Роза АМАНОВА: “СТАМБУЛДАН СҮЙҮНҮП КАЙТТЫК”

Түркиянын “Түрксой” эл аралык коомдук уюму дүйнө жүзүндөгү түрк тилдүү элдердин маданиятын даңазалоо, тамыры бир экенин далилдөө, башын бириктирүү вазийпасын аткарып келет.  Нооруз майрамына карата “Түрксой” уюму түрк тилдүү элдердин маданий ишмерлерин Түркияга чогултуп, андан ары Америкага алып барды. Бул чоң маданий иш-чарага Кыргызстандан Роза Аманова, Дильшат Кангелдиева жана жаш таланттар катышышкан. Масштабы кеңири маданий иш-чаранын чоо-жайын билүү максатында Роза Амановага кайрылдык.

– Роза айым, Түркия менен Америкага болгон сапарыңыздар  тууралуу эмне айтасыз?
– “Түрксой” уюштурган ири маданий иш-чарага биз 17-мартта кеттик. Түркияга баргандан кийин Стамбулдун стадионунда 200гө жакын катышуучунун чоң концерти тартууланды. Ага Орто Азиядагы элдерден сырткары Россиянын курамында турган татарлар, хакастар, башкырлар, тувалар жана Украинада, Молдовада, Болгарияда, Беларусияда жашаган түрктөр өнөрлөрүн көрсөтүштү. Бул иш-чара мамлекеттик деңгээлде жогорку уюшкандыкта болду. Анткени, ар бир өлкөнүн катышуучулары элдин алдына чыкканда мисалы, Азербайжан, Түркмөнстан, Кыргызстан, Өзбекстан ар бири өзүнүн желегин көтөрүп, биринчи параддан өтүп, анан өнөрүн тартуулашты.  Биздин Кыргызстандан жаш комузчулар, мен, Д.Кангелдиева болуп 12 адам бардык. Биз кыргыздын желегин желбиретип, уят кылбаганга абдан аракет кылдык. Ал жерде мен өзүмдүн “Ала Тоо көрккө келбейт жел болбосо” деген ырымды аткардым. Бул чыгарманы абдан жакшы кабыл алышты. Аягында Стамбулда жана Анкарада “Нооруз” деген Роза Рымбаева ырдаган чыгарманы өзү бара албаган себептүү Казакстандан Гүлмира деген ырчы, Түркиядан Фереел жана мен болуп үчөөбүз төрт саптан бирдикте ырдадык. Андан кийин 4 автобус менен 200гө жакын өнөрпоздор Стамбулдан Анкарага бардык.

21-март Нооруз күнү Анкарада жамгыр тим эле төгүп турду. Залда концертибизди тартуулап бүткөндөн кийин түнү менен кайра Стамбулга келип, ал жерден Нью-Йоркко учтук. Нью-Йоркто Бириккен улуттар уюмунун Ассамблеясында өнөр тартууладык. “Түрксой” уюмунун төрагасы Дүйшөн Касейинов түрк тилдүү элдердин мамлекеттик деңгээлдеги концерти БУУда биринчи жолу өттү,- деп айтты. Ал жерде отурган дүйнө жүзүнүн өкүлдөрү концертти абдан жүрөгү толкуп, жылуу кабыл алышты. Жүздөрүнөн мээримдин, шаттыктын нурлары төгүлүп турду. Концерт аяктагандан кийин БУУнун маңдайында жайгашкан Түркиянын маданий үйүндө эс алдык. Эртеси автобустар менен Вашингтонго сапар тарттык. Ал жерден Кыргызстандын Америкадагы ыйгарым укуктуу элчиси  Нью-Йоркто 40тай, Вашингтондо 80дей кыргыздар катышып отурушканын айтты. Аны угуп абдан сүйүндүм. Вашингтондо да концерт мыкты өттү. Бардык жерде ар бир өлкөнүн өнөрпоздору сахнага чыгып, өнөрлөрүн тартуулап жатышканда экрандан ошол өлкө жөнүндө маалымат берилип, анын ажайып кооз жерлери, каада-салты көрсөтүлүп турду.

– Консерваториядагы иштериңиз кандай?
– Асек Жумабаевдин 85 жылдыгына карата 18-февралда эл аралык деңгээлде конференция өткөрдүк. А.Жумабаевге арнап Опера балет театрында “Арген үндүү Асек Жумабаев” деген концертти юуштурдук. Концертке Казакстандын белгилүү эл артисти Сауле Жанпеисова, музыка таануучулары, илимдин кандидаттары, профессорлору келишти. Мындан тышкары, 25-апрелде салттуу музыка күнү келатат. Ушуга карата ар бир этностун салттуу музыка маданиятынан түзүлгөн концертти  ачык асман алдында берсекпи деп турам.  Салттуу музыка күнүнө карата 15-апрелде бизде “Манас” эпосу көркөм өнөр дүйнөсүндө” аталышында үч багыттагы конференция өткөнү турат. Алар “Манас” эпосу сүрөт искусствосунда”, “Манас” эпосу музыкалык маданиятта” жана “Манас” эпосу театр өнөрүндө” деп аталат. Анын аягында өнөр адамдары, манасчылар менен бирдикте концерт беребиз.

Сымбат МАКСУТОВА, “Эркин Тоо”, 12.04.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.