Салымбеков: Бишкек эстеликтердин шаары болуп баратат

Эстеликтердин жана тарыхый жайлардын эл аралык күнүнө (18-апрель) карата ишкер, меценант Аскар Салымбеков “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Бүгүн эстеликтердин жана тарыхый жайлардын эл аралык күнү экен. Сиз тарыхчысыз, Кыргызстандагы эстелик, тарыхый жайлардын абалына баа берип кетесизби?
Аскар Салымбеков: Биз Совет доорунда жашаганда биздин Кыргызстандын тарыхы бурмаланып эле жазылган экен, аны биз кийин эгемендик алгандан кийин билип калдык. Тарыхыбыз дагы, тарыхый жайларыбыз, эстеликтерибиз толук-кандуу изилденбей, көп нерселер айтылбай калганына күбө болуп отурабыз. Биздин тарыхый жайлардын ал-акыбалын айтсам, биздин белгилүү 3-4 объектибиз бар, ошолорго көп көңүл бурулуп эле, белгисиз тарыхый жайлар, скиф кургандары, Шырдакбектин коргону, Канкошойдун коргону ж.б. көп башка региондордогу элге белгилүү, бирок тарыхый изилдөөлөр, археологиялык казуулардын негизинде изилденбей калган. Азыркы заманда биз спонсорлордун аркасынан, Илимдер академиясы, тарых факультеттери менен, окумуштуулар менен ушул жагына көңүл буруп, элге тарых аркылуу жаздырып, изилдеттирип, Кыргызстандагы эстеликтердин, тарыхый жайлардын баардыгын реестр жасап, ушундай ишти баштаганга убакыт келди го деп ойлойм. Дүйнө жүзү боюнча белгиленип аткандан кийин, биз дагы бул жагына жакшы көңүл бурсак деген ойдомун.

“Азаттык”: Аскар мырза, сыртка чыкканда көрүп жүрөбүз, чет өлкөлөрдө көбүнчө эстеликтерди, тарыхый жайларды аздектешет, кастарлашат, ошол эле убакта саякатчыларды тартып, бизнес жасоонун дагы бир жолу. Бизде ушул жаатта мамиле кандай?
Аскар Салымбеков: Биз бул жагынан аябай эле артта калдык. Башка Европа, Америка континенттерде болобу, Кытай, Жапония, Азия мамлекеттеринде өзүнүн тарыхын дагы жакшынакай изилдешип, жазышып, реконструкцияларды жасап атышат. Ошол жерге туристтерди алып келип, мамлекеттин казынасына, маданиятка, искусствого, каржылануучу тармактарга айландырып алышкан. Биз дагы ошол жол менен баратабыз, мына Манастын күмбөзү, Бурана, Таш-Рабат, Өзгөндөгү комплекс, Сулайман-Тоону ЮНЕСКОго киргиздик. Бирок бул чекеси эле болуп атат. Биздин андан бетер көп унутта калган, эл билбей калган, тарыхка жазылбай калган жайларыбыз бар. Ушуну мамлекеттин деңгээлинде, ошого ынтызар спонсорлорду кошуп, тарыхый жерлерибизди реконструкция жасап, туристтик комплексттерге, маршруттарга кошуп койсок эң эле жакшы болот эле. Ошон үчүн бул жагынан бизге башка азыркы заманбап көз караш менен реестр жасап, биздин жайларыбызды бүткүл дүйнөгө таныштырышыбыз керек.

“Азаттык”: Ат-Башыда Кошой-Коргон жөн эле жаткан коргонду туристтердин, саякатчылардын көзү кызаргандай кылып жасалды деп атат, ошол тууралуу кеп салып берсеңиз.
Аскар Салымбеков: Бул аябай чоң тарыхый жай. Совет доорунда каралбай калган эстелик. Кийин эгемендүү болгондо, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө 2200 жыл дегенде, биз мамлекеттүүлүктү Кошой-Коргондон баштап, аны жакшы изилдесек болмок. «Манаста» деле айтылып келген, ошол жердеги Кан Кошой, ошол жердеги кыргыз мамлекетинин ханы болуп туруп, Алтайдан Манасты чакырып келип, азыркы Кыргыз мамлекети болгон аймакты ээлеп, ушул жерде Манас жердеген жер деп, азыр Кыргызстан болуп турбайбы. Ошол кезде Кан Кошойдун ордосу кыргыз мамлекетинин уюткусу болгон. Ошондой эстелик унутта калгандан кийин биз намыстанып, ошол жерге музейин салдырттык, тегерегин тостурдук. Ал жерде мал жайылып, суу сугарылып дубалдарынын баары кулап, акыбалы аябай начар болуп калган. Тегерегине бак тиктирдик.

Ошол жерге тарыхый комплекс кылып, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалы ошол жактан башталган дегендей тарыхчылар айтып атат азыр, ошону дагы изилдеш керек. Нарын жергесинде, Ак-Талаада, Жумгалда, Ак-Сайда, Арпада тарыхый жерлер бар, баатыр Сайкал кызыбыдыкы бар. Бул Нарындагы эстеликтер. Ал эми Алайда, Жалал-Абаддын Ала-Букасында, ошол эле Таласта, Чүйдө, Көлдө көп тарыхчылар барып изилдөөчү жерлерибиз толуп жатат. Кан Кошойдой тарыхый комплекс жасаганга каражаттарыбызды жумшап, ошол жерди туристтердин маршрутуна киргизүү боюнча пландарыбыз болуп атат.

“Азаттык”: Бишкекти “эстеликтердин көрүстөнүнө” айланып баратат деген сөздөр көп чыгып атат, чоңбу, кичине ишмерби, мамлекетте 1-2 жыл иштегенби, 5 жылбы, баарына эле коюлуп атат деп. Адатта четте улутка эмгеги сиңген ишмерелердин эстелиги коюлат. Ушуга кандай карайсыз?
Аскар Салымбеков: Көрүстөнгө деле, шаардын ар жерине эле эстеликтерди коюп атабыз. Эстеликтерди иретке салсак туура болот эле. Шаардын ортосунда Бишкектин старостасы Терентьев деп 19-кылымда турган адамдын үйү археологиялык тарыхый эстелик болуп кирип калыптыр. Ошонун кебете-кешпирин карасаң ал реконструкцияга жатпай калыптыр. Аны же маданият министрлиги карабайт, башкаларга да тиешеси жок. Ал жерди оңдоп, башка бир нерсе жасайлы десек эле, кайра ызы-чуу болуп көтөрүлөт. Биздин айылдагы атактуу кишибиз деп келип эле эстеликтерди коюп атат. Чынын айтканда Бишкек эстеликтердин шаары болуп баратат. Кайра эле желекти, аттарды которолу деп эле депутаттарыбыз чыгып атат. Депутаттар азыркы жагдайга жараша экономикалык маселелерин көтөрсө, элдин жашоо-турмушун оңдогон мыйзамдарды көтөрсө. Өзүбүзгө эстелик койгондон башка кудуретибиз жетпегендей сезилип атат.

“Азаттык”: Маегиңизге рахмат.

Элеонора Бейшенбек кызы, «Азаттык», 18.04.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.