Календер-дервиш же унчукпас гений Буудайбек Сабыр уулун эскерип

Өз түйшүгүнө белчесинен батып, башканын алын суроого чамасы келбеген жүдөө жандай кайдигер күндөр, шаардыктарды бири-биринен жатырката, уятынан гана баш ийкешкен, ооз учунан ал сурашкан чала тааныштарга айлантып салгандай… Антсе да, алда неге кабатыр болгондой, нурлуу жүзү чарчаңкы, коюу каректери ичинен кайнап тургандай сырдуу, сакадай боюна сан жылдар баткандай сабырлуу карыя жаны тынбай улам бир руханий чөйрөнүн тынчын алып жүрдү…

Илимдер академиясынын Сары алтын аксакалы бирде Кино үйүндө, киностудияда, Жазуучулар уюмунда, редакцияларда, бийлик кеңселеринде жаны тынбай, өзү билген-туйган нерселерди башкалардын кулактарына куйганы, кандай укмуш кенч-казыналарыбызды кантип сактап, элге кайрууну кобурап айтканы коңултуктап жүргөндөй… Анан эле көрүнбөй калды…

Акыркы жылдары эки жолу ашказандын жаман дартын кескилетип ооруканага жатып чыккан экен. Антсе да, кайратынан тайбай, өмүр бою эл үчүн жасаган эмгегин кыйбай, дагы эле зор үмүттө жүрүптүр. Узун элдин учун, кыргыз элдин кыйрын кыдыра, кайсы айылда кандай чебер комузчу, кандай чечен ак таңдай, кандай мыкты санжырачы, кандай улама-кынамачы… дастанчы, манасчы, жомокчу болгонун же бар экенин беш колундай билген… Алардын ар бирин архивге жазып алып калуу үчүн, өз үйүнө кондуруп, багып, сыйлап, тосуп алып, узатып, өз пайда-чыгымын да ойлобогону өзүнчө бир адамгерчиликтин бийик үлгүсү!.. Эрдик!.. Бу кишидей кыргыз фольклорунун жандуу энциклопедиячы-тарыхчысы, жөө жүрүп айыл кыдырган календер-дервиши да эми жок чыгар!..

Бир кезде, 1960-жылдары, кырчындай жаш, солкулдаган сымбаттуу, сулуу, бойдок жигит кезинде… “Пионер” гезитинин адабият бөлүмүн жетектеп, андан тышкары Кыз-келиндер пединститутунун адабият ийримине башчы болуптур… Эң бир кызыктуу жаңыланууларга, күлкүгө-шаңга эле эмес, баалуу маңызга, улуу максаттарга толгон ал күндөрдө, жанар тоодой атылган жаңы доордун зор бүркүмүндөй болгон бүтүндөй бир чоң таланттуу муундун өкүлдөрүн чыгарууга чоң салымын кошуптур!..

Андагы жаш калемгерлер – эл акындары М.Абылкасымова, С. Абдыкадырова, М.Буларкиева, Д.Муканбетова, Г.Момуновалар активдүү мүчө болгон адабий кружоктун андагы жаш коноктору – көрүнүктүү адамдарыбыз – С.Асанбеков, Т.Аскаров, А.Жакыпбеков, О.Султанов, Т.Касымбеков, К.Укаев, С.Жигитов, Ж.Чабалдаев, О.Асанов, С.Маймулов ж.б. экен. Жаштардын сыйкырлуу адабий кружогу бүтүндөй көркөм театрга айланып, көңүлдүү, зор шык-ынтаа менен коюлган спектакль сыяктанчу. Кантип кызыктуу, көңүлдүү өткөрүүнү дайым ойлоп таап турушчу.

Бир жолу А.Токомбаевдин туулган күнүнө карата, анын “Көпөлөк сенсиң мен чырак” деген ырын дубал гезитке чыгарышат. Жакын турган сүрөтчү студенттерден кооздоп берүүнү сурашканда, алар чырактын сүрөтүн сулуу кыз кылып, бир жагына көпөлөктү тартышып, башын Аалы Токомбаевдин башы кыла, кыздын узун олоң чачынын бирин анын мойнуна ороп коюшуптур. Буга эң бир олуттуу Буудайбек агай да, Аалыкең да күлүп, баарына жаккан экен. Кыздар кызыл гүл менен тосуп, ырлар окулуп, бий бийленип, комуз чертилип, эң эле көңүлдүү кечеге айланат.

Өмүр бою жөнөкөй, сылык-сыпаа жашап, жулунуп-улунганды, ач көздүктү, бирөөнүн эмгегин ээлеп алууну билбеген, ыйман-ызааттуу, инсан Буудайбек Сабыр уулу – кыргыз элинин руханий дүйнөсүнө билинбей жүрүп опол-тоодой кызмат кылган. Ал жыйнаган “Санжыралар”, оозеки чыгармаларды чыгарып, “күрүчтүн арты менен күрмөк суу ичет” болгон айрым адамдар “Мамлекеттик Токтогул сыйлыгын” алган. Академик болгон. Ал эми кыргыз эли үчүн чын кызмат кылганын кыйкырбаган жөнөкөй гений көлөкөдө калып калды.

Алтынай Темирова, «Де-Факто» («Кыргыз гезиттер айылы»), 12.05.2011-ж.

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.