“Айтышка” жүрөгүн берген Ашыке…

КР Эл артисти, “Манас” орденинин ээси, жаш төкмө акындардын устаты, белгилүү обончу, ак таңдай акын Ашыраалы Айталиев тирүү болгондо 8-мартта 83 жашка толмок. Кыргыз маданиятына зор эмгек жумшап, өзгөчө төкмөлүк өнөр үчүн жүрөгүн берген Ашыкени байбичеси Наиля апа эскерди.

Ашыкем төрөлгөн 8-март
– Абышкамдын өлгөн күнүнө эки жыл, беш ай болду. Көзү тирүү болгондо 8-мартта 83 жашка толмок. Туулган күнүндө дайыма мени биринчи куттуктачу. Өзү гүлдү жакшы көрүп, үйгө да гүл өстүрчү. Мен уктап атканда туруп кетип, кучак толо гүл, открытка алып, “ай, байбиче тур, майрамың башталды” деп бетимден өпчү. Анан мен сыртка чыгып, ага галстук, калем алып келчүмүн. Бири-бирибизге белек тапшырып, майрамды, туулган күндү баштачубуз. Үйгө конок келерде мага жардам берип, эт туурачу. Картошканы кызарта кууруп, ашты мыкты басат эле. “Ашыке, ашты жакшы басасың го, сен басчы” десем, кудуңдап калчу. Ошентип, абышкам экөөбүз эрмектешип, оокат кылдык. Эми минтип, анын арбагына куран багыштап, эскерип отурам.

Абышкам менен “Нинамын” деп таанышкам…
– Ашыкенин мага чейинки биринчи аялы дагы татар болгон. Ал Таластан болгону менен казактардын арасында өсүптүр. Бир кыз, эки эркек төрөп, кийин бир эркеги каза болуп калды. Андан кийинки мыйзамдуу экинчи аялы менмин. Энемдин энеси кыргыз болуп, Ат-Башыда чоңойдум. Улутум татар экенине өкүнбөйм. Бирок, кыргыздын каада-салтын, тилин үйрөнүп, жашап калганыма сыймыктанам. Ашыраалы экөөбүз 1975-жылы баш коштук. Мен “бу кишиге турмушка чыгам” деп ойлогон эмесмин. Кудайдын буйругу экен, үйлөнүп калдык. Өзүм политехтин почта тармагын бүткөм. Нарындын борбордук почтасында иштечүмүн. Анан кирип-чыккан киши көп болот да, Ашыкени байкаган эмесмин. Көзүм көк, кебетем оруска окшоп, бирок, кыргызча сүйлөп атсам таң калып, мени жактырып калыптыр. Анын дагы татынакай жаш кези. Бир жолу кечки саат сегизде почтаны жаап атсам, дос баласы менен жаныма басып келди. Мага тийишип, аты-жөнүмдү сурады эле, ысымымды “Нина” деп, фамилиямды айтпай койдум. “Жолдошуң барбы?” деди, “жолдошум, беш балам бар” деп калп айттым (күлүп). Чындыгында биринчи күйөөмдөн бир кызым бар болчу. Кызымды апам багып аткан. Кыска жооп берип, үйүмө кетип калдым. Эртеси дем алыш эле, Ат-Башыга апам менен кызыма жөнөдүм. Айылдан келсем, Турсун деген кошунам “ай, курдаш, менден жашырып жүргөн жигитиң бар турбайбы? Айталиев деген кыргыз акыны келип кетти. Чачты серпип, фотоаппарат тагынып, көк пальто кийип алыптыр” деди. “Башымды оорутпа, мен андай жигитти тааныбайм” деп үйгө кирдим. Чын эле тааныбайт элем. Көрсө, Ашыкелер Нарынга гастролдоп келиптир. Аны мага кийин айтып атпайбы. Ошондон кийин жабышты да калды, кат жөнөтүп, телефон чалып, Ошко барганда алма, анарды кагазга бирден ороп, посылка салып турду. Бир курдай кара түстөгү жибек жоолук салды. Убакыт билинбей өтөт экен, сегиз жыл сүйлөштүк. Шаарга окууга барганымда колумду сурап, Ат-Башыдан өзү көчүрүп келди.

