КРнын эл артисти Гүлсүн Мамашева менен маек

“Сагынуу”, “Кыштак четинде”, “Айбыгуу”, “Сенин элесиң” аттуу ырлары менен эл жүрөгүнөн түнөк тапкан ырчы Гүлсүн Мамашева чыгармачыл чөйрөгө 17 жашынан баштап аралаша баштаган. Азыр эжени “Жер каймактагандагы Гүлсүн Мамашева” деп кайда барса жылуу тосуп алышат. Алгачкы эстрада карлыгачтарынын бири болгон Гүлсүн эжебиз 7-март күнү президенттин чечими менен КРнын эл артисти наамын алып, элдин куттугуна тунуп турган учуру. Ар бир адамдын жасаган эмгегинин акыбети өз учурунда кайтып турса… өзгөчө чыгармачыл адамдарга зор дем-күч болмок беле…

Гүлсүн эже, сыйлыгыңыз кут болсун! Сиздин атыңыз наам бөлүштүрүү жетекчилеринин эшигин канча жолу каккылады эле?
Он эки жылдан бери мени КРнын эл артисти наамына көрсөтүп келишти. Мен эмгек сиңирген артист наамын да кеч алгам. 1994-жылы тунгуч президентибиз Аскар Акаев менин наамымдын жок экендигин билип калып, КРнын эмгек сиңирген артисти наамын берген. Буга сиздер менен чогуу иштеген Баратбай Аракеевдин да тиешеси бар. Ал бир топ адамдарды уюштуруп, бийлик башындагыларга кат жолдоп, анан кайсы бир концертте сахнадан өзүмдү жөпжөнөкөй артист деп айтып жиберип, ошол сөзүм А. Акаевге жетип бир жумадан кийин сыйлыкты алгам. Дегинкиси, менин президенттерден жолум бар экен. Элдин тандоосу менен келген Роза Исаковна Отунбаева да менин ушул кезге чейин Эл артисти наамын албай жүргөнүмдү билип, мага КРнын эл артисти деген сыйлыкты берди. Орто Азия мамлекеттеринин арасынан биринчи аялзатынан президент болгон Роза Исаковнанын колунан сыйлык алганыма абдан сыймыктанам. Дагы бир баса белгилей кете турган жагдай, менин аталган наамга ээ болушума мурдагы Маданият министри Рыскелди Момбековдун салымы зор болду. Рыскелди министр болуп турганда менин документтеримди чогултуп, жогору жакка сунуштаган. Ошол сунуш боюнча эл артисти наамын алып отурам. Негизи наамды берүү президентибиздин чечими менен болду десем жаңылышпайм.

Сиздин атыңыз көп жолу сунушталыптыр. Айтсаңыз, өтпөй калды деген сөздү укканда кандай абалда болуп жаттыңыз?
12 жылдын ичинде мага наам бербей жатышат деп көз жаш төгүп, ар кимге барып арызданып ийген жокмун. Себеби мага кимдер карөзгөйлүк кылып, кимдер аталган наамды алганымды каалабай жатканын жатка билчүмүн. Ошондой жан дүйнөлөрү тар адамдардын алдында кичирейгим келген жок. Айрым учурларда журналисттерге “наам туурасында суроо бербесеңер интервью берем”- деп айтчумун. Кээде болбой эле сурап калышчу. Үстүртөдөн эле жооп берип койчумун. Ушул кезге чейин “мага бул карасанатайлык кылып жатат”- деп кимдир бирөөгө барып, арызданган эмесмин. Пенденин бут тоскону, жасаган терс иштери, жаманчылыгы убактылуу эле экен. Кудайдын көзү түз болушу керек. Кудай буйруп койсо, эртеби-кечпи берчү нерсесин берет экен.

Наамдардын сатылып калганы көптөн бери эл ичинде айтылып келе жатат…
Ушул жылы көп жылдан бери наамга жетпей жүргөн, чыныгы талант ээлери Роза Исаковна бийлик башына келгенде сыйлык алып жатышат. Бул чындык. Чындыкты айткандан качпоо керек. Ал эми кимдир бирөөлөрдүн тааныш-билиштик менен же акчага сатып алганын өз көзүм менен көрүп, колум менен кармап алган жокмун. Бирок эл арасында ушул сөздүн арбын айтылып жүргөнүн билем. Карапайым адамдардын сөз кылганын көп угам. Кыргызда: “шамал болбосо,чөптүн башы кыймылдабайт”- деген мыкты сөз бар эмеспи. Бул сөздөр да тегин жерден айтылбаса керек. Бир мандем бар да. Ошол үчүн ушул сөздөр чыгууда. Ал эле эмес, айрым ырчылар өздөрү деле кантип наам алганын капыстан балп эттирип айтып алып жатпайбы.

