Элдик легендага айланган Сүймөнкул-Сүлүккара

Белгилүү киноактер, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун элесин түбөлүккө калтыруу максатында маданий комплекс куруу аракети башталды.

Бул үчүн 28-апрелде Чүй облусунун Аламүдүн районунун маданият үйүндө марафон өткөрүлдү. Уюштуруучулардын айтымында, Бишкекте СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун айкелин баш калаанын ортосунда тургузуу тууралуу кыргыз өкмөтүнүн буйругу менен кабыл алынган Бишкек шаарынын токтому аликүнчө ишке ашпай келет.

“…Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй”

Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев 1972-жылы тарткан «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» кинотасмасындагы каарман Карабалтанын ролун улуу талант Сүймөнкул Чокморов аткарган.

Кинотасмада Карабалта колуна домбураны алып, Шиберден сүргүндөн качып келатып казактын Сары-Аркасында Жансал деген акындын кайгылуу тагдырын угуп алып жаны кейигенин, бир элдин абийири акын Жансал адамдардын алсыздыгын, арсыздыгын айтып талаада ырдаса аны туугандары жин даарыды деп керегеге таңып салышканын айтып, ырга салып отурат.

«Ысык-Көлдүн кызгалдактары» киносунда Карабалта аркылуу эр жүрөк, шамдагай, жаңы коомдук түзүлүштү, эркиндикти эңсеген кыргыз жигитинин образы чагылдырылган.

“Ал ак чачтар кара болчу көмүрдөй,
Жаркын талант чайпалбай да төгүлбөй,
Элестелип бүт дүйнөгө таркады

Кыргыз өңү Сүймөнкулдун өңүндөй»,-
деп белгилүү акын Жолон Мамытов ташка тамга баскандай таасын сүрөттөгөн эле.

Айткандай, Сүймөнкул Чокморов алгачкы жолу 1969-жылы режиссер Болот Шамшиев тарткан «Караш-караш» кинотасмасында башкы каарман Бактыгулдун ролун зор чеберчиликте аткарып, жарк этип жылдызы жанып, көп кырдуу талант экенин көрсөтө алды.

Бул кинодо улуу тоонун эркин шумкары сымал кыраандын, октон-оттон тартынбаган көк жал кыргыздын баатыр мүнөз жигитинин образын түзүү менен Сүймөнкул кыргыздын өңүн дүйнөгө таанытты.

Ошол кинодон кийин Сүймөнкул-Сүлүккара элдик легендага айланат. «Ат адамдын канаты» дегендей, экөө бири-бирине төп келишип, бир бүтүндүккө айланат.

Киного тартылып жаткан күз мезгилинде Сүймөнкул аргымагы менен кирип жаткан Көкө-Мерен дарыясын кечип баратканда, бууракандаган суу Сүлүккараны тоголото коюп, агызып жөнөйт. Үстүндөгү Сүймөнкул Кудайдын парманы менен аман калат.

Мына ошондон киийн Сүймөнкул Чокморов катуу суук тийип ооруп да калат. Анын кийинчерээк оорукчан болуп калганына ошол өзү ойногон ролдорунун залакасы тийди, деп эсептейт аны менен бир топ кинолорго чогуу тартылган эл артисти Чоро Думанаев:
– “Өзбекфильм” киностудиясы тарткан «Жетинчи ок» киносунда дагы Сүймөнкул байкени чынында эле ур-токмокко алышкан. Аны Сүкөм өзү чындыкка окшошсун, турмуштагыдай тепкилегиле дептир. Андан башка киносъемкаларда аттан жыгылып, тоо-таштын арасында, ысык-суук, ачка-ток жүргөндүн баары ден-соолугуна залакасын тийгизди да. Анан жаш өткөндөн кийин оору козголот окшобойбу. Бир жолу ооруканага Сүкөмдү көргөнү барсам, бир тууган агасы Сүйөркул көңүлү чөгүп туруптур. «Эмне болду, байке?»,-десем. «Врачтар менен сүйлөшүп бир бөйрөгү менен деле адамдар жашап жатышпайбы. Биз бир тууганбыз да, Сүймөнкулга бир бөйрөгүмдү берейин, операция кылып менин соо бөйрөгүмдү ага салгыла, десем Сүймөнкул болбой койду дейт». Көрсө Сүкөм, «кой байке, операциянын жыйынтыгы кандай болоору белгисиз, башкача болуп калса экөөбүз тең мунжу болуп калабыз да. Кой байке, мен сизге эки дүйнөдө ыраазымын», – деп болбой коюптур. Сүкөм ооруну жеңе билди. Жаны кыйналып турса да сыр алдырбай, жайдары болуп турар эле.

