Ысык-Көлдө кинематографисттер үчүн эркин экономикалык аймак түзүлүшү мүмкүн

Келечекте Ысык-Көл облусунун Тоң районунда кинематографисттер үчүн “Кинематография-Киностан” эркин экономикалык аймагы түзүлүшү мүмкүн. Бул багытта атайын мыйзам долбоору даярдалып, ал бүгүн Жогорку Кеңештин экономикалык стратегия, инвестициялык саясат жана туризм боюнча комитетинин жыйынында каралды.

“Кинематография-Киностан” эркин экономикалык аймагын түзүү жөнүндө” мыйзам долбоорунун демилгечиси Каныбек Иманалиев Кыргызстанда кинематографияга жылына 24 миллион сом бөлүнөөрүн белгилеп: “Бул каражат өтө аз, кошумча инвестицияларды тартуу керек”, – деди.

Белгилүү кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров Тоң районунда кинематографисттер үчүн атайын аймакты түзүү демилгеси өткөн кылымдын 80-жылдары эле режиссер Төлөмүш Океев тарабынан көтөрүлгөндүгүн айтты. “Т. Океев Голливудга баргандан кийин дал ошондой кино аянтты Кыргызстанда куруу керек деген демилге менен чыккан. Бирок бийлик алмашып, бул иш 1985-жылы токтоп калган. Кийин каскадер Үсөн Кудайбергенов бул ишти баштап, алгачкы пайдубалды куруп баштаган. Анын көзү өтүп кеткенден кийин да бул демилге толук жүзөгө ашпай калды”, – деди Э. Абдыжапаров.

Депутаттар көл аймагында кинематографисттер үчүн эркин экономикалык аймакты түзүү маданиятты гана көтөрбөстөн, экономиканын өнүгүшүнө да зор таасирин тийгизээрин белгилешип, мыйзам долбоорун колдоого алышты.

Мээрим Ибраева, “Кабар” МА, 28.03.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.