«Көктөм» сынагы: Дыйканбек Шамшидин уулу

Кут болсун, Нооруз майрам элибизге

Жашоого кулач жайып жазгы көктөм,
Адамга жаратылыш сырын төккөн.
Тыңшачы бир аз туруп айлана,
Үн салат түркүн куштар сайрап көктөн.

Мына жаз, табигатка келген майрам,
Сулуулук өз дүйнөсүн кенен жайган.
Суктанып карап эле тургуң келет,
Жаралып келаткандай жаңы аалам.

Жазгы жел эркелетип сылап өткөн,
Алынан тайган кышты сынап өткөн
Сенселтип ар адамдын саамай чачын,
Сезимден бир тамчы ыр сурап өткөн.

Мына жаз, мына жашоо, мына көктөм.
Кылтайып бой көтөрүп чөптөр өскөн,
Ойгонуп байчечекей кар алдынан,
Ийилип сулуу жазга таазим кылган.

Мына жаз, мына көркөм таза дүйнө,
Эркелеп жер энебиз жарык күнгө
Эх чиркин, кала берсе кандай сонун,
Өзгөрбөй жашоо жүзү ушул түрдө.

Күн чачып баарыбызга жылуулугун,
Дүйнөгө даңазалайт улуулугун.
Жан кирди, жер бетине карлар эрип,
Жер ачып кыштан каткан сулуулугун.

Шылдырап булак тоодон тынбай агат,
Кыялда жаз жөнүндө обон салат.
Байкабай же суктанбай коюу – күнөө,
Табият сыры менен үмүт жанат.

Карачы, бак-дарактар бүчүр байлап,
Бул дагы жаздын берген жарчысындай.
Тыңшачы, бутагында куштар сайрап,
Бул дагы жаздан келген ырчысындай.

Биз үчүн жарык жанган өмүр шаңы,
Мына жаз, ойлоп көрсөң жашоо таңы.
Тазалап адамзаттын жан дүйнөсүн,
Ар бир жаз окшош эмес улам жаңы.

Быйыл да жаз баш багып таасир берип,
Суктанып жан- дүйнөм сергип турат.
Мен үчүн ыр дүйнөсүн ала келди,
Толкундап ошондуктан эргип турам.

Анткени, жаздан аалам ырдын сабын,
Сыйкырлап кучагына алат баарын.
Дыйкандар үмүт менен үрөөн себип,
Тер чачып, жазда көрөт кыштын камын.

Элине кучак жайып кыргыз жери,
Ноорузга камын  көрүп турган кези.
Төрт мезгил түрдүү болгон Ысык-көлдө,
Чайпалып жазга таазим кылган кези.

Кут болсун, келген Нооруз элибизге,
Береке, ырыс толсун жерибизге.
Татыктуу улуу кадам жасайлычы,
Күч берип дем кошулуп демибизге.

Каалаймын, кыргызыма чын жүрөктөн,
Жаздагы назиктикти, сулуулукту.
Бирин-бири достук менен колдоп турган,
Биримдик, жан дүйнөгө жылуулукту.

Дыйканбек Шамшидин уулу,
«Көктөм» сынагына

Соц тармактар:

One thought on “«Көктөм» сынагы: Дыйканбек Шамшидин уулу

  • 16.03.2011 at 20:09
    Permalink

    мен бул сайттын дайымкы коногу болгондуктан мындай конкурстарды уюштуруп жатканынарга кубанычтамын. Дыйканбектин ыры жакшы экен.Ноорузду жазды кошкону жакшы болуптур!

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.