«Көктөм» сынагы: Сексенбай Турдукожоев

Көктөм
Ак халат чапанын жамынган,
Көк муздан көк мончок тагынган,
Кыш кетти, кош айтып, кол булгап,
Көктөмгө, биз күтүп сагынган.
Табият мыйзамы эң улуу
Мезгили мезгилге багынган.

Байчечек көктөмдүн көк гүлү,
Көк гүлү көрк берет көп күнү.
Төө өркөч түрмөктүү булуттан,
Чартылдайт чагылган өткүнү.
Шашылат энелер ырымдап,
Ургулап дамбыр таш тепшини.

Алдыда Нооруз күн – жаңы күн,
Каалоосу тынчылык баарынын.
Төл башы төрттүлүк күтүрөп
Күн чачсын күлүңдөп ак нурун
Дыйкандын бир күнү «жаз жарыш»
Жаратсын эмгектин толкунун.

Сексенбай Турдукожоев,
«Көктөм» сынагына

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.