“МЕН БИЛГЕН ЧЫҢГЫЗ”

Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуевдин эскерүүсү.

Башта анын “Тоо арасында” деген романынын 2-китебин орус тилине жеке которсо, Түгөлбай Сыдыкбеков 1962-жылы 50 жашка чыкканда “Литературная газетага” ал жөнүндө “Гора не убывает” (“Тоо бөксөрбөйт”) деген ат менен макала жазып, курак жактан улуу жазуучунун талантын жогору баалаганы эсибизде.

Бир квартирада жашай баштагандан тартып эки үй-бүлөнүн ортосунда ынтымак – ырашкердүү мамиле түзүлгөнүнө ыраазы болуп жүрдүк. Чыңгыздын карындаштары Люся менен Роза эртең менен окууларына жөнөшөт. Чыңгыздын жубайы Өкмөттүк эмканада кулак, тамак, мурун боюнча врач болуп эмгектенчү. Мен “Ала-Тоо” журналына редактормун. Чыңгыз Москвадагы Жогорку Адабий курстун угуучусу. Ал эми үйдө көп убактарын бирге өткөргөн Чыңгыздын апасы Нагима жана менин жубайым Шааркүл. Нагима апа Чыңгыздын тун уулу Санжарды караса, Шааркүл тун уулубуз Азаматты карайт. Ал экөө көп убактарын, албетте, тамак бышырчу бөлмөдө өткөрүшөт. Нагима апа али үй тиричилигин кароодо тажрыйбасы аз, ар кыл тамактарды кандай жасоонун ыгын биле бербеген Шааркүлгө көп нерселерди үйрөтүп, үйдү санжаптуу кармоо боюнча пайдалуу кеңештерин берип жүрдү. Ал экөө бири-бирин жакшы түшүнүшүп, өз ара өтө жакындашып кетишти. Ар кыл темада ачык сүйлөшүп, ички сырларын да жашырбай айтышчу болду. Бири апа, бири кызы сыяктуу эки ургаачынын мындай мамилеси баарыбызга жага турган.

Бир күнү экөө кызык маектешип олтурганда Шааркүл Нагима ападан: “Төрөкул агай менен кандай таанышып, кантип үй-бүлө куруп калганыңызды айтып берсеңиз, апа!” -деп сураптыр. Ошондо Нагима апанын жүзүндө мээримдүү жылмаюу пайда болуп: “О, түгөнгүр десе, ошону да билгиң келген экен, анда айтса айтып берейин”,-деп сөзгө кириптир. “Төрөкул менен мен кызматта таанышканмын. Аны менен мамилебиз бара-бара жакындап, акырында үй-бүлө куруу жөнүндөгү сунушун бир гана жолу эмес, бир канча жолу кайталап айтты. Бул маселеге ал олуттуу карарына толук ишенген соң, адамдын өмүрүндөгү бул эң маанилүү маселени өзүм жеке чече албасымды, алыскы Каракол шаарында турушкан ата-энеме айтып, алардын уруксатын алышым керек экендигин Төрөкулга билдирдим. Анда менден Караколго тезирээк барып келүүмдү өтүндү. Караколдо ата-энем, тууган-туушкандарым менен учурашып, эки-үч күн жүрдүм. Кызга энеден жакын жан жок эмеспи, сагынган энемдин койнуна жатып, ичтеги сырларымды жашырбадым. Төрөкул жөнүндө, ага баш кошуу жөнүндөгү оюмду бүт айттым. Энем менин айткандарымдын бардыгын төкпөй-чачпай атама жеткирсе керек. Эртеси бүт үй-бүлө түшкү тамакты чогуу ичип бүткөндөн кийин, атам: “Нагимадан башкаңар сыртка чыксаңар болот, мен сагынган кызым менен жеке сүйлөшөйүн”-деди. Атамдан сүрдөп, эмне кылар айламды таппай, денемди майда калтырак басканын сездим. Атам, апам, мен-үчөөбүз бөлмөдө жалгыз калган кезде, атам: “Нагима,-деди акырын чыккан коңур үнү менен, апаң мага бардыгын айтты. Бойго жеткениң ушул, кызым. “Кыздын барар жери күйөө” дешет кыргыз туугандар. Күйөөгө чыгууга ниеттенип жатыпсың. Жактырып, каалаган адамың башка улуттан экен. Сен өзүңдүн купулуңа толгон, жакшы жигит болуу мүмкүн. Биз кыргыз туугандардын арасында жашап келебиз. Өзүң да ушул элдин ортосунда чоңойдуң. Апаң экөөбүз сенин күйөөгө чыгышыңа, жактырган жигитиң менен кол кармашып бактылуу өмүр сүрүшүңөргө макулбуз, экөөңөргө ак бата беребиз. Сага бир гана суроом бар. Ошого өз оозуңдан жооп уккум келет. Кыргыздар тууганчыл калк болот. Туугандарын аябай сыйлашат, урматташат. Бир- бири менен катташып, учурашып турушат. Эрте-кечине карабай топурашып келе беришмей адаттары бар. Силердикине келген күйөөңдүн туугандарын көңүлүң жарык бойдон жүдөбөй кабыл алып, сыйлап, меймандап, аларды ыраазы кылып узатып көнүүгө жарайсыңбы, кызым?”-деди атам. Мен атамдын сөзүнө кубанып, толкунданып кеттим да: “Ооба, атаке!-деп бетимди басып ыйлап жибергенимди өзүм да сезбей калыпмын. Ошондон кийин атам, апам экөө менин күйөөгө чыгышыма макулдуктарын, ак батасын беришкен. Анан биз Төрөкул агайың менен кол кармашып, үй-бүлө куруп, бирге жашай баштаганбыз”,-деп Нагима апа Шааркүлдүн берген суроосун канааттандырган.

Нагима апанын көрсөткөн бир жакшылыгын, жогорку адамгерчилигин Шааркүл өмүр бою кайталап айта берчү эле. Күндөрдүн биринде Алматыда өткөн республика аралык бир чогулушка катышып, анан Москвадагы Адабият институтунда бирге окуган кара калпак жазуучулары Байнияз менен Өсөрбай: “Сооронбай досубузга учурашып өтөлү”-деп Фрунзеге бурулуп, бизге караңгыда конок болушат. Аларды меймандап, узак аңгемелешип олтуруп кеч жатып, көпкө чейин ойгоно албаппыз. Эрте турган Нагима апа биздин абалды көрүп туруп, жаш балалуу Шааркүлдү аяп, биздин эт-майдан кыпкызыл сонун палоо басып койгон болот. Шааркүл кечигип ойгонуп: “Кокуй, конокторума эмне тамак берем?”-деп өзүн айыптуу сезип, башы маң болуп турганда, Нагима апа даяр палоону көрсөтөт. Бул акылдуу иши үчүн Шааркүл Нагима апаны кучактап өөп, чын пейилинен алкыш айтат. Кара калпак жазуучу меймандар Нагима апа баскан кушкер палоого ыраазы болушуп, жөнөп кетишет. Чынында эле Нагима апа жашоодо сейрек жолуга турган боорукер, айкөл мүнөздүү акылдуу эне болучу.

