Атактуулардын алгачкы кадамынан

super.kg сайтынан алынды

Аалы Туткучев, төкмө акын
Айтыш өнөрүнүн сырларын бир жыл окуган. Негизи Аалыга ушул убакыт жетиштүү болгон. Мектепти бүтүп, эртең мамлекеттик экзамендин экинчиси болот деген күнү атасы 51 жашында каза болуп калган. Ошону менен “үйгө жакыныраак болосуң” деп апасы Аалыны Таластан окутмай болот. Айылындагы колунда бар жигиттер “жардам катары жылына эки окуучуну Талас университетине өткөрөбүз” дешип, “Жакшы окуйт” деп эки баланын бирине мугалимдер Аалыны жазып коюшат. Чындыгында Аалынын ал жакка окугусу келген эмес. Кудай жалгап, тиги кишилер да кандайдыр бир себептерден улам, “окутпайбыз” деп айнып калышат. Ошентип, өзү каалаган багытына жакындап Бишкекке жол тартат. Келсе бардык окуу жайларда документ кабыл алуу аяктап калган болот. Анан филармониянын алдындагы эки жылдык студияга тапшырган. Ал жерден чыгармачылыгынан бир үзүм колдонуп, экзамен алып жаткан бир нече адамдын алдында төкмө акын болгусу келерин айтып ырдаган. Арасында отурган бирөө: “Сен жаттап алсаң керек, бул жерде атактуулар отурат. Ошолорду кошуп ырдачы -дейт, – Башка тема бересиңерби, отургандарды тааныбайт экем, – десе, – Эмнесин тааныбайсың, булар – Самара Токтакунова, Анарбек Ибраев” – деп тааныштырат. Аларды үналгы-сыналгыдан угуп, көрүп жүргөнү менен, бет маңдай келгенде тааныбай калган. Ошентип, аларды жамактап ырдагандан кийин “сенден акын чыкпайт” деп кылкыяк бөлүмүнө өткөрүп коюшкан.

Бул боюнча Аалынын айтымында, алардын айтыш бөлүмүнө өткөрбөй коюшкандыгы, комиссиянын курамында төкмө акындардын жоктугунда болгон.

Кылкыяк чертмек түгүл колуна алып көрбөгөн Аалы бул аспаптан жарытылуу нерсе күтпөй “ушинтип кор болот белем” деп кыжаалаттын кучагында калат. Бирок таланты ташкындап турган неме көп өтпөй кылкыякты да үйрөнүп кетет. Кийин бул аспаптын кылында “Курманбек”, “Гүлгаакы” дастандарын ырдап калат. Ошол жылдары аскерге улам-улам чакырта беришкенинен “филармонияда окуйт” деген маалымдама алып барат, мында бул маалымдама аскердик талапка жооп бербей калат. Ошентип, бир жылдан кийин кайрадан Искусство институтунун музыка бөлүмүнө тапшырат. Ал жерде төрт жыл окуп, 5-курста жүрөгү эңсеп келген фольклор бөлүмүнө которулуп, дастан айтуу, айтыш өнөрү боюнча Замирбек Үсөнбаевден сабак алат.

«Фабула» («Кыргыз гезиттер айылы»), 15.02.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.