Ооруну спорт менен жеңген

Сүймөнкул Чокморов 1982-жылы бөйрөгүнөн операция болуп, 9 жыл бою медициналык аппарат менен денесиндеги канды тазалатып, үч күндө бир жолу процедура алып турган.

Турмуштун далай азаптарын башынан өткөрүп, кыйынчылыктарды жеңе билген Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Аламүдүн Районундагы Чоң-Таш айылында туулуп, ал жердеги башталгыч мектепте 6 жашынан баштап окуйт.

1949-50 жылдары Кемин районундагы Боролдой айылында окуп жүрүп ооруп калып, эки буту баспай бир жылча окуусун таштайт. Ал тууралуу өзүнүн эскергени бар:
– Мен бала кезимде катуу ооругам. Аз жерден майып болуп кала жаздагам. Мектепти убактылуу таштоого туура келген. Тагдырыма кол шилтеп коюп, жашагым да келбей калган. Анан Намырбек байкем шаарга өзүнө алып, спортко тартып, «жашоо үчүн күрөшүү керек шайтан алгыр», деп мени шыктандырган. Мен бош убактым болуп калса эле спорт менен машыгып, ооруну жеңдим. Рахмат сага, Намырбек!

Бир жылдан кийин Бишкектеги №5 мектептен окуп, 1953-жылы сүрөтчүлөр окуу жайына окууга өтөт. Аны ийгиликтүү аяктагандан кийин Маданият министрлигинин жолдомосу менен Ленинграддагы Репин атындагы сүрөтчүлөр институтуна кирип, 1964-жылы окуусун ийгиликтүү актайт. Ал сүрөтчүлүк кесибинде живопись жанрында 500гө чукул мыкты сүрөттөрдү тартат.

Репинде окуп жүргөндө Ленинграддын волейбол боюнча курама командасында ойноп, спорттун чебери болот. “Съемкадан бош боло калганда спорттук оюндарды уюштуруп, элди зериктирүүчү эмес”, деп кинодогу кесиптештери эскерип калышат.

Кайталангыс образдар

Ал эми кино өнөрүндө болсо чыгаан талант Төлөмүш Океевдин «Көк серек», «Улан», «Кызыл алма» тасмаларында, дүйнөлүк атак-даңкы бар жапон режиссеру Акира Курасаванын «Дерсу Узала» кинофильминде кайталангыс образдарды жараткан. Бекеринен ал Бүткүл союздук кинофестивалдарда беш жолу «Эркектердин эң мыкты ролу» сыйлыгына, Эл аралык кинофестивалдарда 9 жолу биринчи сыйлыкка татыктуу болбосо керек. Баш аягы отузга чукул кино тасмаларда ар түркүн образдарды жараткан.

Акира Курасава Сүймөнкулдун актердук шыгына абдан жогору баа берип, аны жаңы тарта турган тасмасында башкы ролго чакырууга ниети бар экенин билдирген. Бирок белгисиз себептер менен Акира Курасава кыргыздын чыгаан актерун  киного тарта албай кетти.

Кыргыз өңүн дүйнөгө тааныткан Сүймөнкул Чокморов бөйрөгүндөгү айыккыс кеселдин кесепетинен 1992-жылы 26-сентябрда 53 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

1998-жылы өкмөттүн буйругу менен борбор калаанын мэриясы тарабынан “Россия” кинотеатрынын маңдайына Сүймөнкул Чокморовдун айкелин орнотуу боюнча токтом кабыл алынгандан бери кыйла убакыт өттү. Бирок ал токтом ишке ашпай келетат, дейт «Сүймөнкул Чокморов» корунун катчысы Болотбек Шаршеналиев.

Сүймөнкул Чокморов жалаң эле кыргыз киносу эмес, Казакстан, Өзбекстандын дагы кино өнөрүн дүйнөлүк деңгээлге алып чыккан, улуу таланттын бири болгон.

Аманбек Жапаров, “Азаттык”, 28.04.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.