Бир күнү Нагима ападан согуш башталары менен жаш чүрпөлөрүңүздү алып, Төрөкул аганын ата конушу болгон Шекер айылына көчүп кетүүнүн себебин сурасам, төрт бала менен шаарда жашоо ал кезде өтө кыйын болгонун, айрыкча Чыңгыз менен Ильгиз экөө шаардагы көчө балдарынын бейбаш тобуна кошулуп, мектепке да барбай, окубай калышабы деген ой менен айылдагы туугандардын арасында күн өткөрүү жеңилирээк болор деген ниет менен көчүп барганынын себебин түшүндүргөн.

Чынында эле ал кездеги Шекер айылындагы турмуш Кыргызстандагы бардык айылдарга окшоштугун, өтө эле оор экендигин Нагима апа өз көзү менен көрүп, акылы менен баамдаган, кантсе да алааматтын аягына чейин балдарын бул аймакта эсен-соо багып алууга белди бекем байлап, күн өткөрө берген. Чыңгыз жер айдаган сокочуларга жардам берип кош баш жетелегенде аттын туягы тийип канаган согончогун апасына көрсөтүп ыйламсыраганда, Нагима апа: “Сен жигитсиң да! Жигит деген баарына чыдай билиш керек. Согончогуң бат эле айыгат. Ыйлактабай кайраттуу бол!”- деп энелик сөзүн айтып, баласына өзүнүн кайгырганын ичине катып, сыртка билдирчү эмес экен. Чыңгыз кээде эң кыйын маселе жөнүндө сурачу экен. Ал атасы Төрөкулдун камалып, азыркыга чейин кабарсыз, дарексиз жүргөнү. “Атамды эмне үчүн камашкан? Кайсыл айыбы үчүн камашкан? Эмне үчүн атамдын тагдыры азыркыга чейин белгисиз?”-деп Чыңгыздын берген суроолоруна Нагима апа түз жооп бере албай тайсалдай турган: “Атаңды кандайдыр бир айып жасагандыгы үчүн камашкан чыгар. Мына мен эч айып жасабай эле жүргөн пендемин. Мени камашкан жери жок да. Күнөөсүз адамды жөн эле камай бермек беле”. Чыңгыз апасынын мындай мазмундагы жообуна анча ынана бербей, узун түндөрдө өзүнчө узак ойлонуп, көпкө чейин уктабай көзү ачык жата берчү. Нагима апа уулуна мындай жооп бергенин бизге минтип түшүндүрчү: “Наристе баланын жаш акыл-эсинде өкмөткө карай кандайдыр нааразылык, жек көрүү сезими жаралып, ал сезим анын жүрөгүнө бекем орноп калбасын деп коопсузданчумун. Кийин эр жетип чоңойгондо атасынын тагдыры жөнүндө чындыкты билип алар дечүмүн”. Бирок Чыңгыздын акыл-эси, сезими ойгонуп, жетиле баштаганын байкаган Нагима апа өзүнчө ой чытырманын аралап, уйкусуз түндөрдү өткөрчү.

Башка ылайыктуу адам табылбагандыктан Чыңгыз 13 жашынан баштап айылдык Советтин катчысы болуп иштей баштады. Ильгиз Чыңгыздан кичине болгон менен анын башында да түгөнбөс түйшүк жүрдү. Ал мектепте окуп да, айылдык почточунун милдетин да аткарып жүрдү. Кан майдандагы уулдарынан кат күткөн ата-эне Ильгизди өтө чыдамсыздык менен күтүп, абройлуу чоң киши катары тосуп алышчу. Көптөрү кат билбегендиктен, уулдарынан келген каттарды окуп берүүнү да сурашчу. Ал каттарды Ильгиз те алыскы кан майдандан өзү алып келгендей көрүп, уулдарынан келген каттарды жеткиргендиги үчүн ата-энелер аны алкап, ак баталарын чын ниеттеринен беришчү. Жоокерлерден адатта үч бурчтуу каттар келчү эле. Ал эми төрт бурчтуу каттардан баары чочуй турган. Анткени, төрт бурчтуу каттарга жоокерлердин душман огунан учуп, өлүмгө учурагандыгы жөнүндөгү билдирүү же айылдагылар атап алышкан “кара кагаз” келүүчү. Андай суук кабарды төрт бурчтуу каттарды Ильгиз түз эле Чыңгызга тапшырчу. Айылдык Советтин катчысы катары Чыңгыз бир топ аксакалдарды кошуп алып, курман болгон жоокерлердин үйүнө барып, ата-энелерине уулу жөнүндө суук кабарды угузууга мажбур болуп жүрдү. Канчалык кыйын, канчалык оор болсо да, бул милдетти айылдык Советтин катчысы катары Чыңгыз айласыз аткарчу эле.

Ушундай кайгылуу кабарды угузуу мезгилинде да бир кубанычтуу окуя болуп өткөнү жөнүндө Нагима апа бизге айтып берген болучу. Айылдагы бир кемпир-чалдын уулунан сегиз-тогуз ай бою такыр кат келбей калат. Ильгиз күндө телмирип күткөн аларды байкап, дагы эле кат жоктугун билген жаш почточу аларды көрмөксөнгө салып, же башка үйлөрдүн далдасы менен жашынып өтүп жүрдү.
Узак кабарсыз болуп кеткен ошол чал-кемдирдин уулунан бир күнү эле кат келсе болобу! Ильгиздин ошондогу сүйүнгөнүн айтпа! Ал катты колуна бекем мыкчый кармап, баягы телмирип кат күткөн чал-кемпирдин уулунан кат келгенин Нагима апага айтты. Нагима апа ошо замат Ильгизди ээрчитип алып, уулунун дайынын билүүгө зар болгон чал-кемпирдикине жетип, баласынан кат келгенин сүйүнчүлөштү. Алардын ошол кездеги сүйүнүшкөн абалын сүрөттөп жазуу кыйын! Төбөлөрү көккө жетип кубанышкан айылдаш чал-кемпирлер Нагима апа менен Ильгизди көпкө кетиришпей даамдуу тамактар менен сыйлашып, абдан бекем катып жүргөн чоң карын майын бузуп, анын жарымын, жарым мүшөк буудай ун берип узатышкандыгын, ал азыктардын жардамы менен жазга оңой чыгып кеткендерин Нагима апа ыраазы болуп эстей турган.

