Ачык асман алдындагы тарыхый мурастарды сактоо зарыл

Акыркы жылдарда маданий-тарыхый мурастарга кайдыгерлик күчѳѳдѳ. Маселен, облус аймагындагы 200дѳн ашуун тарыхый жайлардын 20 пайызга жакыны бүлүнгѳн.   «Он-он беш кылым ата-бабалар сактап келген мурастарыбызды акыркы 15-20 жылда талкалай баштадык. Бул абдан аябай ѳкүнүчтүу. Кѳздүн карегиндей сактай албай жатабыз»,- дейт археолог Чынарбек Жолдошев.

Маселен, Ош шаарынын түштүк  тарабында жайгашкан биздин замандын 8-кылымдарына чейинки Ак-Буура чеп-шаарчасынын этеги акырындап кѳрүстѳнгѳ айланып баратат. Кезегинде чеп-шаарча Ош калаасын баскынчы-душмандардан коргогон. Шаар бул жерден алаканга салгандай эле кѳрүнѳт. Келаткан душманды алыстан байкоого болгон. Чептин тарых-таржымалы али изилденип бүтѳ элек. Бирок, аймагы жылдан жылга кыскарып, тарыхый маңызын жоготуп баратат деп археологдор коңгуроо кагат.

“Аймак news”, 18.05.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.