Кыргыз тилиндеги Интернетти өнүктүрүү талкууланат

Азыркы учурда Интернет  Кыргызстанда жашоо турмушубуздун бир бѳлүгүнѳ айланды. Бирок,  Интернет булактарына жол ачылганы менен, кыргыз тилиндеги онлайн-маалыматтар жана веб-сайттар өтө жай ѳнүгүүдѳ.

Жогоруда көтөрүлгөн маселени кеңири талкулоо учун  «Айсок Кыргыз Интернет Коому»  Коомдук Фонду 30 март 2011 жылы «Кыргыз тилиндеги Интернеттин өнүгүүсү: азыркы абалы жана келечеги» аттуу тегерек стол ѳткѳрүүдѳ.

Бул тегерек столго интернеттин ѳнүгүүсүнѳ кызыкдар болгон коомдук уюмдар, Президенттин алдындагы мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы, «Сорос Кыргызстан» Фондунун ѳкүлдѳрү, barakelde.kg, kabar.kg, azattyk.org, bizdin.kg кыргызча сайттарынын негиздѳѳчүлѳрү/башкы редакторлору жана башкалары катышмакчы.

Ушуга байланыштуу, уюштурулуп жаткан тегерек столго Сиздин да катышууңузду суранат элек.

Ѳтүүчү жай: Джал кичирайону,  Кыргыз-Түрк Манас Университети, Коммуникация факультети, 2 кабат,  №216

Башталышы: 30 март, саат 10.00

Тегерек стол кыргыз тилинде ѳткѳрүлѳт.

Тегерек столдун программасы.

Кенири мааалымат учун биздин сайтка кайрылыңыз www.isoc.kg, же 0 556 101-465 телефону аркылуу «Айсок Кыргыз Интернет Коому» Коомдук Фондусунун Аткаруучу директору Данияр Усеновго кайрылсаңар болот.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.