Нагима апа Чыңгыздын тороло баштаган кезиндеги бир окуяны бизге айтып бергени эсимде. Жамбыл шаарында каалаган адамдарды кара жумушка кабыл алып жаткандыгы жөнүндө кабар жетет да, ошол жумушка илинип калсам, минтип мүңкүрөп оокат өткөрүп жаткан үй-бүлөгө пайдам тиет эле деген ой менен башка жигиттерге кошулуп Чыңгыз да Жамбылга барат. Жумушка кабыл алуучу мекеменин комиссиясынан өтүү үчүн узун кезекке жакшы үмүтү менен турган Чыңгыздын буту ооруп, өзү чаалыгат. Комиссия көрөт да, Чыңгызды: “Сен али жаш экенсиң, денең чабал экен”,-деп ишке кабыл албай коет. Жамбылдан капа болуп үйгө кайтып келген Чыңгыз буулугуп, ызасы кайнап, колуна темир күрөк алып, короодогу жерди каза берет, каза берет. Андан жерди эмне үчүн казып жатканын сурашса: “Алтын табам!”-деп бурк этип жооп берип, жерди казганын улантат. Боюнан кара тер кетип, абдан чарчаганда тамак ичпей, суй жыгылып уйкуга кетет. Казган жерден эле алтын чыга бермек беле! Ал өзүнүн мүнөзүнүн өжөр экендигин ошондо бир көрсөттү да. Оюндагы үмүтүнө, максатына жетүүнү көздөгөн өктөм пейилдүү Чыңгыз анда болбосо да, кийин байлыкка, дөөлөткө, атакка күрөк менен эмес, калеми аркылуу жеткендигин баарыбыз билебиз.

Чыңгыздын үй-бүлөсү менен үч жылга чамалаш бир тургандан кийин бөлүнүүгө туура келди. Өкмөт Айтматов Төрөкулду айыпсыз болсо да репрессияга дуушар кылгандыгын кеч болсо да моюнга алып, анын жесири Нагима апага эки бөлмөлүү квартира берди. Биздин үйдө Анатолий Сальников, Сергей Фиксин деген жазуучулар Чыңгыз экөөбүздөй бир квартирада турушкан болучу. А.Сальников Нагима апа үчүн берилген эки бөлмөлүү квартираны ээлеп, С.Фиксин Чыңгыз турган эки бөлмөгө көчүп кирип, Чыңгыз алар турушкан төрт бөлмөлүү квартираны ээлеп, бир нече жыл жашады. Мен болсо, С.Фиксин экөөбүз бир квартирада дагы беш жылдай бирге турдук. Бирок Чыңгыз экөөбүздүн үй-бүлөбүз карым-катнашын үзбөй, баштагыдай эле ынтымакта турушту.

Чыңгыз улам жаңы, жакшы чыгармаларды жазып, анын аброю, мартабасы арта берген жылдардын биринде мен Москвада болуп, Большой Гнездниковский переулоктогу жайгашкан “Советский писатель” басмасынан кезектеги ыр китебимдин чыгышы жөнүндө сүйлөшүп бүткөндөн кийин Горький көчөсүнө чыгып, такси кармайын деген учурумда Пушкин аянтынан Кремль жакка жөө бараткан Чыңгызды көрүп, кубанып кеттим. Ал кең көчөдө агылып өтүп жаткан элге назар салбай, төмөн карап ойго чумуп бараткан абалда. Мен ага ашыгып жакындадым да, каруусуна колумду коомай тийгизсем, өзүнчө ойлонуп бараткан Чыңгыз селт этип чочуп кетти да мени көрө коюп жылмайды. Чоң шаарда кокустан жолукканга курсант болгон экөөбүз кучакташып көрүштүк.

Ал-жайды сурашып, кайда бараарыбызды тактасак, ал-“Москва”, мен- “Россия” мейманканасына бармак экенбиз. Такси кармабайлыбы деген сунушума Чыңгыз: “Жөө эле барбайлыбы? Жаан-чачын жок, асман ачык, шашыла турган зарыл жумушубуз да жок болсо керек. Жогорку курста окуп жүргөндө Москвада жөө жүрүп үйрөнгөнмүн мен”,-деди. Ошентип, экөөбүз аны-муну айтып жүрүп олтуруп “Москва” мейманканасына кантип жеткенибизди билбей калдык. Чыңгыз мейманканага кирбестен, мени ээрчитип имараттын Кыргызстандын элчилиги жайгашкан капталындагы ресторандын бир кабатындагы чакан, жайлуу буфетинен орун алып, узак маектешип олтурдук. Көрсө, мында Чыңгыздын айтымында шаардын башка жеринен табылбаган укмуш даамдуу кызгылт шарап бар экен. Ал мени ошол шарап менен меймандады, кезегим менен мен да аны меймандайын десем, ал макул болбоду. Чынында да биз таткан мен мурда татып көрбөгөн жумшак, назик шарап экен, анын аты эсимден чыгып калганына эмдиге чейин өкүнөм.

Ошол кызгылт шараптан татып коюп маектешип олтурганда, мен Чыңгыздын казак калкынын улуу жазуучусу, даанышман уулу Мухтар Ауэзов менен качан, кайда, кантип биринчи жолу таанышкандыгы жөнүндө айтып берүүсүн өтүнгөнүмдө, ал баянын минтип жай баштады: “СССР Жазуучулар союзунун жанындагы Адабиятчылар үйүндө ал кезде адабиятчылар чөйрөсүндө көп талаш-тартыштарды туудурган Владимир Дудинцевдин “Ни хлебом единым” деген романына кызуу талкуу өтүп жаткан. Ал талкууга катышууга жогорку курстун угуучулары бүт бойдон барганбыз. Бир убакта Адабиятчылар үйүнүн Воровский көчөсү жагындагы эшигинен кашка баш адам көрүндү. Угуучулардын арасынан “Мухтар Ауэзов” деген шыбыштар угулду. Отура турган орундун жоктугунан Ауэзов ордунан кыймылдабай бир аз туруп калды. Ошол кезде биздин угуучулар өз ара макулдашып, бир орун бошоттук да, мен Мухтар Ауэзовго барып: “Мука, тигинде бир орун бар, ошого өтүп олтуруңуз”,-дедим. Ал менин жанымдагы орундуктан жай алган соң: “Сен казаксыңбы же кыргызсыңбы?”-деп сурады. Мен кыргыз экенимди айттым. Бир жагынан сүйлөп жаткандардын сөздөрүн угуп, экинчи жактан Мука экөөбүз акырын маектешип олтуруп, бир-бирибиз менен таанышып, ал-жай сураштык. Ал менин атам Төрөкулду тааный турганын да айтты. Ошондогу Адабият үйүндөгү кокусунан таанышуу экөөбүздүн ортобуздагы адамдык, чыгармачылык байланыштын башаты болгон”,-деди Чыңгыз.

