Чокуларда Чокморовдой ат калып…

Таң супасын тоолор тосуп биринчи,
Тирүүлүктүн улуу жолу башталып.
Чолпон чыккан сайын жазып нурунан,
Чокуларда Чокморовдой ат калып…

Жашыл аалам күз боёгун сүрткөндөн,
Жаштык деген жалын кечкен чакты алып.
Андан кыйын тагдыр бизден кыйса да,
Ысмы ысык жүрөктөргө жатталып.
Өзү болсо калкып кайткыс жол алып,
Өмүргө асыл, сагынычы аттанып…
Кыялданып олтургандай элестейт,
Кылымдардын кырларына көз салып…

Ооба, кылымдарга жашташ жашай бере турган улуу таланттар болот тура. Кыргыз улутунун атын дүйнөлүк өнөрдө тааныткан кымбат уулдарынын бири СССРдин жана Кыргыз Республикасынын эл артисти, эл сүрөтчүсү, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, даңазалуу кино актер Сүймөнкул Чокморов.

Алгачкы аткарган ролу “Караш-Караш окуясындагы” Бактыгул аркылуу чыгармачылык жолун жеңиш менен баштаганы жакшы жөрөлгөгө айланып, актердук иштеги он жыл аралыгында отузга жакын ар кыл каармандарды жүрөккө сүр­төр­лүк деңгээлде алып чыккан. Ошондуктан аны дүйнөлүк миллиондогон кино ышкыбоздору сүйүш­көн, анын атын кумир тутушкан. Ал аркылуу кыргыз элинин аты даңаза болгон.

Анын кесиби сүрөтчү болсо дагы кино өнөрүндө ашкере таланты таанылып, эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн беш жолу дүйнөлүк деңгээлде бааланышы кыргыз эли үчүн чоң сыймык болгон. Бирок ошол чоң сыймыкты оозеки айтканыбыз менен иш жүзүндө баалай алдыкпы?. Албетте, жок! Анын катуу оорудан көзү өткөнүнө 19 жыл өтсө дагы улуу таланттын айкелин койгонго “шарт” табылбады…

Ошентсе дагы “алтынды дат баспайт” эмеспи, жакында Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фонд ачылды. Кайриет, канчадан бери какшап келе жаткан максаттар эми ишке ашар деген үмүт жанды. Анткени, дүйнөгө кыргызды тааныткан залкар уулу мамлекеттик деңгээлде көңүлгө алынбай жүргөнү көпчүлүккө маалым. “Өз агасын агалай албаган бирөөнүн агасын сагалайт” деген кыргыздын накыл сөзүндөй, Чокморовго окшогон ак кар баскан чокуларды баалай албай, канча жылдан бери борбор калаабыздын бир жеринен эстелигин тургузууга жер табылбай келет дагы, башка бирөөнүн кичине көлөкөсүн көргөнүбүзгө курсант болуп, Ала-Тоонун бир чокусунун атын беришке даярбыз. Бул эми кыябы келгенде айтыла калды, бирок өзүнчө чоң сөз, кезеги келгенде ал дагы тагыраак айтылат. Баары бир залкар таланттар кемели кемибеген касиеттей эртеби-кечпи аты өчпөстөн, кайрадан жаңырып келген муун менен кошо жашай берет. Андай тарыхый тагдырлардын урпагынын учу куру эместиги ошондон. Биз айткан сүйүктүү агабыз Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фонддун максаты – анын мемориалдык эстелик комплексин тургузуу. Мурдараакта аталган фонддун жетекчиси Сагынбек Абдрахманов менен болгон аңгеме-дүкөнүбүздө буларды айткан эле:

