“Тирүүлөр өлгөндөрдү үйрөтө албайт… Өлгөндөр тирүүлөрдү үйрөтө алат”

Чыңгыз Айтматовдун маданият, көркөм сөз өнөрүбүздөгү карааны Хан Теңирдей калдайып кылымдарга тура берээри анык. Алп алптыгын кылат экен, ал А.Пушкин айтмакчы, өзүнө өзү түбөлүк эстелик орнотуп кетти. Бирок, тоонун дагы күнгөй тескейи бар эмеспи. Айтматовдун да жеке инсандык касиети дайыма кызыгууну туудуруп турары шексиз. Ушул өңүттө Кыргыз эл акыны Токтосун САМУДИНОВ менен болгон маегибизди окурмандарга сунуш кылабыз.

Токтосун ага, “тоо бийиги алыстаганда билинет” деген ырас белем. Кечээ эле жаныбызда жүргөн Чыңгыз Айтматов агабыз “кайтпас күнгө калкып кете беремин” деп Алыкул акын айткандай, капилет узады… Күтүлбөгөн иш болду.
Күтүлбөгөн иш болду деп, анан, Алыкулду эскергениң жүйөөлүү. Аныкы башкача тагдыр эле. Кайран акын ажалга айлап-жылдап даяр болуп, эзелкиче айтканда, кепинин башына жазданып, бирок, “аалам алпы Шекспирдей күч менен, ооруп жатып ыр жазганы” – эмне деген адамдык да, акындык да эрдик! Кантебиз, дагы бир улуу акын Назым Хикмет жазгандай, “акыры келер өлүм, ар кимдин жазылган соң маңдайына” турбайбы. Албетте, бу жалганда “сынбасты уста жаратпайт, өлбөстү Кудай жаратпайт” экен. Бирок, эл сүймөнчүгү, эл кадырманы болгон, асыресе, чыгаан өнөр адамдарынын дүйнөдөн өтүшү жүрөктү башкача бир түйшөлтүп, сезимди башкача бир серпип өтөрү ырас. Бир кезде кыргыз жергесинин тузун татып, ак адил кызматын өтөгөн балкар акыны Кайсын Кулиев айыкпас дартка кабылып, Москвада дарыланып калат. Илдетинин өтө сал экенин туйган даанышман адам туулган жергесине эртелеп алпарууну өтүнөт. “Кайсынды апкелишет экен” деп миңдеген эл аэропортко жыйылат. Кылкылдап чогулган элин траптан муңайым көзү менен карап туруп “Я вижу свои похороны” деп айтыптыр. Ушундай, иним, улуулардын өмүрү тургай, өлүмү да улуу тура.

Ар адам тууралуу пикирдин кээде көзү бардагысы менен көзү өткөндөн соңкусу бири-бирине дал келе бербейт дешет. Бул Чыңгыз агабызга канчалык даражада тиешелүү? Дегеле, сиз ал адамды кандай баалайсыз?
Көз караштар дайыма эле бир калыпта текши болбойт. Менимче, чыгармачыл адамдар андан обочо деп айталбайм. Бирок, Айтматов мындай тез өзгөрүүгө кабыла калчу жеңил-желпи фигура эмес. Анын өз колу менен курган эстелиги солк этпес, кара сөз менен жараткан “Манас” эпосундай өмүрү узак. Дегисин айтканда, улуу адамдар бир маал үстүн чаң баскан алтын сыңары. Сүртүп койсо, “жаркырап” чыга келет. Буга карт тарыхта мисал көп. Бүгүн орус жергесинин мактанычы, сыймыгы саналып, окуу китептеринен аты түшпөгөн керемет акын Сергей Есенин Улуу Ата мекендик согуштун ар жак бер жагында 25 жыл бою унуткарылып, ал турсун, тыюу салынып келгенин соңку муундар билбейт. Ал ошол доордогу идеологдордун түшүнүктөрүнөн улам чыккан убактылуу көрүнүш эле.