Биздин Камчы аке да сени менен бир мезгилде ошол жогорку курста окуп калды көрүнөт?” деген суроомо Чыңгыз башын ийкеп жооп берди да: “Ошол силер окуган Тверь бульварындагы Адабият институтунун короосундагы сары дубалдуу жатаканада Камчы акең экөөбүз коңшу турдук. Дубалдын жукалыгынан Камчы акенин жөтөлүнөн бери мага угулуп турчу. Ал учурда мен “Жамийланы” жазып жаткан учурум, надай жөтөл-мөтөлгө да көңүл бурчу эмесмин. Эми учуру келип калганда, ошол Камчы акенин бир жоругун сага айтып берейин”-,-деп Чыңгыз күлүмсүрөдү. “Силер Байдылда экөөңөр айына 220-240 рубль стипендия алсаңар керек, ал эми биз жогорку курстагылар 1500 рублдан стипендия алып, жарым-жартылайын үйлөрүбүзгө да жиберчү элек. Стипендия алганыбыздын эртеси эле Камчы аке менин бөлмөмө кирип, унчукпай сумсайып олтуруп калды. Ал кишинин келген себебин билүүгө кызыгып: “Камчы аке, абалыңыз кандай?”-десем: “Абал начар, Чыңгыз!”- деди. Мен чочуп кетсем: “Андан көрө мага акча карыз берип тур. Зарылып калдым”,-деди. Күнү кече эле стипендия алсак, анан бул кишинин акчасыз калганына анчалык ишенбей турдум. Кайра: “Турмушта ар кандай боло берет, балким, чөнтөгүнөн ууруга алдыргандыр”,-деп да ойлодум. Стипендиясынын жоголгонунун себебин түз айтпай, буйтактаганынын улам, мен үнүмдү чечкиндүүрөөк чыгарып: “Стипендияңызды жоготконуңуздун анык себебин ачык айтпасаңыз, мен сизге акча карыз бералбаймын!”-деп кашайып туруп алдым. Айласы кеткен Камчы аке өзүн менин алдымда бир топ ыңгайсыз сезип, төмөнкүлөрдү баяндады. Жогорку курста бирге окуган Бердибек Сокпакбаев деген казак жазуучусу экөө кече стипендия алары менен почтага барып стипендияларынын бир бөлүгүн үйлөрүнө жиберип, анан ресторандан бир жакшылап тамактаналы деп баратышса, жолдон нңдүү-түстүү москвалык эки кыз жолугат. Чөнтөктөрүн акча ысыткан кайбарлар кыздар менен таанышып, ресторанга чакырышат. Алар дароо макул болушуп, төртөө шатыра-шатман, жадырап,-жайнаган абалда ичип-жешип көпкө чейин олтурушат. Кымбат тамак, кымбат ичкиликтерге заказдар кайра-кайра улана берет. Эркектер кыздардын үйүнө баруу ниеттерин айтышса, кыздар макул болушат да, бирок үйдө тамактын тартыштыгын кыйытып айтышат. Кыздардын көзүнө март көрүнүш үчүн эки эркек колтойгон тоокторго, кызыл, кара икраларга, кымбат коньяктарга тор баштыкты жык толтурушуп, ресторандан чыгышып, метро станциясына жетишет. Ал кезде кассадан билет сатып алып, анан метрого киришчү. Кыздар: “Силер кассадан билет сатып келгиле, тор баштыкты биз көтөрүп туралы!”-дешет. Эки эркек төртөөнө билет алып келгенче кыздар эскалатор менен төмөн түшүп кеткен болот. Эркектер эскалатордон түшкүчө метро поезди келип калат да, кыздар кирери менен вагондун эшиги жабылып, чуркап келген эркектерге тигил эки кыз вагондун айнегинен кол булгаган бойдон жөнөп кетишет. Эмне кылар айлаларын билбей эи эркек томсоруп туруп калышат. Бул окуяны айтып, ыйламсыраган Камчы акеге боору оруп Чыңгыз акча берүүгө мажбур болот. Ошондо кызгылт шарап ичип олтуруп ушундай кызык окуяны уккандан кийин Чыңгыз экөөбүз өз-өз мейманканаларыбызга кеткен элек…

Нагима апа Чыңгыздын тороло баштаган кезиндеги бир окуяны бизге айтып бергени эсимде. Жамбыл шаарында каалаган адамдарды кара жумушка кабыл алып жаткандыгы жөнүндө кабар жетет да, ошол жумушка илинип калсам, минтип мүңкүрөп оокат өткөрүп жаткан үй-бүлөгө пайдам тиет эле деген ой менен башка жигиттерге кошулуп Чыңгыз да Жамбылга барат. Жумушка кабыл алуучу мекеменин комиссиясынан өтүү үчүн узун кезекке жакшы үмүтү менен турган Чыңгыздын буту ооруп, өзү чаалыгат. Комиссия көрөт да, Чыңгызды: “Сен али жаш экенсиң, денең чабал экен”,-деп ишке кабыл албай коет. Жамбылдан капа болуп үйгө кайтып келген Чыңгыз буулугуп, ызасы кайнап, колуна темир күрөк алып, короодогу жерди каза берет, каза берет. Андан жерди эмне үчүн казып жатканын сурашса: “Алтын табам!”-деп бурк этип жооп берип, жерди казганын улантат. Боюнан кара тер кетип, абдан чарчаганда тамак ичпей, суй жыгылып уйкуга кетет. Казган жерден эле алтын чыга бермек беле! Ал өзүнүн мүнөзүнүн өжөр экендигин ошондо бир көрсөттү да. Оюндагы үмүтүнө, максатына жетүүнү көздөгөн өктөм пейилдүү Чыңгыз анда болбосо да, кийин байлыкка, дөөлөткө, атакка күрөк менен эмес, калеми аркылуу жеткендигин баарыбыз билебиз.

Чыңгыздын үй-бүлөсү менен үч жылга чамалаш бир тургандан кийин бөлүнүүгө туура келди. Өкмөт Айтматов Төрөкулду айыпсыз болсо да репрессияга дуушар кылгандыгын кеч болсо да моюнга алып, анын жесири Нагима апага эки бөлмөлүү квартира берди. Биздин үйдө Анатолий Сальников, Сергей Фиксин деген жазуучулар Чыңгыз экөөбүздөй бир квартирада турушкан болучу. А.Сальников Нагима апа үчүн берилген эки бөлмөлүү квартираны ээлеп, С.Фиксин Чыңгыз турган эки бөлмөгө көчүп кирип, Чыңгыз алар турушкан төрт бөлмөлүү квартираны ээлеп, бир нече жыл жашады. Мен болсо, С.Фиксин экөөбүз бир квартирада дагы беш жылдай бирге турдук. Бирок Чыңгыз экөөбүздүн үй-бүлөбүз карым-катнашын үзбөй, баштагыдай эле ынтымакта турушту.

Чыңгыз улам жаңы, жакшы чыгармаларды жазып, анын аброю, мартабасы арта берген жылдардын биринде мен Москвада болуп, Большой Гнездниковский тар көчөсүндө жайгашкан “Советский писатель” басмасынан кезектеги ыр китебимдин чыгышы жөнүндө сүйлөшүп бүткөндөн кийин Горький көчөсүнө чыгып, такси кармайын деген учурумда Пушкин аянтынан Кремль жакка жөө бараткан Чыңгызды көрүп, кубанып кеттим. Ал кең көчөдө агылып өтүп жаткан элге назар салбай, төмөн карап ойго чумуп бараткан абалда. Мен ага ашыгып жакындадым да, каруусуна колумду коомай тийгизсем, өзүнчө ойлонуп бараткан Чыңгыз селт этип чочуп кетти да мени көрө коюп жылмайды. Чоң шаарда кокустан жолукканга курсант болгон экөөбүз кучакташып көрүштүк.