“Ашыкеден бала төрөбөдүм…”
– Үйлөнгөндөн кийин бир кишинин жепирейген тооканадай батиринде жашадык. Атаңар ушундай кенебес киши эле, кабагым-кашым дебей өз ишин кылып жүрө берчү. Үйдөгү түйшүктүн баары мага жүктөлдү. Оокатыбыздын көбү үйгө батпай, сыртта калды. Достору келгенде кенедей бөлмөдөн мага орун табылчу эмес. Анан чуркап жүрүп, 1-май көчөсүнөн барак тибиндеги бир бөлмөлүү үй алдык. Батирден кутулганыбыз менен жыргап кеткен жокпуз. 1978-жылы кырсыкка учурап, жети жарым айлык балам боюмдан түшүп калды. Ошондон кийин зыян таптымбы билбейм, Ашыкеден бала төрөгөн жокмун. (Биринчи никемден кызым бар. Учурда беш небере, үч чөбөрөлүү болдум). Бир күнү кайненем инсульт болуп, сол ыптасы кыймылдабай калды. Кайнатам экөөнү шаарга алып келип, баягы бир бөлмөдө Маржан аттуу неберем менен бешөөбүз жашадык. Баарынан да мага кыйын болду, № 22 почтада жетекчимин. Тартип катуу. Келген каттарды убагында жеткирбесең, жыйналышка түшөсүң. Үйгө келип кайненемди, кайнатамды карашым керек. Ашыраалы болсо, беш күн үйдө болсо, калган күндөрү гастролдоп кетет. Тырмалаңдап кайненемди дагарага салып, жуунтам. Сегиз жыл биздин колдо болду. Кичине бошосом эле министр Асанбек Стамовго барып, “үй жагынан жардам бергиле” деп жалдырайм. Ал киши мени контордон чыгарганча шашат. Анан Ашыраалы келгенде “мындай оокатыңа чыдабайм, бир айласын тап же болбосо кетем” деп ыйладым. Аргасыз Стамовго барып “жеңең жанымды койбогонунан сага келдим, жардам бер” деди. “Аракет кылып атам” деп сооротуп, жөнөтүп жиберди. Ошол күнү Кудайдан болуп, алдыбыздан Кеңеш Кулматов (чоң болуп иштечү) чыгып, ал-акыбал сурашып калдык. “Араң турган көз эле, чыгып кетти өзү эле” дегендей, казанга түшкөн буудайдай куурулуп турган жаным, “үйүбүз жок, бир бөлмөдө кысылып жашап атабыз, жардам бербесең болбойт” деп арманымды айтып, ыйладым. Көп сөз болду. “Оо кокуй Ашыке, сизде үй жокпу?” деп бака-шака түшүп, тез арада маселени чечип берерин айтты. Анын жардамы менен он күндүн ичинде азыркы жашап аткан үч бөлмөлүү үйүбүздү алдык.

Кенебес таланттын кең пейилдиги
– Чыгармачыл адамдын дүйнөсүн түшүнүп жашаш кыйын. Кээде жаш баладан да кичинекей болуп кетет. Айрыкча, бир деме жазып атканда бала толготкондой болуп, эч нерсе жактырбайт. Кокус “шырк” этип кетсе, же катуурак сүйлөсөң балакетке каласың… Таарынып, “сен мени кагасың” деп кыялымды көрсөтсөм, “кечирип койчу, сага алаксып, мээмдеги учкунум учуп кетип атпайбы” деп сооротчу. Шакирт балдары чет мамлекетке, казактар менен айтышууга кеткенде түнү менен насыбайын тартып, ары-бери басып, уктачу эмес. Кокус, “Айтышта” балдардын аты чыкпай калса, “ушинтип, сынып калышабы?” деп кайгырчу. Ал эми жеңип келсе, көйнөгүнө батпай сүйүнүп, дардаңдап калчу. Кээ бир акындарча наамга, атакка жулунган жок. Кээде аялдык кылып, “ай, сен деле чуркасаң боло, бирдемеге илинип каларсың” десем, “ушуга да шүгүр” деп кенебейт эле. 1993-жылы КРнын Эл артисти наамын алды. 75-жылдыгында Аскар Акаев III даражадагы “Манас” орденин ыйгарды. Ал эми “Айтыш” коомунун негиздөөчүсү Садык Шер Нияз өзү демилге көтөрүп, Опера жана балет театрында 80-жылдыгын өткөрдү. Бул балага өлсөм сөөгүм ыраазы. Абышкам тарбиялаган шакирт балдардын катышуусунда беш саат айтыш болду. Капа болгонум “Ашыкенин 80 жылдыгына карата” деп министрлик “Мыктылардын мыктысы” деген значок берип жибериптир. Кабыргам кайышып, ыза болдум. Ал значокту кечээки эле артисттер тагынып атат. Ашыраалынын эмгегин, министрлик баалабаганы менен кыргыз эли баалап атат…