Эми менин Чыңгыз Айтматовго көз карашымды да сурап отурасың. Керт баштын көз карашы дайыма субъективдүү болот. Өткөн кылымдын 50-жылдарынын аягында, 60-жылдарынын башында орто мектепти бүтүп, жогорку билимдин эшигине баш баккан биздин муундагылар бактылуу жаштар экенбиз деп коём. Эсимде, биз университеттин биринчи курсуна кирген учур – 1958-жылы Ч.Айтматовдун “Обон” (“Жамийла”) повести жаралып, кыргыз жаштарынын тургай, бүткүл совет жаштарынын жандүйнөсүн “селт” эттирди. Өзүң туура баамдагандай, тоо бийиги алыстаган сайын билинет. Учурда Айтматовдун жазгандары алмаз кырындай улам башкача нур ойнотуп, улам табышмактанып, ал турсун, басып өткөн жашоо жолу ар кандай өңүттөн, ар кандай ракурстан кароого мажбурлап жаткандай сезилет. Жазуучунун чыгармасы – өмүр изинин автографы, кол тамгасы, дүйнө түшүнүгүнүн күзгүсү. Мен 17 жашымда “Жамийладан” улам чыныгы махабат деген эмне экенин, чыныгы көркөм адабият деген эмне экенин түшүндүм. Бул чыны менен эле биз башта окуган чыгармалардан өтө өзгөчөлүү жаңы сөз эле. Демек, дүйнө түшүнүктөрү, ойлоосу негизинен окшош болуп калыптанып калган, асыресе, улуу муундагы кыргыз акын-жазуучуларын бүргөдөй секирткени бекеринен эмес экен.

Кандай дейсиз, бул ич күйдүлүкпү же түшүнбөстүк-пү?
Экөө тең бар го. Андан калса, өнөр адамдары илгертен эрегиш менен жашайт. Бул жөнөкөйлөтүп айтканда, ат чабыш оюнундай эле нерсе. Жарышта баары озбойт, биринчилик ар бирине тийбейт, демек ич күйдүлүк, көрө албастык ушундан жаралат. Бири-бирине мамилелери кеперестей ысык, мампай адамдар деле дал ушундай жеңилиштерде душман болуп чыга келишет. Бир кызык окуя эсиме түшүп отурат. Марк Твенден калемдеш бир жакын досу сурайт “сен менин жазгандарым тууралуу ымандай чын сөзүңдү жашырбай айтчы?”. “Ымандай чын сөзүмдү айтып сендей жакын досумдан ажырагым келбейт” деп кутулган экен улуу жазуучу.

Бүгүн артка кылчайсак, социалисттик идеологиянын туундуларын көкөлөтө мактабаса да, жан тарткан адабий образдар Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында болду…
Албетте. Жазуучу да өз доорунун перзенти. Бир эреже сымал нерсе бар, ал жазуучунун калемин шыктандырган үч максат-милдети: Ата журту, жашаган мезгили, махабаты болот. Менимче, булар эң ыйык темалар. Ал үчүн эч ким айып коё албайт. Жашырын эмес, элибиздин көрүнүктүү жазуучулары К.Баялиновдун, К.Жантөшевдин, Т.Сыдыкбековдун чыгармалары бүгүн совет доорундагыдай шыктанып окутулбай да, окулбай да калды. Бирок, алар – улуттук адабият тарыхында ысымдары алтын тамгалар менен түбөлүк жазылып калган көркөм сөз чеберлери. Орус адабиятынын мисалын айтсак, М.Шолохов да баштагысындай таш жарган популярдуулугунан кемип турган чак. Кемип тургандык – улуу художниктик даражасынан кемигендик эмес. Кыргызча жалпак тил менен айтсак, “тулпар – тушунда, күлүк – күнүндө”…

Түгөлбай Сыдыкбеков менен Чыңгыз Айтматов экөөнүн “ысык-суук” мамилелери жөнүндө улуу муундан угуп калабыз. Алардын ортосун кара мышык араладыбы же ич күйдүлүкпү?
Мен минтип деле айта албас элем. Чыңгыз Айтматов, заманында Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармачылыгын жогору баалап жүрдү. “Тоо арасында” романынын экинчи китебин орусчага өзү которду. Романдын каармандары пивонун кружкасын колдоруна кармап, ат үстүндө пиво ичип жаткан эпизодун Чыкем “колдоруна бүркүт кондуруп алгандай” деп Түкөм кандай сонун салыштырган” деп суктанып айтып калчу. Ал киши экөөнүн жолу “Биринчи мугалим” фильминен кийин кайчылаш түштү. Орус режиссеру Андрей Кончаловский кыргыз турмушунун чындыгын экзотикалык өңүттөн карап алып, жасалма эффекттерге жетеленип кетти. Буга Т.Сыдыкбеков, А.Салиев экөө бирдей каршы чыгышты. Эл да муну туура көрдү. Чыңгыз ага болсо негедир Кончаловскийди жактап туруп алды. Эми, аны ар кандай жоруса болот.