Ал-жайды сурашып, кайда бараарыбызды тактасак, ал-“Москва”, мен- “Россия” мейманканасына бармак экенбиз. Такси кармабайлыбы деген сунушума Чыңгыз: “Жөө эле барбайлыбы? Жаан-чачын жок, асман ачык, шашыла турган зарыл жумушубуз да жок болсо керек. Жогорку курста окуп жүргөндө Москвада жөө жүрүп үйрөнгөнмүн мен”,-деди. Ошентип, экөөбүз аны-муну айтып жүрүп олтуруп “Москва” мейманканасына кантип жеткенибизди билбей калдык. Чыңгыз мейманканага кирбестен, мени ээрчитип имараттын Кыргызстандын элчилиги жайгашкан капталындагы ресторандын бир кабатындагы чакан, жайлуу буфетинен орун алып, узак маектешип олтурдук. Көрсө, мында Чыңгыздын айтымында шаардын башка жеринен табылбаган укмуш даамдуу кызгылт шарап бар экен. Ал мени ошол шарап менен меймандады, кезегим менен мен да аны меймандайын десем, ал макул болбоду. Чынында да биз таткан мен мурда татып көрбөгөн жумшак, назик шарап экен, анын аты эсимден чыгып калганына эмдиге чейин өкүнөм.

Ошол кызгылт шараптан татып коюп маектешип олтурганда, мен Чыңгыздын казак калкынын улуу жазуучусу, даанышман уулу Мухтар Ауэзов менен качан, кайда, кантип биринчи жолу таанышкандыгы жөнүндө айтып берүүсүн өтүнгөнүмдө, ал баянын минтип жай баштады: “СССР Жазуучулар союзунун жанындагы Адабиятчылар үйүндө ал кезде адабиятчылар чөйрөсүндө көп талаш-тартыштарды туудурган Владимир Дудинцевдин “Ни хлебом единым” деген романына кызуу талкуу өтүп жаткан. Ал талкууга катышууга жогорку курстун угуучулары бүт бойдон барганбыз. Бир убакта Адабиятчылар үйүнүн Воровский көчөсү жагындагы эшигинен кашка баш адам көрүндү. Угуучулардын арасынан “Мухтар Ауэзов” деген шыбыштар угулду. Отура турган орундун жоктугунан Ауэзов ордунан кыймылдабай бир аз туруп калды. Ошол кезде биздин угуучулар өз ара макулдашып, бир орун бошоттук да, мен Мухтар Ауэзовго барып: “Мука, тигинде бир орун бар, ошого өтүп олтуруңуз”,-дедим. Ал менин жанымдагы орундуктан жай алган соң: “Сен казаксыңбы же кыргызсыңбы?”-деп сурады. Мен кыргыз экенимди айттым. Бир жагынан сүйлөп жаткандардын сөздөрүн угуп, экинчи жактан Мука экөөбүз акырын маектешип олтуруп, бир-бирибиз менен таанышып, ал-жай сураштык. Ал менин атам Төрөкулду тааный турганын да айтты. Ошондогу Адабият үйүндөгү кокусунан таанышуу экөөбүздүн ортобуздагы адамдык, чыгармачылык байланыштын башаты болгон”,-деди Чыңгыз.

Биздин Камчы аке да сени менен бир мезгилде ошол жогорку курста окуп калды көрүнөт?” деген суроомо Чыңгыз башын ийкеп жооп берди да: “Ошол силер окуган Тверь бульварындагы Адабият институтунун короосундагы сары дубалдуу жатаканада Камчы акең экөөбүз коңшу турдук. Дубалдын жукалыгынан Камчы акенин жөтөлүнөн бери мага угулуп турчу. Ал учурда мен “Жамийланы” жазып жаткан учурум, андай жөтөл-мөтөлгө да көңүл бурчу эмесмин. Эми учуру келип калганда, ошол Камчы акенин бир жоругун сага айтып берейин”,-деп Чыңгыз күлүмсүрөдү. “Силер Байдылда экөөңөр айына 220-240 рубль стипендия алсаңар керек, ал эми биз жогорку курстагылар 1500 рублдан стипендия алып, жарым-жартылайын үйлөрүбүзгө да жиберчү элек. Стипендия алганыбыздын эртеси эле Камчы аке менин бөлмөмө кирип, унчукпай сумсайып олтуруп калды. Ал кишинин келген себебин билүүгө кызыгып: “Камчы аке, абалыңыз кандай?”-десем: “Абал начар, Чыңгыз!”- деди. Мен чочуп кетсем: “Андан көрө мага акча карыз берип тур. Зарылып калдым”,-деди. Күнү кече эле стипендия алсак, анан бул кишинин акчасыз калганына анчалык ишенбей турдум. Кайра: “Турмушта ар кандай боло берет, балким, чөнтөгүнөн ууруга алдыргандыр”,-деп да ойлодум. Стипендиясынын жоголгонунун себебин түз айтпай, буйтактаганынан улам, мен үнүмдү чечкиндүүрөөк чыгарып: “Стипендияңызды жоготконуңуздун анык себебин ачык айтпасаңыз, мен сизге акча карыз бералбаймын!”-деп кашайып туруп алдым. Айласы кеткен Камчы аке өзүн менин алдымда бир топ ыңгайсыз сезип, төмөнкүлөрдү баяндады. Жогорку курста бирге окуган Бердибек Сокпакбаев деген казак жазуучусу экөө кече стипендия алары менен почтага барып стипендияларынын бир бөлүгүн үйлөрүнө жиберип, анан ресторандан бир жакшылап тамактаналы деп баратышса, жолдон өңдүү-түстүү москвалык эки кыз жолугат. Чөнтөктөрүн акча ысыткан кайбарлар кыздар менен таанышып, ресторанга чакырышат. Алар дароо макул болушуп, төртөө шатыра-шатман, жадырап-жайнаган абалда ичип-жешип көпкө чейин олтурушат. Кымбат тамак, кымбат ичкиликтерге заказдар кайра-кайра улана берет. Эркектер кыздардын үйүнө баруу ниеттерин айтышса, кыздар макул болушат да, бирок үйдө тамактын тартыштыгын кыйытып айтышат. Кыздардын көзүнө март көрүнүш үчүн эки эркек колтойгон тоокторго, кызыл, кара икраларга, кымбат коньяктарга тор баштыкты жык толтурушуп, ресторандан чыгышып, метро станциясына жетишет. Ал кезде кассадан билет сатып алып, анан метрого киришчү. Кыздар: “Силер кассадан билет сатып келгиле, тор баштыкты биз көтөрүп туралы!”-дешет. Эки эркек төртөөнө билет алып келгенче кыздар эскалатор менен төмөн түшүп кеткен болот. Эркектер эскалатордон түшкүчө метро поезди келип калат да, кыздар кирери менен вагондун эшиги жабылып, чуркап келген эркектерге тигил эки кыз вагондун айнегинен кол булгаган бойдон жөнөп кетишет. Эмне кылар айлаларын билбей эки эркек томсоруп туруп калышат. Бул окуяны айтып, ыйламсыраган Камчы акеге боору оруп Чыңгыз акча берүүгө мажбур болот. Ошондо кызгылт шарап ичип олтуруп ушундай кызык окуяны уккандан кийин Чыңгыз экөөбүз өз-өз мейманканаларыбызга кеткен элек.

