Бузурман Одуракаев, КРнын эмгек сиңирген артисти: “Түрктөр Ч.Айтматовдун эстелигин тургуза албасаңар, биз тургузабыз деп жатышат…”

1990-жылы тартылган Чыңгыз Айтматовдун “Бетме-бет” кино тасмасында башкы каарман Ысмайылдын, Т. Ибраимовдун “Кошокчу” тасмасында башкы каарман Болоттун, Жаныш Кулманбетовдун “Таштанды кыз” – тасмасында башкы каарман Керимдин ролун жараткан ж.б. көптөгөн кино тасмаларга тартылган белгилүү актёр, Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык жаштар клубунун вице-президенти Бузурман Одуракаев менен маектештик

Бузурман агай, чыгармачыл адамдар арасында буга чейин мамлекеттик сыйлыктар калыстык менен берилбей, элине эмгеги сиңген атактуу инсандар четте калып, искусствого кечээ эле аралашкан адамдар ар кандай мамлекеттик сыйлыктарга ээ болуп жатат деген пикирлер айтылып келди эле. Бул боюнча сиздин пикириңизди уксак?
Бул пикирге толугу менен кошулам. Искусство жаатына кечээ эле аралашкан адамдар эмгек сиңирген артист, эл артиси болуп бүт өмүрүн искусствого арнап, 20-30 жылдан бери эмгектенип келаткан артисттер мамлекеттик сыйлыкка ээ боло албай жүрүшөт. Себеби алар азыркыларчылап, улунуп-жулунуп бирөөнүн ичи койнуна кирип, сыйлык алганды билишпейт. Ырчы Алтынбек Сапаралиев өзү жоош, токпейил, кудай деген адам. Берсең алат, бербесең алам деп жутунбайт. Ошондуктан бүгүнкү күнгө чейин эл артисти наамына ээ боло албай жүрөт. Ал эми азыркы кино режиссёрлор кинону кыргыз элинин руханий маданиятын байытыш үчүн эмес, сыйлык алыш үчүн жаратышат. Актерлор деле ошондой. Мисалы, мен Ч Айтматовдун “Бетме-бет” – же В. Шекспирдин “Гамлет” тасмасына сыйлык алыш үчүн тартылган эмесмин. Аз да болсо, роль жаратып, маданиятка салым кошконума сүйүнгөм. Мамлекет эмгегимди 15 жыл өткөндөн кийин баалап, КРнын эмгек сиңирген артисти наамын ошол кездеги маданият министри Султан Раевдин учурунда ыйгарышты.

Анда сиздин эмгегиңизди Султан Раев баалаган экен да?
Ошондой болсо керек, ал кезде Акаев Маданият министрлигин Билим берүү жана илим министрлигине кошуп салган. Билим министринин маданият жөнүндө кылайган да түшүнүгү жок экен, искусство адамдары кимге барып арыз-муңузбузду айтарыбызды билбей, энесин издеген жетим козудай жетимсиреп калганбыз. Бийликке нааразычылыгыбызды билгизип, кайра-кайра кат жолдоп жатып, Маданият министрлиги кайрадан түзүлгөн. Ошондо Султан Раев министр болуп шайланган. Ал кишини жаман же жакшы иштеди дегенден алысмын, колунан келишинче маданиятты көтөрүүгө аракет кылды. Кийин маданиятсыз улуттун тамыры кыйылып каларын ойлобогон Бакиев министрликти агенттикке айлантып салды.