Өлөрүнө ишенген эмесмин…
– Ашыкем көп ооруду. Дем алалбай кышылдап атса дагы, “байбиче, мени кийинтчи, акын балдарыма сабак өтүп келейин. Барбасам, жаш балдар жомок айтып, каткырып-күлүп отурат” деп “Айтыш” коомуна жөнөчү. Таксиге салып, “Элмирбек же Азамат, атаңар кетти, тосуп алгыла” деп кабарлачумун. Ооруп, көзү илинип баратса дагы, балдардын сөзүн тыңшап, маани берчү. Өлөр алдында өзүм да ооруп, ооруканга он күн жаттым. Үйгө чыгып келсем ал-акыбалы оорлоп, арыктап калыптыр. Инфаркт алып, хирургияга жатты. Кант диабети дагы бар эле. Бир күнү Айтта аш басып барсам, бейтаптарды тегерете отургузуп, бир нерселерди кобурап, күлдүрүп атыптыр. Сүйүнүп калдым. Эртеси күнү эртең менен жанындагы бала телефон чалып, “апа, тез келиңиз, атам түнү менен кыйналып чыкты” деди. Жүрөгүм түшүп, үйдөгү кебетем менен жетип бардым. Өңү бузулуп, көзү жакшы эмес, шалдырап жатыптыр. “Кемпир, түндө курсагым ачты. Столдогу печенье, конфеттин баарын жедим. Билбейм, башым тегеренип, жаман болуп атам” деди. Дароо дарыгерлерге айтып, бака-шака түшүп калдык. Реанимацияга барып, ийне сайгандан кийин жакшы болгонсуду. Үйгө барып, ысык тамак жасап, неберемди жөнөттүм. Түнкү саат он болду, Маржандан дайын жок. Телефон чалсам, “апа, сарсанаа болбоңуз, атамдын жанына киши жатыш керек экен, мен калдым” дейт. Таң атканча уктай алсамчы. Анан чыдабай жетип бардым. Акыбалы начар экен. Бир ыптасы кара көк болуп калыптыр. Чоочуп “эмне болду?” десем, “жаткан жеримден кулап түштүм” дейт. Мен ойлойм, өзү уялчаак эле, анан дааратканага чыгам деп, жыгылган окшойт. Антпесе, анча көгөрбөйт эле. Ошондон кийин начарлай баштады. Сегиз күн бактым. Болгон керээзин айтып, бири-бирибизден кечирим сураштык. “Менин кыялыма чыдадың, сени кандай кыйнаганымды билем. Сага ыраазымын” деди. “Өлүп калат” деп таптакыр ойлогум келген жок. Кымбат дарыларды сайып, дарыгерлер жакшы карап атышты. Түнү менен абдан кыйналды. Таң атканда “байбиче, жамбашым ооруп кетти, мени оодарып жаткырчы” деди. Оодарылганга да шайы келбей калган эле. Бөлмөнүн ичи суук болчу. Жуунуп келип, сүлгүнү алайын десем буту менен жуурканды силкип жиберди. “Кантет, суук болуп атса ачынып…” деп бутун кымтып койдум. Тескери карап жаткан, бетин караган эмесмин. Бир убакта бир колун силкип, дагы жуурканды ачты. “Ашыке, жаш балача эркелебечи…” деп колун кармасам, эчак муздап калыптыр (көзүнөн жашын сүртүп)… Өкүрүп эле жатып калдым. Күйөө балам, кызым, тууган-урук келип, алып чыгып кеттик. Рахмат, эл-журттан айланайын. Үйгө барсак, короонун алдында акындар чогулуп калыптыр. Аалы менен Азамат тосуп алды. Туубасам дагы тутунган балдарым колдон-буттан алып, көтөрүп кетишти. Балдары, өзүм кошок айтып, атаңарды узаттык… Өзү өлсө да, артында эмгеги элге, сый-урматы мага калып отурат. Келе жаткан 8-мартта арбагына куран багыштайм. Жанын жаннаттан берсин!

Айнура Касымова, “Учур” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 03.03.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.