1970-жылдын кыш чилдесинде адаттагымдай отпускамды Переделкинодо өткөрүп, лыжа тээп, эс алып, ырлар жазып жүрдүм. Башка республикалардан келген жана москвалык жазуучулар чогула калган жерде эле Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” деген жаңы повести жөнүндө жакшы пикирлерди айтып жатканына күбө болдум.

Көрсө, “Ак кеме” повести “Новый мир” журналынын 1-санына жаңы эле чыккан экен. Переделкинодогу чыгармачылык үйүндөгү китепканада журналдын эки гана саны бар экен да, аны эс алган жазуучулар тизмеге жазылышып, кезекке туруп окуп жаткан кези экен. Мен да кезекке туруп, журналдын жаңы санын окууга үмүттөндүм. Он күндөн кийин гана менин кезегим келип, “Ак кемени” тезинен окуп чыктым. Чыңгыздын бул жаңы чыгармасы мага чоң таасир калтырды. Жаңы повесть анын чыгармачылык жаңы жеңиши экендиги айдан-ачык көрүнүп турду. Темир жол станциясынын жанындагы почтага жетип, Фрунзедеги Чыңгызга “Ак кеме” повести жөнүндө ак пейилимден чыккан пикиримди айтып, анын жаңы жеңиши менен чын ыкласымдан куттуктап телеграмма жибердим. Жыйырма чакты күндөн кийин Фрунзеге келип, кызматка барсам, Чыңгыз Абдумомуновдун кабинетинен чыгып келаткан экен, мени менен кубанычтуу учурашты да, бетимден өөп: “Телеграммаңды алдым. Ыракмат! “Ак кеме” менен мени биринчи куттуктаган сен болдуң!”-деди.

1976-жылы кыштын кычыраган суук кезинде Переделкиного барсам, Чыңгыз чыгармачылык үйдүн негизги чоң корпусунда эс алып да, иштеп да жаткан экен. Мен маңдай жактагы жыгач үйгө жайгашып иштеп, эс ала баштадым. Переделкино мага өз үйүмдөй эле көрүнчү. Себеби Адабият институтунда окуганда биздин жатакана ушунда эле, беш жыл бою күндө эртең менен мындан Москвага жөнөп, кечинде кайра келип турчубуз.

Бир күнү кечки тамактануу учурунда Чыңгызга жолуксам, ал эмнегедир чарчаңкы, көңүлү суздай сезилди. Анын себебин билгим келип сурасам: “Бүгүн дурустап эс алалбадым, иштей да албадым. Эми эле көңүлдөгү оюмду кагазга түшүрөйүн деп жатсам, эшигим тыкылдайт. Ким болду экен деп эшикти ачсам, эки-үч студент кыз-жигиттер. Ломоносов атындагы атактуу университеттин “Интернационалдык достук клубунун” мүчөлөрү экен. “Биздин студенттер сиз менен жолугушууну абдан каалашат. Сиз менен сүйлөшүп, жолугууга макулдугуңузду алып келүү үчүн атайын өкүл кылып бизди жиберишти. Биз менен жолукпай койбосоңуз экен. Студенттер сизге жолугууга өтө ынтызар”,-дешет. Макул болууга туура келди.

Андан кийин түшкү тамакты ичип болгон соң бир аз чырм этип алайын деп төшөккө кынтайсам, көзүм эми эле илинген кезде эшик дагы тыкылдады. Көзүмдү ушалап, эшикти ачсам, биздин айылдык тааныш жигит. Чочуп кеттим: “Ой, сен кайдан? Мени кантип таптың? Тынчтыкпы? Деги айылдагылар аман-эсенби? Кандай зарыл жумуш менен келип калдың?” деген менин таң калыштуу суроолорума анын берген жообу бул болду: “Сени издеп Фрунзеге телефон чалсам, Переделкиного иштегени кеткениңди айтышты. Жамбылга жеттим да, 52 сомго белет алып Москвага учуп келип, сени менен көрүшүп турган кезим. Быйыл биринчи жолу көп чеснок эктим эле, сонун өстү, мол түшүм алдым. Жамбылдын базарына түшүп, чесноктун баарын жакшы баа менен бат эле сатып бүтүрдүм. Чөнтөгүмдү кампайтып алып, эми сенин кашыңа келип турган кербезим. Сөздүн кыскасы, сага атайын келгенимдин себеби: бул жерден мага бир “Волга” алып бер. Менин сенден атайын сураган нерсем ушул. Сенин колуңдан келет. Сөзүң бардык жерге өтөт. Кыргызда башкалар алалбаган эң жогорку, эң ардактуу наамдардын ээсисиң. Анын баарын санап отурбайын. Колуңдан келип турганда мени Москвадан келишкен ак “Волга” миндирип жөнөтө көр!”-десе болобу. Айылдаш жигитин мейманканада эс ала тур, эртең барып сүйлөшөм деп кетириптир. Көрсө, Чыңгыздын көзү шишимик тартып, чарчап турганынын себеби ушул турбайбы.

Эртеси Чыңгыз ашканага кадимкидей тыкан кийинип, кооз жагоо тагынып келди. Кечеги жумуштар менен шаарга барат экен. Партиянын борбордук Комитетинин катчысы Зимяниндин кабыл алуусунда болуп, анда “Байчечекей” журналын чыгаруу боюнча маселени биротоло бүтүрүп, кыргыз жаш жеткинчектерин өтө зарыл журналдуу кылууга өз үлүшүн кошмок экен. Өзүнүн дем алуу күндөрүндө да кыргыздын атактуу уулу ар кыл түйшүктөн арылбаганына ошол күндөрү күбө болгонум алиге менин эсимде.

1978-жылдын акыркы айында Чыңгыздын дүйнөгө келгенинин 50 жыл толушуна арналган салтанат көңүлдөгүдөй өтүп жатты. Тойго алыстан көп кадырлуу меймандар келишти. Тойго келген меймандарды бир эле тойдун ээси эмес, анын тууган-туушкандары, жакын достору да бөлүшүп, меймандап ызааттоо байыртан келе жаткан элибиздин жакшы каада-салттарынын бири. Чыңгыз менен макулдашып, негизги салтанаттуу жыйын өткөндөн кийин дагы бир-эки күнгө өргүп калышкан Чыңгыздын меймандары балкар калкынын даңазалуу акыны Кайсын Кулиевди, калмак калкынын айтылуу акыны Давид Кугультиновду мен конокко чакырдым. Экөө тең үч томдон турган ыр китептерин белекке беришти. Давид Кугультиновдун үч томдугуна баш сөздү Чыңгыз жазган экен. “Мына, ушул силер олтурган үйдө мындан 21 жыл мурда Чыңгыз менен бирге турганбыз” деген сөзүмө кадырлуу меймандарым бир жагынан ишене бербегендей, экинчи жагынан таң калышкандай карашты. Атактуу акындар менен маектешип олтуруунун көркүн ыктуу да, акылдуу да тамашалары менен кыргыздын укмуштай шайыр акыны Түмөнбай Байзаков чыгарды.

