.
Аттиң ай, отуз беште келген бул жаз,
Анчалык жүрөгүмдү канатты не?

Өмүргө, сага, жазга тойбой улам,
Өпкүм бар гүлдү, сени колдоруңдан.
Бул дурус…баркыңарды билип кетем,
Орошон отуз бештин ордосунан.

Зайырбек Ажыматов,
“Көктөм” сынагына

Соц тармактар:

One thought on ““Көктөм” сынагы: Зайырбек Ажыматов

  • 20.07.2011 at 15:13
    Permalink

    SONUN!!!!!!!!!! BALI!!!!!!!!!!!!!!!!!!

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.