«Көктөм» сынагы: Жыпара Арыкова

Эстесем жазды…

Эстесем  жазды,
Аксыдан арман угулат.
Эстесем жазды,
Ээгимден тамчы куюлат.
Эстесем жазды
Эр жигит келет окко учкан,
Эстетет жазым
«Эрлерди» элди толкуткан.

Жарылып чуркап
Жаз менен жамгыр алдында,
Жаш кетти жандар,
Ата Журт үчүн жан кыйган.
Жаш тамып көктөн,
Жашыган көктөм эсимде,
Жетими дагы, жесири дагы кайгырган.

Жетимиш жигит
Жер жыттап  барып кулаган,
Эстедим жазды
Эңшерет мынча  бул аалам.
Томуктай жандар,
Томпоюп тоонун боорунда,
Топурак уучтап,
Тоолуктар үчүн сулаган.
Эстедим жазды…

Эшикте жамгыр…
Ыйыбы жетим, жесирдин,
Эсирген байдын
эси жок ишин кечиргин!
Эшикте жамгыр…
Тамчылар ырдайт
Арманды,
Тамчылар ыйы
Атасыз калган жандардын!
Эшикте жамгыр…

Жыпара Арыкова,
«Көктөм» сынагына

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.