Чыңгыздын туулуп-өскөн мекени “Манас ата” тоосунун этегиндеги Шекер кыштагында өткөн тойго Фрунзеден барган бизге Алматыдан, Ташкенден, Жамбылдан келген меймандар кошулушту. Той кайталангыс жогорку деңгээлде өтүп жатты. Сый тамак кезинде сөз кезеги мага келгенде: “Чыңгыз биздин досубуз, курдашыбыз, жакыныбыз, каламдашыбыз, таламдашыбыз”,-дедиңер. Анын баары туура, бирок силердин бардыгыңардан менин айырмам Чыңгыз менен бир квартирада үч жыл бирге жашаган жалгыз гана менмин”,-деп олтургандардын бардыгын күлдүргөнмүн. Чыңгыз кийин Люксембургда элчилик кызмат аткарып, бизден бир топ алыстап кеткени баарыбызга маалым. 1985-жылдын августунда көптөн бери көрүшө, жолугуша албаган Чыңгыз менен дидарлашып, эс алып, жай олтуруп маектешкенди туура таптык. Чыңгыздын үй-бүлөсүнө чайды мен бермей болдум, Жунай дачасын бермей болду, Шаршен Усубалиев болсо Чыңгыздын үй-бүлөсүн чакырып, машина менен дачага жеткирмей болду. Маркабай Ааматов бизге жалпы кол кабыш көрсөтмөй болду. Ошенттик. Ошол күнү аба ырайы сонун болуп турду. Чыңгыздын жубайы Мария менен жакындан тааныштык. Чыңгыз, уулу Элдар, мен үчөөбүз тээ төмөн түшүп, Аламүдүн суусун бойлоп, сайды кыдырып, көпкө жүрдүк. А биздин жубайлар Мария, Алпейим, Шааркүл бул учурда аялдарча кеңири кобурашып, чер жазышып ыраазы болушту.

Түштөн кийинки олтурушта Чыңгыз өз тостун биз үчөөбүзгө-Жунайга, Шаршенге, мага арнады: “Кызыл кыргынга катышып, каныңарды төгүп, өз салымыңарды кошуп, мындан туура кырк жыл мурда силер алып келген жеңиштин үзүрүн дагы узак жылдар көрүүңөрдү чын дилимден каалаймын!”-деди. Чыңгыз кадимки кыргыз даамын сагынып калгандай, айрыкча жөргөм, куйрук-боорду табити тартып турганын байкадык. Тамакка аралаш чыгармачылык жөнүндө да сөздөр сүйлөнүп жатты. Биздин сурообузду канааттандырып, Чыңгыз өз чыгармачылыгы жөнүндө да айтып берди. “Кылым карытар бир күн” романынан кийин “Плаха” деген жаңы роман жазып бүтүп, кол жазмасын “Новый мир” журналына тапшырганын, романдын кыргызча атын кандай атоону ойлонуп жаткандыгын айтты. Ал кыргыз адабиятында кандай жаңылыктар бар экенин билгиси келген суроосуна Жунай Мавлянов тийиштүү жоопторду берип жатты. Анан мага кайрылып, азыр кандай идиректүү, жөндөмдүү жаш акындар өсүп келатат деп сурады эле, бул кездеги таланттуу акындардын бири азыр биздин арабызда экенин айтып, ага Маркабай Ааматовду тааныштырдым. Бардыгыбыздын өтүнүчүбүздөн улам Маркабай өзүнүн үч-төрт жакшы ырын окуп берди. Анын ырларын Чыңгыз өтө дыкаттык менен угуп, купулуна толгонун билдирип, астейдил кол чапты. Чыңгызга башта жолугууга мүмкүн болбой жүргөндүктөн, бир топ убакыттан бери сатып алынып, топтолуп калган анын китептерине ушул учурдан пайдаланып кол тамга жаздырып алдык. Ошентип, Чыңгыз менен кечке чейин сонун эс алган, жадырап турган 25-август күнү көңүлүбүздүн тереңинде кала берди.

1994-жылы июнь айында мени кызым Анар өзү иштеген мекемесинен Швейцарияга иш сапарга барган болучу. Бир күнү Цюрих шаарынан үйгө телефон чалды: “Цюрих шаарында немецтер да көп жашайт экен. Шаардан Чыңгыз Айтматов менен жолугуу болот. Автор немецче чыккан китебине кол тамга берет” деген кулактандыруулар илинип турат. Ошол жолугууга барсамбы деймин”. Мен: “Барып, жолуккун. Алыс жерде андай жолугуу ага сөзсүз дем берет. Менден салам айткын!”-дедим. Ошол жолугуу жөнүндө кызым Анардын айтканы: “Чыңгыз аганын немец тилинде чыккан жаңы китебин сатып алышып, ага кол тамга койдуруш үчүн кезекке тургандардын сабы өтө эле узун экен. Мен эптеп алдыга өтүп, көтөрүп барган бир кучак жоогазын гүлүн Чыңгыз агайга сунуп, аны куттуктап: “Мен Сооронбай Жусуевдин кызымын. Атым- Анар”-деп айтсам, Чыңгыз ага гүлдү кубанып алды да: “Ыракмат, Анара, жакында эле суук кабар уктум: Ашым Жакыпбеков дүйнөдөн өтүптүр. Анын оорусу кандай оору болду экен?”-деп сурады. Мен аны билбестигимди, Швейцарияга келгениме жыйырма чакты күн болгонун айттым. “Э, Анарка, бул жерде эмне кылып жүрөсүң?”-деп Чыңгыз таң калып сураптыр. Анар иштеген мекемесинен иш сапарга келгендигин айтып, Чыңгызга ийгилик каалап коштошуптур. Анар өзү менен бирге барган аял узун кезектин аягында турганын көрүп, аны ээрчитип барып, колундагы китебине Чыңгызга кол тамга койдуруп бериптир. Анардын таң калганы өтө эле узун кезекке турушуп, чет элдик окурмандар кыргыздын атактуу жазуучусунун китебине ушунча ынтызарлык менен кол тамга алып жаткандыгы. “Кап, Европанын атактуу өлкөсүнүн борборундагы ушул көрүнүштү-Чыңгыздын жазуучулук аброюнун кандай бийиктигин биздин ала-тоолуктар да өз көздөрү менен көрүшсө, өздөрүнүн нукура таланттуу уулу үчүн дагы бир жолу сыймыктанышып, жүрөктөрү балкымак”-дейт Анар. Швейцариялыктардын Чыңгызды кантип урматташкандыгы алиге чейин кызым Анардын көз алдында.

