Кыргызстанда музейден киреше табууну билишпейт

18-май – Бүткүл дүйнөлүк Музей күнү. Акыркы жылдары Кыргызстанда музейге кирген адамдардын саны өтө кыскарып кеткен.

Бул музейлердин чарбалык жана чыгармачылык оор шарттары менен түшүндүрүлөт. Ошол эле кезде музей-туризмин жандандыруу боюнча Кыргызстанда зор мүмкүнчүлүк бар экендиги айтылууда.
– Булар панфиловчулар. Ал эми булар мылтык-куралдары, пулеметтору. Булар баатырлардын аты-жөндөрү, иштеген кызматтары. Генерал-майор Панфилов, катардагы жоокер Ананьев.

Мамлекеттик тарых музейинин кызматкери келген конокторго экспонаттардын тек-жайын ачып берүүдө.

Музейге киргендер өтө эле сейрек
Ала-Тоо майданында эс алып жүргөн Курал аттуу студент бул тегерекке көп ирет келсе да, колтукта турган Тарых музейине бир да жолу баш бакпаптыр.
– Жок, музейге кирген эмесмин. Мына бул Тарых музейи экенин билем. Бирок кирген эмесмин.

Самат Турдалиевдин Бишкекке келгенине он жылдан ашкан, ал да Тарых музейинде болбогонун мойнуна алууда.
– Кирип кыдырган эмесмин. Барып көрөйүн деген ой деле келбептир, чынын айтканда.

Маданият министрлигинин кызматкери Салтанат Мамбетмусаева акыркы кезде Кыргызстанда музейге киргендердин саны өтө эле кыскарып кеткенин белгиледи.
– Республика боюнча мамлекетке тиешелүү азыр 54 музей бар. Андан сырткары “Кошой-Коргон” бар. “Кошой-Коргон” жеке менчиктеги музей катары эсептелет, бирок бизге отчет берип турат.

Азыр музейге адамдар көп кирбей калды. Бир күндө ар бир музейге орто эсеп менен үч гана киши кирет.

Президент Роза Отунбаева 13-майда мамлекеттик Тарых музейиндеги музей кызматкерлери менен болгон жолугушуусунда Кыргызстандын башкы музейинин кейиштүү абалына капа болгону бар.
– Бул музейди визиттик карточка десеңиз абдан жаман болуп жатам. Бул музейге келип, көргөндөн кийин туристтердин башка эч нерсени деле көргүсү келбей калат го. Чынбы?

Эстеликтерге – өгөй мамиле
Мамлекеттик Тарых музейинде беш миңден он миңге чейинки экспонат бар. Бирок алардын көпчүлүгү эскилиги жеткендер, жаңылары өтө эле сейрек. Музей тармагындагы иштин начарлыгын адистер башкаруучулуктун жана уюштуруучулуктун жоктугуна байланыштырышат.

Кыргыз-түрк “Манас” университетинин окутуучусу, этнограф Кубатбек Табалдиев элдин да, бийлик адамдарынын да тарыхый эстеликтерге мамилеси калыптанбагына кейиди.

-Орто муун да, жаш муун да, улуу муун да эстеликтерди сактоого үйрөнбөптүр. Акыркы эле мисалды айтсак, январь, февраль айында Кочкордо жердин алдындагы үч метрден алты метрге чейинки архитектуралык эстелик табылган. Аны болсо бир үй-бүлө алтын табабыз деп казыш салышыптыр. Мындай мисалдарды көп кезиктирүүгө болот.

Мына, Балыкчыга кире бериште 11-кылымга таандык металлургиялык завод жана кербен сарай бар. Былтыр келип тартып кеткен элек, күзүндө келсек бир жагын бузуп, топурагын ташып кетиптир. 2007-жылы болсо Манастын күмбөзүнүн жанында казуу жүргүзүлгөнүн билесиздер.

Ошол эле кезде Кыргызстанда жыйнаган каражатын ачык асман алдындагы музейлерге салган инсандар пайда болду. Ишкерлер Аскар Салымбеков Нарындагы “Кошой-Коргон”, ал эми Ташкул Керексизов Ысык-Көлдөгү “Аалам-Ордо” жана “Рух-Ордо” тарыхый комплекстерин заманга ылайык куруп салышты.

Музей саякаты – дүйнөдө кирешелүү тармак катары таанылган. Буга байланыштуу серепчилер Кыргызстан өзүнүн музей мүмкүнчүлүгүнүн азганактай гана бөлүгүн пайдаланып жатат деп белгилешүүдө.

Заирбек Бактыбаев, “Азаттык”, 18.05.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.