Р. Отунбаева: Манас эпосу ЮНЕСКОго жаңы номинация боюнча көрсөтүлөт

Манас эпосун ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурас тизмесине жаңы номинация боюнча көрсөтүлмөкчү. Бул туурасында бүгүн мамлекеттик резиденцияда өткөн брифингде Президент Роза Отунбаева билдирди.

Мамлекет башчысы АКШга болгон иш сапарында ЮНЕСКОнун жетекчилиги менен жолугушуп, анда эки-үч жылдан бери кызуу талашты жаратып келаткан Манас эпосу боюнча маселе талкуулангандыгын айтты. “Биз эпосту бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү үчүн жаңы номинацияны киргизишибиз керек. Бул багытта ишти баштап, Манасты жаңы номинация боюнча киргизүүгө негиз түзүшүбүз зарыл”, – дейт Р. Отунбаева.

Президенттин айтуусунда, ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурас тизмесине киргизүү үчүн каражат жагын камсыз кылуу зарыл. “Кытай эпосту тизмеге киргизүүдө өтө көп каражатты берип, манасчылар колдоого алынаарын белгилешкен. Биз да ири каражат бөлгөн учурда гана Манасты бүткүл дүйнөлүк мурас тизмесине киргизе алабыз”, – деди ал.

Мээрим Ибраева, «Кабар» МА, 15.03.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.