Сыйлыктар ээлерин тапты

16-апрелде Бишкектеги Токтогул атындагы адабий музейинде “Кыргыз маданият борбору” уюштурган “Көктөм” темасындагы бир ырдын сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшыруу аземи өттү.

Сынактын жеңүүчүсү Бакыт Жунусалиевге сынактын демөөрчүсү “Бийиктик” басмаканасынын жетекчиси Жумадин Кадыров жакында кайрадан дагы басылып чыга турган Бүбү Мариямдан жазылып алынган Жайсаң Үмөт уулунун айтуусундагы “Манастын” он томдугун убадалады. Экинчи орунду ээлеген Зайырбек Ажыматовго Чыңгыз Айтамтовдун чыгармаларынын 8 томдугу тапшырылды. Үчүнчү орунга татыган Жыпара Арыкова Т.Касымбековдун 8 томдугуна ээ болду.

Ошондой эле блогубуздун окурмандарынын назарына толгон Мелис Маматжан уулуна жакында “Бийиктик” басмаканасында жарык көрө турган Алыкул Осмоновдун, Турар Кожомбердиевдин жана Жолон Мамытовдун тандалма ырлары кире турган үчилтик убадаланды. Мелис учурда Москвада болуп салтанатка өзү катыша албагандыктан, сыйлыгын алганга өкүлүн жиберген экен.

Белгилей кетүүчү нерсе, салтанатка жеңүүчүлөрдөн сырткары белгилүү кыргыз акыны, учурда Жогорку Кеңештин депутаты  Эгемберди Эрматов агай катышып, сынактын жеңүүчүлөрүнө өзүнүн жылуу каалоолорун айтып сыйлыктары менен куттуктады.

Салтанат жакшы маанайда өтүп, анын коноктору ушундай сынактар мындан ары да өтүп турса жакшы болот эле деген тилектерин айтышты. Кудай буюрса, жакында “Жай” темасына байланыштуу Бир ырдын сынагын дагы жарыялайбыз. Эгер баары жакшы болсо, жылдын аягында “Жылдын төрт түсү” деген чакан жыйнакты чыгаралы деген оюбуз бар. Ага бир ырдын сынактарынын жеңүүчүлөрүнүн ырларын топтомокпуз.

Эми болсо салтанатка байланыштуу чакан фоторепортажды сунуштайбыз.

Токтогул атындагы адабий музейи
Жумадин Кадыров жана Эгемберди Эрматов
Сынактын жеңүүчүсү Бакыт Жунусалиев ырын окуп жатат
Зайырбек Ажыматов
Жыпара Арыкова
Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.