Актёр катары айтсаңыз, кайсы министр маданиятты көтөрүш үчүн жан үрөп иштеди?
Буга чейин туруктуу иш алпарган министр деле болгон жок да. Көйнөк алмашкандай эле, эки айда бирден алмашып жатпадыбы. Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү Рыскелди Момбеков Бакиевдин убагында сатылып кеткен маданий объектилерди мамлекетке кайтара баштаган. Коррупция менен күрөшүп, Ч.Айтматовдун эстелигин тургузганга аракет көрүп, жакшы иштеп жаткан. Партияга мүчө болгондуктан, 3 айдан кийин министрликти өткөрүп берди. Ч.Айтматов жөнүндө айта кетейин. Дүйнөдө чыгармалары 200 тилге которулган 3 гана жазуучу бар: Л.Толстой, А.Чехов, теңдешсиз залкарыбыз Ч.Айтматовдуку 6 миллион тираж менен которулган. Мына, каза болгонуна 3 жылга жакындап калды, ушул күнгө чейин эстелиги тургузула элек. Бул кыргыз эли үчүн өтө уят иш. Түрктөр айтып жатышат: “эгер силер тургуза албасаңар, биз тургузабыз”- деп, намысыбызга келип, эртелеп ойгонбосок болбойт. Депутаттар Ысык-Көлдөгү Аврора мейманканасын бөлүшө албай убара болуп жатышат. Андан көрө, Аврора деген аттын ордуна Чыңгыз Айтматов атындагы мейманкана деп атап коюшса жарашмак.

Азыркы өсүп келе жаткан жаш актёр, актрисаларга болгон оюңуз кандай?
Азыркы жаш роль жаратуучулар кыргыз киносунун деңгээлин түшүрүүдө. Тасмага тартылыш үчүн, биринчиден, адамда табияттан берилген талант болуш керек. Экинчиден, атайын актёрлук өнөр боюнча сабак алуу зарыл. Бүгүнкү күндө Рустам Аташовго окшогон режиссёрлор оңой акча табуунун жолун издеп, көчөдө жүргөн адамды актёр кылып, көчө сөзү менен сценарий жазып, өмүрү кыска, сапатсыз тасмаларды тартып, адамдардын аң-сезимин булгап жатышат. Андай тасмаларга бөгөт коюш үчүн кино тармагына цензура киргизүү кажет.

Сөз нугун жеке жашооңузга бурсак, балалык күнүңүз кайда өткөн, дегеле актёр болуп калышыңызга эмне түрткү болду эле?
Башкалар сыяктуу эле менин балалык күндөрүм Кыргызстандын ажайып керемет жерлеринин бири Талас облусуна караштуу Арашан деген тепкедей болгон айылда өттү.1962-жылы жарык дүйнөгө келгем. 10 бир туугандын үчүнчүсүмүн. Чоң ата, чоң энемдин тарбиясын алып чоңойгом. Бала кезимен чыгармачылыкка жакын болгондуктан, окууну аяктагандан кийин эле Фрунзедеги Кыргыз академиялык драма театрына окууга тапшыргам. Кийин Алма-Атадагы мамлекеттик театрдын кино институтун бүтүргөм. Ата-энем бир туугандарым Таласта жашашат. Жылыга жайында айылга барып, бала кезимди эстеп эс алып келем. Жубайым, эки кыз, бир уулум бар. Кызым Айсулуу – Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган. Менин жолумду жолдоп, Жаныш Кулманбетовдун “Таштанды кыз”, ошондой эле “Кандуу сүйүү” кино тасмаларына тартылды.

Эркектерди үйдөн жети кадам алыстагандан кийин бойдок деп коёт эмеспи, жубайыңыздын көзүнө чөп салган учурларыңыз болду беле?
Ал нерсе ар бир эле эркектин башында болсо керек. Кудай сактасын, азыр андайга жол бербейм. Бирок, Шайыр Касымалиева менен түшкөн сүрөтүмдү көргөндө жубайымдын кызганып кетмей жайы бар.

Жарнамалык роликтерге тартыла калып жүрөсүз, сыр болбосо тартылуу акыңызды билсек болобу?
Негизи 100 доллар. Баланча сомго тартылам деп чек койбойм, бергенин алам. Бербей койсо капа болбойм.

Маектешкен Мирлан Алымбаев, «Фабула» («Кыргыз гезиттер айылы»), 15.02.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.