Үркүнгө барып келген Муратаалы Күрөңкеев

“Өмүр бизден өтүп кетсе, Эл эмгектен эскерсин” -деп, Аалы атабыздын айтып кеткен жакшы сөзү бар. Анысы кандай, кыргыз эли үчүн үзүрлүү эмгек жасап кеткен адамдарыбызды эстеп турууну туура көрдүк. Бүгүнкү эскермебиз кыргыз музыкасына опол тоодой салым кошуп кеткен Муратаалы Күрөңкеев болмокчу.

Каарман жөнүндө
Карт тарыхтын катмарында бүгүнкү күнгө чейин бийиктигин жоготпой келген улуу инсандарыбыздын саны арбын. Алардын бири, кыргыз музыкасынын түптөлүшүнө зор салым кошкон, комузчу, кыл кыякчы, дастанчы, өз заманында композитор жана күүчү атабыз Муратаалы Күрөңкеев экендиги чындык. Бул кишинин биз атабаган, билбеген талаттары эл арасында кеңири айтылып келет. Муратаалы атабыз 1860-жылы жарык дүйнөгө келип, 1949-жылы дүйнөдөн кайткан. 1935-жылы Кыргыз ССРнин Эл артисти наамын алган. Улуу инсандын атын эстеп жүрүү максатында борбордогу 1939-жылы ачылган музыкалык окуу жайга 1945-жылы, 25-майда Муратаалы атабыздын көзү тирүүсүндө аты берилген. Жалпыга маалым болбогон бир маалыматта М.Күрөңкеев 1916-жылы үркүнгө барып келген. Бул тууралуу анын өздүк делосунда жазылган.

Тубаса талант
Кайталангыс, бирөөдөн үйрөнбөгөн чыныгы талант ээлерин кыргызда тубаса талант деп атап коюшат. Анысы кандай тубаса таланты менен жарык дүйнөгө келген Муратаалы атабыздын музыкага болгон шыгы, жөндөмү 10 (он) жашында эле байкалган. Он жашка чыккан кезинде эле комузда кол ойнотуп, ыр-күүгө шыктуу болгон. Бир гана комуз чертпестен кыл кыяк, домбра жана башка аспаптарды билгени көпчүлүктү таң калтырган. Себеби, бир адамдын үйрөтүүчүсү (устаты) жок бир нече аспапты билүүсү табышмак эмеспи.

М.Күрөңкеевдин санжырасы
Тубаса талант болуп жаралган Муратаалы атабыздын түпкү атасы, кадимки Таластын саруу уруусунан чыккан Бердике баатыр болгон. Бердике баатыр тарыхта айтылгандай, Чүй аймагындагы калмактарды сүрүп чыгууда кол башчы болгону белгилүү. Бердикеден Жаныбек аттуу уул болгон, ал өз учурунда өз уруусуна хан болгон экен. Жаныбектен Белек туулат, Белек кадимки Ормонхандын керней-сурнайчыларын башкарган адам болгон. Белектен Күрөңкөй, Күрөңкөйдөн Муратаалы атабыз төрөлгөн.

Тентимиш Мураталиев, Кыргыз Республикасынын Эл артисти,
профессор, М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу-жайдын директору:
“Мени Мураталынын небереси дешет…”
Муратаалы Күрөңкеевдин турмуштагы урунган аспаптарын жана колдонгон буюмдарын чогултуп, былтыркы жылы белгиленген 150 жылдык маарекесинде музейи ачылганынан кабарыбыз бар. Бүгүнкү улуу инсанды эскерген эскерүүбүздүн аягы куру болбосун деп, музей менен да кененирээк таанышып кайттык. Музей тууралуу, музейди уюштурган М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу-жайдын директору Тентимиш Мураталиев биз менен чакан маек курду.

Тенти агай айтсаңыз, музейди ачууга эмне себеп болду?
Өзүңүздөр билгендей мен жетектеген музыкалык окуу жай улуу музыкант, композитор Муратаалы Күрөңкеевдин атын алып жүрөт. Кыскача тарыхына токтоло турган болсок, аталган музыкалык окуу-жай 1939-жылы ачылган. 1945-жылы Муратаалы атабыздын көзү тирүүсүндө окуу-жайга аты берилген. Ал кезде М.Күрөңкеев 85 жашта экен. Андан бери канчалаган жылдар өттү, былтыр мына окуу-жайга 70 жыл, М.Күрөңкеевдин туулганына 150 жыл толду. Ушул маарекени утурлай окуу-жайдын ичинен эки бөлмөдөн турган музейин ачтык.

Музейди ачуу демилгесин ким көтөрдү жана музейде кандай буюмдар, аспаптар бар?
Мен бул окуу-жайга 1990-жылы келгем. Ал жылы М.Күрөңкеевдин 130 жылдыгы окуу-жайдын 50 жылдыгы белгиленген. Ошондо Күрөңкеевдин 86 жашка чыккан келини бар экен, (атын унутуп атам) ошол киши да катышкан. Ошол жылы улуу музыканттын урунган буюмдарын камтыган, чакан бир бөлмөлүү музей ачылган эле. Былтыр эки бөлмө кылып чоңойттук. Музейде Муратаалы атабыздын сүрөттөрү, урунган кыл кыягы, комузу жана олтурган үстөлдөрү (отургучтары) бар. Дагы баса белгилеп айта кетүүчү негизги нерсе ак эмгеги менен жеткен Эмгек Кызыл Туу ордени жана Ленин ордени дагы бизде сакталуу.

Агай сизди Муратаалы атабыздын небереси экен, чоң атасы болгон үчүн М.Күрөңкеевдин музейин ачты деген сөздөр айтылды эле…
Менин фамилиям Мураталиев болгон үчүн, мени көптөр небереси деп ойлошот. А түгүл мени таанып, учурашып калганда, “мени кайдан тааныйсың” десем, ушундай улуу инсандын небересин тааныбасак, уят эмеспи дегендер да болгон. Бирок, мен айта кетейин, Күрөңкеев атабыз менен менин эч кандай туугандык байланышым жок, жөн гана ал кишинин атына менин фамилиям дал келип калган…

Бетти даярдаган А.Иманалиев, «Алиби» («Кыргыз гезиттер айылы»), 15.04.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.