Жогоруда мага бут тоскон адамдар көп, кимдер экендигин да билем дедиңиз. Алар сизге кандай критерийлердин негизинде бут тосуп келишти эле?
Издесе, критерийлер табыла берет. Бирок жогорку кызматта отурган адамдар ошол критерийлерге карабашы керек болчу. Тереңирээк ойлонгон, пенделик пастыктан жогору турган адамдар жетекчилик орундарга келгенде мындай калыстыктар жаралмак эмес. Негизи эле бийлик башына ушактан алыс адам келиши зарыл экен. Көрө албаган адамдардын болбогон ушактары үчүн канча деген мыкты таланттар наамсыз жалган дүйнө менен кош айтышты. Бул акылга сыйгыс, уят иш болду.

Мага баланча же түкүнчө бут тоскон деп айткым келбейт. Карасанатайлык менен күн кечирген, пенделик пастыкка алдырган адамдардын алдында өзүмдү кичирейтким келбейт. Ошолор мени кичирейтебиз деп жатып өздөрү кичирейип калды. Алды качып кетти. Менсиз эле элдин каарына, каргышына калды. Айрымдары көчөдө калышты. Аларды кудай жазалады. Кудай өз жазасын берди. Адамды эч качан адам жазалай албайт. Болгону жакшы адамдар жамандарды асыл сапаттары менен жеңе алат. Мыкты адамдын артыкчылыгы да жетишкендиги да ушул сапатында. Мен кээ бирөөлөр сыяктуу чычалап, кайым айтышып, ар бир гезитке арыздана бергенде өзүмдүн деңгээлимди түшүрүп алмакмын. Алардын алдында бүжүрөп калмакмын. Мына ушуну билип, андай жолго барбадым. Айрым адилетсиздердин чыгарган ар кандай ушактарынын айынан не деген залкар, талант Рыспай Абдыкадыровду жалгыз наам менен келбес сапарга узаттык. Ушактын кулу болуп жүрүп, зор талант Мукан Рыскулбековдун кыргыз музыкасына кошкон опол-тоодой талантын көрбөй эмгек сиңирген сыйлыкты берип гана тим болдук. Жолдошбек Мамажанов деген жигитибиз кандай талант эле. Ал да наамы жок жылаңач кетти. Мына кыргыз киносу менен театрынын жүзү болгон Таттыбүбү Турсунбаевачы?.. Ушунун баары калыстыкпы? Калыстык деп ким айта алат? Ушакка ишенген майда-чүйдө чиновниктер эл башына келгенде ушундай болот экен. Алардын көзүн май басып калабы, же жанында мактаган кишилерди эле көрүп, калганын көрбөй калабы, билбейм. Аны бир Кудай гана билбесе…

Тааныш-билиштик менен татыксыздарга деле наам бериле берип, наамдардын баркы кетти деген сөзгө кандай жооп айтар элеңиз?
Мындай наамдарды бизде бир тобу алды. Кандай жол менен кантип алышты бүт баарын силер жатка билесиңер. Мен билгенди элдин баары билет. Алардын көбү ыңгайлуу жактарын карашты. Жакшы күйөөгө тийип, жакшы карьера жасап алышты. Эгер андай боло турган болсо аларга эл артистинин эмне кереги бар эле? Чыныгы эмгек сиңирген, чыгармачылыкка эт-бети менен кетип башын сайып койгон артисттер алса болбойт беле?

Убагында мага да абдан көп киши кызыккан. Азыркы өзүн “укмушмун” дегендерден да көп кишилер көз арткан. Мага кызыккандай азыркы кыздардын бирөөнө да кызыга электир. Алардын баары тең чоң кызматтарда иштеген, эл башкарган мыкты кишилер болчу. Бирок мен бирөөнө да алданган жокмун. Ырасында мындай учур болгон. Мен үй-бүлөмдү сактагам, сахнаны таштаган эмесмин. Үй-бүлөмдү да, сахнаны да эч нерсеге алмаштырган жокмун. Байлык, бийлик, бакыт – менин балдарым жана ыйык сахна болду. Эл артисти деген наамды да боорум менен жылып жүрүп жеттим. Мен ушуга сыймыктанам.