Адабиятчы М.Апышев “Айтматовдун айкөлдүгү жана адашуусу, же залкар жазуучунун түбөлүктүүлүк фонундагы портретине айрым штрихтер” деген макаласында Т.Касымбековдун “Сынган кылыч” романына айтматовдук пикир айтылбай калды дегендей оюн айтты эле…
– Мында жүйө бар. Анткени окурман эл оозуна илинген таанымал чыгарма тууралуу дүйнөлүк мэтрдин да пикирин уккусу келет дечи. Бирок, тигил же бу мааниде пикир айтыш, же айтпаш ар адамдын өз ыктыяры. Айтматовдун жаш-кары калемдештеринин китептерине жазган баш сөздөрү жагдайында да пикирлер ар түрдүү. Кээде ал кишинин ортозаар чыгармаларга деле берилген баталарынын акталбай калгандыгына баарыбыз күбөбүз. Ошол сен эскерген М.Апышевдин макаласында “Чынын айтканда, мен ошолорду Айтматов өзү жазганына деле шегим бар. Авторлордун өздөрү жазган баш сөздөрүнө Чыңгыз агабыз айкөлдүк менен колун коё салса керек” дейт. Көңүлчөөктүк Айтматовго да мүнөздүү экенин айтып жүрүшөт.

– Бирок Токтосун ага, макул болуңуз, ошондогу канайым Майрам Акаеванын “Үмүттүн шооласы үзүлбөйт” деген китебин бестселлер деп атап, Лев Толстойго салыштырганын эмне деп түшүнсөк болот? Көңүлчөөктүгүбү же мажбур болуп айткандай эмне, көз карандылыгы бар беле?
– Бул мен үчүн да таңгалыштуу. Кошумчалап айтсам, ошол бестселлер китеп үчүн ошол жылдардагы мамлекеттик катчы, Чыңгыз Төрөкулович, анан дагы бир нече күйөрмандар болуп Жазуучулар союзунун төрагасы Надырбек Алымбеков мырзанын кабинетине барышат.

– “Апчебизге” жазуучулук билет да тапшырылса керек эле.
– Ооба. Баарынан кызыгы, Чыңгыз аганын “Надырбек иним, бу жазуучулук чарбабызда абал бүгүн кандай, өсүп-өнүгүү барбы?” деген суроосуна “албетте бар, Чыңгыз Төрөкулович, азыр союздун мүчөлөрүн 400гө жеткирдик” деген Алымбековдун сүйүнчү жообу болгон. Бул бир кездеги Туланын облустук жазуучулар бөлүмүнүн секретарынын СССР Жазуучулар союзунун пленумуна берген отчётун эске салат. Анда ал адабият функционери “илгери Тулада бир гана жазуучу болсо, азыр жазуучуларыбыздын саны 90го жетти” деп айтыптыр. Жалгыз гана жазуучу деп ал эргул көрсө Лев Толстойду айтып жатыптыр. Кантсе да көшөкөрлүктүн, кошоматчылыктын чоң-кичинеси болбойт. Алар же бар, же жок. Эң коркунучтуусу – анын бардык сферада тамыр алып кетүүсү. Адабий көрөңгөсү деле жок Бермет Акаеваны да “балдар жазуучусуна” кимдер айландырышты? Ага да аттуу-баштуу эле жазуучу аралашкан дешет. Мына сага, көр оокаттын айы!

– Чыңгыз ага чыгармаларын негизинен орусча жазып, аны кыргызчага Ашым Жакыпбеков менен Аман Токтогулов экөө которушуптур. Бирок аны көпчүлүк окурман билбей келди. Китепке “которгон “паланча-түкүнчө” деп жазылбаса… Буга эмне себеп?
– Бул басмадагы “билермандардын” ойлоп тапкандары. Кыргыз жазуучусунукун кыргыз которобу деп. Экинчиден, калем акы, ставка деген балээ бар эмес беле. Баарынан да мени өкүнткөн нерсе, мыкты стилист жазуучу Ашыкемдин жеке чыгармачылыгына, убактысына дал котормочулугу кедерги болгонунда. Канча көз майы, канча жүрөк оту сарпталды. Ал которгон М.Лермонтовдун “Биздин замандын каарманын”, М.Цвейгдин “Новеллаларын” котормочулук өнөрдүн туу чокусу десек болот. Чебер жазуучунун белгиленбей калган 70 жылдыгында бул арманымды “МСН” газетасына жарыяланган “Незабвенный Ашыке” деген макаламда айткам.