Ушул жерде Чыңгыздын жанагы китебин немец тилине которгон Фридрих Хитцер жөнүндө айтып кетүү орундуу болуп турат. Чыңгыз жөнүндө көп уккан жазуучу жана журналист аны менен жолугуу үчүн дагы эки аял журналисттер менен бизге келип, Кыргызстан Жазуучулар союзуна Чыңгызды табуу максатында кайрылышат. Чыңгыз ал күнү кечкурун гана үйүнө келерин билген соң, Теңдик Аскаров мага Анатолий Сальниковду кошуп берип, меймандарды алаксытып келүүгө жумшады. Алдын-ала айтып койгондуктан “Аламүдүн” совхозунун жетекчилери меймандарды ачык мээрим менен тосуп алышып, дасторконду кең жайып сыйлашты. Бирок, бир нерсе гана жетпей турганы сезилди. Себеби ал кезде Горбачёвдун ичкиликке тыюу салган учуру эле. Совхоздун жетекчилери ошол чечимди так аткарышып, этияттанып жатышкан экен. Аларга ыраазылыгыбызды билдирип, ыракмат айтып коштошуп, биздин “Рафик” жогорудагы “Ала-Арча” альплагерине бет алды. Ал жердеги карагайлардын арасында адамдар эс алып олтуруп, тамактанчу столдорду даярдап коюшканын көрдүк. Сальников экөөбүз ал столдордун бирине гезит дасторкон жайып “дипломаттан” бадыраң, помидор жана бөтөлкөлөрдү алып чыгып койгондо, немец меймандар дароо жанданышып, жүздөрүндө жылмаюу пайда болду. Көңүлү бир кыйла көтөрүлүп, жайдаңдай түшкөн мейманыбыз Фридрих Хитцер мындай деди: “Мындан бир канча жыл мурда биздин элдерибиз бири-бири менен касташкан эле. Ал кездеги майдангер жоокер акын Сооронбай Жусуев мына азыр биз менен бирге олтуруп, бизди сыйлап олтурат. Биз Гёте менен Гейненин тукумдары кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун даңкын алыстан угуп, аны менен жолугууну эңсеп келип олтурабыз. Өткөн өттү, адамдар бир бирин кыруучу коркунучтуу алаамат ылайым кайталанбасын. Бир бирибизди жакшы түшүнүп, бир бирибизге урмат менен кароонун доору башталганына бардыгыбыз кубанычтуубуз!” “Ала-Тоо” мейманканасындагы Хитцердин бөлмөсүнө кирер менен столдо жаткан: “Сооронбай, меймандарыңды алып, биздин үйгө тезинен келсең болот”,- деп Чыңгыздын өз колу менен жазган кагазды окуп кайрадан “Рафикке” түшүп жөнөп калдык. Токтогул көчөсүнүн бурчундагы үйүнөн Чыңгыз уулу Элдар экөө чыгып турушкан экен, меймандарды жылуу ырай менен тосуп алышты. Меймандар менен таанышып, маектешүү узакка созулду. Чыңгыздын дасторконуна коюлган “Консул” арагынан ичип олтуруп, жакын досу Горбачёвдун ичкиликке каршы чыгарган өкүмүнө башка сансыз кишилердей эле Чыңгыз да баш ийбегенине ынандык. Мен өз сөзүмдө эки сөз чебери өз ара тил табышып, чыгармачылык байланыштары калыптанып, үзүрлүү жемиш беришин кааладым. Ошондо Чыңгыз менен жүз көрүшүп алгач таанышкан Фридрих Хитцер Чыңгыздын чыгармаларынын көбүн немец тилине мыкты которгон чебер котормочу экенин көрсөттү. Ал экөөнүн достугунун башталышына күбө болгондугум үчүн мен да курсантмын.

Өткөн жылдын ноябрынын этек ченинде Абдылдажан Акматалиев үйгө телефон чалып: “Чыңгыз Төрөкулович силердикине кирип эле, кайра чыгарын айтты”,-деди. Мен ага: “Келгиле, кайра качан кетериңерди көрө жатарбыз”,-дедим. Чыңгыз келип, дүйнөдөн өтүп кеткен жубайым Шааркүлгө куран окуп, анын жакшы аял, жакшы эне болгондугун эскерип, мага көңүл айтты. “Нагима апам экөө бул квартирада ынтымактуу жашап, бир бирин укмуштай ызаатташчу эле”,-деди. Чыңгыз үй-бүлөсү менен бул эки бөлмөдө мындан 47 жыл мурда жашаган кезин эстеп, чай ичип ашыкпай көпкө чейин олтурду. Ушул бөлмөдө уулум Бактыяр бир жашка чыкканда Чыңгыз менен Теңдик Аскаров экөөнү сыйлап олтурганда Чыңгыз: “Бактыяр мейли тамеки деле тартсын, бир аз ичкилик деле ичсин, бирок эң башкысы жакшы адам болсун!”-деп каалоо айтканы эсимде. “Ошол Бактыяр азыр Искендер аттуу балалуу болуп, ал бир жарым жашка чыгып калды”,-деп айтсам, Чыңгыз убакыттын билинбей учуп жатканын бир сезгенсиди. Бул жолу ал биздин үйдө эки жарым саатча болду.

Менин иш кабинетимде ар кыл китептерге, сүрөттөргө кунт коюп карап, бир топ убакыт өткөрдү. Бир көлөмдүү китепти колуна алып карап көрсө, өзүнүн казак тилинде чыккан китеби болуп чыкты. Ал “Тау мен дала хикаясы” деген китеби экен. Китептеги “Адабиятта үзөңгүлөш жолдошум Сооронбай Жусуевге чын жүрөктөн! 24.10.1964-жыл” деген өзүнүн кол тамгасын көрүп: “О-у, ошондон бери туура кырк жыл өткөн турбайбы!”-деди Чыңгыз. Ооба, мындан кырк жыл мурда мен Медеодогу дем алыш үйүндө иштеп, эс алып, үйгө кайтардан мурда Казакстан Жазуучулар союзуна кире кетейин деп бурулсам, андагы Чыңгыздын достору: “Оо, сонун болбодубу!” Чыңгыздын китебин чыгары менен басмадан азыр эле алып келип, эми ага кантип берип жибериштин жолун билбей жаттык эле”,-дешип кубанышып, жаңы китептин он нускасын Чыңгызга тапшырууну менден суранышкан. Ошол он нуска казак тилиндеги китебин Чыңгыздын колуна карматарым менен ушул нускасына мага кол тамга жазып берген болчу. Андан башка да Чыңгыз кол тамгасын койгон анын көптөгөн китептери менен китепканамдын эң ардактуу текчесинде турат да, ал китептердин авторунун ысмы дайым көңүлүмдүн төрүндө.

«Эркин Тоо» («Кыргыз гезиттер айылы») 14.10-18.11.2008-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.