– Сүймөнкул Чокморов тууралуу таптакыр унутулуп, эч нерсе жасалбаптыр дегенге болбойт, анча-мынча иштер жасалган экен. Бирок өзүнүн дүйнөлүк жүгүн кө­төрө алгыдай деңгээлде жасалган эмес. Агасы Намырбек Чокморов бир топ эле иш-чаралар менен жалгыз аракет жасап, алек болгон экен, бирок эми биз ал кишинин кемчилигин кайталабайлы деп жатабыз. Менин оюмча Чокморовдун мемориалдык эстелик комплексин жөнөкөй эле кура салганга болбойт. Айталы, Ташкул Керексизов деген чыгаан жигит Ысык-Көлгө “Рух ордо”, “Аалам ордо” деген эң сонун маданий очок ордосун курбадыбы. Сүймөнкул Чокморовдун мемориалдык комплекси дагы ошо сыяктуу кыргыз улутунун бийик рухун таанытып тургандай керемет жай болуу керек. Ошол жер барган адамдарды суктандыра турган, эс алдыра турган маданий борборго айланса деген тилекте иш баштап жатабыз. Эгер ал ишке ашып калса, эл дагы ыраазы болмок. “Чокморовдун ордосуна баралы” деп турушса кандай жакшы. Чет өлкөлөрдө Чокморовдун күйөрмандары да көп эмеспи, Кыргызстанга келишсе Чокморовдун ордосунда болуп, даңаза кылып кетишсе, биздин өлкө үчүн чоң аброй болмок. Биздин алгачкы бир айлык кадамыбызда ириде Чокморов тууралуу окуу жайларда, мектептерде иш-чараларды уюштуруу, сүрөт көргөзмөлөрүн ачуу, сочинение жаздыруу ж.б. максатындагы иштерди колдоо үчүн тийиштүү министрликтер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Максат элден мурун залкар талант жөнүндө элге, айрыкча жаштардын жүрөгүнө сиңирүү менен анын өнөрдөгү касиетин, улуулугун жеткирүү. Фондду уюштургандан көп өтпөй эле бизге телефон шыңгыраткандар болуп жатат. Жакында эле Голландиядан куттуктап чалышты. Казакстандан Чокморовдун күйөрмандары биздин кабарды уккан соң дароо телефондон байланышып, кызыл гранит таш жибергенге биздин мүмкүн­чүлүгүбүз бар, деп ишибизди колдоого ала тургандыгын билдиришти. Биз ошого кубандык, буйруса улуу таланттын кадырын билген күйөрмандары көп деген ишеничибизге ынандык.

Мына ушундай кабардан кийин, бул маселе көпчүлүк тарабынан колдоого алынып кетери күмөн туудурбайт. Эл аралык деңгээлге чейин барышы да алыс эмес. Анткени Сүймөнкул Чокморов деген ысымдын өз бийиктиги көтөрүп кетер мезгили келди. Чокморов деген өзү деле элге жугумдуу талант. Анын кинолорун канча көрсөң ошончо кайра көргүңдү келтирген сыйкыр күчү бар эмеспи. Ал ошонусу менен дүйнөлүк кинокөрөр­мандардын миллиондогон катмарына жагымдуу таасир калтырып таанылып калган. Мындай залкар талантты жараткан кыргыз эли дагы түптүү журт. Заман кыйынчылыгы убактылуу. Адамды Кудай үмүт менен жараткан дейт. “Жакшы тилек-жарым ырыс” деп биздин эл бекеринен айтпагандыр.

Сүймөнкул Чокморовдун мемориалдык эстелик комплексинин орду Бишкектин четинде, Байтикке бара жаткан жолдогу үч кошкон жерден тандалгандыгы туура болгондой көрүнөт. Күнчыгышка кеткен жол Сүймөнкул аганын туулган айылы, андан ары “Ата-Бейит”, күн батыш жагы Байтик атанын жаткан жайы, дегинкиси бул аймак касиеттүү жер. “Базарың болгонго мактанбай, мазарың болгонго сүйүн” дейт эмеспи.

Сүймөнкул Чокморовдун мемориалдык эстелик комплексин куруу максатында жакында дагы бир иш-чара уюштурулганы сүйүнүчтүү көрүнүш. 28-апрелде Аламүдүн районунун маданият үйүндө марафон өткөрүлгөнү жатат. Марафон саат10.00дө башталат. Дареги: Лебединовка айылы, Жеңиш көчөсү, 101. Чокморовдой чоң талантты сыйлаган атуулдар бул иш-чараны колдоого алат деген ишеним зор.

Байланышуучу телефондор: (0312) 33-89-08, 33-89-09, 34-21-22

Бактыгүл ЧОТУРОВА, “Кыргыз Туусу”, 26.04.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.