“Дүйнөдөгү жок сулуу” кыргыз сахнасында

“Учур” мамлекеттик театры ирлан драматургу Мартин МарДонахтын “Дүйнөдөгү жок сулуу” драмасы боюнча коюлган спектаклди тартуулады.

Кыргызстан эле эмес жалпы Борбор Азияда биринчи жолу коюлуп жаткан бул чыгарма көрөрмандардын кызыгуусун жаратты.

Пато Дули деген ирландиялык жигит жакыр турмуштун айынан Лондонго мандикерликке барып, бели майышып, кабыргасы кайышып оор жумуштарда иштеп, жаны кашайганда көкүрөгүндөгү зар-муңун ыр менен чыгарып алат. Патонун ролун театрдын таланттуу актеру Жолдошбек Жанжигит уулу жеткиликтүү аткара алган.

«Учур» театры сахналаштырган Эрнис Турсуновдун котормосундагы “Дүйнөдөгү жок сулуу” драмасы ушул тапта драматургия, театр, кино өнөрүндө атагы бар Мартин МарДонахтын (Martin McDonagh) чыгармасы. Анын теги ирландык, Лондондо төрөлгөн.

Спектаклде жашы жетимиштен ашып калган Мэк атуу кемпир менен кырктын кырынан ашкан кызы Мориндин ортосундагы психологиялык татаал мамиле, алардын турмушуна аралашкан Пато жана Рэй Дули деген ага-ининин тагдыры көрсөтүлөт.

Бул пьесадагы ирландыктардын мигранттар маселеси дагы көтөрүлүп, алардын Лондондогу жашоосу бүгүнкү Кыргызстандан чет жактарга чыгып кетип жаткан мигранттардын тагдырына абдан окшош.

Ал эми Мэк аттуу кемпир менен нерв жактан ооруулу кызы Мориндин ортосундагы эки башка көз караш, карама-каршылык, жашоодогу тирүүлөй тозок, кызынын колунан мерт болгон эне, сүйүү сезимин жырткычтык сезимге алдырып жиберген кара далы кыздын кейиштүү тагдыры чыгармадагы негизги окуяны түзгөн.

Мына ушундай психологиялык жактан татаал драманы “Учур” театрынын артисттери Мэктин ролунда Бактыгүл Асанова, Моринди – Айнура Чолпонкулова, Патону – Жолдошбек Жанжигит уулу, Рэйди – Атамбек Шамуратов актердук жогорку чеберчиликте аткарып, зал толгон көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырышкан жок.

Спектаклден кийин Назгүл аттуу көрөрман ой бөлүштү:
– Чындыгында жашообуз ушунчалык таатаал болуп турганда ушундай психологиялык оор спектаклди кюнун кажети барбы деген суроо дагы туулат экен. Ошондой болсо дагы театрдын артисттери мыкты өнөрлөрүн көрсөтө алды. Өзгөчө Рэй деген жигиттин ролун ойногон Атамбек Шамуратов жасалмасы жок жөнөкөй ойногону менен айырмаланды. Ал эми башкы каарман Мориндин ролун ойногон актриса Айнуранын толкундаганы сезилип турду. Ошондой болсо дагы ролун мыкты көрсөтүүгө абдан аракет кылды.

Декорациялык жасалгалоосун сүрөтчү Садыр Ниязакунов спектаклдин атмосферасына абдан үндөш жасаган. Анын ой жүгүртүүсүнөн жаралган жер шарына окшогон топурак сахнада төгүлгөн.

Бул оюн режиссер Шамил Дыйканбаевдин өткөн жылы Москва шаарынан окуусун бүтүрүп келип койгон алгачкы чоң спектакли. Ал Москвага чейин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун режиссура бөлүмүн бүтүргөн. Буга чейин Николай Коляданын “Кымбатым” аттуу моно спектакли менен Орусиядагы фестивалда башкы байгеге татыктуу болгон.

Режиссердун бул чыгармасы жеке эле көрүүчүлөрдү эле эмес, театр адистеринин дагы кызыгуусун жаратты.

Кыргыз театр коомчулугунда режиссерлор, сүрөтчү-коюучулар, балетмейстрлер жетишсиздиги айтылып келаткан эле. Ирлан драматургунун чыгармасын кыргызчалаткан режиссер Шамил Дыйканбаевдин бул саамалыгы кыргыз режиссурасындагы жаңы нерсе болуу менен бирге таланттуу жаштар менен толукталып келатканын “Учур театрынын директору Шаршебек Шейшенов кошумчалады.
– Кыргыз театр искусствосунда буга чейин театр режиссурасы аксап келген эле. Мына азыркы спектакль биздин уучубуз куру эмес экенинин далили. Камат Касенов деген дагы жакшы режиссерубуз бар. Бирок театрларга сүрөтчү-коюучу кесибиндеги жаштар жетишпей турат.

“Учур” телетеатр болуп мындан он жыл мурда Кыргыз улуттук телерадиокомпаниясында түзүлүп, ондогон мыкты спектаклдерди коюп чет элдик фестивалдарда байгелүү орундарга жетишкен. Мелис Эшимканов КТРга башкы директор болуп барганда театрды жоюп жиберип, чыгармачыл топ көчөдө калган.

Өткөн жылы Маданият жана маалымат министрлиги театрга Чатыр-Көл кинотеатрынын имаратын берген. Ал жерде азыр оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Коомдук телерадио корпрациянын жаңы жетекчилиги “Учурду” убактылуу болсо дагы канатына калкалап, чыграмачылык менен иштөөсүнө шарт түзүп бергенин театрдын жетекчиси Шаршебек Шейшенов белгиледи.

Аманбек Жапаров, “Азаттык”, 17.05.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.