– Токтосун ага, сиз улуу жазуучуну ар кандай ракурстан кароо зарылчылыгын белгилеп өткөндөй болдуңуз. Айтматов тууралуу канчалаган макалалар жазылганы менен кеп-сөздөр менимче, чыгармаларынын гана айланасында жүрүп келаткандай. Ал чыгарма жазгыч робот эмес да, анда дүйнөдөн өтпөйт эле да. Демек, адам пендеси катарында ал ким, ал кандай? Бул суроону Чыкем өзү менен кошо алып кеттиби?
– Орундуу кеп козгодуң, иним. Бул маселе кыргыз адабияты үчүн бузулбаган дың. Орус жана дүйнөлүк адабияттын мисалына келсек, ал өзүнчө эле чоң адабият. Жазуучунун каттарысыз, мемуарларысыз, замандаштарынын, каламдаштарынын эскерүүлөрүсүз художниктин чыгармачылык бейнеси толук ачылбай калат. Улуттук адабиятты болуп көрбөгөндөй жаңы сапаттык деңгээлге көтөргөн улуу реформатор Чыңгыз агабыз биз үчүн Пушкин. “Язык Пушкина”, “Пушкин и его современники”, “Пушкин и фольклор”, “Пушкин в жизни” деген темадагы китептер орус өлкөсүндө бир эмес, бир нече ирет, бир нече адамдардын авторлугунда чыгарылып келет.

Ч.Айтматовдун 50 жылдык чыгармачылык жолунда көп эле кыргыз жазуучулары шынаарлап жанына жакын жүрүштү, аякташ, сабакташ болушту. Бирок бири да биограф болуп Пушкиндин, Гоголдун турмуштагы, күндөлүк жашоодогу тиричилигин ийне-жибине чейин кызыктуу чагылдырган В.Вересаевдей өмүр баянчы болуп, атайын китеп жаза алышкан жок. Шүгүрчүлүк, өмүр баяндык негизинде жазылган С.Станалиевдин Касым Тыныстанов, Жоомарт Бөкөнбаев жөнүндөгү романдары ушундай кенемтени толтурууга жасалган ийгиликтүү кадамдар экенине кубансак болот. Мемуар жанры кыргыз жазуучулары үчүн Марстай эле кол жеткис. “Литературный Киргизстан” журналынын редактору Александр Иванов баштаган “ЖЗЛ” (“Өрнөктүү адамдардын өмүрү”) сериясын эмне үчүн биздин кыргыз басмалары колдобойт?

– Сиз күлкү чакырган эпиграмма, пародия сыяктуу тамашалуу ырларды жазган акынсыз. Айтматов юморго, куудул сөзгө жеке турмушунда, чыгармачылыгында кандай мамиле кыларын байкай алдыңызбы?
– Ал кишинин жазган чыгармаларында трагизм күчтүү. Чын-чынына келгенде өлүм менен аяктаган адам баласынын жашоосу трагедия, кубанычынан өкүт-арманы, ыза-күйүтү, көз жаш, көкүрөк дарты көп опаасыз дүйнө. Бул Айтматовдун бардык чыгармаларында тигил же бул даражада өзөктөнүп өтөт. Ал эми жеке турмушунда куудул-тамашаны сүйгөнү менен, өңгөлөрчө бирөөлөргө өзү тийишип, тамашалашкан адам эместей көрүнчү. Бул менин жеке баамым. Өзүнүн жашташ курбусу, жердеши, айтылуу Байдылда Сарногоевдин “Чыңгыз кайда? Париж, Лондондо. А Байдылда кайда? Таласта. Туз берип жүрөт койлорго” деген ырын өз оозунан укканда, чалкалай түшүп аябай ыкшып күлгөнүнө күбө болгонум бар. Анан Байдыкем айтчу, “Жазуучулар союзуна кеңешчи болуп иштеп жүргөн кезим. Түштөнгөнү кайда барсам экен деп кабинетимде отурсам, эшик секин ачылып, Чыңгыз башбагып калды. “Ии, чычкан аңдыган сары мышыктай болуп эмне отурасың?” дей салды. Оозума келе калган экен, “бир чо-оң келемиш келмек эле, ошону жейин деп отурам” дедим. Чыңгыз ыңгайсыздана түштү да, “бу тукумуң өскүр ушинтет” деп, каалганы шарт жаба салды” дейт.

