«Көктөм» сынагынын жыйынтыгы

Бир ай аралыгында өткөн биздин блог уюштурган бир ырдын “Көктөм” атындагы сынагына 15 акын өз ыры менен катышты.  Жыргалбек Касаболотов, Олжобай Шакир, Марат Токоев жана сынактын демөөрчүсү “Бийиктик” басмаканасынын жетекчиси Жумадин Кадыров кирген жюри төмөнкү жыйынтыкка келди:

1-орун – Бакыт Жунусалиев;

2-орун – Зайырбек Ажыматов;

3-орун – Жыпара Арыкова.

Биздин блогго түшкөн пикирлер жана “Мой мирде” жүргүзүлгөн сурамжылоонун негизинде “Кыргыз маданият борбору” блогунун окурмандарынын атайын сыйлыгынын ээси да аныкталды. Баарынан көп жакшы маанайдагы пикирлерге Мелис Маматжан уулунун ыры татыды.

Сыйлыктар жакынкы күндөрү атайы уюштурулган азем учурунда тапшырылмакчы. Кеченин өтө турган убактысы, орду кийинчирээк маалымдалат.

Бидин сынакка катышкан акындарга, ырларды окуп пикирлери менен бөлүшкөн окурмандарыбызга өз ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бир ырдын сынактары мындан ары да улантыла берет. Биздин планыбызда, жылдын жыйынтыгы боюнча сынактын жеңүүчүлөрүнүн ырлары кирген ыр жыйнагын чыгаруу.

Мындан ары да биздин сынактарга активдүү катышып турасыңар деген үмүттө “Кыргыз маданият борбору” блогунун жамааты.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.