«Көктөм» сынагы: Анарбүбү Жумашoва

Өлбөгөнгө жаз да келээр дегендей,
Көп күттүрүп, жаз да келди кебелбей.
Жерден башын кылайтышып көк чыгып,
Жамгыр жаайт жер бетине себелей.

Жан-жаныбар, жандуу нерсе кубанат,
Жазга жеттик, жашоо эми уланат…
Дыйкан бабам соко кайрап чамынып,
Жерин айдап, мол түшүмдү суранат.

Жергебизди күндүн нуру бөпөлөп,
Жаркып-жайнап жаз да келди карачы.
Көкүрөгүн бир азыраак көтөрүп,
Койколоңдоп кайкып учат,
жада калса таранчы…
Жаздын мынча кереметин карачы!

Анарбүбү Жумашова (Алиман)
«Көктөм» сынагына

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.