– Бир күдүк суроо, Айтматов таануучулар болобу же илгертен жакын билген адамдар болобу, айтор, ал кишинин ыр жазган-жазбаганын ачык айта алышпайт.
– Ыр жазбаган кыргыз баласы болбойт деп айтчу Аалыкем. Атактуу прозачылардын кыйласы алгачкы кадамдарын ырдан баштаган мисалдар көп. Классик прозачынын ар бир чыгармасын берилип окуган окурман катары мен Айтматовду теңдешсиз лирик акын дээр элем. Сюжеттердеги окуялардын кереметтүү назиктик, изгилик менен баяндалышын айтпаганда да, ал кишинин ар бир чыгармасында ырга мүнөздүү жумшак ыргак, мукам обон, элестүү сүрөт айкын туюлуп турат. Адабият илиминде “поэтическая проза” деген термин бар. Мындай касиет бардык эле кара сөзчүлөрдөн кездеше бербейт. Мен “Ак кемедеги” эне-сайлык кырк уруулуу кыргыздардын кол башчысы Күлчө баатырдын сөөгүн жерге берердеги:

Эне-Сай, сендей жайкын өзөн барбы?
Эне-Сай, сендей жаркын мекен барбы?
Эне-Сай, сендей кыйын азап барбы?
Эне-Сай, сендей ыйык азат барбы?
Эне-Сай, сендей жайкын өзөн болбос,
Эне-Сай, сендей жаркын мекен болбос.
Эне-Сай, сендей кыйын азап болбос,
Эне-Сай, сендей ыйык азат болбос!

деген арман ырдын автору Чыкем эле экенине күмөнүм жок. Анан да “Фудзиямадагы кадыр түн” драмасындагы Айша апа суктанган Сабырдын “Эзелтен чечилбеген улуу талаш” деген философиялык ырына Чыкемдин калеминин тиешеси жок деп айталбайм.

– Сиз акын катарында ошол ырлардын идеялык-көркөмдүк деңгээлин кандай баалайсыз?
– Төрт тарабы төп. Эне-Сай тууралуу ыр архитектоникасы, ички кайрыктары, уйкаш жана мукамы жагынан ошол эзелки доордун чөлкөмүнөн жаңырыктап тургансыйт. Прозаиктин поэтикалык чеберчилигинин бийик үлгүсү!

– Чыкенин кыргыз окурмандар менен жолугушуусун кыргыз телевидениеси эч тарткан эмеспи деп ойлойсуң. Жандуу диалог, пикир бөлүшүү катарында бул зарыл нерсе эле да. Москва каналдары ал кишинин орус окурмандары менен жолугушууларын кез-кез көрсөтүшөт.
– Россия азыр биз үчүн жөн гана өнөктөш мамлекет. Ошого карабастан Айтматов дүйнөдөн өткөндө Москванын телеканалдары, радиостанциялары “Скончался Чингиз Айтматов” деп кыска гана айтышты. Ушул үч сөздө канча өкүнүч, канча сый-урмат катылганын сезишибиз керек. “Апокриф” деп аталган адабий көрсөтүүнүн алып баруучусу, белгилүү орус прозачысы Ерофеев “Умер великий кыргызский и великий русский писатель” деп жарыялабадыбы. Чыңгыз агабыз “Адам уулу канткенде адам болот?” деген суроону өзүнө да коюп, ошол үчүн көп түйшөлүп жашады. Өзүнүн да пенде катарында кынтыксыз эмес экендигин билчү. Ошондуктан көп учурда тигил же бул маселе боюнча пикирин айтып бүтүп, “мүмкүн мен жаңылышып жаткандырмын” деп коёр эле.

Эми сөздү жыйынтыктасак, далай тар кыя, тайгак кечүүлөрдөн өтүп, ошол эле учурда биртоп эле чоң таланттардын бешенесине көзү тирүүсүндө буюрбаган ырыс-мартабага бөлөнүп, узак жашап, Жараткандын буйругу менен о дүйнө салган Чыкемдин жылтыр-жултур тагылбаган, боелбогон, икона таризденбеген кадыресе адамдык портретин тартуу учуру келип жетти го дейм.

“Тирүүлөр өлгөндөрдү үйрөтө албайт, өлгөндөр тирүүлөрдү үйрөтө алат” деген акылман сөз – чыккан күнгө, учкан кушка, аккан сууга кубанып, айкөл жердин төбөсүн тепсеп жашап жүргөн ар бир адамзатына бирдей тиешелүү. Көзү өткөндөрдүн жаңылыштыктарына, каталыктарына калыс баа берип, эң башкысы, алардан сабак ала жүргөнүбүз оң чыгар…

Аңгемелешкен Темирбек АЛЫМБЕКОВ, Агым («Кыргыз гезиттер айылы»), 29.01.-05.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.