Айрым жаш ырчылар улуу муундагы ырчылардын дарегине бир топ сындарды айтып келишет. Ал айтылган сындардан сиз да кабардар болсоңуз керек?
Биздин учурда саналуу гана ырчылар бар болчу. Ошол замандын өз мыйзамы бар эле. Ал абдан күчтүү мыйзам болчу. Ал кездеги ырчылар үй-бүлөнү экинчи орунга коюп, карьера деп кете алчу эмес. Антип кетсе, сахна менен да биротоло коштошмок. Ошол себептен менин замандаштарымдын көбү үй-бүлөсүнүн артынан кетти. Бир-эки жолу капысынан бир ырчы сиңдимдин маегин окуп калдым. “Бизден мурунку ырчылар бузулуп, ичип кеткен. Мен гана жалгыз таза келе жатам” дегендей, чындыкка коошпогон сөздөрдү айтыптыр. Аябай ачуум келди. Ошол ырчы биз тарткан азапты тартып көрдү бекен? Алар наамдардын баарына самолет менен жетип жатышат. 3-4 жылдын ичинде кош-кош наам алгандар болду. Биздин учурдагы ырчылардын баркы менен бүгүнкү күндүкүн салыштырып кароого болобу? Албетте, жок. Бизге сын такканга жаштардын эч кандай жолу жок. Алардын ырын кылымдап элдер ырдайбы? А биздин ырды мына жарым кылымдан бери ырдап келе жатышат. Кеп ушунда. Ушул маекти окугандан кийин намыс үчүн көгөрүп жүрүп эл артисти наамын алдым. Мунун ичинде Гүлмайрам да, Зейнеп да, Сабира эже да бар. Мен ошолор үчүн, өзүбүздүн муун үчүн жалгыз күрөштүм. Тагдырдын ар кандай тоскоолдуктарына эч качан сын коюп, мыйыгыбыздан жылмайбашыбыз керек. Ал нерсе кайсы бир күнү өзүңдүн башыңа урулган муш болушу ыктымал. Негизи катын ушак, майда ушакка кирбейин деп мындай нерселерди таптакыр айтчу эмес элем. Азыр айтканга мезгил жетти го деп ойлойм.

Мындан бир нече күн мурда түз эфирде отурсам, бирөө “Беш-алты ыр менен эле эл артисти наамын бере берет бекен?- деп суроо узатып жатат. Анын ким экендигин жакшы билем. Кеп санда эмес, сапатта. Биздин доордогу ырчылардай болуш үчүн кит болуш керек. Майда-чүйдө чабактарга көңүл да бурбайм.

Чыгармачыл жаатта дагы кандай иш-аракеттерди жасайын деп жатасыз?
Эл артисти наамына жетсем эле болду деп күтүп жүргөн эмесмин. Ушуну алып эле отуруп калам дегенден алысмын. Эч кандай наам албай туруп деле чыгармачылык менен алектенсе болот. Мени чүнчүтүүнү каалаган адамдардын карасанатайлык иштеринен кайрат алып, жаңы ырларды жаздырып, бир жерден бут тоссо, экинчи жерден чыга калып отуруп 63 жашка келдим. Мага адилетсиздик кылган адамдардын жасаган иштерин миң бир түн да айтып бүтө албайм. Бирок мен жаман ойлуу адамдардын казган чуңкуруна түшкөн жокмун. Андай адамдарды унчукпай гана токтоолук менен жеңдим. Чыгармачыл жолума коюлган тосмолордун баарынан татыктуу чыга алдым деп ойлойм.

Азыр наамды алып деле чыгармачылык жаатта тынымсыз эмгектенип жатам. Жакында эле жаңы жети ыр жаздырдым. Учурда радиолордон кетип жатат. Телекөрсөтүүгө жаз келип, жер көгөрсө тарталы деп жатышат. Чыгармачылык жолумда кыйынчылыктар арбын болду. Бирок мен бардык учурда чыгармачылыгымды калтырган жокмун. Барга көппөй, жокко чөкпөөгө аябай аракет кылдым. Эл артистин беришти. Буга рахмат. Калыстыкты кармаган кишилер бар экен. Дүйнө ошол үчүн кармалып турат. Жакшыны жакшы, жаманды жаман деп айта турган да кишилер бар экен. Ошондой кишилердин бири бийлик башына келиптир. Ал азыркы президентибиз. Мен ал кишиге чексиз ыраазымын. 12 жылдан бери ала албай жүргөн туумду алып берди. Түшүнгөн кишиге Роза Исаковна Кыргызстанды оор кырдаал учурунда башкарып, мамлекеттин бүтүндүгүн сактап калды. Ал кишиге таазим кылам. Мага наам бергени үчүн эмес, кылычтын мизинде турган өлкөбүздү акылдуулук менен башкарып кеткени үчүн.

Үй-бүлөңүз туурасында да кеп сала кетпейсизби?
Эки эркек, бир кызым, жети неберем бар. Кудайга шүгүр, баары жакшы. Баары тең үйлүү-жайлуу. Баягы балдарымды багам, күйөөмдү карайм деп кеткен 10 жылым талаага кетпептир. Кудайдын көзү түз экен бала-чакам аман, тынч. Кээ бирөөлөр интервью бергендей, “Мен өтө бактылуумун, баймын”- деп айтуудан алысмын. Туура эмес сүйлөп, кудайдын каарына калып калуудан корком. Кесир сүйлөп алуудан сактанам. Кудай элден кем кылбай ырыскыбызды берип жатат. Ошого ыраазымын. Менин наам алышымды мен эмес, эл катуу күткөн окшойт. Баары чалып куттуктап, кубанып жатышат. Силер аркылуу баарына ыраазычылык билдирип кетким келет.

Маектешкен Жаркынай Кадыркулова, «Фабула» («Кыргыз гезиттер айылы»), 15.03.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.